Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үлгү иретиндеги тиленүүгө ылайык жашагыла (1-бөлүк)

Үлгү иретиндеги тиленүүгө ылайык жашагыла (1-бөлүк)

«Ысмың ыйыкталсын» (МТ. 6:9).

1. Матай 6:9—13-аяттарда жазылган тиленүүдөгү ойлорду кабар айтып жүргөндө кантип колдонобуз?

ДҮЙНӨ жүзүндөгү көптөгөн адамдар Иса Машаяктын Матай 6:9—13-аяттарда жазылган тиленүүсүн жакшы билишет. Кабар айтып жүргөндө биз ошол тиленүүнүн негизинде башкаларга Кудайдын Падышалыгы жерди бейишке айланта турган чыныгы өкмөт экенин түшүндүрүп беребиз. Ошондой эле Кудайдын ысмы бар экенин жана аны ыйык тутушубуз керектигин баса белгилөө үчүн: «Ысмың ыйыкталсын»,— деген сөздөрдү окуп беребиз (Мт. 6:9).

2. Иса тиленгенибизде үлгү иретиндеги тиленүүнү сөзмө-сөз кайталашыбыз керектигин айтканбы? Түшүндүргүлө.

2 Көптөр тиленген сайын үлгү иретиндеги тиленүүнү сөзмө-сөз кайталашат. Бирок Иса Машаяк ошондой кылышыбыз керектигин айткысы келди беле? Жок. Кантип тиленүү керектигин айтардын алдында ал: «Тиленгенде... окшош эле нерселерди кайталай бербе»,— деген (Мт. 6:7). Кийинчерээк шакирттерине ошол эле тиленүүнү кайталап үйрөткөн, бирок башка сөздөрдү колдонгон (Лк. 11:1—4). Ошентип, Иса бизге эмнелер жөнүндө тиленишибиз керектигин жана алардын кайсылары маанилүүрөөк экенин түшүнүүгө жардам берген. Анын тиленүүсү бекеринен үлгү иретиндеги тиленүү деп аталбайт.

3. Үлгү иретиндеги тиленүүнү изилдеп жатканда кайсы суроолор жөнүндө ойлонуп көргөнүбүз абзел?

3 Ушул жана кийинки макалада үлгү иретиндеги тиленүүнүн мазмунун талдайбыз. Изилдеп жатканда: «Иса үйрөткөн тиленүү мага тиленүүмдүн сапатын жакшыртканга кандайча жардам берет? Андан да маанилүүсү, ага ылайык жашап жатамбы?» — деп ойлонуп көргүлө.

«АСМАНДАГЫ АТАБЫЗ»

4. «Атабыз» деген сөз эмнени эске салып турат жана Жахаба кандай мааниде жерде түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөрдүн да Атасы?

4 Исанын «асмандагы Атам» эмес, «асмандагы Атабыз» деп айтканы баарыбыздын бири-бирин чындап сүйгөн бир туугандар экенибизди эске салып турат (1 Пет. 2:17). Бүткүл дүйнөлүк бир туугандыктын мүчөсү болуу кандай зор сыймык! Кудай уулдары катары асырап алган, асманда жашоого үмүттөнгөн майланган бир туугандарыбыз аны сөздүн түз маанисинде «Ата» дей алышат (Рим. 8:15—17). Жахаба жерде түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөргө да өмүр берип, мээримдүүлүк менен кам көрүп келаткандыктан, алар дагы ага «Ата» деп кайрыла алат. Анткен менен алар жеткилең болуп, акыркы сыноодо берилгендигин сактагандан кийин гана толук мааниде «Кудайдын балдары» болушат (Рим. 8:21; Аян 20:7, 8).

5, 6. Ата-энелер балдарына кандай белек бере алышат жана ар бир бала эмне кылышы керек? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

5 Ата-энелер балдарына кантип тиленүү керектигин үйрөтүп, Жахабаны асмандагы Атасындай көрүүгө жардам беришсе, аларга эң сонун белек берген болушат. Азыр Түштүк Африкада райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылган ишенимдешибиз мындай деп эскерет: «Кыздарыбыз төрөлгөндөн тартып, үйдө болбой калбасам эле, дайыма кечинде алар менен чогуу тиленчүмүн. Экөө ошондо эмне деп тиленгеним эстеринде калбаганын айтып калышат. Бирок Жахаба Атабыз менен сүйлөшүп жатканда, аларды кастарлоо сезими чулгап, жан дүйнөсүндө бейкуттук, тынчтык өкүм сүрүп турганын эстешет. Кыздарым бир аз чоңоюп калышканда, ой-сезимдерин Жахабага айтып жатканын уга алышым үчүн аларды үнүн чыгарып тиленүүгө үндөй баштагам. Ошонун аркасында жүрөктөрүндө эмне бар экенин биле алчумун. Анан аларга, тиленүүсү маңыздуу болушу үчүн, үлгү иретиндеги тиленүүдөгү ойлорду камтуу маанилүү экенин жумшактык менен түшүндүрүп берчүмүн».

6 Ал бир туугандын кыздары Жахабанын берилген кызматчыларынан болуп чоңоюшкан. Азыр алар күйөөлөрү менен бирге Жахабага толук убакыт кызмат кылып, бактылуу жашап жатышат. Ата-энелер балдарына Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүүгө көмөк кылуу менен аларга баа жеткис белек бере алышат. Албетте, Жахаба менен болгон мамилесин бекем сактоого ар бир бала өзү да аракет кылышы керек. Ан үчүн алар Кудайдын ысмын жакшы көрүп, терең урматташы кажет (Заб. 5:11, 12; 91:14).

«ЫСМЫҢ ЫЙЫКТАЛСЫН»

7. Биз кандай сыймыкка ээбиз жана бул бизден эмнени талап кылат?

7 Биз Жахабанын ысмын билгенден тышкары, анын «ысмы менен аталган» элдин мүчөсү болуу сыймыгына ээбиз (Элч. 15:14; Ыш. 43:10). Асмандагы Атабызга: «Ысмың ыйыкталсын»,— деп жалынабыз. Бул Жахабадан сөзүбүз же ишибиз менен анын ыйык ысмын булгап албоого жардам беришин сурап тиленүүгө түрткү берет. Кейиштүүсү, Исанын 1-кылымдагы айрым жолдоочуларынын иштери айткан кабарына төп келген эмес. Элчи Пабыл аларга: «Силердин айыңардан башка элдердин арасында Кудайдын ысмына тил тийип жатат»,— деп жазган (Рим. 2:21—24). Биз алардай болгубуз келбейт.

8, 9. Жахаба анын ысмынын ыйыкталышын каалагандарды колдоорун көрсөткөн окуя айтып бергиле.

8 Кудайдын кызматчылары анын ысмынын ыйыкталышын абдан каалашат. Норвегиялык бир тууганыбыз, күйөөсү күтүүсүздөн каза болуп калганда, эки жашар баласы менен калган. Ал мындай дейт: «Ошол учур жашоомдогу эң оор мезгил болду. Катуу күйүттөн улам туура эмес иш кылып же берилгендигимден жазып, Шайтандын Жахабаны шылдыңдашына себепкер болуп калбашым үчүн Жахабадан күч сурап күн сайын, кээде саат сайын тиленчүмүн. Мен Жахабанын ысмынын ыйыкталышын жана уулумдун бейиш заманда атасын тосуп алышын абдан каалачумун» (Накыл 27:11).

9 Жахаба анын тилегин укту беле? Ооба. Ал бир тууганыбызга жыйналыштагылар дайыма колдоо көрсөтүп, дем-күч берип турушкан. Беш жылдан кийин ал аксакалга турмушка чыккан. Уулу болсо азыр 20 жашта жана өзүн Жахабага арнап, чөмүлгөн. «Уулумду чоңойтконго жардам бергени үчүн жолдошума аябай ыраазымын»,— дейт ал эже.

10. Кудайдын ысмы качан толугу менен ыйыкталат?

10 Жахаба анын ысмына шек келтирип, ага баш ийгиси келбегендердин баарын жок кылганда, ысмы толугу менен ыйыкталат. (Оку: Жезекиел 38:22, 23.) Адамзат акырындык менен жеткилеңдикке жетет. Аң-сезимдүү жаратуулардын баары Жахабанын ысмын ыйык тута турган убакты ар бирибиз чыдамсыздык менен күтүп жатабыз! Ошол убак келгенде, асмандагы мээримдүү Атабыз «баарынын башчысы болот» (1 Кор. 15:28).

«ПАДЫШАЛЫГЫҢ КЕЛСИН»

11, 12. 19-кылымдын аяк ченинде Жахаба кызматчыларына эмнени түшүнүүгө жардам берген?

11 Иса асманга кетерде, шакирттери андан: «Мырзам, Ысрайыл падышалыгын азыр калыбына келтиресиңби?» — деп сурашкан. Иса аларга Кудайдын Падышалыгы качан бийлик жүргүзө баштаарын билүүгө али убакыт келе электигин жана биринчи кезекте кабар айтуу ишине көңүл топтошкону маанилүү экенин айткан. (Оку: Элчилер 1:6—8.) Анткен менен ал жолдоочуларын Падышалыктын келишин чыдамсыздык менен күтүүгө үндөгөн. Ошо себептен элчилердин күндөрүнөн бери анын жолдоочулары Падышалыктын келишин сурап тиленип келатышат.

12 Иса Машаяктын асмандан бийлик жүргүзө баштаарына аз калганда, Жахаба элине ал окуянын качан болорун түшүнгөнгө жардам берген. 1876-жылы «Ыйык Китепти изилдөөчү» деген журналга Чарлз Тейз Расселдин «Башка элдерге белгиленген убакыт качан аяктайт?» деген макаласы чыккан. Ал макалада 1914-жылдын өзгөчө жыл болору айтылган, ошондой эле Даниел пайгамбар айткан «жети мезгил» жана Иса сөз кылган «башка элдерге белгиленген убакыт» бир эле мезгилди билдирери түшүндүрүлгөн * (Дан. 4:16; Лк. 21:24).

13. 1914-жылы эмне болгон жана ошондон берки окуялар эмнени тастыктап турат?

13 1914-жылы Европадагы элдердин ортосунда согуш оту тутанып, бир заматта дүйнө жүзүнө жайылып кеткен. 1918-жылы согуш аяктаганда, ачарчылык күч алган. Ал эми тездик менен каптаган жугуштуу оорудан көз жумгандардын саны согушта курман болгондордун санынан ашып түшкөн. Булардын баары, Иса айткандай, анын падышалык такка отуруп, бийлик жүргүзө баштаганын билдирген «белги» болгон (Мт. 24:3—8; Лк. 21:10, 11). Ырас, көптөгөн далилдер 1914-жылы Иса Машаякка «таажы берилгенин» жана «ал жеңиш артынан жеңишке ээ болуп, акыркы жеңишке жетиш үчүн чыкканын» айкын көрсөтүп турат (Аян 6:2). Ошол жылы ал Шайтан менен анын жин-перилерине каршы согушуп, аларды асмандан жерге кууп түшүргөн. Ошондон тартып адамзат Ыйык Китептеги: «Жер менен деңизге кайгы, анткени Ибилис убактысынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен түштү»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенине күбө болууда (Аян 12:7—12).

14. а) Падышалыктын келишин сурап тилене бергенибиз эмне үчүн маанилүү? б) Биз кайсы ишти аткарышыбыз керек?

14 Аян 12:7—12-аяттардан Падышалык орногондон тартып дүйнөдө азап-кайгы эмне үчүн көбөйүп жатканын билүүгө болот. Ал аяттардан көрүнүп тургандай, Иса Машаяк асмандан бийлик жүргүзүп жатканы менен, жерди дагы деле Шайтан башкарууда. Бирок жакында Иса жерди жамандыктан тазалап, толук жеңишке жетет. Ал убак келгиче, биз Кудайдын Падышалыгынын келишин сурап тилене беребиз жана кабар айтуу ишине жигердүү катышуу менен тиленүүбүзгө ылайык жашап жатканыбызды көрсөтөбүз. Иса ал иш тууралуу: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деп айткан (Мт. 24:14).

«ЖЕРДЕ ДА СЕНИН ЭРКИҢ АТКАРЫЛСЫН»

15, 16. Канткенде: «Жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деген өтүнүчүбүзгө ылайык иш кылган болобуз?

15 Мындан 6 000 жылдай мурун жерде Кудайдын эрки анын оюндагыдай аткарылып жаткан. Ошол себептен Ыйык Китепте: «Кудай өзү жараткан нерселердин бардыгы эң сонун экенин көрдү»,— деп айтылат (Башт. 1:31). Кийинчерээк Шайтан Кудайга каршы чыккан, ошондон тартып Кудайдын эркин аткарган адамдар аз эле санда болгон. Бирок бүгүнкү күндө 8 миллиондой киши Жахабага кызмат кылып жатат. Алар жерде Кудайдын эрки аткарылышын сурап тиленгенден тышкары, тиленүүсүнө ылайык жашаганга бүт күчүн жумшоодо. Бул алардын Кудайга жаккандай жашап, шакирт даярдоо ишине ынталуу катышып жатканынан көрүнүп турат.

Балдарыңарды Кудайдын эркин аткарууга үйрөтүп жатасыңарбы? (16-абзацты карагыла)

16 1948-жылы чөмүлгөн жана мурун Африкада миссионер болуп кызмат кылган 80 жаштагы бир апа мындай дейт: «Мен кой мүнөздүү адамдардын баары кеч болуп кала электе Жахабаны таанып-билсе экен деп көп тиленем. Бирөөгө кабар айтарда анын жүрөгүн козгой алышым үчүн Жахабадан акыл сурайм. Ошондой эле андан чындыкка кызыгып жаткандарга жардам берүү үчүн кылган иш-аракетибизге батасын беришин өтүнөм». Ал ишенимдешибиз башкалардын көмөгү менен көптөргө Жахабаны таанып-билип, анын кызматчысы болууга жардам берген. Силер да карылыктын кыйынчылыктарына карабай өзүн Кудайдын эркин аткарууга арнап, эң сонун үлгү көрсөтүп жаткан башка бир туугандарды билет болушуңар керек. (Оку: Филипиликтер 2:17.)

17. Кудайдын келечекте адамзатка жана жерге байланыштуу эмнелерди кылары жөнүндө ойлонгондо кандай сезимде болосуңар?

17 Кудай жерди бүт душмандарынан тазалагыча, анын эркинин аткарылышын сурап тилене беребиз. Жер бейишке айланганда, миллиарддаган адамдар тирилет. Иса Машаяк: «Буга таң калбагыла, себеби мүрзөлөрдө жаткандардын баары [менин үнүмдү] уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат»,— деп айткан (Жкн. 5:28, 29). Жакын адамдарыбыз тирилгенде, канчалык кубанарыбызды элестетсеңер! Ооба, Кудай көзүбүздөгү «бардык жашты аарчыйт» (Аян 21:4). Тирилгендердин көбүн Жахаба менен анын Уулу жөнүндөгү чындыкты билбей өтүп кеткен «адил эмес адамдар» түзөт. «Түбөлүк өмүргө ээ болушу» үчүн, аларга Кудайдын эрки жана ой-ниети тууралуу билим алууга көмөк кылуу кандай гана зор сыймык болот! (Элч. 24:15; Жкн. 17:3).

18. Адамзат баарынан да эмнелерге муктаж?

18 Падышалык келгенде, ал аркылуу Кудайдын ысмы ыйыкталат жана ааламдагы аң-сезимдүү жаратуулардын баары Жахабага биримдикте кызмат кылат. Ошентип, үлгү иретиндеги тиленүүдөгү алгачкы үч өтүнүч толугу менен аткарылат, башкача айтканда, адамзат абдан муктаж болгон нерселер орундалат. Кийинки макалада Иса үйрөткөн тиленүүдөгү калган төрт өтүнүч жөнүндө сөз жүрөт.

^ абз. 12 Бул пайгамбарлыктын 1914-жылы аткарылганы жөнүндө «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 215—218-беттеринде кененирээк айтылат.