Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА: | САРСАНААНЫН ДАБАСЫ БАРБЫ?

Үй-бүлөдөгү көйгөйлөр

Үй-бүлөдөгү көйгөйлөр

«Атам каза болгонунан көп өтпөй, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, жолдошум башка бирөөгө кетерин айтты. Анан кийим кечесин алып, кетип калыптыр. Ошентип, эки бала менен кала бердим»,— дейт Жанет. Ал жумушка орношкон, бирок тапканы үйдүн акчасын төлөгөнгө жетчү эмес. Ал акчадан эле кыйналган эмес. Жанет сөзүн мындай деп улайт: «Ошондо бардык түйшүктү жалгыз көтөрүшүм керектигин ойлоп аябай тынчсыздангам. Балдарыма башка ата-энелерге окшоп кам көрө албаганыма өзүмдү күнөөлүү сезчүмүн. Ал тургай азыр да башкалар мен жөнүндө жана балдарым жөнүндө кандай ойдо, никемдин бузулганына мени күнөөлөшпөйбү деп жүрөк заада боло берем».

Жанет

Ашыкча тынчсызданбаганга жана Кудай менен болгон мамилесин бекемдөөгө Жанетке тиленүү жардам берген. Ал мындай дейт: «Түнкүсүн жымжырттык баскан сайын, санга бөлүнгөн санаамдын дабышы күчөп, кирпик какчу эмесмин. Бирок Кудайдан тиленгенде жана Ыйык Китеп окуганда тынчтанып, уктап калчумун. Мага, өзгөчө, Филипиликтер 4:6, 7деги: „Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды... сактайт“,— деген сөздөр жагат. Кудайдан тиленип чыккан далай түндөрүм болгон, ошондо анын жан дүйнөмдү тынчтандырганын кадимкидей сезчүмүн».

Бир жолу Иса пайгамбар Кудайдан тиленүү жөнүндө: «Асмандагы Атаңар эмнеге муктаж экениңерди сурай элегиңерде эле билет»,— деп айткан (Матай 6:8). Анын ушул сөздөрү санаанын бардык түрүнө тиешелүү. Ошондуктан Кудайга кайрылып, тиленүү зарыл. Бул — «Кудайга жакындоонун» негизги жолу. Ал эми Кудайга жакындасаңар, «ал силерге жакындайт» (Жакып 4:8).

Ооба, Кудайдан тиленүү бул тек гана ага ичтеги букту айтып, жеңилдеп калуу эмес. Жахаба «тиленүүлөрдү Угуучу» Кудай, бирок ал угуп эле тим болбой, жардам сурагандардын пайдасы үчүн иш-аракет кылат (Забур 65:2). Ошондуктан Иса пайгамбар жолдоочуларына «дайыма тиленип, эч качан багынбоо керектигин» айткан (Лука 18:1). Кудайдан жетекчилик жана жардам сураганда үнүбүздү угарына, жардам бергиси келерине жана жардам берүүгө күчү жетерине шектенбешибиз керек. Эгер эч шектенбей «үзгүлтүксүз тиленсек», Кудайга бекем ишенерибизди айгинелеген болобуз (1 Тесалоникалыктар 5:17).

КУДАЙГА БОЛГОН ЧЫНЫГЫ ИШЕНИМ

Кудайга чындап ишениш үчүн анын касиет-сапаттарын билүү зарыл (Жакан 17:3). Кудайдын ойлорун, сапаттарын Ыйык Китептен билүүгө болот. Ошондой эле андан анын ар бир адамды көрүп турарын жана жардам берүүнү каалаарын билебиз. Бирок Кудайга ишениш үчүн ал жөнүндө анча-мынча нерселерди билип коюу эле жетишсиз. Биз Кудайды терең урматтап, аны менен ынак мамиле өрчүтүшүбүз керек. Адамдардын ортосундагы достук мамиледей эле, Кудай менен болгон мамиле да заматта өрчүп кетпейт. Кудайга болгон ишеним ал жөнүндө көбүрөөк билген сайын, «ага жакканды кылган» сайын, анын жардамын сезген сайын бекемделет (2 Корунттуктар 10:15; Жакан 8:29). Жанетке санаадан арылууга так ушундай ишеними жардам берип келет.

Ал мындай дейт: «Жахабага болгон ишенимим анын ар бир кадамымды багыттап жатканын сезген сайын бекемделчү. Биз далай жолу адилетсиздикке кабылдык. Андай оор учурларда Жахаба Кудайдан жардам сурап тынбай тиленчүбүз, ошондо көйгөйлөрүбүз ойго келбеген жол менен чечилип калчу. Мен Кудайдын кылган жакшылыктарын ага ыраазычылык билдирген сайын эстеп турам. Ал бизге дайыма керектүү учурда жардамга келет. Ал ага чындап ишенген жана мен үчүн да, балдарым үчүн да жакшы үлгү болгон чыныгы досторду тапканга да жардам берди *.

Жахаба Кудайдын: „Мен ажырашууну жек көрөм“,— деп эмне үчүн айтканын азыр чындап түшүнүп жатам (Малаки 2:16). Анткени никеде андан өткөн жаман иш жок экен. Жубайым таштап кеткенден бери бир нече жыл өтсө да, көөдөнүмдөгү боштук азыркыга чейин толбой келет. Ушундан улам кыйналган учурларда бирөөлөргө жардам бергенге аракет кылам. Ошондо кадимкидей жеңилдеп калам». Бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, Жанетке санаасын тынчытууга Ыйык Китептеги элден обочолонбоого үндөгөн принципти колдонгону жардам берген * (Накыл сөздөр 18:1).

«Кудай — жетимдердин атасы, жесирлердин коргоочусу» (Забур 68:5)

Жанет мындай дейт: «Мени баарынан да Жахабанын „жетимдердин атасы, жесирлердин коргоочусу“ экенин билгеним жубатат. Күйөөмдөн айырмаланып, ал бизди эч качан таштабайт» (Забур 68:5). Жанетти Кудайдын эч кимди «жамандык менен сынабай» турганын билгени, тескерисинче, тынчсыздануу менен күрөшүү үчүн «баарына берешендик менен» акылмандык жана «адаттан тышкаркы күч» берери кайраттандырат (Жакып 1:5, 13; 2 Корунттуктар 4:7).

Ал эми өмүрүбүз үчүн коркуп тынчсызданып жатсакчы?

^ 10 абз. Тынчсыздануудан арылууга жардам берген дагы башка кеңештерди «Ойгонгула!» журналынын 2015-жылы июль айында чыккан санындагы «Турмуштун агымына туруштук берүү мүмкүнбү?» деген макаладан окуй аласыңар. Журнал jw.org/ky сайтында да бар.