Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА: | САРСАНААНЫН ДАБАСЫ БАРБЫ?

Өлүм коркунучу

Өлүм коркунучу

«Сиренанын үнүн укканда, жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй болуп дүкүлдөп баштайт, анан дароо баш калкалоочу жайга чуркайм. Бирок ал жактан деле корко берем. Ал эми сыртта калып калсам, ого бетер жүрөгүм түшөт. Бир жолкусунда көчөдө бараткам. Жашынганга жер таппай ыйлай баштадым, анан демим кыстыгып чыкты. Бир нече саат дегенде араң өзүмө келдим. Анан кайра эле сиренанын ачуу үнү угулду»,— дейт Алона.

Алона

Согуш жүрөктүн үшүн алган нерселердин бири гана. Себеби башка жагдайларда деле, мисалы, жакыныбыз жаман ооруга чалдыкканда катуу тынчсызданабыз. Ал эми айрымдар дүйнөдө согуш, кылмыштуулук, жугуштуу оору күчөп жаткандыктан, айлана-чөйрө булганып, климат кескин өзгөрүп жаткандыктан, балдардын келечегин ойлоп бушайман болушат. Ушу сыяктуу нерселерден улам коркунучка батпаш үчүн эмне кылсак болот?

Ыйык Китепте: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 27:12). Кадимки кырсыктан жашынган сыңары, жан дүйнөбүздү жабырката турган «кырсыктан» жашыныш үчүн, дене боюбуздун саламаттыгына кам көргөнүбүздөй эле, психикалык жана эмоциялык саламаттыгыбызга да кам көрүү кажет. Маселен, зордук-зомбулук камтылган көңүл ачуулардан алыс болгонубуз, ошондой эле зээнди кейиткен жаңылыктарды көрбөй да, укпай да койгонубуз дурус. Себеби андай нерселер өзүбүздүн да, балдардын да психикасына терс таасир этет. Албетте, биз реалдуу жашоодон качпайбыз. Бирок ошол эле учурда аң-сезимибизди кереги жок тынчсыздануудан калкалаганыбыз жакшы. Анткени Кудай аң-сезимди жаман ойлорго толтуруш үчүн берген эмес. Андыктан акылыбызды терс ойлорго толтурбай, «эмне чындык,.. эмне адил, эмне таза болсо,.. эмне сүйүүгө татыктуу болсо,.. ошолор жөнүндө... ой жүгүртүшүбүз» кажет. Ошондо «тынчтыктын Кудайы» жан дүйнөбүзгө бейкуттук берет (Филипиликтер 4:8, 9).

ТИЛЕНҮҮНҮН МААНИЛҮҮЛҮГҮ

Кудайга болгон чыныгы ишеним санаага батып кетүүдөн сактайт. Ошондуктан Ыйык Китеп бизди Кудайдан «дайыма тиленүүгө» үндөйт (1 Петир 4:7). «Эмне сурасак да,.. угарын билгендиктен» андан акыл, кайрат беришин сурасак болот (1 Жакан 5:15).

Жолдошу Ави экөө

Ыйык Китепте «бул дүйнөнүн башкаруучусу» Кудай эмес, Шайтан экени жана бүт дүйнө анын «бийлиги астында экени» жазылган (Жакан 12:31; 1 Жакан 5:19). Ошондуктан Иса Машаяк Кудайдан сөздүн түз маанисинде «кара өзгөйдөн сакта» деп тиленишибиз керектигин айткан (Матай 6:13). Алона мындай дейт: «Сиренанын үнүн уккан сайын Кудайдан күч-кайрат сурайм. Ошондой учурларда жолдошум телефон чалып, экөөбүз чогуу да тиленебиз. Тиленүү чын эле жардам берет». Ыйык Китепте Кудайдын «өзүн чакыргандардын баарына, чындык боюнча чакыргандардын баарына жакын» экени жазылган (Забур 145:18).

ҮМҮТТҮН КҮЧҮ

Иса Машаяк жолдоочуларын Кудайдан: «Падышалыгың келсин»,— деп тиленүүгө үйрөткөн (Матай 6:10). Кудайдын Падышалыгы, башкача айтканда, өкмөтү адамдардын коркушуна себеп болгон нерселердин баарын түп-тамыры менен жок кылат. «Тынчтык төрөсү» Иса аркылуу Кудай «жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот» (Ышая 9:6; Забур 46:9). «Ал [Кудай] көптөгөн элдердин арасында сот жүргүзөт», «эл элге каршы кылыч көтөрбөйт, согушууга үйрөнбөйт,.. аларды эч ким коркутпайт» (Микей 4:3, 4). «Адамдар үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат, жүзүм отургузуп, мөмөлөрүн жешет» (Ышая 65:21). «Ошондо тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт» (Ышая 33:24).

Ал эми азырынча, канча аракет кылсак да, жамандыктан кача албайбыз (Насаатчы 9:11). Буга чейин деле согуштан, зомбулуктан, оорудан нечендеген жакшы кишилер көз жумган. Алар ошол бойдон унутта калышабы?

Жок. Миллиондогон адамдар тирилет. Алардын так санын Кудай гана билет. Ал эми азыр алар Кудайдын эс тутумунда сакталып, «мүрзөлөрдө жаткандардын баары... тириле» турган убак келгиче, уктап жатышат (Жакан 5:28, 29). Ыйык Китепте тирилүүгө болгон үмүт жөнүндө: «Ал үмүт жаныбыз үчүн кеме казык сыяктуу ишеничтүү жана бекем»,— деп жазылган (Еврейлер 6:19). Кудай «бардык адамдар ишениши үчүн,.. өлгөндөрдүн арасынан [Исаны] тирилтип, кепилдик берген» (Элчилер 17:31).

Бүгүнкү күндө Кудайдын осуяттары боюнча жашагандар да ар кандай себептен улам тынчсызданышат. Полго, Жанетке, Алонага санаага батпаганга Кудайдан тиленип, ага жакын болгону жана жаркын келечек жөнүндө Ыйык Китепте жазылгандарга ишенгени жардам берген. «Үмүттүн булагы болгон Кудай ага болгон ишенимиңер аркылуу» силерди да зор кубаныч менен тынчтыкка бөлөсүн! (Римдиктер 15:13).