Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Жамандык кантип пайда болгон?

Иса машаякты туура эмес ишке азгырууга ким аракет кылган? (Матай 4:8—10)

Негизи, баары эле бири-бири менен тынчтыкта жашоону, чынчыл жана боорукер болууну каалашат. Анда эмне үчүн дүйнөдө жамандык, адилетсиздик, таш боордук кеңири жайылган? Учурда жүрөктүн үшүн алган жаңылыктар боло жүргөн нерсеге айланып баратат. Адам баласына таасир этип, жаман иштерге түртүп жаткан бирөө барбы? (Окугула: 1 Жакан 5:19.)

Кудай адам баласын жаман ишке жакын кылып жаратканбы? Жок, Жахаба Кудай бизди өзүнө окшош кылып, башкача айтканда, анын сүйүү сапатын чагылдырууга жөндөмдүү кылып жараткан (Башталыш 1:27; Аюп 34:10). Бирок жекече чечим чыгаруу эркиндигин да берген. Түпкү ата-энебиз Адам ата менен Обо эне туура эмес ишке барып, Кудайды четке кагышкан жана жеткилең эмес болуп калышкан. Ошолордун айынан баарыбыз күнөө кылууга жакын болуп калганбыз. (Окугула: Мыйзам 32:4, 5.)

Жамандыктан арыла турган күн келеби?

Кудай жаман иш кылууга болгон жакындыгыбыз менен күрөшүшүбүздү каалайт (Накыл сөздөр 27:11). Ошондуктан туура эмес иштерди кылбаганга жана чындап бактылуу болууга жардам берип келет. Анткен менен азыр Кудайдын сүйүү сапатын жеткилең түрдө чагылдыра албайбыз. (Окугула: Забур 32:8.)

Кудай азыркы тапта дүйнөдө жамандык болушуна, анын кесепетин баары көрө алышы үчүн, убактылуу жол берүүдө (2 Петир 3:7—9). Бирок жакында жер бети Кудайга баш ийген адамдарга толо турган заман келет. (Окугула: Забур 37:9—11.)