Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Рухий бейишти көркүнө чыгарууга салым кошо бер

Рухий бейишти көркүнө чыгарууга салым кошо бер

«Бутум турган жерди даңктайм» (ЫШ. 60:13).

ЫРЛАР: 102, 75

1, 2. Еврей Жазмаларында «таман асты» деген сөз айкашы эмнеге карата колдонулат?

ЖАХАБА КУДАЙ: «Асман — менин тактым, ал эми жер — таман астым»,— деген (Ыш. 66:1). Өзүнүн «таман асты» жөнүндө ал: «Бутум турган жерди даңктайм»,— деп да айткан (Ыш. 60:13). Ал кандайча буту турган жерди даңктоодо? Мунун бизге, Кудайдын «таман астында» жашап жаткандарга, кандай тиешеси бар?

2 «Таман асты» деген сөз айкашы жерди билдиргенден тышкары, Еврей Жазмаларында каймана мааниде байыркы Ысрайылдагы ибадатканага карата да колдонулат (1 Жылн. 28:2; Заб. 132:7). Ал ибадаткана чыныгы сыйынуунун борбору болуп эсептелген. Ошондуктан Жахабанын көз алдында чындап эле абдан кооз болгон. Анын бар болгонунун өзү эле Кудайдын буту турган жерди даңкка бөлөгөн.

3. Кудайдын рухий ибадатканасы эмнени билдирет жана ал качан пайда болгон?

3 Бүгүнкү күндө чыныгы сыйынуунун борбору болуп жердеги кайсы бир ибадаткана эмес, рухий ибадаткана эсептелет. Бир да имарат Жахабаны ал даңктагандай даңктай албайт. Ал рухий ибадаткана Иса Машаяктын курмандыгынын жана дин кызматчы катары аткарган кызматынын негизинде Кудай менен элдешүүгө жол ачкан чараны билдирет. Ал б. з. 29-жылы Иса чөмүлүп, Жахабанын улуу рухий ибадатканасынын Башкы дин кызматчысы болуп дайындалганда пайда болгон (Евр. 9:11, 12).

4, 5. а) 99-забурда айтылгандай, Жахабанын ишенимдүү кызматчылары эмнени абдан каалашат? б) Ар бирибиз эмне тууралуу ойлонуп көрүшүбүз керек?

4 Рухий ибадаткананы баалагандыктан биз Жахабаны дайыма даңктайбыз. Бул анын ысмын башкаларга жарыялаганыбыздан, биз үчүн кун төлөнүшүнө кам көргөнүнө ыраазы болгонубуздан көрүнүп турат. Учурда Жахабаны 8 миллиондон ашуун кызматчысы даңктап жатканы кандай гана жүрөк толкутарлык! Айрым динчил кишилер Кудайды өлгөндөн кийин асманга барганда даңктайбыз деп ойлошот. Алардан айырмаланып, Жахабанын бардык кызматчылары аны жер бетинде, азыр даңкташы керектигин айкын түшүнүшөт.

5 Жахабаны даңктоо менен биз анын Забур 99:1—3 жана 5—7-аяттарда жазылган кызматчыларынан үлгү алган болобуз. (Аяттарды оку.) Ал забурдан көрүнүп тургандай, Арун, Муса жана Шемуел пайгамбарлар чыныгы сыйынууну бүт ынтасы менен колдошкон. Келечекте асманда Иса Машаяк менен бирге дин кызматчы боло турган майлангандардын калдыгы бүгүнкү күндө рухий ибадаткананын жердеги короосунда ишенимдүүлүк менен кызмат кылып жатышат. Аларга миллиондогон «башка койлор» колдоо көрсөтүүдө (Жкн. 10:16). Бири асманда, бири жерде жашоого үмүттөнүшсө да, эки топтогулар тең Жахабага биримдикте сыйынып жатышат. Анткен менен жеке ар бирибиз: «Жахабанын таза сыйынууга байланыштуу көргөн чарасын бүт жүрөгүм менен колдоп жатамбы?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек.

РУХИЙ ИБАДАТКАНАДА КИМДЕР КЫЗМАТ КЫЛУУДА?

6, 7. Машаяктын алгачкы жолдоочуларынын арасында кандай көйгөй пайда болгон жана кылымдар өткөндөн кийин эмне айкын болгон?

6 Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышы уюшулгандан кийин бир кылым өтпөй эле, алдын ала айтылган чындыктан четтөөчүлүк күч ала баштаган (Элч. 20:28—30; 2 Тес. 2:3, 4). Ошондон улам Кудайдын рухий ибадатканасында кимдер кызмат кылып жатканын аныктоо барган сайын кыйын боло берген. Кылымдар өткөндөн кийин гана Жахаба падышалык такка жаңы отурган Иса Машаяк аркылуу баарын айкын кыла баштаган.

7 1919-жылы кимдер Жахабанын жактыруусуна ээ экени жана анын рухий ибадатканасында кызмат кылып жатканы айдан ачык болуп калган. Кызматы Жахабага мурдагыдан да жагымдуу болушу үчүн, алар рухий жактан тазаланышкан (Ыш. 4:2, 3; Мал. 3:1—4). Ошондо элчи Пабылдын 1-кылымда аян аркылуу көргөндөрү кандайдыр бир деңгээлде аткарыла баштаган.

8, 9. Пабыл аян аркылуу көргөн «бейиш» эмнелерди билдириши мүмкүн?

8 Пабыл көргөн аян тууралуу 2 Корунттуктар 12:1—4-аяттарда жазылган. (Аяттарды оку.) Ал көргөн «табияттан тыш көрүнүш» анын күндөрүндө эмес, келечекте боло турган нерселерди камтыган. Пабыл «үчүнчү асманга көтөрүлгөндө» көргөн «бейиш» эмнени билдирет? Ал келечекте жер бетинде орной турган бейишти билдириши мүмкүн (Лк. 23:43). Ошондой эле жаңы дүйнөдө толугу менен көркүнө чыга турган рухий бейишти да билдириши ыктымал. Андан сырткары, асмандагы «Кудайдын бейишинде» өкүм сүргөн кереметтүү жагдайды да билдириши мүмкүн (Аян 2:7). Пабыл көргөн «бейиш» өз ичине ушул үчөөнү тең камтышы толук ыктымал.

9 Пабыл эмне үчүн: «Сөз менен айтып жеткиргис, бир да адам айтпашы керек болгон сөздөрдү уккам»,— деп айткан? Ал кезде Пабыл аянда көргөн кереметтүү нерселерин майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп бере алмак эмес, анткени ага али убакыт келе элек болчу. Ал эми азыр Кудайдын эли алып жаткан баталар жөнүндө баарына жарыялай турган убак!

10. Эмне үчүн «рухий бейиш», «рухий ибадаткана» деген сөз айкаштары бир эле нерсени билдирбейт?

10 «Рухий бейиш» деген сөз айкашы теократиялык терминдерибиздин бири болуп калды. Ал Кудай менен жана ишенимдештерибиз менен болгон ынак мамиледен ырахат алууга өбөлгө түзгөн өзгөчө чөйрөнү сүрөттөп турат. Эске алчу нерсе, «рухий бейиш» менен «рухий ибадаткана» деген сөз айкаштары эки башка нерсени билдирет. Рухий ибадаткана деген Жахабанын чыныгы сыйынууга байланыштуу көргөн чарасын билдирет. Ал эми рухий бейиш кимдер Кудайдын жактыруусуна ээ экенин жана анын рухий ибадатканасында кызмат кылып жатканын жазбай аныктоого жардам берет (Мал. 3:18).

11. Рухий бейишке байланыштуу кандай сыймыкка ээбиз?

11 Жахабанын 1919-жылдан тартып жеткилеңсиз адамдарга өзү менен чогуу жердеги рухий бейишти кеңейтүүгө жана бардык жагынан жакшыртууга мүмкүнчүлүк берип жатканы кандай гана жүрөк козгоорлук! Сен да ушундай кереметтүү ишке катышып жатасыңбы? Бул сага Жахабанын буту «турган жерди даңктоодо» аны менен мындан ары да кызматташа берүүгө түрткү бербейби?

ЖАХАБАНЫН УЮМУ БАРГАН САЙЫН КӨРКҮНӨ ЧЫГУУДА

12. Ышая 60:17деги пайгамбарлыктын аткарылышы баарыбызды эмнеге ынандырат? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

12 Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгүндө укмуштуудай өзгөрүүлөр болору жөнүндө Ышая 60:17де алдын ала айтылган. (Аятты оку.) Жаштар же чындык жолунда жүргөнүнө салыштырмалуу аз эле убакыт болгондор андай өзгөрүүлөр жөнүндө, балким, адабияттарыбыздан окушкандыр же башкалардан угушкандыр. Бирок аларды өз көзү менен көргөн ишенимдештерибиз кандай гана чоң сыймыкка ээ болушкан! Анын аркасында алардын Жахаба Кудай өзүнүн уюмун такка отурган Иса Машаяк аркылуу жетектеп жатканына ынанышканы шексиз. Алар ишеними бекем пайдубалга негизделгенин билишет. Биз жөнүндө да ушуну айтууга болот. Андай бир туугандарыбыздын айтып бергендери ишенимибизди бекемдеп, Жахабага толук таянууга түрткү берет.

13. Забур 48:12—14-аяттарга ылайык, эмне кылууга милдеттүүбүз?

13 Чындык жолуна түшкөнүбүзгө канча убак болбосун, Жахабанын уюму тууралуу башкаларга айта беришибиз керек. Ыймансыз, бузулган, мерез адамдарга толгон азыркы дүйнөдө рухий бейиштин болгону, чындап эле, керемет! Биз жердеги рухий бейишибиз жана Кудайдын уюму — «Сион» — жөнүндө «келерки муунга» кубаныч менен айтып беришибиз керек. (Оку: Забур 48:12—14.)

14, 15. 1970-жылдары уюмда кандай өзгөрүүлөр жасалган жана бул эмне үчүн жакшы натыйжа берди?

14 Жашы өр тартып калган кээ бир ишенимдештерибиз Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгүн ого бетер жакшырткан айрым өзгөрүүлөргө күбө болушкан. Алсак, алар бир кездерде жыйналыштарда аксакалдар кеңеши эмес, жыйналыштын кызматчысы, өлкөлөрдө филиалдын комитети эмес, филиалдын кызматчысы болгонун, ошондой эле бүткүл дүйнөлүк ишибизде Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши эмес, Күзөт мунарасы коомунун президенти жетекчиликти колго алганын жакшы билишет. Ошол жооптуу бир туугандардын баарынын ишенимдүү жардамчылары болсо да, жыйналыштарда, филиалдарда жана башкы башкармалыкта чечим чыгаруу милдети негизинен бир эле кишиге артылып калчу. Ошондуктан 1970-жылдары уюмда ушул жактардан өзгөрүүлөр жасалып, көзөмөл жүргүзүүгө жалгыз аксакал эмес, аксакалдардын тобу жооптуу болуп калган.

15 Бул жакшы натыйжа бердиби? Ооба. Себеби андай өзгөрүүлөр Ыйык Жазмага негизделген. Ошондон тартып чечимдер бир эле кишинин эмес, бир нече кишинин катышуусу менен чыгарыла баштагандыктан, Жахаба берген «адам түрүндөгү белектердин» баарынын жакшы сапаттары уюмга зор пайда алып келүүдө (Эф. 4:8; Накыл 24:6).

Жахаба адамдарга, кайсы жерде болбосун, алар муктаж болгон жетекчиликти берүүдө (16, 17-абзацтарды кара)

16, 17. Акыркы өзгөрүүлөрдүн кайсылары сага өзгөчө таасир этти жана эмне үчүн?

16 Жакындан бери адабияттарыбыздын көрүнүшүнө, мазмунуна жана аларды таратуу ыкмаларына байланыштуу кандай өзгөрүүлөр болуп жатканы тууралуу да ойлонуп көрсөң. Окурманды өзүнө тартып турган, пайдалуу кеңештерге бай адабияттарыбызды кызматта колдонуу баарыбызга эле кубаныч тартуулап жатканы күмөнсүз. Башкаларга чындыкты жеткирүү үчүн заманбап техниканы, айталы, jw.org веб-сайтын колдонуу менен Жахабанын камкордугун чагылдырган болобуз. Жахаба адамдарга, кайсы жерде болбосун, жетекчилик берүүнү аябай каалайт, анткени алардын жетекчиликке ушунчалык муктаж экенин билет.

17 Үй-бүлө менен сыйынуу кечин өткөрүүгө же өздүк изилдөөбүзгө көбүрөөк убакыт арноого шарт түзгөн чечим да акылмандык менен чыгарылган чечимдердин бири. Жыйындардын программасы да жылдан жылга жакшырып баратканы байкалууда. Андан тышкары, теократиялык мектептерге байланыштуу сонун өзгөрүүлөр кубанычыбызга кубаныч кошууда. Ушунун баары уюмду Жахаба өзү жетектеп жатканын айгинелеп турат. Ал өзүнүн уюмун жана бизге азыртадан эле ырахат тартуулап жаткан рухий бейишти күндөн күнгө көркүнө чыгарууда.

СЕНИН РУХИЙ БЕЙИШКЕ КОШКОН САЛЫМЫҢ

18, 19. Рухий бейиштин көркүн арттырууга кантип салым кошо алабыз?

18 Жахаба бизге рухий бейиштин көркүнө көрк кошууга мүмкүнчүлүк берип, чоң сыймык ыйгарган. Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоодо жана шакирт даярдоо ишинде ынталуу болуу менен биз ошол бейиштин мындан ары да гүлдөй беришине салым кошобуз. Ошондой эле башкаларга өмүрүн Жахабага арноого жардам берген сайын рухий бейиштин «чектерин кеңейтүүгө» катышкан болобуз (Ыш. 26:15; 54:2).

19 Кулк-мүнөзүбүздү, сапаттарыбызды дайыма жакшыртуу менен да рухий бейиштин көркүн арттырабыз. Мунун аркасында ал көргөндөрдү ого бетер суктандырып, өзүнө тартып турат. Ырас, Ыйык Китептеги билимден мурун биздин үлгүлүү, адептүү жүрүм-турумубузга таасирленип, уюмга жана анын аркасында Жахаба Кудай менен Иса Машаякка тартылгандар аз эмес.

Рухий бейиштин чектерин кеңейтүүгө сен да салым кошо аласың (18, 19-абзацтарды кара)

20. Накыл сөздөр 14:35ке ылайык, эмне кылышыбыз керек?

20 Көз жоосун алган рухий бейиштин Жахаба менен Иса Машаякка кубаныч тартуулары шексиз. Аны «гүлдөтүүгө» катышуудан алып жаткан кубанычыбыз келечекте жер бетин бейишке айлантуу канчалык кубанычтуу болорун элестетүүгө жардам берет. Келгиле, Накыл сөздөр 14:35теги: «Түшүнүп иш кылган кул падышага жагат»,— деген сөздөрдү эстен чыгарбай, рухий бейишти көрктөндүрүүдө дайыма акылдуулук менен иш кылалы!