Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын Падышалыгына берилгендик сакта

Кудайдын Падышалыгына берилгендик сакта

«Алар... дүйнөгө таандык эмес» (ЖКН. 17:16).

ЫРЛАР: 63, 129

1, 2. а) Жахабанын кызматчылары эмне үчүн ага берилгендик көрсөтүшү керек жана мунун бейтараптуулук менен кандай байланышы бар? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Адамдардын көбү эмнелерди аздектешет жана мунун натыйжасы кандай болууда?

КУДАЙДЫН кызматчылары согуш убагында эле эмес, ар дайым ага берилгендик көрсөтүп, бейтараптуулугун сакташат. Себеби алар өздөрүн ага арнаганда аны сүйүүгө, ишенимдүү болууга жана баш ийүүгө сөз беришкен (1 Жкн. 5:3). Кайсы жерде чоңойбойлу, каякта жашабайлы, кайсы улуттан же маданияттан болбойлу, биз Кудайдын адил мыйзам-принциптерине бекем кармангыбыз келет жана биринчи кезекте Жахаба менен анын Падышалыгына берилгендик көрсөтүүгө умтулабыз (Мт. 6:33). Ан үчүн дүйнөдө болуп жаткан уруш-жаңжалдын, чыр-чатактын баарынан алыс болушубуз керек (Ыш. 2:4; оку: Жакан 17:11, 15, 16).

2 Жахабага сыйынбаган адамдардын көбү өзүнүн өлкөсүн, уруусун, маданиятын, атүгүл улуттук спорттук командасын аздектешет. Бул адатта атаандашууга, тирешүүгө, андан да жаманы, кан төгүүгө, касташкан тарапты тукум курут кылыш үчүн кызыл кыргын салууга алып барат. Андай иштерге аралашпасак да, бул дүйнөдө жашап жаткандыктан, алардын залакасы өзүбүзгө же жакындарыбызга тийиши ыктымал. Кудай адам баласын жаман менен жакшыны айырмалай билгидей кылып жараткандыктан, өкмөттөр адилетсиз чечим чыгарганда, жаман болушубуз мүмкүн (Башт. 1:27; Мыйз. 32:4). Ошондой жагдайга кабылганда өзүңдү кантип алып жүрөсүң? Бейтараптуу болосуңбу же кайсы бир тарапты жактай баштайсыңбы?

3, 4. а) Кудайдын кызматчылары эмне үчүн бул дүйнөдөгү жаңжалдарга катышпайт? б) Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

3 Жаңжал оту тутанганда, көптөр бийликтегилердин көкүтүүсү менен кайсы бир тарапты ээлей башташат. Бирок Кудайдын кызматчылары андай кылбайт. Биз саясий кагылышууларга такыр кийлигишпейбиз, колубузга курал албайбыз (Мт. 26:52). Ошондой эле Шайтандын дүйнөсүнүн кайсы бир бөлүгү башкасынан жакшыраак деп ойлобойбуз (2 Кор. 2:11). «Бул дүйнөгө таандык болбогондуктан» биз уруш-талаштардын эч бирине катышпайбыз. (Оку: Жакан 15:18, 19.)

4 Анткен менен жеткилеңсиздиктин айынан айрымдарыбыз адамдардын кайсы бир тобуна карата дагы деле бейкалыс пикирде болуп, ошол алсыздыгыбыз менен күрөшүп жүрүшүбүз мүмкүн (Жер. 17:9; Эф. 4:22—24). Бул макалада андай көз караштан арылууга жардам бере турган принциптерди карап чыгабыз. Андан тышкары, Кудайдын Падышалыгына берилгендик сакташ үчүн акылыбыз менен абийирибизди кантип үйрөтө аларыбызды талкуулайбыз.

ЭМНЕ ҮЧҮН БУЛ ДҮЙНӨНҮН ИШТЕРИНЕ АРАЛАШПАЙБЫЗ?

5, 6. Иса жерде жүргөндө эл арасында кеңири жайылган бейкалыс көз карашка кандай караган жана эмне үчүн?

5 Эгер кайсы бир жагдайда эмне кылууну билбей жатсаң: «Иса менин ордумда болсо, эмне кылмак?» — деп ойлонуп көр. Иса кызмат кылган жерлерде Жүйүт аймагынан, Галилеядан, Самариядан жана башка жерлерден болгон адамдар жашаган. Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, бири-биринен айырмаланган ал адамдардын арасында ар кандай келишпестиктер болчу (Жкн. 4:9). Атүгүл фарисейлер менен садукейлердин, эл менен салык жыйноочулардын, раввиндерден билим алгандар менен билим албагандардын ортосунда да карама-каршылыктар болгон (Элч. 23:6—9; Мт. 9:11; Жкн. 7:49). Андан сырткары, жалпы ысрайыл эли ошол кезде укуругун салып турган Рим бийлигин аябагандай жек көрчү. Иса Жахаба жөнүндөгү чындыкты коргоп, ысрайылдыктар анын тандаган эли экенин билсе да, эч качан шакирттерин өздөрүн башкалардан жогору коюуга үндөгөн эмес (Жкн. 4:22). Тескерисинче, аларды адамдардын баарын жакынындай сүйүүгө үйрөткөн (Лк. 10:27).

6 Иса эмне үчүн элдин арасында кеңири жайылган бейкалыс көз карашты жактаган эмес? Анткени ал, Атасына окшоп, бардык адамдарды бирдей көргөн. Жахаба Уулу аркылуу эркек менен аялды жаратканда алардан ар түрдүү расалар тарап, бүт жер жүзүн толтурушун ниет кылган (Башт. 1:27, 28). Жахаба да, Иса да кайсы бир расаны, улутту же тилди башкалардан жогору көрбөйт (Элч. 10:34, 35; Аян 7:9, 13, 14). Биз алардан үлгү алышыбыз кажет (Мт. 5:43—48).

7, 8. а) Кайсы маселеге келгенде эки тараптын бирин ээлешибиз керек? б) Адамзаттын көйгөйлөрүнүн чечилишине байланыштуу эмнени унутпашыбыз зарыл?

7 Биз бул дүйнөдөгү иштерде бейтараптуу болсок да, бир маселеге келгенде эки тараптын бирин ээлешибиз керек. Ал — Жахабанын ааламдагы эгедерлигине байланышкан маселе. Ал маселе, Шайтан Эйден багында Жахабанын башкарууга укуктуу экенин талашка салганда, көтөрүлгөн. Шайтан өзүнүн башкаруусун жакшыраактай көрсөтүүнү көздөп келет. Ошондуктан ар бирибиз Жахаба тарапты ээлейбизби же Шайтан тараптыбы, чечишибиз керек. Сен жөнүндө эмне айтууга болот? Өзүң туура көргөндөй иш кылбай, Жахабанын мыйзам-принциптерине баш ийип, анын тарабын ээлегениңди көрсөтүп жатасыңбы? Адамзаттын көйгөйлөрүн Кудайдын Падышалыгы гана чече аларына бекем ишенесиңби? Же адамдар өздөрүн өздөрү башкара алат деп ойлойсуңбу? (Башт. 3:4, 5).

8 Сенден кайсы бир саясий партияга же коомдук ишмерлерге карата оюңду сурап калышса, эмне деп жооп бересиң? Алардын айрымдары эл үчүн күйүп-бышып, чын жүрөктөн аракет кылышы мүмкүн. Бирок биз Кудайдын Падышалыгы гана адамзатты азап-кайгыдан арылтып, адилеттикти орното аларын билебиз. Ошондой эле жыйналышта ар кимибиз өзүбүз туура көргөндөй иш кылбай, Жахабанын жетекчилигине баш иебиз. Натыйжада арабызда биримдик өкүм сүрүүдө.

9. 1-кылымда Корунт шаарындагы жыйналышта кандай көйгөй пайда болгон жана Пабыл аларга кандай кеңеш берген?

9 1-кылымда Корунт шаарындагы айрым бир туугандар «мен Пабылдын шакиртимин», «мен Аполостукумун», «мен Кейфаныкымын», «мен Машаяктыкымын» деп ич ара бөлүнүп, жыйналыштын биримдиги солгундай баштаган. Буга эмне себеп болгону белгисиз, бирок элчи Пабыл анын кесепетин ойлоп: «Машаяктын жыйналышы бөлүнүп жатат»,— деп тынчсызданган. Ал ишенимдештерине ой жүгүртүүсүн оңдоого жардам бериш үчүн: «Бир туугандар, Мырзабыз Иса Машаяктын атынан силерди буга чакырам: баарыңардын сөзүңөр бир болсун, ич ара бөлүнбөгүлө, тескерисинче, бир ой, бир пикир аркылуу биримдикте болгула»,— деп кеңеш берген. Биз да жыйналыштын бөлүнүп-жарылышына такыр жол бербешибиз керек (1 Кор. 1:10—13; оку: Римдиктер 16:17, 18).

10. Кудайдын кызматчылары бул дүйнөнүн талаш-тартыштарына катышпашы керектигин Пабыл кантип түшүндүргөн?

10 Пабыл майлангандарга алардын «асман жарандары» экенин эскертип, «жерге таандык нерселерге» эмес, ошого көңүл топтоого чакырган (Флп. 3:17—20) *. Майлангандар Кудай менен Иса Машаяктын элчилери болушкан. Негизи, элчи болуп кызмат кылгандар өздөрү жөнөтүлгөн бөтөн өлкөнүн иштерине кийлигишпейт. Алар өз өлкөсүнө берилгендик көрсөтүшөт (2 Кор. 5:20). Кудайдын жерде жашоого үмүттөнгөн кызматчылары да анын Падышалыгына баш ийгендиктен бул дүйнөнүн талаш-тартыштарына катышпайт.

ЖАХАБАГА БЕРИЛГЕНДИК КӨРСӨТҮҮГӨ ҮЙРӨН

11, 12. а) Кудайдын Падышалыгына берилгендик көрсөтүүгө кандай чөйрө тоскоол болушу мүмкүн? б) Бир ишенимдешибиз кандай кыйынчылыкка туш болгон жана аны кантип жеңген?

11 Көптөгөн жерлерде тарыхы, маданияты, тили бир болгон адамдар бири-бири менен өзгөчө ынак болушат. Алар өз мекени менен абдан сыймыктанышат. Бирок Кудайдын кызматчылары алардын таасирине алдырбай, ар убак бейтараптуу болуш үчүн, акылы менен абийирин үйрөткөнү маанилүү. Муну кантип кылууга болот?

12 Мурунку Югославиядан болгон Мирьета * бир тууганды мисалга алалы. Ал кичинекейинен эле сербдерди жек көрчү. Кийин Жахабанын бет карама эмес экенин жана адамдардын бөлүнүп-жарылып жатканына Шайтан себепкер экенин билгенде ал улутчул болбогонго аракет кыла баштаган. Бирок ал жашаган жерде улуттар арасында жаңжал башталганда, жүрөгүнүн түпкүрүндө кайрадан жек көрүү сезими тутанып, сербдерге кабар айткысы келбей калган. Мирьета терс сезимдер өзү эле өтүп кетет деп үмүттөнүп, эч кандай иш-аракет кылбай койгон эмес. Ал Жахабадан кыйынчылыгын жеңгенге эле эмес, пионер болууга да жардам беришин сурап жалбарган. Мирьета: «Кызматка көңүл топтогонум чоң жардам болду. Себеби кызматта жүргөндө Жахабадай мээримдүү болууга аракет кылам. Мунун аркасында терс сезимдер жел тийгендей тарап жок болорун байкадым»,— дейт.

13. а) Бир ишенимдешибизге эмне катуу тийген жана ал эмне кылган? б) Ал бир туугандан эмнеге үйрөнө алабыз?

13 Мексикадан болгон Зоила бир туугандын окуясын да карап көрөлү. Ал азыр Европа өлкөлөрүнүн биринде кызмат кылат. Зоила барган жыйналышта Латын Америкасынан болгон бир туугандар да бар. Зоила алардын айрымдарынын анын мекени, элинин каада-салттары, атүгүл музыкасы жөнүндө басынтарлык сөздөрдү айтканын уккан. Анын ордунда болсоң, сен эмне кылат элең? Ишенимдештеринин айткандары Зоилага катуу тийген. Бирок ал Жахабага кайрылып, көңүлүнө кир сактап калбаганга жардам беришин суранган. Ооба, айрымдарыбыз кээде башкалардан мекенибиз жөнүндө анча жакшы эмес сөздөрдү угуп калганда жаман болуп, терс сезимдер менен күрөшөбүз. Биз андай учурларда таарынбаганга аракет кылабыз. Ошондой эле сөзүбүз же ишибиз менен адамдардын кайсы бир тобун башкалардан жогору тургандай кылып көрсөтүп, ишенимдештерибиздин же башкалардын ынтымагына доо кетирүүдөн качабыз (Рим. 14:19; 2 Кор. 6:3).

14. Башкаларга карата Жахабаныкындай көз карашта болууга эмне жардам берет?

14 Балким, сен кичинекейиңден улутуңду же мекениңди аздектөөгө үйрөтүлгөндүрсүң, же буга чөйрөңдөгүлөр таасир эткендир. Бирок азыр андай сезимдерден толугу менен арылдыңбы же алар дагы деле жүрөгүңдүн түпкүрүндө жашап келатабы? Жахабанын кызматчылары эч качан өзүнүн улутун, жерин башкалардыкынан жогору көрбөшү керек. Эгер улуту, маданияты, тили же расасы башка адамдарга карата туура эмес көз карашта экениңди байкасаң, эмне кылсаң болот? Жахабанын буга кандай карары жөнүндө ой жүгүрт. Ошондой эле өздүк изилдөө учурунда же үй-бүлө менен сыйынуу кечинде ушул темага байланыштуу макалаларды изилде. Анан Жахабадан аныкындай көз карашка ээ болгонго жардам беришин сура. (Оку: Римдиктер 12:2.)

Жахабага берилгендик сакташ үчүн оор жагдайда да бекем болушубуз керек (15, 16-абзацтарды кара)

15, 16. а) Кудайга берилгендик сактаганыбыз үчүн башкалар бизге кандай мамиле кылышат? б) Ата-энелер балдарына Жахабага берилгендик сактоого кантип жардам бере алышат?

15 Жахабанын кызматчылары абийирин таза сактоого умтулгандыктан кээде башкалардан, алсак, жумушундагылардан, классташтарынан, кошуналарынан, туугандарынан айырмаланууга туура келген жагдайларга туш болушат (1 Пет. 2:19). Андайда кысымга алдырбаганыбыз маанилүү! Ошондон улам башкаларга жек көрүндү болсок, таң калбайбыз, анткени Иса ушундай болорун эскерткен. Бизге каршы болгондордун көбү эмне үчүн көпчүлүк кылган ишти кылбай жатканыбызды түшүнбөйт деле. Бирок биз бейтараптуулукту сактаганыбыз абдан маанилүү экенин жакшы түшүнөбүз.

16 Жахабага берилгендик сакташ үчүн оор кырдаалга кабылганда да бекем болушубуз керек (Дан. 3:16—18). Негизи, жаш курагыбыз канчада болбосун, баарыбыздын эле көпчүлүктөн айырмалануудан корккон учурларыбыз болот. Бирок агымга каршы сүзүү, өзгөчө, жаштар үчүн кыйын болушу мүмкүн. Эгерде балдарыңа желекке таазим кылууга же кайсы бир улуттук майрамга катышууга кысым көрсөтүлүп жатса, создуктурбай жардам бер. Алар сыноолорду кайраттуулук менен көтөрө алышы үчүн, үй-бүлө менен сыйынуу кечинде Жахабанын көз карашын түшүнүүгө көмөк көрсөт. Ишенген нерселерин башкаларга урмат-сый менен так-айкын түшүндүрүп берүүгө үйрөт (Рим. 1:16). Зарыл болсо, мугалимдерине кезигип, ишенген нерселерибиз тууралуу сүйлөш.

ЖАХАБАНЫН БАРДЫК ЖАРАТУУЛАРЫН БААЛА!

17. Кандай көз караштан алыс болушубуз керек жана эмне үчүн?

17 Албетте, туулуп-өскөн жерибизди, маданиятыбызды, тилибизди, улуттук тамагыбызды жакшы көргөнүбүз табигый эле нерсе. Бирок «меники баарынан сонун» деген көз караштан алыс болушубуз керек. Жашоодон ырахат алышыбыз үчүн, Жахаба бардыгын окшош кылбай, ар түрдүү кылып жараткан (Заб. 104:24; Аян 4:11). Андыктан кайсы бир ишти кылуунун бир гана туура жолу бар деп ойлоо туурабы?

18. Жахабаныкындай көз карашта болсок, кандай бата алабыз?

18 Кудай «ар кандай адамдардын... чындыкты так таанып-билишин» жана түбөлүк өмүргө ээ болушун каалайт (Жкн. 3:16; 1 Тим. 2:3, 4). Башкалардын ой-пикирин угуп, сунуштарын кабыл ала билсек, жан дүйнөбүз байыгандан сырткары, ишенимдештерибиз менен болгон биримдигибиз чыңалат. Жахабага берилген бойдон калыш үчүн биз бул дүйнөнүн уруш-талаштарына такыр аралашпашыбыз, өзүбүздүкүн өйдө коюудан качышыбыз керек. Шайтандын дүйнөсүндө кеңири жайылган бой көтөрүү, бөлүнүп-жарылуу, атаандашуу сыяктуу терс көрүнүштөрдөн алыс болууга үйрөтүп жатканы үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз! Келгиле, мындан ары да ынтымагыбызды арттырып: «Бир туугандардын биримдикте жашаганы кандай сонун, кандай жагымдуу!» — деп айткан забурчунукундай маанай чагылдыра берели (Заб. 133:1).

^ 10-абз. Филипи шаары Рим империясынын колониясы болгон. Ал жактагы жыйналыштын айрым мүчөлөрү Римдин жараны болгондуктан башка ишенимдештеринде жок укуктарга, артыкчылыктарга ээ болушкан.

^ 12-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.