Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга сыйына турган жайыбыз

Кудайга сыйына турган жайыбыз

«Сенин үйүңө болгон ынтамдан улам ичим өрт болот» (ЖКН. 2:17).

ЫРЛАР: 127, 118

1, 2. а) Байыркы кездерде Жахабанын кызматчылары ага кайсы жерлерде сыйынышчу? б) Иса Иерусалимдеги ибадатканага карата кандай сезимде болгон? в) Бул макалада эмнелерди талкуулайбыз?

ТЭЭ алмустактан эле Кудайдын кызматчылары туш келди жерлерде эмес, атайын ага арналган жерлерде сыйынып келишет. Алсак, Абыл Кудайга тартуу алып келиш үчүн курмандык жайын курса керек (Башт. 4:3, 4). Нух, Ыбрайым, Ыскак, Жакып жана Муса пайгамбарлар да курмандык жайын курушкан (Башт. 8:20; 12:7; 26:25; 35:1; Чыг. 17:15). Ысрайылдыктар Жахабанын көрсөтмөсү боюнча курулган ыйык чатырда сыйынышкан (Чыг. 25:8). Кийинчерээк Жахабага сыйынуу үчүн ибадаткана тургузулган (1 Пад. 8:27, 29). Ал эми Бабыл туткунунан бошотулгандан кийин ысрайылдыктар синагогаларда чогула башташкан (Мр. 6:2; Жкн. 18:20; Элч. 15:21). Машаяктын алгачкы жолдоочулары болсо жыйналыш жолугушууларын ишенимдештеринин үйлөрүндө өткөрө турган (Элч. 12:12; 1 Кор. 16:19). Бүгүнкү күндө Жахабанын дүйнө жүзүндөгү кызматчылары ага сыйынып, ал жөнүндө билим алуу үчүн он миңдеп саналган Падышалык залдарында чогулат.

2 Иса Машаяк Иерусалимдеги Жахабага арналган ибадаткананы жогору баалап, кастарлаган. Бир жолу шакирттери анын ибадатканада кылган иш-аракетин көрүп, забурдагы: «Сенин үйүңө болгон ынтамдан улам ичим өрт болду»,— деген пайгамбарлыкты эстешкен (Заб. 69:9; Жкн. 2:17). Албетте, Падышалык залы Иерусалимдеги ибадаткана сыяктуу «Жахабанын үйү» деп аталбайт (2 Жылн. 5:13; 33:4). Анткен менен Ыйык Китептеги принциптерден азыркы күндөгү сыйынуу жайларыбызга да аяр мамиле кылып, аларды баалашыбыз керектиги айкын көрүнүп турат. Бул макалада ошол принциптердин айрымдарын талкуулап, аларды Падышалык залында жүргөндө, залдарды курууга жана жакшы абалда күтүүгө көмөк көрсөтүүдө кантип колдонсок болорун карап чыгабыз *.

ЖОЛУГУШУУЛАРЫБЫЗДЫ БААЛАЙЛЫ

3—5. Падышалык залы кандай максатта курулат жана ал жакта өткөрүлгөн жолугушууларга кандай карашыбыз керек?

3 Падышалык залы Жахабага сыйынуу үчүн чогула турган негизги жай болуп эсептелет. Ал жакта жума сайын өткөрүлгөн жолугушуулар аркылуу Жахаба бизди рухий тамак менен азыктандырып турат. Ошондой эле жолугушуулардан дем-шык берерлик ойлорду, уюм берген кеп-кеңештерди, көрсөтмөлөрдү угабыз. Чынында, жыйналышка келгендердин баарын Жахаба менен анын Уулу чакырат. «Жахабанын дасторконунан» тамактануу зор сыймык болгондуктан, аны эч качан боло жүргөн нерседей көрбөйлү (1 Кор. 10:21).

4 Жахаба өзүнө сыйынууга жана бири-бирибизди бекемдөөгө өбөлгө түзгөн андай жолугушууларды абдан маанилүү деп эсептейт. Ошон үчүн ал элчи Пабылга жолугушууларды калтырбашыбыз керектигин жаздырган. (Оку: Еврейлер 10:24, 25.) Эгер майда-чүйдө себептерден улам жыйналышты калтыра берсек, Жахабаны урматтаган болобузбу? Жыйналыш жолугушууларына даярданып барып, чын жүрөктөн жооп берсек, ага уюштурган иш-чаралары үчүн ыраазы экенибизди көрсөтөбүз (Заб. 22:22).

5 Падышалык залына жана ал жерде өткөрүлгөн жолугушууларга кылган мамилебизден Жахабаны урматтап-сыйлаарыбыз көрүнүп турушу зарыл. Падышалык залынын сыртында Кудайдын ысмы жазылып турат. Ошондуктан ал жакта өзүбүздү анын ысмын даңктагыдай алып жүргүбүз келет. (Салыштыр: 1 Падышалар 8:17.)

6. Айрымдар Падышалык залдары жана ал жакка чогулган бир туугандар жөнүндө кандай ойлорду айтышкан? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

6 Падышалык залына тийиштүү түрдө кам көргөнүбүз жана өзүбүздү үлгүлүү алып жүргөнүбүз башкаларга байкалбай койбойт. Мисалы, Түркиядагы бир киши: «Падышалык залындагы тазалыкты, тартипти көрүп, ушунчалык таасирлендим. Ал жактагы жарашыктуу кийинген, жүздөрүнөн нур жанган кишилердин мени жылуу тосуп алганы жүрөгүмдү козгоду»,— деген. Ал жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз бара баштаган жана көп өтпөй чөмүлгөн. Индонезиядагы бир Падышалык залын арноо аземинин алдында бир туугандар бийликтегилерди жана башкаларды залды көрүп кетүүгө чакырышкан. Келгендердин арасында шаардын мэри да болгон. Ага залдын ыңгайлуу, сапаттуу салынганы, бакчасынын кооздугу таасир эткен. Ал: «Залыңардын тазалыгы силердин күчтүү ишенимиңерден кабар берип турат»,— деп айткан.

Кээде жүрүм-турумубуздан Кудайды урматтабай турганыбыз көрүнүп калышы мүмкүн (7, 8-абзацтарды карагыла)

7, 8. Жыйналышка келгендер кайсы маанилүү нерселерди эсинен чыгарбашы керек?

7 Бизди жыйналыш жолугушууларына чакырган Кудайды терең урматтаарыбыз кийген кийимибизден, жүрүм-турумубуздан, сырткы көрүнүшүбүздөн байкалып турушу керек. Ошондой эле тең салмактуу болуп, жыйналышта өзүбүздү кандай алып жүрүүгө карата катуу талаптарды коюудан же тескерисинче, үйдө жүргөндөй өтө эле эркин болуудан качканыбыз оң. Албетте, Жахаба кызматчыларынын жана коноктордун Падышалык залында өздөрүн эркин сезишин каалайт. Бирок ал жакка ылайыксыз кийим кийип барганыбыз, жыйналыш учурунда SMS жазышканыбыз, сүйлөшкөнүбүз, бир нерсе жеп-ичкенибиз же дагы башка ушу сыяктуу нерселерди кылганыбыз жолугушуулардын баркын кетирип коймок. Ата-энелер да балдарына Падышалык залы ары-бери чуркай турган же ойной турган жер эмес экенин түшүндүрүшү керек (Нас. 3:1).

8 Иса Машаяк Кудайдын ибадатканасында соода-сатык иштерин жүргүзүп жаткандарды көргөндө абдан ачууланып, аларды кууп чыккан (Жкн. 2:13—​17). Падышалык залдары да Кудай жөнүндө билим алып, ага сыйына турган жер болгондуктан, кызматыбызга эч кандай байланышы жок соода иштерин башка жакта жүргүзгөнүбүз кажет. (Салыштыр: Некемия 13:7, 8.)

ПАДЫШАЛЫК ЗАЛДАРЫН КУРУУГА КӨМӨК КӨРСӨТӨЛҮ

9, 10. а) Падышалык залдарын куруу үчүн эмнелер кылынууда жана мунун натыйжасы кандай болуп жатат? б) Каражаты чектелүү өлкөлөрдөгү жыйналыштар кайсы чарадан чоң пайда алууда?

9 Жахабанын уюму дүйнө жүзү боюнча Падышалык залдарын куруу үчүн аябагандай көп күч-аракет, каражат жумшоодо. Залдардын долбоорун түзүүдө, аларды курууда жана реконструкция кылууда ыктыярдуу кызматчылар акы албай эмгектенишет. Мунун натыйжасы кандай болуп жатат? 1999-жылдын 1-ноябрынан тартып дүйнө жүзү боюнча таза сыйынууга арналган 28 000ден ашуун жакшынакай имараттар курулду. Башкача айтканда, акыркы 15 жылдын ичинде орто эсеп менен күн сайын беш жаңы зал пайда болуп жатты.

10 Уюм каражаты чектелүү өлкөлөрдө Падышалык залдарын куруу үчүн да атайын чара көргөн. Ыйык Китепке негизделген андай иш-чара «теңдик болушуна», тактап айтканда, мүмкүнчүлүгү бар бир туугандардын «молчулугу» «башкалардын кем-карчын толукташына» шарт түзүүдө. (Оку: 2 Корунттуктар 8:13—15.) Ал жактардагы бир туугандар өздөрүнүн акчасына Падышалык залдарын эч качан кура алышмак эмес.

11. Айрым ишенимдештерибиз жаңы салынган Падышалык залы жөнүндө эмне дешкен жана бул силерге кандай таасир этти?

11 Коста-Рика өлкөсүндөгү жогоруда айтылган чарадан пайда алган бир жыйналыштагы ишенимдештерибиз мындай деп жазышкан: «Жаңы Падышалык залынын алдында турганда көргөн көзүбүзгө ишене албай, түш көргөндөй эле болуп жаттык. Ушундай жакшынакай залыбыз сегиз эле күндүн ичинде толугу менен курулуп бүттү. Бул Жахабанын батасынын, анын уюму уюштурган иш-чаралардын аркасында жана асыл бир туугандарыбыздын колдоосу менен ишке ашты. Жаңы сыйынуу жайыбыз, чынында эле, Жахаба берген баа жеткис белек. Баарыбыз кубанычыбыз койнубузга батпай сүйүнүп жатабыз». Дүйнөнүн булуң-бурчундагы бир туугандарыбыздын Падышалык залдары үчүн ыраазычылыгын билдирген ушу сыяктуу жылуу сөздөрүн укканда көңүлүбүз толкубай койбойт. Падышалык залдары курулуп бүткөндөн көп узабай эле, алар мээримдүү Жаратканыбыз жөнүндө көбүрөөк билгиси келген ниети таза адамдарга толуп калат. Бул — курулуш ишине Жахаба батасын берип жатканынын айкын далили (Заб. 127:1).

12. Падышалык залын курууга ар бирибиз кантип салым кошо алабыз?

12 Көптөгөн бир туугандарыбыз Падышалык залдарын курууга катышып, зор кубаныч алып жатышат. Балким, бизде андай мүмкүнчүлүк жоктур. Бирок кандай болбосун, ар бирибиз куруу ишин ыктыярдуу тартууларыбыз менен колдой алабыз. Ошондой кылсак, таза сыйынууга арналган жайларды курууга чын жүрөктөн тартуу салып, Жахабаны даңктаган байыркы убактагы ынталуу кызматчылардан үлгү алган болобуз (Чыг. 25:2; 2 Кор. 9:7).

ПАДЫШАЛЫК ЗАЛЫН ТАЗА САКТАЙЛЫ

13, 14. Ыйык Китептеги кайсы принциптерге ылайык, Падышалык залын таза, тыкан күтүшүбүз керек?

13 Падышалык залын кургандан тышкары, тартиптин Кудайы болгон Жахабанын сапаттарын чагылдырышыбыз үчүн аны таза, тыкан күткөнүбүз маанилүү. (Оку: 1 Корунттуктар 14:33, 40.) Ыйык Китепте ыйыктык жана рухий тазалык кадимки тазалык менен байланыштырылат (Аян 19:8). Андыктан Жахабага жагууну каалагандар өздөрүн таза алып жүрүүгө тийиш.

14 Ушул принциптерге ылайык иш кылсак, залыбыздын абалы өзүбүз жарыялап жаткан жакшы кабарга төп келет жана башкаларды жолугушууларыбызга чакыргандан уялбайбыз. Залдын тазалыгын, тыкандыгын көрүп, алар биздин, чынында эле, жакында жер бетин ажайып кооз бейишке айландыра турган ыйык Кудайга сыйынарыбызга ынанышат (Ыш. 6:1—3; Аян 11:18).

15, 16. а) Падышалык залын таза кармоо эмнеден улам кыйын болушу мүмкүн, бирок бул эмне үчүн маанилүү? б) Залды тазалоого байланыштуу жыйналышыңарда кандай чаралар көрүлгөн жана ар бирибиз кандай сыймыкка ээбиз?

15 Тазалыкка байланыштуу ар кимдин түшүнүгү ар кандай. Бул көбүнчө тарбиябызга, айлана-чөйрөнүн жана жолдордун абалына, суу менен тазалоочу каражаттардын канчалык жетиштүү экенине жараша болот. Бирок кандай жерде жашабайлы жана жергиликтүү калктын тазалыкка карата көз карашы кандай болбосун, Падышалык залыбызды дайыма таза кармаганыбыз талап. Анткени ал — Жахабанын ысмы менен аталган сыйынуу жайыбыз (Мыйз. 23:14).

16 Залды жууп-тазалоо ишин жакшы уюштуруу зарыл. Аксакалдар кеңеши тазалоого байланыштуу график түзүшү, тазалоочу каражаттар менен шаймандардын жетиштүү болушуна кам көрүшү кажет. Айрым тазалоо иштери ар бир жыйналыштан кийин кылынса, башкалары бир нече убакта бир жолу кылынат. Ошондуктан эч нерсе көз жаздымында калбашы үчүн, андай иштерди жакшы уюштуруу жана көзөмөлдөп туруу маанилүү. Бул сыймыктуу ишке жыйналыштын ар бир мүчөсү салым кошо алат.

ЖАКШЫ АБАЛДА КҮТӨЛҮ

17, 18. а) Кудайдын ибадатканага кам көргөн байыркы убактагы кызматчыларынан эмнеге үйрөнө алабыз? б) Эмне үчүн Падышалык залын жакшы абалда күтүшүбүз керек?

17 Жахабанын кызматчылары сыйынуу жайларын жакшы абалда күтүү үчүн да көп күч жумшашат. Жүйүт падышасы Жааш дин кызматчыларга ибадатканага алынып келген тартууларды анын «оңдош керек болгон жерлерин оңдоого жумшоону» буйрук кылган (2 Пад. 12:4, 5). Андан 200 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин, Жошия падыша да ибадатканага алынып келген тартууларды анын бузулган жерлерин оңдоого сарптаган. (Оку: 2 Жылнаама 34:9—11.)

18 Айрым өлкөлөрдөгү филиалдар жергиликтүү элдин имараттарды же шаймандарды өз убагында карап-текшерип турууга, жакшы абалда күтүүгө көп деле маани бербей турганын билдиришкен. Балким, андай өлкөлөрдө иштин көзүн билгендер аз болушу же каражат жетишсиз болушу мүмкүн. Ошентсе да Падышалык залына тийиштүү түрдө кам көргөнүбүз маанилүү. Болбосо анын бат эле көркү кетип, башкалардын уюмубуз жөнүндө терс ойдо калышына себеп болуп калат. Ал эми жыйналыштагылардын баары залды жакшы абалда күтүүгө колунан келишинче аракет кылышса, Жахабанын ысмы даңкталат жана ишенимдештерибиздин тартуусу коромжу болбойт.

Падышалык залына тийиштүү түрдө кам көрүшүбүз керек (16, 18-абзацтарды карагыла)

19. Жахабага арналган сыйынуу жайларына байланыштуу эмне кылууга чечкиндүүсүң?

19 Падышалык залы Жахабага арналгандыктан, аны кайсы бир жыйналышка же кимдир бирөөгө таандык деп айтууга болбойт. Ыйык Китептеги принциптерден көрүнүп тургандай, залдын кандай максатта курулганын эстен чыгарбай, ошого жараша иш кылганыбыз абзел. Бул жагынан жыйналыштагылардын бардыгы сыйынуу жайларыбызды баалап, аларды ар убак таза жана жакшы абалда күтүү үчүн убактысы менен күчүн жумшап, жаңы залдардын курулушуна тартуу кылып, өз салымын кошо алышат. Ушундай иш-аракеттерди кылуу менен, Исага окшоп, Жахабага арналган сыйынуу жайларын жогору баалаарыбызды көрсөтөбүз (Жкн. 2:17).

^ 2-абз. Бул макалада негизинен Падышалык залдары жөнүндө сөз жүрсө да, талкууланган принциптер жыйындар залдарына жана сыйынуу үчүн колдонулган башка жайларга карата да колдонорлук.