Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаңы замандагы жашоого азыртадан даярдан

Жаңы замандагы жашоого азыртадан даярдан

«Жакшылык кылышсын,.. чыныгы жашоого бекем карманышсын» (1 ТИМ. 6:18, 19).

ЫРЛАР: 125, 40

1, 2. а) Бейиште ала турган баталардын кайсынысын чыдамсыздык менен күтүүдөсүң? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Жаңы заманда бизге баарынан да эмне чоң кубаныч тартуулайт?

«ЧЫНЫГЫ ЖАШОО». Бул сөздөрдү укканда көптөрүбүз дароо эле жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүп жатканыбызды элестетебиз. Элчи Пабыл да «түбөлүк өмүрдү» «чыныгы жашоо» деп сыпаттаган. (Оку: 1 Тиметей 6:12, 19.) Биз түбөлүккө ырахаттанып жашай турган заманды күтүп келатабыз. Ал убакта күн сайын эртең менен ойгонгондо, ден соолугубуз чың, көңүлүбүз куунак, акылыбыз тунук болот (Ыш. 35:5, 6). Жакын адамдарыбыз, досторубуз, анын ичинде тирилгендер менен пикир алышып, чогуу убакыт өткөрүү канчалык жагымдуу болорун да элестетип көрсөң (Жкн. 5:28, 29; Элч. 24:15). Ошондой эле илимдин кайсы бир тармагын көбүрөөк изилдегенге, музыкалык аспапта ойногонду үйрөнгөнгө, куруу иштеринде чыгармачылыгыбызды арттырганга, айтор, ар тараптан өнүккөнгө сонун мүмкүнчүлүктөрүбүз болот.

2 Жаңы заманда ушунун баарынан кубаныч алсак да, Жахабага сыйынуудан алган кубанычыбызга эч нерсе тең келбейт. Жахабанын ысмы ыйыкталып, эгедерлиги акталганда, баарыбыздын сүйүнөрүбүз шексиз (Мт. 6:9, 10). Анын адамзатка жана жерге байланышкан баштапкы ой-ниетинин аткарылганын көрүү да жүрөк толкутарлык болот. Жеткилеңдикке жакындаган сайын, Жахаба менен болгон достугубуз бекемделгенден бекемделе берет (Заб. 73:28; Жкп. 4:8).

3. Азыртан эмнеге даярдана беришибиз керек?

3 Бейиште ушул баталардын бардыгын аларыбызга кымындай да шектенбесек болот, себеби Иса Машаяк: «Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок»,— деген (Мт. 19:25, 26). Бирок Машаяктын миң жылдык башкаруусунун убагында жана андан кийин да жашагыбыз келсе, азыртадан «түбөлүк өмүргө бекем карманышыбыз» зарыл. Шайтандын ыймансыз дүйнөсүнүн акырын күтүп жатып жаңы замандагы жашоого даярдана беришибиз керек. Муну кантип кыла алабыз?

КАНТИП ДАЯРДАНСАК БОЛОТ?

4. Жаңы дүйнөдөгү жашоого кантип даярдана аларыбызды мисал менен түшүндүр.

4 Кудай убада кылган жаңы дүйнөдө жашоого кантип даярдана алабыз? Муну жакшыраак түшүнүш үчүн башка өлкөгө көчкөнү жатканыбызды элестетип көрөлү. Ал жакта жашаганга кантип даярданат элек? Балким, адегенде тил үйрөнүүдөн баштамакпыз. Анан маданияты, каада-салты менен таанышып, улуттук тамактарынан жеп көрмөкпүз. Кыскасын айтканда, кандайдыр бир деңгээлде ошол өлкөнүн тургундарындай жашай баштамакпыз. Анткени эртели-кеч ал жакка сөзсүз көчүп барарыбызды билебиз. Анын сыңарындай, жаңы заман али келе элек болсо да, ага азыртадан эле даярдана алабыз. Буга байланыштуу айрым ойлорго токтололу.

5, 6. Уюмдан берилип жаткан жетекчиликке баш ийүү менен кандайча жаңы заманда жашоого даярданган болобуз?

5 Жаңы заманда баары Жахабанын эгедерлигине баш иет. Ал заман ар ким өз билгенин кылган азыркы дүйнөдөн кандай гана айырмаланат! Бүгүнкү күндө көптөр эч кимге көз каранды болгусу келбей, өз дегенин бербей, каалаганын жасоого жакын келишет. Бирок Кудайдын жетекчилигине каршы иш кылуу азап-кайгыга, кырсык-каргашага алып келүүдө (Жер. 10:23). Андыктан биз бүт адамзат мээримдүү Кудайыбызга баш ие турган кезди чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

6 Жер бетин бейишке айландырууда, тирилгендерге чындыкты таанып-билүүгө жардам берүүдө, Жахабанын эркин аткарууда анын жетекчилигине ылайык иш кылуу аябагандай жагымдуу болот. Эгер ошол убакта өзүбүзгө анча жакпаган тапшырма берилип калса, эмне кылабыз? Жетекчиликке баш ийип, ал ишти көңүлдөнүп аткарабызбы? Көптөрүбүз бул суроого «ооба» деп жооп беришибиз мүмкүн. Бирок уюмдан берилген көрсөтмөлөргө азыр баш ийип жатабызбы? Ошондой болсо, Жахаба бийлик кыла турган жаңы заманда жашоого даярданып жаткан болобуз.

7, 8. а) Эмне үчүн жооптуу бир туугандар менен кызматташууга үйрөнө беришибиз керек? б) Айрым ишенимдештерибиздин дайындоосунда кандай өзгөрүүлөр болгон? в) Жаңы замандагы жашоого байланыштуу эмнеден күмөн санабасак болот?

7 Жаңы дүйнөгө даярдануу үчүн Жахаба берип жаткан көрсөтмөлөргө ылайык иш кылгандан сырткары, ыраазы болууга жана бири-бирибиз менен кызматташууга үйрөнүшүбүз керек. Эгер азыр жетекчиликти колго алган бир туугандар менен жакшы кызматташсак, айталы, кандай ишке дайындалбайлы, ыраазы болуп, аны чын жүрөктөн аткарсак, бейиште да ошондой маанай чагылдырабыз. (Оку: Еврейлер 13:17.) Байыркы убакта Кудай убада кылган жер ысрайыл элине өкчөмө таш менен бөлүштүрүлүп берилген (Сан. 26:52—56; Жаш. 14:1, 2). Бүгүнкү күндө биз бейиште кимибиз кайсы жерде жашаарыбызды билбейбиз. Анткен менен жакшы кызматташууга үйрөнсөк, бейиштин кайсы жеринде жашабайлы, ыраазы болуп, Жахабанын эркин кубаныч менен аткарабыз.

8 Падышалыктын бийлиги астында жашоо зор сыймык болот. Андыктан Жахабанын уюму менен кызматташып, тапшырылган иштерди аткарууга бүт күчүбүздү жумшай бергенибиз оң. Буга эч качан өкүнбөйбүз. Албетте, убакыттын өтүшү менен жагдай-шартыбыз өзгөрүшү мүмкүн. Маселен, Кошмо Штаттардагы Бейтел үй-бүлөсүнүн айрым мүчөлөрү толук убактагы кызматтын башка түрлөрүнө дайындалышкан. Алар ал кызматын да кубаныч менен аткарып, мол бата алышууда. Кыдыруучулук кызматты аркалаган кээ бир ишенимдештерибиз болсо жаш курагынан же дагы башка себептерден улам атайын пионер болуп дайындалышкан. Эгер ыраазы болгонго үйрөнсөк, Кудайдан жардам сурап тиленсек жана ага жан-дилден кызмат кылсак, азыркы оор күндөрдө да кубанычыбызды жоготпой, көп бата алабыз. (Оку: Накыл сөздөр 10:22.) Бул жаңы заманга даярданууга кандайча жардам берет? Балким, бейиште кайсы жерде жашаарыбызды ойлонуштуруп койгондурбуз. Бирок ал убакта жооптуу бир туугандар бизден башка жакта жашашыбызды суранышы мүмкүн. Ошондой болсо да, бейиште кайсы жакта кызмат кылбайлы жана кандай иш аткарбайлы, жүрөгүбүз ыраазычылыкка толуп, шаттанарыбыз күмөнсүз (Нек. 8:10).

9, 10. а) Жаңы дүйнөдө эмне үчүн бизден чыдамкайлык талап кылынышы мүмкүн? б) Чыдамдуу экенибиз эмнелерден көрүнөт?

9 Жаңы дүйнөдө кээде бизден чыдамкайлык талап кылынышы ыктымал. Алсак, жакын адамдарыбыздын тирилерин күтүп жүргөндө башкалардын туугандары, достору тирилгенин угушубуз мүмкүн. Ошондо алар менен кошо кубанабызбы? (Рим. 12:15). Эгерде азыр Жахабанын убадаларынын аткарылышын сабырдуулук менен күткөнгө үйрөнсөк, келечекте да сабырдуу болобуз (Нас. 7:8).

10 Ыйык Китептеги чындыктар ачылып берилип жатканда чыдамдуу болуу менен да жаңы дүйнөгө даярданабыз. Мисалы, кээде Ыйык Китептеги айрым билдирүүлөр жаңыча ачылып берилет. Аларды кылдат изилдейбизби жана толук түшүнбөй жатсак, чыдамдуу болобузбу? Эгер ошентсек, бейиште Жахаба жаңы көрсөтмөлөрдү бергенде, аларды кабыл алуу кыйын болбойт (Накыл 4:18; Жкн. 16:12).

11. Жахаба бизди кечиримдүү болууга эмне үчүн үйрөтүүдө жана мунун пайдасы кандайча жаңы заманда да тиет?

11 Жаңы заманга даярдануунун дагы бир жолу — кечиримдүү болууга үйрөнүү. Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун тушунда адил адамдар да, адил эмес адамдар да терс кулк-мүнөзүнөн арылып, жеткилеңдикке жеткиче убакыт керек болот (Элч. 24:15). Ошол убакта бири-бирибизге сүйүү менен мамиле кылабызбы? Эгерде азыр башкаларды айкөлдүк менен кечирүүгө, алар менен жакшы мамиледе болууга үйрөнсөк, бул жаңы заманда да оңой болот. (Оку: Колосалыктар 3:12—14.)

12. Жаңы заманды күтүп жатканыбыз жашообуздан кандайча көрүнүп турушу керек?

12 Жаңы дүйнөдө дайыма эле каалаган нерсебизге каалаган учурда жете бербешибиз мүмкүн. Бирок мээримдүү Кудайыбыз Жахабанын башкаруусу алдында жашагандыктан бардык жагдайда ыраазы болгонго бизде толук негиз болот. Ан үчүн Жахаба бүгүнкү күндө бизди өрчүтүүгө үндөп жаткан сапаттарды ошол убакта да чагылдырышыбыз керек. Андыктан азыртадан эле жаңы замандагыдай жашоого үйрөнүү менен түбөлүккө керек боло турган сапаттарды өрчүтөбүз. Ошондой эле келечекте жер бети бейишке айланарына болгон ишенимибизди бекемдейбиз (Евр. 2:5; 11:1). Андан тышкары, адилдик өкүм сүрө турган дүйнөдө жашоону эңсеп жатканыбызды көрсөтөбүз. Ооба, биз азыр Кудай убада кылган жаңы дүйнөдө түбөлүк жашоого даярданып жатабыз.

РУХИЙ ИШТЕРГЕ КӨҢҮЛ ТОПТО

Кабар айтуу ишинде ынталуу бол

13. Бейиште эмне биринчи орунда турат?

13 Келечекке дагы кантип даярдансак болорун карап көрөлү. Бейиште тамак-аш жана башка нерселер мол болсо да, бизге баарынан мурда «рухий муктаждыгыбызды» канааттандыруу чоң кубаныч тартуулайт (Мт. 5:3). Ал убакта рухий иштерди биринчи орунга коюп, Жахабага сыйынуудан ырахат алабыз (Заб. 37:4). Ошондуктан бүгүнкү күндө рухий иштерди биринчи орунга коюу менен келечектеги чыныгы жашоого даярданган болобуз. (Оку: Матай 6:19—21.)

14. Кандай максаттарды коюу жаштарга келечектеги жашоого даярданууга жардам берет?

14 Рухий иштерден канткенде көбүрөөк кубаныч ала алабыз? Мунун бир жолу — рухий максаттарды коюу. Эгер сен жаш болсоң жана Жахабага өмүр бою кызмат кылууну ойлонуп жатсаң, анда биздин адабияттардан толук убакыттагы кызматтын түрлөрү жөнүндө изилдеп, алардын бирин максат кылып койсоң болот *. Ошондой эле Кудайга толук убакыт кызмат кылып келаткан бир туугандар менен сүйлөшүп көр. Жахабага бүт жашооңду арноонун аркасында ага жаңы дүйнөдө да кызмат кылууга даярданасың. Азыр үйрөнүп жаткан нерселериңдин, топтогон тажрыйбаңдын пайдасы бейиште да тиет.

Теократиялык иштерге жигердүү катыш

15. Падышалыктын жарчылары катары кандай максаттарды койсок болот?

15 Падышалыктын жарчылары катары кандай максаттарды койсок болот? Кызматыбызды аткарууга керектүү жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтүүнү же Ыйык Китептеги принциптерди тереңирээк түшүнүп, аларды иш жүзүндө колдонууну максат кылып койсок болот. Балким, эл алдында окуп берүү, баяндама айтуу же жыйналыштан жооп берүү жагынан да жакшырууга аракет кылаттырбыз. Кандай болбосун, максат коюу теократиялык иштерге жигердүү катышканга жана жаңы дүйнөдөгү жашоого даярданганга жардам берет.

АЗЫРТАДАН ЭЛЕ МОЛ БАТА АЛУУДАБЫЗ

Рухий тамакты баала

16. Жахабага кызмат кылуу эмне үчүн жашоодогу эң мыкты жол?

16 Убактыбызды жаңы заманга даярданууга жумшайбыз деп, бул дүйнөдө көп нерседен куру калып жаткан жокпузбу? Такыр андай эмес. Анткени Жахабага кызмат кылуу — жашоодогу эң мыкты жол. Биз ага кимдир бирөө мажбурлагандыктан же улуу алааматтан аман өткүбүз келгендиктен эле кызмат кылып жаткан жокпуз. Жахабанын эркин аткаруу бизге ырахат тартуулайт, себеби ал бизди ошондой кылып жараткан. Анын жетекчилигине баш ийип, сүйүүсүн сезип, аны менен ынак мамиледе болуудан өткөн бакыт барбы? (Оку: Забур 63:1—3.) Жахабанын батасын алыш үчүн жаңы заманга чейин күтүүнүн зарылдыгы жок, анткени биз ага бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылганыбыз үчүн азыртадан эле көп бата алуудабыз. Айрым ишенимдештерибиз Кудайдын эркин ондогон жылдардан бери аткарып, мол бата алып келатышат. Алар жашоодо мындан өткөн жакшы жол жок экенине өз тажрыйбасынан ынанышты (Заб. 1:1—3; Ыш. 58:13, 14).

Ыйык Китептен жетекчилик изде

17. Бейиште өзүбүзгө жаккан иштерди кылуудан жана көңүл ачуудан канткенде көбүрөөк кубаныч алабыз?

17 Бейиште өзүбүзгө жаккан иштерди кылып, көңүл ачарыбызга да шектенбесек болот. Себеби бизге андай каалоону Жахаба өзү берген (Нас. 2:24). Ал «бардык тирүү жандардын каалоосун орундатат» (Заб. 145:16). Биз эс алууга, көңүл ачууга муктажбыз, бирок Жахаба менен болгон мамилебизди биринчи орунга койгондо гана алардан көбүрөөк кубаныч алабыз. Жаңы дүйнөдө да ошондой болот. Андыктан азыр да биринчи кезекте өзүбүздүн эмес, Падышалыктын кызыкчылыгын көздөп, Кудайдан алып жаткан баталарыбызга көңүл топтогонубуз акылдуулукка жатат (Мт. 6:33).

18. Бейиште түбөлүк жашоого даярданып жатканыбызды кантип көрсөтөбүз?

18 Жаңы заманда баарыбыз болуп көрбөгөндөй бактылуу болобуз. Ал убакты эңсеп жатканыбызды ага азыртадан эле даярдануу менен көрсөтө берели. Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтүп, Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишине ынталуу катышалы жана рухий иштерди биринчи орунга коюп, кубанычтуу кызмат кыла берели. Келгиле, мындан ары да Жахабанын убадалары сөзсүз аткарыларына бекем ишенип, жаңы заманды күтүп жашайлы!

^ 14 абз. «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» деген китептин 2-томунун 311—318-беттерин кара.