Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Машаякка «мүнөздүү деңгээлге жетүүгө» умтулуп жатасыңбы?

Машаякка «мүнөздүү деңгээлге жетүүгө» умтулуп жатасыңбы?

«Машаяктын толуктугуна мүнөздүү деңгээлге жетели» (ЭФ. 4:13).

ЫРЛАР: 69, 70

1, 2. Кудайдын ар бир кызматчысынын максаты кандай болушу керек? Мисал келтир.

МӨМӨ-ЖЕМИШ сатып алып жатканда биринчи кезекте эмнесине көңүл бурабыз? Адатта, чоңдугуна же арзандыгына эмес, бышкан-бышпаганына көңүл бурабыз. Баарыбыз эле жыты буркурап турган даамдуу, пайдалуу жемиш алгыбыз келет. Ошондуктан жакшы бышып-жетилгендерин тандайбыз.

2 Адам өмүрүн Жахабага арнап, чөмүлгөндөн кийин деле рухий жактан өсө берет. Анын максаты — Кудайдын жетилген кызматчысы болуу. Бул жерде жаш курак тууралуу эмес, рухий жактан жетилүү жөнүндө сөз жүрүп жатат. Элчи Пабыл Эфес шаарындагы ишенимдештерине рухий жактан өсүүнүн зарыл экенин айтып, аларды «Кудайдын Уулу жөнүндөгү так билим жана ишеним жагынан биримдикке, ошондой эле жетилген адамдын деңгээлине, Машаяктын толуктугуна мүнөздүү деңгээлге жетүүгө» үндөгөн (Эф. 4:13).

3. Жахабанын бүгүнкү күндөгү элинин жагдайы Эфестеги жыйналыштыкына эмнеси менен окшош?

3 Пабыл эфестиктерге кат жазганда, ал жактагы жыйналыштын түптөлгөнүнө бир канча жыл болуп калган. Ал жыйналыштагылардын көбү тажрыйбалуу, жетилген бир туугандардан болушкан. Анткен менен айрымдары дагы деле рухий жактан өсүп-жетиле бериши керек болчу. Жахабанын бүгүнкү күндөгү элинин жагдайы да Эфестеги жыйналыштыкына окшош. Арабызда Кудайга узак убактан бери кызмат кылып келаткан жетилген бир туугандар арбын. Бирок жетиле электер да бар. Алсак, жыл сайын миңдегендер чөмүлүп, катарыбызга кошулууда. Алар чындык жолунда өсүп-жетилгенге умтула бериши керек. Ал эми сен тууралуу эмне айтууга болот? (Кол. 2:6, 7).

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫСЫНЫН ӨСҮП-ЖЕТИЛИШИ

4, 5. Кудайдын жетилген кызматчылары бири-биринен эмнеси менен айырмаланат, бирок алардын кандай жалпылыгы бар? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

4 Мөмө-жемиштердин бышканын тандап жатканда алардын баары эле окшош боло бербесин байкасаң керек. Анткен менен алардын жакшы бышканын көрсөткөн белгилери болот. Анын сыңарындай, Кудайдын жетилген кызматчыларынын да улуту, тек-жайы, ден соолугу, жаш курагы, тажрыйбасы, кулк-мүнөзү, маданияты ар кандай болот. Бирок алардын жетилген бир туугандардан экени сапаттарынан көрүнүп турат. Кайсы сапаттардан?

5 Жахабанын жетилген кызматчысы Иса Машаяктан үлгү алып, «анын изи менен так жүрүүгө» аракет кылат (1 Пет. 2:21). Иса эмнени баарынан маанилүү деп эсептеген? Ал Жахаба Кудайды бүт жүрөгүбүз, бүт жаныбыз, бүт акылыбыз менен сүйүшүбүз керектигин айткан, ошондой эле жакыныбызды өзүбүздү сүйгөндөй сүйүүгө үндөгөн (Мт. 22:37—39). Жетилген бир тууган анын ушул кеңешине ылайык жашаганга умтулат. Ал Жахаба менен болгон мамилесин дайыма негизги орунга коёт жана башкаларга чын жүрөктөн сүйүү көрсөтөт.

Жашы өр тартып калган бир туугандар жетекчиликти колго алган жашыраак ишенимдештерин колдоо менен Исаныкындай момундукту чагылдырышат (6-абзацты кара)

6, 7. а) Жетилген бир тууганга кандай сапаттар мүнөздүү? б) Ар бирибиз эмне тууралуу ойлонуп көрсөк болот?

6 Сүйүү Кудайдын жетилген кызматчысы чагылдырган сапаттардын бири гана (Гал. 5:22, 23). Ал жумшактык, өзүн өзү кармай билүү, чыдамкайлык сыяктуу сапаттарды да өрчүткөн. Андай сапаттар ага оор жагдайда да ачууга алдырбаганга, жүрөк ооруткан кыйынчылыкка кабылганда үмүт үзбөгөнгө жардам берет. Ал өздүк изилдөө учурунда туураны туура эместен айырмалоого көмөк кылган ыйык китептик принциптерди изилдейт. Мунун аркасында анын чыгарган чечимдеринен жетилген экени көрүнүп турат. Анткени ал Ыйык Китеп боюнча тарбияланган абийирине кулак кагат. Ошондой эле момун болгондуктан Жахабанын жолдору менен нормалары өзүнүкүнөн алда канча жакшы экенин түшүнөт *. Ал жакшы кабар айтуу ишине да ынталуу катышат жана жыйналыштын биримдигине салым кошот.

7 Жахабага кызмат кылып келатканыбызга канча жыл болбосун, ар бирибиз: «Исаны дагы канткенде жакшыраак туурай алам? Кайсы жактардан жакшырышым керек?» — деп ойлонуп көрсөк болот.

«КАТУУ ТАМАК РУХИЙ ЖАКТАН ЖЕТИЛГЕНДЕРГЕ» ТААНДЫК

8. Иса Машаяк Ыйык Китепти канчалык жакшы билген?

8 Иса Машаяк Ыйык Жазманы мыкты билген. Ал 12 жашында эле ибадатканада окутуучулар менен Ыйык Жазманын негизинде маектешкен. Уккандардын «баары анын акылына, берген жоопторуна абдан таң калышкан» (Лк. 2:46, 47). Кийинчерээк ал кабар айтып жүрүп каршылаштары менен талкуу жүргүзгөн. Ал Кудайдын Сөзүн чебер колдонгондуктан, алардын эч кимиси суроо берүүгө даай албай калган (Мт. 22:41—46).

9. а) Рухий жактан өскүсү келгендер Ыйык Китепти кантип изилдеши керек? б) Ыйык Китепти кандай максатта изилдейбиз?

9 Исадан үлгү алып, рухий жактан өскүсү келген бир тууган Ыйык Китепти үстүртөн эле билгенине ыраазы болуп жүрө бербейт. «Катуу тамак рухий жактан жетилген адамдарга» таандык экенин түшүнгөндүктөн ал Ыйык Китепти дайыма казып изилдейт (Евр. 5:14). Ооба, жетилген киши «Кудайдын Уулу жөнүндөгү так билимге» ээ болууну каалайт (Эф. 4:13). Сен Ыйык Китепти күнүгө окуйсуңбу? Жума сайын өздүк же үй-бүлөлүк изилдөөнү өткөрүүгө аракет кыласыңбы? Ыйык Китепти изилдеп жатканда Жахабанын ойлору менен сезимдери жөнүндө көбүрөөк билүүгө жардам берген принциптердин үстүнөн ой жүгүрт. Анан чечим чыгарып жатканда ошол принциптерди колдон. Бул сени Жахабага ого бетер жакындатат.

10. Жетилген кишиге Ыйык Китептен алган билими кандай таасир этет?

10 Жетилген киши Ыйык Китепте эмне айтыларын билип коюу жетишсиз экенин түшүнөт. Ал Кудай жөнүндө билгендерин, анын мыйзам-принциптерин жакшы көрөт. Муну ал биринчи кезекте өзүнүн эмес, Жахабанын каалоосун аткарууга дилгир болгону менен айгинелейт. Ошондой эле ой жүгүртүүсүн өзгөртүп, туура эмес иштерин таштоого, «Кудайдын эркине ылайык жаратылган жана чыныгы адилдик менен берилгендиктин талаптарына жооп берген жаңы табиятты кийүүгө» бүт күч-аракетин жумшайт. (Оку: Эфестиктер 4:22—24.) Ыйык Китеп ыйык рухтун жетеги менен жазылгандыктан, Кудайдын кызматчысы аны терең изилдеп, анда айтылгандарды жакшы көргөн сайын акылы менен жүрөгүнө ыйык рухтун таасир этишине жол берген болот. Бул анын рухий жактан өсүшүнө шарт түзөт.

БИРИМДИККЕ САЛЫМ КОШ

11. Иса жерде жүргөндө кандайча адамдардын жеткилеңсиздигине күбө болгон?

11 Иса жеткилең болгон, ал эми анын айлана-тегерегиндеги адамдардын баары жеткилеңсиз болушкан. Ал жеткилең эмес ата-эненин колунда тарбияланып, бир канча жыл бою жеткилең эмес бир туугандары менен жашаган. Аны коштоп жүргөн шакирттери болсо кээде коомдо кеңири тараган текебердик, өзүмчүлдүк сыяктуу сапаттарды чагылдырышкан. Алар атүгүл Мырзасынын өлөр алдындагы түнү «кимиси баарынан чоң экени тууралуу катуу талашышкан» (Лк. 22:24). Ошого карабай, Иса алардын рухий жактан өсүп, биримдүү жыйналышты түзүшөрүнө шектенген эмес. Ошол эле түнү ал асмандагы Атасынан элчилери тууралуу: «Алардын бардыгы бир болсун. Ата, сен мени менен, мен сени менен биримдикте болгондой эле, алар да экөөбүз менен биримдикте болушсун»,— деп тиленген (Жкн. 17:21, 22).

12, 13. а) Жыйналыштын биримдигине салым кошуунун маанилүүлүгү Эфестиктер 4:15, 16да кандайча баса белгиленет? б) Бир ишенимдешибиз эмненин аркасында алсыздыгын жеңип, биримдикти сактаганга үйрөнгөн?

12 Жахабанын жетилген кызматчысы жыйналыштын ынтымактуу болушун көздөйт. (Оку: Эфестиктер 4:1—6, 15, 16.) Биздин максатыбыз — бири-бирибиз менен «шайкеш бириктирилип», эриш-аркак кызматташуу. Ал үчүн, Кудайдын Сөзүнө ылайык, момун болушубуз керек. Жетилген бир тууган момун болгондуктан дайыма, башкалардын жеткилеңсиздигинен улам кыйынчылыкка кабылганда да жыйналыштын биримдигин сактап калганга аракет кылат. Ал эми сенчи? Ишенимдешиңдин кемчилигин көрүп калсаң, эмне кыласың? Кимдир бирөө сөзү же иши менен көңүлүңдү оорутканда, адатта, кандай иш-аракет кыласың? Аны менен такыр сүйлөшпөй, каймана мааниде ортоңорго дубал тургузасыңбы же тескерисинче, жарашыш үчүн көпүрө курасыңбы? Кудайдын жетилген кызматчысы дубал эмес, көпүрө курганга умтулат.

13 Уве бир туугандын мисалын карап көрөлү. Мурун ишенимдештеринин жеткилеңсиздигинен улам анын көңүлү көп чөгө турган. Ошондуктан ал Ыйык Китепти жана «Жазманы түшүнүү» китебин колдонуп, Дөөтү пайгамбардын жашоосун изилдөөнү чечкен. Эмне үчүн ал Дөөтүнү тандаган? Уве мындай деп түшүндүрөт: «Дөөтү Кудайга кызмат кылган айрым кишилердин жаман мамилесине дуушар болгон. Алсак, Шабул падыша аны өлтүрүүгө аракет кылган, ал эми бир жолу кишилер таш бараңга алып коё жаздаган. Аны жадагалса аялы да шылдыңдаган (1 Шем. 19:9—11; 30:1—6; 2 Шем. 6:14—22). Бирок Дөөтү башкалардын жаман жүрүм-турумунан улам Жахабага болгон сүйүүсүн муздатып койгон эмес. Ошондой эле ал абдан боорукер болгон. Мен так ушу сапатты өстүрүшүм керек болчу. Изилдөө жүргүзүүнүн аркасында ишенимдештеримдин жеткилеңсиздигине болгон көз карашым өзгөрдү. Алардын ката-кемчиликтерине мурдагыдай көңүл топтобой калдым. Анын ордуна, жыйналыштын ынтымагын чыңдаганга аракет кылам». Сен дагы жыйналыштын биримдүү болушуна салым кошууга умтуласыңбы?

ДОСТОРДУ КУДАЙДЫН ЭРКИН АТКАРГАНДАРДЫН АРАСЫНАН ТАНДА

14. Иса кандай кишилер менен дос болгон?

14 Иса Машаяк бардык адамдарга жакшы мамиле кылган. Анын жанында эркектер да, аялдар да, жаштар да, карылар да, атүгүл кичинекей балдар да өздөрүн эркин сезишкен. Бирок Иса баары менен эле дос боло берген эмес. Ал ишенимдүү элчилерине: «Эгер силерге буйругандарымды аткарсаңар, менин досторумсуңар»,— деген (Жкн. 15:14). Ал досторду ишенимдүү жолдоочуларынын жана Жахабага бүт жүрөгү менен кызмат кылгандардын арасынан тандаган. Сен да досторду Жахабага жан-дилинен кызмат кылгандардын арасынан тандап жатасыңбы? Ошондой кылганың эмне үчүн маанилүү?

15. Жетилген бир туугандар менен дос болуу жаштарга кандай таасир этет?

15 Мөмө-жемиштер жакшы бышышы үчүн, адатта, күндүн нуру керек. Ошол сыяктуу эле, бир туугандардын сүйүүсү рухий жактан өсүп-жетилүүгө жардам берет. Балким, сен жаш бир туугандырсың жана алдыңа кандай максаттарды койсоң болорун ойлонуп жаткандырсың. Эгер ошондой болсо, досторду Жахабага бир топ убакыттан бери кызмат кылып келаткан жана жыйналыштын биримдигине салым кошкон ишенимдештериңдин арасынан тандаганың акылдуулук болот. Алар турмуштун оош-кыйышын баштан өткөрүп, Кудайга кызмат кылууда ар кандай кыйынчылыктарга туш болгондур. Андай бир туугандар сага жашоодогу эң мыкты жолду тандоого көмөк кыла алышат. Алар менен ынак болуп, дайыма пикир алышып турсаң, туура чечимдерди чыгарып, жетилгендикке умтула бересиң. (Оку: Еврейлер 5:14.)

16. Жыйналыштагы улуураак бир туугандар жаш ишенимдешине кантип жардам беришкен?

16 Хельга деген ишенимдешибиз мектепти бүтүп жатканда, классташтары келечекке кимиси кандай максат койгону жөнүндө сүйлөшүшкөн. Алардын көпчүлүгү жашоодо чоң ийгиликке жетиш үчүн жогорку окуу жайына тапшырарын айтышкан. Хельга бул тууралуу жыйналыштагы достору менен сүйлөшкөн. Ал мындай дейт: «Досторумдун көбү менден улуу болчу. Алар мени толук убактагы кызматты баштоого үндөп, аябай чоң жардам беришти. Ошондон кийин беш жыл пионер болуп кызмат кылдым. Азыр, көптөгөн жылдар өткөндөн кийин, жаштыгымды Жахабага кызмат кылууга арнаганыма абдан сүйүнөм. Ошондой кылганыма такыр өкүнбөйм».

17, 18. Канткенде Кудайга эң жакшысын бере алабыз?

17 Исадан үлгү алууга колубуздан келишинче аракет кыла берсек, барган сайын жетиле беребиз. Жахабага жакындап, ага көбүрөөк кызмат кылгыбыз келе баштайт. Кудайдын кызматчысы рухий жактан өсүп-жетилсе, ага эң жакшысын бере алат. Иса жолдоочуларына: «Башкалар жакшы иштериңерди көрүп, асмандагы Атаңарды даңкташы үчүн, силердин да жарыгыңар алардын алдында жаркырап турсун»,— деп айткан (Мт. 5:16).

18 Жогоруда айтылгандай, Кудайдын жетилген кызматчысы жыйналышка аябагандай чоң жардам бере алат. Анын жетилгендиги абийирине кулак кага билгенинен да көрүнүп турат. Абийирибиз канткенде туура чечимдерди чыгарууга жардам берет? Ошондой эле ишенимдештерибиздин абийирине жараша чыгарган чечимдерин сыйлаарыбызды кантип көрсөтөбүз? Бул суроолорго кийинки макаладан жооп алабыз.

^ 6-абз. Мисалы, жооптуу бир туугандар жашы өр тартып калган тажрыйбалуу бир туугандардан кайсы бир милдеттерин жашыраак ишенимдештерине өткөрүп берип, аларга колдоо көрсөтүшүн суранышы мүмкүн.