Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ишеним жолунда бекем тур»

«Ишеним жолунда бекем тур»

«Ишеним жолунда бекем тургула,.. кайраттуу болгула» (1 КОР. 16:13).

ЫРЛАР: 60, 64

1. а) Галилея деңизинде Петир кандай окуяга туш болгон? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Петир эмне үчүн чөгө баштаган?

ТҮН. Буркан-шаркан түшкөн Галилея деңизинде элчи Петир менен башка шакирттер катуу шамал менен тирешип, калактарын тынбай шилтеп баратышат. Бир маалда алар суунун үстү менен келаткан Исаны көрүшөт. Петир андан: «Буйрук берчи, сага суунун үстү менен басып барайын»,— деп суранат. Иса уруксат бергенде, Петир кайнап жаткан деңиздин үстү менен аны көздөй жөнөйт. Бирок көп өтпөй эле чөгө баштайт. Эмне үчүн? Анткени албууттанган толкундарды көрүп коркуп кетет. Ал карбаластап, Исаны жардамга чакырат. Мырзасы аны колунан шап кармап: «Ишеними аз, эмне үчүн шектендиң?» — дейт (Мт. 14:24—32).

2. Бул макалада эмнелерди талкуулайбыз?

2 Эмесе, Петирдин окуясынын негизинде ишенимге байланыштуу төмөнкү үч суроону карап чыгалы: 1) Петир башында Кудайдын аны колдой турганына ишенерин кантип көрсөткөн? 2) Эмне үчүн анын ишеними алсырай түшкөн? 3) Ага ишенимин кайрадан бекемдегенге эмне жардам берген? Булар тууралуу талкуулоо бизге канткенде «ишеним жолунда бекем тура» аларыбызды түшүнүүгө көмөк кылат (1 Кор. 16:13).

КУДАЙДЫН КОЛДООРУНА ИШЕН

3. Петир кайыктан эмне үчүн түшкөн жана кандайча биз да ошо сыяктуу иш кылганбыз?

3 Ишеними күчтүү болгондуктан, Петир кайыктан түшүп, суунун үстү менен баскан. Иса чакырганда, ал Кудайдын Исага суунун үстү менен басууга күч бергендей эле, ага да күч берерине бекем ишенген. Ошо сыяктуу эле, ишенимдин аркасында биз Жахабага өзүбүздү арнап, чөмүлгөнбүз. Иса бизди анын жолдоочусу болуп, изи менен жүрүүгө чакырган. Анын жана Кудайдын ар кандай жолдор менен колдоо көрсөтөрүнө бекем ишенгендиктен биз ошол кадамды жасаганбыз (Жкн. 14:1; оку: 1 Петир 2:21).

4, 5. Эмне үчүн ишенимди баа жеткис байлык деп айтууга болот?

4 Ишеним, чынында эле, баа жеткис байлык. Петир ишениминин аркасында суунун үстү менен баса алгандай эле, биз да ишенимибиздин аркасында пенделик көз караш менен караганда мүмкүн болбогон нерселерди кыла алабыз (Мт. 21:21, 22). Маселен, көптөрүбүз ой жүгүртүүбүздү, жүрүм-турумубузду түп-тамыры менен өзгөрткөндүктөн, тааныштарыбыз, туугандарыбыз таанылгыс болуп калганыбызды айтышат. Биз андай өзгөрүүлөрдү Жахабага ишенгендиктен жасаганбыз, ошондуктан ал аракетибизге батасын берген. (Оку: Колосалыктар 3:5—10.) Ишенимибизден улам өзүбүздү ага арнап, анын досторунан болуп калдык. Буга эч качан өзүбүздүн күчүбүз менен жете алмак эмеспиз (Эф. 2:8).

5 Ишенимибиз бизге ар кыл сыноолорго, алсак, адамдардан алда канча күчтүү душманыбыз Ибилистин чабуулдарына каршы турууга күч берип келатат (Эф. 6:16). Ошондой эле Жахабага таянгандыктан биз кыйынчылыкка кабылганда өтө эле тынчсыздана бербейбиз. Эгер ишенимибиз бекем болуп, Падышалыктын иштерин биринчи орунга койсок, Жахаба бизге кам көрөрүн убада кылган (Мт. 6:30—34). Андан да маанилүүсү, ишенимдин аркасында баа жеткис белекке — бир да адам өз күчү менен жете албай турган түбөлүк өмүргө — ээ болобуз (Жкн. 3:16).

АЛАКСЫСАҢ, ИШЕНИМИҢДИ ЖОГОТОСУҢ

6, 7. а) Петир туш болгон катуу шамал менен алп толкундарды эмнеге салыштырууга болот? б) Ишенимибиздин алсырап калышы мүмкүн экенин унутпаганыбыз эмне үчүн маанилүү?

6 Петир туш болгон катуу шамал менен алп толкундарды Кудайдын кызматчылары кезигип жаткан азгырыктар менен кыйынчылыктарга салыштырууга болот. Алар канчалык оор болбосун, Жахабанын колдоосу менен баарына туруштук бере алабыз. Белгилей кетчү нерсе, Петирдин чөгүшүнө толкундун чоңдугу же шамалдын катуулугу себеп болгон эмес. Ал «катуу шамалды көрүп коркуп кеткендиктен чөгө баштаган» (Мт. 14:30). Петир көңүлүн Исага топтобой, алаксып кеткендиктен, ишеними солгундай түшкөн. Биз да каймана мааниде «катуу шамалды» карап, анын күчүнө эле көңүл топтой берсек жана Жахабанын жардам берерине шектенсек, чөгө башташыбыз мүмкүн.

7 Ыйык Китепте ишенимдин алсырашы же жоголушу «оңой эле чырмап ала турган күнөө» экени айтылгандыктан, сак болуу маанилүү экенин унутпашыбыз керек (Евр. 12:1). Петирдин окуясы көрсөтүп тургандай, терс нерселерди эле ойлой берсек, ишенимибиз бат эле алсырап калат. Ишенимибиздин канчалык бекем экенин кантип аныктасак болот? Келгиле, айрым суроолордун жардамы менен өзүбүздү текшерип көрөлү.

8. Эмнеден улам Кудайдын убадаларынын аткарыларына баштагыдай бекем ишенбей калышыбыз мүмкүн?

8 Кудайдын убадаларынын аткарыларына баштагыдай эле бекем ишенемби? Кудай Шайтандын дүйнөсүн жок кыларын убада кылган. Анткен менен дүйнөдө көңүл ачуунун түрлөрү улам көбөйүп бараткандыктан, алаксый баштаган жокпузбу? Эгер ошентсек, бул дүйнөнүн акырына аз калганына шектене башташыбыз мүмкүн (Хаб. 2:3). Кудай кундун негизинде күнөөлөрүбүздү кечирерин да убада кылган. Бирок мурун кылган туура эмес иштерибизди ойлой берсек, Жахабанын алардын баарын кечиргенине күмөн санай баштайбыз (Элч. 3:19). Натыйжада кызматтан кубаныч албай, жигердүү эмес болуп калышыбыз ыктымал.

9. Өзүбүздүн жыргалчылыгыбызды көздөй баштасак, жыйынтыгы кандай болушу мүмкүн?

9 Кудайга мурдагыдай эле ынталуу кызмат кылып жатамбы? Элчи Пабыл Жахабага бүт күчүбүз менен кызмат кылсак, үмүтүбүздүн «ишке ашарына аягына чейин бекем ишенерибизди» айткан. Эгер өзүбүздүн жыргалчылыгыбызды көздөй баштасак, айталы, маянасы жакшы, бирок рухий иштерге тоскоол болгон жумушка баш-отубуз менен кирип кетсек, жыйынтыгы кандай болот? Анда ишенимибиз алсырашы жана жагдайыбыз жол берсе да, Жахабага көп кызмат кылбай, жалкоо болуп калышыбыз мүмкүн (Евр. 6:10—12).

10. Башкаларды кечирүү менен кандайча Жахабага ишенерибизди көрсөтөбүз?

10 Мага башкаларды кечирүү кыйынга турабы? Кимдир бирөө таарынтканда, ага ачууланып, жаман сөздөрдү айткыбыз же аны менен такыр сүйлөшпөй койгубуз келиши мүмкүн. Бирок башкаларды кечире билсек, Жахабага ишенерибизди көрсөтөбүз. Кандайча? Күнөө кетиргенде Кудайга карыз болгонубуздай эле, көңүлүбүздү ооруткан киши бизге карыз болот (Лк. 11:4). Анын катасын кечирсек, андан карызыбызды кайтарып алганга, башкача айтканда, ага өзүнө жараша мамиле кылганга караганда, кечиримдүү болуп, Кудайдын ырайымына ээ болгонубуз алда канча маанилүү экенин түшүнөрүбүздү айгинелейбиз. Исанын шакирттери да кечире билүү ишенимди талап кыларын жакшы билишкен. Иса аларга өздөрүнө каршы көп жолу күнөө кылган кишини да кечириши керектигин айтканда, алар: «Ишенимибизди арттыра көр»,— деп суранышкан (Лк. 17:1—5).

11. Кеңештен пайда алууга эмне тоскоол болушу ыктымал?

11 Кеңеш берилгенде кыжырданбаймбы? Кимдир бирөө кеңеш бергенде аны кабыл алгандын ордуна, кеңештин өзүнөн же аны берген кишиден кынтык издей бербейсиңби? (Накыл 19:20). Андай болсо, ой жүгүртүүңдү Кудайдыкына шайкеш келтирүүгө шарт түзгөн мүмкүнчүлүктү колдон чыгарасың.

12. Дайындалган бир туугандарга нааразы боло бергенибиз эмнеден кабар бериши мүмкүн?

12 Жыйналыштагы дайындалган бир туугандарга нааразы болуп, наалыбаймбы? Ысрайылдыктар он чалгынчынын терс маанайда айтылган кабарына көбүрөөк маани бергендиктен Муса менен Арунга каршы чыгып, наалый башташкан. Ошондо Жахаба Мусага: «Бул эл мени качанкыга чейин урматтабайт?.. Мага ишенбей жүрө беришеби?» — деген (Сан. 14:2—4, 11). Ооба, алардын наалыганы Муса менен Арунду дайындаган Кудайга болгон ишениминин аздыгынан кабар берген. Биз тууралуу эмне айтууга болот? Кудай өзүнүн элин жетектеш үчүн колдонуп жаткан бир туугандарга дайыма нааразы боло бербейбизби? Эгер ошондой болсо, ишенимибиз алсырап бараткан жокпу?

13. Ишенимибиздин солгундап калганын байкасак, эмне үчүн көңүлүбүздү чөгөрбөшүбүз керек?

13 Өзүңдү текшерип көрүп, ишенимиңдин солгундап калганын байкасаң, көңүлүңдү чөгөрбө. Атүгүл 12 элчинин бири Петирдин да корккон, шек санаган учурлары болгон. Кээде Иса бардык элчилерин «ишеними аз» болгону үчүн ашкерелеген (Мт. 16:8). Ошентсе да Петирден маанилүү бир нерсеге үйрөнө алабыз. Анын шек саноого алдырып, деңизге чөгө баштагандан кийин эмне кылганын карап көрөлү.

ИШЕНИМИҢДИ БЕКЕМДЕШ ҮЧҮН ИСАДАН КӨЗҮҢДҮ АЛБА

14, 15. а) Петир сууга чөгө баштаганда эмне кылган? б) Канткенде Исадан «көзүбүздү албайбыз»?

14 Петир сууга чөгө баштаганда кайра кайыкты көздөй сүзсө деле болмок, себеби ал сүзгөндү жакшы билчү (Жкн. 21:7). Бирок ал өзүнө таянбай, кайрадан Исага көңүл топтоп, анын жардамын кабыл алган. Эгер ишенимибиз алсырап калганын байкасак, андан үлгү алышыбыз кажет. Муну кантип кылсак болот?

15 Петир көңүлүн Исага топтогондой эле, биз да «ишенимибиздин башчысы жана аны жеткилең кылуучу Исадан көзүбүздү албашыбыз» керек. (Оку: Еврейлер 12:2, 3.) Албетте, Петирден айырмаланып, биз Исаны түзмө-түз көрө албайбыз. Бирок анын окуулары менен иштери жөнүндө изилдеп, билгендерибизди иш жүзүндө колдонсок, андан «көзүбүздү албаган» болобуз. Мунун аркасында ишенимибизди бекемдеш үчүн зарыл болгон жардамды алабыз. Анда эмесе, Исадан кайсы жактардан үлгү алсак болорун карап чыгалы.

Исадан үлгү алып, анын изи менен так жүрсөк, ишенимибиз бекем болот (15-абзацты кара)

16. Ишенимибизди бекемдеш үчүн Ыйык Китепти кантип изилдешибиз керек?

16 Ыйык Китепке болгон ишенимиңди бекемде. Иса Кудайдын Сөзү чындык экенине жана анда эң жакшы жетекчилик камтылганына толук ишенген (Жкн. 17:17). Аныкындай ишенимге ээ болуш үчүн Ыйык Китепти күнүгө окуп, изилдеп, билгендерибиз тууралуу ой жүгүртүшүбүз керек. Кудайдын Сөзүн жалпы изилдегенден тышкары, пайда болгон суроолорубузга байланыштуу темаларды да казып изилдешибиз зарыл. Балким, дүйнөнүн соңуна чындап эле аз калганына ынаныш үчүн, Ыйык Китепте акыркы күндөрдө жашап жатканыбызга кандай далилдер бар экенин майда-чүйдөсүнө чейин изилдеп көрөттүрсүң. Же келечекке байланыштуу айтылган пайгамбарлыктардын аткарыларына күмөн санабаш үчүн, буга чейин аткарылган көптөгөн пайгамбарлыктарды изилдейттирсиң. Ошондой эле Ыйык Китептин баа жеткис кеңештерге бай экенине ынануу үчүн, аны изилдеген адамдардын жашоосу кандайча жакшы жакка өзгөргөнү жөнүндө окуп көрөттүрсүң * (1 Тес. 2:13).

17. Иса эмненин аркасында абдан оор сыноолордо да ишенимдүү бойдон калган жана канткенде андан үлгү алган болосуң?

17 Жахаба бере турган баталар жөнүндө ой жүгүрт. Иса «алдыда күтүп турган кубанычты ойлогондуктан» оор сыноолордо да ишенимдүү бойдон калган (Евр. 12:2). Ал дүйнө сунуштаган нерселерге эч алаксыган эмес (Мт. 4:8—10). Жахабанын кереметтүү убадалары тууралуу ой жүгүртсөң, Исадан үлгү алган болосуң. Жаңы дүйнөдө кылгың келген иштерди жазып же сүрөт тартып, бейиште жашап жатканыңды элестет. Тирилгендердин кимиси менен жолугуп, алар менен эмне тууралуу сүйлөшкүң келерин жаз. Кудайдын келечекке байланыштуу убадаларын жалпы адамзатка эле эмес, жеке өзүңө да тиешелүүдөй кабыл ал.

18. Тиленүү кандайча ишенимиңди бекемдөөгө жардам берет?

18 Кудайдан ишенимиңди арттырышын сурап тилен. Иса шакирттерин Жахабадан ыйык рух суроого үндөгөн (Лк. 11:9, 13). Кудайдан ыйык рух суроо менен бирге ишенимиңди арттырышын да тилен, анткени ишеним рухтун жемишине кирет. Тиленгенде жүрөгүңдөгүнү жалпы жонунан эмес, так-айкын айт. Ишенимиңдин алсырап баратканын көрсөткөн кайсы бир белгини байкасаң, мисалы, кимдир бирөөнү кечирүү кыйын болуп жатса, ошол тууралуу Жахабага айтып, жардам сура.

19. Дос тандоодо эмнеге көңүл бурушуң керек?

19 Ишеними күчтүү адамдар менен достош. Иса жакын досторун кылдаттык менен тандаган. Анын жакын достору — элчилери — ага берилген, айткан көрсөтмөлөрүнө баш ийген, ишенимдүү адамдардан болушкан. (Оку: Жакан 15:14, 15.) Ошондуктан сен да досторду Исага баш ийген, ишеними күчтүү адамдардын арасынан танда. Жакшы достор дайыма, атүгүл бири-бирине кеңеш бериш керек болгондо да ачык айтып, ак сүйлөөрүн унутпа (Накыл 27:9).

20. Башкаларга ишенимин бекемдөөгө жардам бергенибиз өзүбүзгө кандай пайда алып келет?

20 Башкаларга ишенимин бекемдегенге жардам бер. Иса сөзү менен да, иши менен да шакирттеринин ишенимин бекемдеген (Мр. 11:20—24). Биз андан үлгү алышыбыз керек, себеби башкалардын ишенимин бекемдөө менен өзүбүздүн да ишенимибизди бекемдейбиз (Накыл 11:25). Кабар айтканда, окутканда Кудайдын бар экенине, анын бизге кам көрөрүнө жана Ыйык Китеп анын Сөзү экенине басым жаса. Ошондой эле бир туугандарга ишенимин чыңдоого жардам бер. Кимдир бирөөнүн ишеними алсырап баратканын, алсак, дайындалган бир туугандарга карата терс көз карашта болуп, нааразычылыгын айта баштаганын байкасаң, андан оолактоого шашпа. Анын ордуна, ишенимин калыбына келтирүүгө жумшактык менен көмөк кыл (Жүй. 22, 23). Эгер мектепте окусаң жана сабактан эволюция теориясы талкууланса, бардык нерсени Кудай жаратканына ишенериңди айткандан коркпо. Мунун натыйжасы өзүңдү да таң калтырышы мүмкүн.

21. Жахаба ар бирибизге эмнени убада кылууда?

21 Кудай Иса аркылуу Петирге коркуу сезимин, шек саноосун жеңгенге жардам берген. Анын аркасында Петир күчтүү ишенимге ээ болуп, жыйналыштагыларга тирек болгон. Ошол сыяктуу эле, Жахаба ар бирибизге ишеним жолунда бекем турууга көмөк кылат. (Оку: 1 Петир 5:9, 10.) Ишенимибизди бекемдөөгө бүт күчүбүздү жумшай бергенибиз маанилүү, анткени кылган аракетибиз үчүн Жахаба зор сыйлык берет.

^ 16-абз. Мисалы, жалпыга арналган «Күзөт мунарасына» чыккан «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» деген рубрикадагы макалаларды окусаң болот.