Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙ СОГУШКА КАНДАЙ КАРАЙТ?

Кудай согушка кандай карайт? Байыркы учурдагы мисал

Кудай согушка кандай карайт? Байыркы учурдагы мисал

Көп убакыт бою азап тартып келаткан эл Кудайдан зар какшап жардам сураган, бирок жардамды дароо алган эмес. Алар Кудай өзүнө эл кылып тандап алган ысрайылдыктар болчу. Ал эми аларды эзгендер мисирликтер эле (Чыгуу 1:13, 14). Ысрайылдыктар бир канча жыл бою Кудай аларды мисирликтердин үстөмдүгүнөн куткарат деп күтүшкөн. Акыры, ошол күн келген (Чыгуу 3:7—10). Ыйык Китепте мисирликтерге каршы Кудай өзү согушканы жазылган. Ал алгач аларга биринен сала бири кырсык жиберип, акырында алардын падышасын аскери менен кошо Кызыл деңизде ойрон кылган (Забур 136:15). Ошентип, «күчтүү жоокер» сыңары өз элин коргогон (Чыгуу 15:3, 4).

Кудайдын мисирликтерге каршы согушканынан анын дегеле согуш аттуунун баарына каршы эмес экенин билүүгө болот. Айрым учурда ал ысрайылдыктарга башкалар менен согушууга өзү укук берген. Маселен, Кудай аларга ыймансыздыгы чектен ашкан канаандыктар менен согушууну буйрук кылган (Мыйзам 9:5; 20:17, 18). Дагы бир жолкусунда Дөөтү падышага пелиштиликтер менен согушууну буйрук кылып, ал тургай жеңишке жетиш үчүн кандай согуш ыкмасын колдонуу керектигин айткан (2 Шемуел 5:17—25).

Ыйык Китептеги ушул жазылгандар кайсы бир элдин ыймансыздыгы же кысымы ысрайылдыктардын жашоосуна коркунуч туудурганда, Кудай аларга өздөрүн жана динин коргоого укук бергенин айгинелөөдө. Бирок Кудай туура көргөн андай согуштардын үч өзгөчөлүгү бар:

  1. КИМ СОГУШАРЫН КУДАЙ ӨЗҮ ЧЕЧКЕН. Бир жолу Кудай ысрайылдыктарга: «Бул жолкусунда силер согушпайсыңар»,— деген. Анткени алар үчүн өзү согушмак (2 Жылнаама 20:17; 32:7, 8). Макаланын башында айтылгандай, Кудайдын өз эли үчүн согушкан учурлары көп болгон. Бирок ысрайылдыктар аларга убада кылынган жерди ээлеп, аны коргош үчүн, Кудай аларга башка элдер менен согушууга буйрук кылган учурлар да болгон (Мыйзам 7:1, 2; Жашыя 10:40).

  2. КАЧАН СОГУШУУ КЕРЕКТИГИН КУДАЙ ӨЗҮ ЧЕЧКЕН. Кудайдын эли тегерегинде жашаган ырайымсыз жана ыймансыз элдер менен согушуу үчүн Кудай белгилеген убакытты күтүшү керек болгон. Алар ал убакыт келгенге чейин өздөрү билип согуш баштабашы керек эле. Эгер согушушса, Кудайдын колдоосунан айрылып калышмак. Ыйык Китепте алар Кудайдын буйругусуз эле согушушканда көбүнчө арты каргашалуу болгону баяндалган *.

  3. Кудай канаандыктарга каршы согушса да, айрымдарын, мисалы, Рахапты үй-бүлөсү менен аман алып калган

    КУДАЙ АДАМДАРДЫН, АНЫН ИЧИНДЕ ЫЙМАНСЫЗДАРДЫН ДА ӨЛҮШҮН КААЛАБАЙТ. Жахаба Кудай — өмүрдүн булагы жана адам баласынын Жаратканы (Забур 36:9). Ал адамдардын өлүшүн каалабайт. Бирок, өкүнүчтүүсү, башкаларга кысым көрсөтүп, атүгүл алардын өмүрүнө кол салган адамдар жок эмес (Забур 37:12, 14). Ушундай зомбулукту токтотуу үчүн Кудай андай адамдарга каршы согушууга уруксат берген. Анткен менен ал ысрайылдыктар ошондой согуштарды жүргүзгөн учурларда да аларга кысым көрсөткөндөргө «ачууланууга шашпай», кайрымдуулук кылган (Забур 86:15). Маселен, Кудайдын буйругуна ылайык, ысрайылдыктар кайсы бир шаар менен согушарда «адегенде... тынчтык келишимин түзүш үчүн шарт коюп», анын тургундарына жаман жолунан кайтууга жана аман калууга мүмкүндүк бериши керек болчу (Мыйзам 20:10—13). Ушундайча, Кудай ыймансыздын өлүшүн эмес, «өз жолунан кайтып, өмүр сүрүшүн» каалаарын көрсөткөн (Жезекиел 33:11, 14—16) *.

Ушул макаладан Кудай байыркы учурда ыймансыздык менен кысымчылыктын ар кандай түрүнө бөгөт коюш үчүн согуш жүргүзүүнү туура көргөнүн билдик. Бирок андай согуш качан жүргүзүлүшү керектигин жана ким согушушу керектигин чечүүгө адамдар эмес, Кудай гана укуктуу болгон. Бул Кудайдын согушту эле самап турганын билдиргенби? Жок, такыр андай эмес. Кудай зомбулукту жек көрөт (Забур 11:5). Кудайдын Уулу Иса Машаяк 1-кылымда жерге келген убакта Кудайдын согушка карата ою өзгөргөнбү?

^ 7-абз. Бир жолу ысрайылдыктар Кудайдын эскерткенине карабай Амалыктын тукумдары менен канаандыктарга каршы согушканда чоң жоготууга учураган (Сандар 14:41—45). Андан көп жыл өткөн соң ысрайылдык Жошия деген падыша да өзү билип согушка аттанып, өмүрүнөн айрылып калган (2 Жылнаама 35:20—24).

^ 8-абз. Ысрайылдыктар канаандыктарга тынчтык келишимин түзүүнү сунуштаган эмес. Себеби аларга жаман жолунан кайтууга 400 жыл убакыт берилген болчу. Ал элдер, ысрайылдыктар алар менен согушканы келгенде, оңолгус болуп калышкан (Башталыш 15:13—16). Ошондуктан тукум курут болууга тийиш эле. Бирок оңолгондору аман калышкан (Жашыя 6:25; 9:3—27).