Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЧЫНЧЫЛ БОЛУУНУН ПАЙДАСЫ

Чынчылдык «эскирдиби»?

Чынчылдык «эскирдиби»?

Япониялык Хитоши жумушка орноштуруу агенттигинин эсеп-кысап бөлүмүндө иштечү. Бир жолу анын жетекчиси эсеп-кысап отчётун текшерип жатып отчётту өзгөртүп жазбай койгонуна нааразы болгон. Хитоши андай ишке бара албай турганын түшүндүргөндө, жетекчиси аны жумуштан чыгарам деп коркуткан. Акыры, Хитоши жумушсуз калган.

Хитоши бир нече ай бою жумуш таба албай көңүлү чөккөн. Бир жолу жумуш издеп жүрүп бир жумуш берүүчүгө кимдир бирөөнү алдаш керек болгон ишти аткара албай турганын айтканда, тиги киши: «Сиз бир башкача адам экенсиз!» — деп айткан. Ал эми үйүндөгүлөр жана достору Хитошини чынчылдыгы үчүн мактап, кубаттап турушкан. Бирок анын ындыны өчө баштаган. «Мен эч кимди алдабай турганымды айтпай эле койгонум оң болобу деп ойлоно баштагам»,— дейт ал.

Хитошинин мисалы — чынчылдыкты баары эле баалай бербей турганынын кейиштүү далили. Кээ бирөөлөр чынчылдыкты, өзгөчө, бизнес тармагында көп көйгөйлөрдү жараткан нерседей көрүшөт. «Тегерегиңдегилердин баары чынчыл эмес адамдар болсо, кээде сен да ошолордой болгуң келип кетет экен»,— дейт Түштүк Африкада жашаган бир аял.

Чынчыл эместиктин эң кеңири тараган түрү — калп айтуу. Бир нече жыл мурун Амхерсттеги Массачусетс университетиндеги психолог Роберт Фелдман жүргүзгөн изилдөөдөн чоң кишилердин 60 пайызы кимдир бирөө менен сүйлөшүп жатып 10 мүнөттүн ичинде, жок эле дегенде, бир жолу калп айтары аныкталган. Фелдман: «Изилдөөнүн жыйынтыгы бизди аябай таң калтырды. Калп айтуу күнүмдүк турмушта ушундай деңгээлге жетет деп ойлогон эмеспиз»,— деген. Таң калыштуусу, көптөр кимдир бирөө аларды алдаганын жек көргөнү менен, өздөрү башкаларды алдай беришет.

Жалган сүйлөө, уурулук жана чынчылдыкка жатпаган ушу сыяктуу нерселердин бүгүнкү күндө кеңири жайылганынын себеби эмнеде? Алдамчылыктын коомго тийгизген таасири кандай? Баарынан маанилүүсү, канткенде алдамчылыктан алыс болуп, чынчыл бойдон кала алабыз?