Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын «сөз менен айтып жеткире алгыс белеги» сага түрткү берсин

Кудайдын «сөз менен айтып жеткире алгыс белеги» сага түрткү берсин

«Сөз менен айтып жеткире алгыс белеги үчүн Кудайга алкыш!» (2 КОР. 9:15).

ЫРЛАР: 121, 63

1, 2. а) Кудайдын «сөз менен айтып жеткире алгыс белеги» өз ичине эмнелерди камтыйт? б) Бул макалада кайсы суроолорду карап чыгабыз?

ЖАХАБА эбегейсиз зор сүйүүсүнөн улам өзүнүн сүйүктүү Уулун жерге жиберип, адамзатка баа жеткис белек берген (Жкн. 3:16; 1 Жкн. 4:9, 10). Элчи Пабыл анын «сөз менен айтып жеткире алгыс белек» экенин айткан (2 Кор. 9:15). Ал эмне үчүн ушундай сөздөрдү колдонгон?

2 Анткени Пабыл Кудайдын эң сонун убадаларынын баары Исанын жеткилең курмандыгынын негизинде гана ишке ашарын билген. (Оку: 2 Корунттуктар 1:20.) Жахабанын «сөз менен айтып жеткире алгыс белеги» өз ичине Иса аркылуу бизге көрсөткөн туруктуу сүйүүсүн жана кылып келаткан бардык жакшылыктарын камтыйт. Кудайдын ошондой белекти тартуулаганы ушунчалык жүрөк козгоорлук болгондуктан, анын баалуулугун сөз менен толук түшүндүрүү мүмкүн эмес. Ал өзгөчө белек бизге кандай таасир этиши керек? Ошондой эле 2016-жылы 23-мартта өткөрүлө турган Эскерүү кечесине даярданууда эмнелерди кылууга түрткү бериши зарыл?

КУДАЙДЫН ӨЗГӨЧӨ БЕЛЕГИ

3, 4. а) Бирөө белек бергенде кандай сезимде болосуң? б) Өзгөчө белек кандайча жашооңду өзгөртүүгө түрткү бериши мүмкүн?

3 Бирөө бизге белек берсе, аябай сүйүнөбүз. Бирок айрым белектер абдан баалуу, өзгөчө болгондуктан жашообузду өзгөртүшү мүмкүн. Муну жакшыраак түшүнүш үчүн кайсы бир кылмышка аралашып калгандыктан өлүм жазасына тартылганыңды элестетсең. Бирок күтүлбөгөн жерден топ элдин арасынан бейтааныш бир киши чыгып, сенин ордуңа жаза алууга даяр экенин, башкача айтканда, сен үчүн өмүрүн берерин айтат! Анын ошол жакшылыгы сага кандай таасир этет эле?

4 Анын жан аябастыгы сага кылып жүргөн иштериң тууралуу ойлонууга, атүгүл жашооңду өзгөртүүгө түрткү бермектиги шексиз. Ошондон тартып берешен, мээримдүү, кечиримдүү болууга аракет кыла баштамактырсың. Сен үчүн жанын курмандыкка чалган ал кишиге өзүңдү өмүр бою карыздар сезмек болушуң керек.

5. Эмне үчүн кунга башка бир да белек тең келбейт?

5 Жахабанын бизге Иса Машаяк аркылуу кылган жакшылыгы бул мисалдагы кишинин жакшылыгынан алда канча ашып түшөт (1 Пет. 3:18). Эмне үчүн ушинтип айтууга болот? Себеби тукум кууп өткөн күнөөнүн айынан баарыбыз тең өлүм жазасына тартылганбыз (Рим. 5:12). Бирок Жахаба бизге ырайым кылып, Исаны жерге жөнөтүп, «баары үчүн өлүшүнө» жол берген (Евр. 2:9). Анткен менен ал өмүрүбүздү эле сактап калбастан, өлүмдү түбөлүккө жок кылууга негиз салган (Ыш. 25:7, 8; 1 Кор. 15:22, 26). Андан тышкары, Исанын курмандыгына ишеним көрсөткөндөрдүн баары түбөлүк өмүргө ээ болушат. Айрымдар Кудайдын Падышалыгынын башкаруусунун астында жер бетинде жыргап-куунап жашашса, башкалары Машаяк менен бирге асманда бийлик жүргүзүшөт (Рим. 6:23; Аян 5:9, 10). Кундун аркасында дагы кандай баталарга ээ болобуз?

6. а) Жахабанын белегинин аркасында ала турган баталардын кайсынысын күтүп жатасың? б) Кудайдын белеги бизге кайсы үч нерсени кылууга түрткү бериши керек?

6 Кундун төлөнгөнүнүн аркасында бүт жер бети бейишке айланат, оору-сыркоо аттуунун баары жок болот жана өлүм уйкусунда жаткандар тирилет (Ыш. 33:24; 35:5, 6; Жкн. 5:28, 29). Ырас, «сөз менен айтып жеткире алгыс белек» бергени үчүн биз Жахабаны жана анын Уулун сүйөбүз. Бирок Кудайдын ал белеги бизге эмне кылууга түрткү бериши керек? 1) Иса Машаяктын изи менен так жүрүүгө, 2) ишенимдештерибизге сүйүү көрсөтүүгө, 3) башкаларды чын жүрөктөн кечирүүгө түрткү бериши керек. Эмесе, ушуларды өз-өзүнчө карап чыгалы.

«БИЗГЕ ТҮРТКҮ БЕРГЕН КҮЧ — МАШАЯКТЫН СҮЙҮҮСҮ»

7, 8. Машаяктын сүйүүсүнө кандай карашыбыз керек жана бул бизге эмне кылууга түрткү берет?

7 Кудайдын белеги бизге, биринчиден, Иса Машаяк үчүн жашоого түрткү бериши зарыл. Элчи Пабыл: «Бизге түрткү берген күч — Машаяктын сүйүүсү»,— деген. (Оку: 2 Корунттуктар 5:14, 15.) Пабыл Исанын бизге көрсөткөн зор сүйүүсү ал үчүн жашоого түрткү бериши керектигин жакшы түшүнгөн. Жахабанын биз үчүн эмнелерди кылганын акылыбыз менен туюп, жүрөгүбүз ыраазычылыкка толсо, Машаяк Иса үчүн жашоого бел байлайбыз. Андай каалоо бизге эмне кылууга түрткү берет?

8 Жахабага болгон сүйүү бизге Машаяктан үлгү алып, анын изи менен мүмкүн болушунча так жүрүүгө түрткү берет (1 Пет. 2:21; 1 Жкн. 2:6). Кудайды жана Машаякты сүйөрүбүздү баш ийүү менен көрсөтө алабыз. Иса: «Ким менин осуяттарымды кабыл алып, аткарса, ал мени сүйөт. Ал эми мени сүйгөндү Атам сүйөт. Аны мен да сүйөм жана ага өзүмдү ачып берем»,— деп айткан (Жкн. 14:21; 1 Жкн. 5:3).

9. Биз кандай кысымга кабылып келебиз?

9 Эскерүү кечеси өткөрүлө турган айларда кандай жашоо өткөрүп жатканыбыз тууралуу ойлонуп көргөнүбүз жакшы. Ар бирибиз: «Кайсы жактардан Исаны жакшы туурап жатам? Кайсы жактардан жакшырышым керек?» — деп ой жүгүртүп көргөнүбүз абзел. Бул дүйнө бизди «калыптоого» тынымсыз аракет кылып жаткандыктан, өзүбүздү текшерип турганыбыз абдан маанилүү (Рим. 12:2). Эгер сак болбосок, бул дүйнөдөгү философторду, атактуу кишилерди же спорт жылдыздарын туурай башташыбыз мүмкүн (Кол. 2:8; 1 Жкн. 2:15—17). Дүйнөнүн ушундай кысымына алдырбаш үчүн эмне кылсак болот?

10. Эскерүү кечеси өткөрүлө турган айларда эмнелер тууралуу ойлонуп көрсөк болот жана бул бизге эмне кылууга түрткү берет? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

10 Эскерүү кечеси өткөрүлө турган айларда кийген кийимибизди, көргөн тасмаларыбызды, уккан музыкабызды, ошондой эле компьютерибизде, телефонубузда же планшетибизде сактап жүргөн маалыматтарды текшерип көрсөк болот. Мындай деп ойлонуп көр: «Эгерде мен бара турган жерге Иса да барып калса, кийген кийимимен улам өзүмдү ыңгайсыз сезбейт белем? (Оку: 1 Тиметей 2:9, 10.) Башкалар кийимимен анын жолдоочусу экенимди дароо баамдашат беле? Көргөн тасмаларым, уккан музыкам Исага да жагат беле? Ал менден телефонумду же планшетимди сурап калса: „Анын ичиндеги айрым нерселерди көрүп калса эмне болот?“ — деп кыжалат болбойт белем? Мен ойногон видеооюн эмне үчүн мага жагарын түшүндүрүп бере алат белем?» Жахабага болгон сүйүүбүз бизге ага жакпаган нерселердин баарынан, биз үчүн канчалык кыйынга турбасын, арылууга түрткү бериши керек (Элч. 19:19, 20). Өмүрүбүздү Жахабага арнаганда биз андан ары өзүбүз үчүн эмес, Иса үчүн жашаарыбызды убада кылганбыз. Андыктан Машаяктын изи менен так жүрүүгө тоскоол боло турган нерселердин баарынан оолак болушубуз кажет (Мт. 5:29, 30; Флп. 4:8).

11. а) Жахабага жана Исага болгон сүйүүбүз кабар айтуу ишинде эмне кылууга түрткү берет? б) Сүйүүбүз кандайча жыйналыштагыларга жардам берүүгө түрткү берет?

11 Исага болгон сүйүүбүз кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине да жан-дилибиз менен катышууга түрткү берет (Мт. 28:19, 20; Лк. 4:43). Эскерүү маалында бизде 30 же 50 саат кабар айтып, көмөкчү пионер болууга жакшы мүмкүнчүлүк бар. Сен да жагдай-шартыңды карап көрүп, көмөкчү пионер болуп кызмат кыла аласыңбы? Байбичеси каза болуп калган 84 жаштагы бир ата курагынан жана ден соолугунун начардыгынан улам көмөкчү пионер боло аларына шектенчү. Бирок ал жакта жашаган пионерлер ага жапатырмак жардам көрсөтүшкөн. Ата 30 сааттык нормасын толтура алышы үчүн, пионерлер ага ылайыктуу аймак тандап беришкен, аны барчу жерлерине унаа менен жеткирип турушкан. Сен да жыйналышыңдагы кайсы бир ишенимдешиңе Эскерүү маалында көмөкчү пионер болуп кызмат кылуудан кубаныч алууга жардам бере аласыңбы? Албетте, баарыбыз эле көмөкчү пионер болуп кызмат кыла албайбыз. Ошентсе да Жахабага кызмат кылууга көбүрөөк убактыбызды жана күчүбүздү ар бирибиз жумшай алабыз. Ушундай кылсак, Пабылдай болуп, Машаяктын сүйүүсү бизге таасир этип жатканын көрсөтөбүз. Кудайдын сүйүүсү бизге дагы эмне кылууга түрткү берет?

«БИРИ-БИРИБИЗДИ СҮЙҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮБҮЗ»

12. Кудайдын сүйүүсү бизге эмне кылууга түрткү берет?

12 Экинчиден, Кудайдын сүйүүсү бизге бир туугандарыбызды сүйүүгө түрткү бериши керек. Элчи Жакан муну жакшы түшүнгөндүктөн: «Сүйүктүү бир туугандарым, эгер Кудай бизге ушундай сүйүү көрсөткөн болсо, анда биз да бири-бирибизди сүйүүгө милдеттүүбүз»,— деп жазган (1 Жкн. 4:7—11). Ооба, бир туугандарыбызды сүйүүгө милдеттүү экенибизди түшүнбөсөк, Кудайдын сүйүүсүнө ээ боло албайбыз (1 Жкн. 3:16). Ишенимдештерибизге болгон сүйүүбүздү иш жүзүндө кантип көрсөтсөк болот?

13. Башкаларды сүйүү жагынан Иса кандай үлгү калтырган?

13 Иса пайгамбардын үлгүсүн карап көрөлү. Жерде кызмат кылып жүргөндө ал бей-бечараларга өзгөчө көңүл бурган. Ал аксактарды, сокурларды, дүлөйлөрдү, дудуктарды жана башка оорулууларды айыктырган (Мт. 11:4, 5). Ага Кудай жөнүндөгү билимге суусаган жана жүйүт диний жетекчилеринин көз карашы боюнча «каргышка калган» деп эсептелген адамдарды окутуу абдан жакчу (Жкн. 7:49). Ал андай адамдарды аябай жакшы көрчү жана аларга жардам бериш үчүн жанын аячу эмес (Мт. 20:28).

Кары бир туугандарга кабар айтуу ишине катышууга көмөктөшө аласыңбы? (14-абзацты кара)

14. Бир туугандарга сүйүү көрсөтүш үчүн эмне кылсаң болот?

14 Эскерүү кечеси өткөрүлө турган айларда жыйналышыңдагы жардамга муктаж бир туугандар тууралуу ойлонуп көрсөң болот. Анын аркасында айрымдарына иш жүзүндө жардам бере аларыңды баамдайсың. Балким, жашы өр тартып калган бир туугандардын үйүнө барып, ал-акыбалын сурап көрөттүрсүң. Аларга тамак-аш алып барууга, үйүндөгү айрым иштерине каралашууга, жыйналышка алып барууга же чогуу кабарга чыгууга мүмкүнчүлүк таба аласыңбы? (Оку: Лука 14:12—14.) Кудайдын сүйүүсү бизге бир туугандарыбызга сүйүү көрсөтүүгө түрткү бериши зарыл.

КЕЧИРИМДҮҮ БОЛОЛУ

15. Эмнени түшүнгөнүбүз маанилүү?

15 Үчүнчүдөн, Жахабанын сүйүүсү бизге бир туугандарыбызды кечире билгенге түрткү бериши кажет. Адам атанын урпактары болгондуктан баарыбызга күнөө, ал эми күнөө аркылуу өлүм тукум кууп өткөн. Эч кимибиз: «Мага куткаруу курмандыгынын кереги жок»,— деп айта албайбыз. Атүгүл Кудайдын эң эле ишенимдүү кызматчысы да Жахабанын Машаяк аркылуу көрсөткөн улуу ырайымына муктаж. Жахаба ар бирибиздин көптөгөн «карызыбызды» кечирип келет. Муну түшүнгөнүбүз эмне үчүн маанилүү? Бул суроого жооп алыш үчүн Иса айткан бир мисалга токтололу.

16, 17. а) Падыша менен кулдар жөнүндөгү мисалдан эмнеге үйрөнө алабыз? б) Ал мисал тууралуу ой жүгүрткөндөн кийин эмне кылууга түрткү алдың?

16 Иса бир падышанын аябай чоң суммадагы, тактап айтканда, 10 000 талант же 60 000 000 динар карызы бар кулун кечиргенин айткан. Бирок ал кул ага 100 эле динар карызы бар башка кулду кечирбей койгон. Анын таш боордукка жаткан ишин билип калганда падышанын каары кайнап, ага: «Эй, жаман кул! Жалынып-жалбарганыңда бүт карызыңды кечтим эле го. Мен сага ырайым кылгандай, сен да тиги кулга ырайым кылышың керек эмес беле?» — деген (Мт. 18:23—35). Ырас, падышанын көрсөткөн улуу ырайымы ага тиги кулдун карызын кечирүүгө түрткү бериши керек болчу. Бул мисалдан көрүнүп тургандай, Жахабанын сүйүүсү жана мээримдүүлүгү бизге эмне кылууга түрткү бериши керек?

17 Эскерүү маалында кайсы бир ишенимдешибизге таарынып жүргөн-жүрбөгөнүбүз тууралуу ойлонуп көрсөк болот. Эгер бирөөгө таарынып жүрсөк, кечиримдүү Кудайыбыз Жахабадан үлгү алганыбыз жакшы (Нек. 9:17; Заб. 86:5). Жахабанын көптөгөн күнөөлөрүбүздү кечирип келатканын баалоо бизге башкаларды чын жүрөктөн кечирүүгө түрткү берет. Кудайдын бизди сүйүшүн жана кечиришин кааласак, биз да башкаларды сүйүшүбүз жана кечиришибиз кажет (Мт. 6:14, 15). Кечирүү менен өткөн ишти өзгөртө албасак да, келечегибиздин жакшы жакка өзгөрүшүнө шарт түзөбүз.

18. Бир эжеге Кудайдын сүйүүсү көтөрүмдүү болууга кандайча жардам берген?

18 Ишенимдештерибиздин ката-кемчиликтерине көз жумуп, «көтөрүмдүү болуу» оңой болбошу мүмкүн. (Оку: Колосалыктар 3:13, 14; Эфестиктер 4:32.) Лили деген бойдок бир тууганды мисалга алалы. Ал жыйналышындагы Кэрол деген жесир эжеге бир нече убакыт бою кам көргөн. [1] Лили ал эжени бара турган жерлерине унаа менен жеткизчү, керектүү нерселерин сатып келип берчү, айтор, ага көп жактардан көмөк көрсөтчү. Бирок анын кылган жакшылыктарына карабай, Кэрол эже сынчыл болчу жана көп нерсени оңой менен жактырчу эмес. Ошентсе да Лили ал эженин жакшы сапаттарына көңүл топтогон. Ал жакшылык кылганын токтотпой, Кэрол эже катуу ооруга чалдыгып, көз жумганга чейин, ага бир нече жыл бою кам көргөн. Бул оңойго турбаса да, Лили: «Мен Кэрол эженин тирилгенин чыдамсыздык менен күтөм. Анын жеткилең болгон кезин көргүм келет»,— деген. Ооба, Кудайдын сүйүүсү бизге көтөрүмдүү болууга жана жеткилеңсиздиктен биротоло арыла турган убакты мындан ары да күтө берүүгө түрткү берет.

19. Кудайдын «сөз менен айтып жеткире алгыс белеги» сага эмне кылууга түрткү берет?

19 Жахаба бизге, чынында эле, «сөз менен айтып жеткире алгыс белек» берген. Ал баалуу белекти эч качан боло жүргөн нерсе катары көрүп калбайлы. Келгиле, Эскерүү маалында Жахаба менен Иса Машаяктын биз үчүн кылган жакшылыктары жөнүндө ыраазычылык менен ой жүгүртөлү. Алардын сүйүүсү бизге Исанын изи менен так жүрүүгө, бир туугандарыбызга сүйүү көрсөтүүгө жана аларды чын жүрөктөн кечирүүгө түрткү бере берсин.

^ [1] (18-абзац) Макаладагы ысымдар өзгөртүлдү.