Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЖАКЫНЫҢАРДАН АЙРЫЛГАНДА...

Өлгөндөр тирилет!

Өлгөндөр тирилет!

Экинчи макалада сөз кылынган Галга күйүтүн көтөрүү мүмкүн эместей сезилген. Бирок азыр ал Кудай убада кылган жаңы заманда күйөөсүн кайрадан көрөрүнө үмүттөнүп жашайт. Ал: «Менин жакшы көргөн аятым — Аян 21:3, 4»,— дейт. Ал жакта: «Кудай өзү алар менен болот. Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти»,— деп жазылган.

Гал сөзүн: «Бул көптөргө үмүт берчү убада. Мен каза болгон жакындарын кайра көрүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин билбегендерге боорум ооруйт»,— деп улайт. Кудайга ишенгендиктен ал убактысынын көбүн башкаларга Кудайдын «мындан ары өлүм болбойт» деген убадасы аткарыла турган заман жөнүндө айтууга жумшайт.

Аюп пайгамбар тирилерине ишенген

Бирок силер: «Кантип эле өлгөндөр тирилсин?!» — деп таң калышыңар мүмкүн. Келгиле, Аюп пайгамбардын мисалын карап көрөлү. Ал катуу ооруга чалдыккан (Аюп 2:7). Ошондо жаны кыйналгандыктан өзүнө өлүм тилей баштаган. Бирок ал Кудайдын аны тирилте аларына эч шектенген эмес. Ошондуктан ишенимдүү түрдө: «Мени көргө катып,.. жашыра турсаң кана... Сен чакырасың — мен жооп берем. Колуңан бүткөндү сагынып, куса болосуң»,— деп айткан (Аюп 14:13, 15). Аюп пайгамбар Кудайдын аны сагынып, куса болоруна жана аны тирилтүүнү каалаарына бекем ишенген.

Кудай жер жүзүн бейишке айлантканда Аюп пайгамбарды жана башка көптөгөн адамдарды тирилтет (Лука 23:42, 43). Ыйык Китепте өлгөндөрдүн тирилери так-даана айтылган (Элчилер 24:15). Иса Машаяк да: «Буга таң калбагыла, себеби мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын үнүн уга турган убак келет»,— деп ынандырган (Жакан 5:28, 29). Бул убаданын аткарылышын Аюп пайгамбар да көрөт. Ал кайрадан «жаштыктын күчүнө» толуп, денеси «жаш кезиндегисинен да жаш болот» (Аюп 33:24, 25). Кудайдын өлгөндөрдү жер бетинде жашоого тирилтерине бекем ишенип, ошол чарасын терең баалагандардын баарын так ошондой келечек күтүп турат.

Жогоруда талкуулангандар күйүтүңөрдөн толугу менен арылганга жардам бербеши мүмкүн. Бирок Кудайдын Ыйык Китептеги убадалары жөнүндө ой жүгүртүүнүн аркасында жаркын келечекке үмүт байлап, кайраттуу боло аласыңар (1 Тесалоникалыктар 4:13).

Күйүттү көтөрүүгө дагы эмнелер жардам берерин, ошондой эле Кудайдын азап-кайгыга эмне үчүн жол берип жатканын билгиңер келсе, jw.org/ky сайтына кирип, Ыйык Китепте эмне делерин окуп көргүлө.