Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китептин байыркы кол жазмаларында Кудайдын ысмы кездешкен жерлер белгиленип турат

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Кудайдын ысымы барбы?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ? Айрымдар Кудайдын ысмы жок десе, башкалар анын ысмы «Кудай» же «Теңир» дешет. Дагы бирөөлөр болсо анын ысмы көп деген ойдо. Ал эми силер кандай деп ойлойсуңар?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕП АЙТЫЛАТ?

«Сенин ысмың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин» (Забур 83:18).

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ДАГЫ ЭМНЕНИ БИЛЕБИЗ?

  • Кудайдын көптөгөн наамдары бар болсо да, бир эле ысымы бар (Чыгуу 3:15).

  • Кудай баарыбыздын аны таанып-билишибизди каалайт (Элчилер 17:27).

  • Кудай менен достошуунун эң биринчи кадамы — анын ысымын билүү (Жакып 4:8).

Кудайдын ысмын айтуу туурабы?

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?

  • Ооба

  • Жок

  • Шартка жараша...

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕП АЙТЫЛАТ?

«Жахаба Кудайыңдын ысмын жөнү жок колдоно бербе» (Чыгуу 20:7). Кудайдын ысмы кастарлоо менен айтылбаган учурларда гана ал «жөнү жок колдонгондукка» жатып калат (Жеремия 29:9).

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ДАГЫ ЭМНЕНИ БИЛЕБИЗ?

  • Муса, Иса пайгамбарлар Кудайга атынан кайрылышкан (Чыгуу 4:10; Жакан 17:25, 26).

  • Кудай биздин ага ысымынан кайрылышыбызды каалайт (Забур 105:1).

  • Кудайдын душмандары анын ысымын эч ким билбей калышы үчүн бүт күчүн жумшашат (Жеремия 23:27).