Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Эмне үчүн азап чеккен жана өлгөн?

Эмне үчүн азап чеккен жана өлгөн?

«Бир киши [Адам ата] аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген» (Римдиктер 5:12)

Эгер силерден: «Түбөлүк жашагыңыз келеби?» — деп сураса, эмне деп жооп берет элеңер? Көптөр түбөлүк жашагысы келмектигин айтмак болушу керек, бирок алар аны мүмкүн эмес деп ойлошот. Алар өлүмдү жашообуздун ажырагыс бөлүгү, тиричиликтин табигый жол менен аякташы деши мүмкүн.

Ал эми жогорудагы суроонун ордуна: «Жашоо менен кош айтышканга даярсызбы?» — деп сураса, эмне деп жооп берет элеңер? Көптөрдүн «жок» деп жооп бермектиги айтпаса да түшүнүктүү. Эмне үчүн? Анткени кандай гана оор жагдайга, кыйынчылыкка туш болбойлу, баарыбыз эле жашагыбыз келет. Ыйык Китептен Кудай адам баласын ушундай каалоо менен жаратканын билүүгө болот. Ал китепте: «Кудай адамдардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салган»,— деп жазылган (Насаатчы 3:11).

Анда эмнеге азыр эч ким түбөлүк жашабайт? Буга эмне себеп болгон? Эгер бир нерсе себеп болсо, жагдайды оңдош үчүн Кудай кандайдыр бир чара көргөнбү? Ыйык Китепте бул суроолорго үмүт байлаткан жооптор жазылган. Ал жооптор Иса Машаяктын азап чегиши жана өлүмү менен түзмө-түз байланышта.

АДАМДАРДЫН ӨЛҮШҮНӨ ЭМНЕ СЕБЕП БОЛГОН?

Ыйык Китептин Башталыш китебинин алгачкы үч бөлүмүндө Кудай биринчи түгөйгө, Адам ата менен Обо энеге, түбөлүк жашоого мүмкүнчүлүк бергени, ал үчүн алар эмне кылышы керек болгону жазылган. Ошондой эле ал билдирүүдө алар Кудайга тил албай койгондуктан ал мүмкүнчүлүгүнөн айрылып калганы айтылат. Окуя абдан жөнөкөй баяндалгандыктан, көптөр аны этибарга албай, уламыш катары көрүшөт. Бирок Башталыш китебин, Инжилдер сыяктуу эле, тарыхый жактан так, ишеничтүү деп эсептөөгө бардык негиздер бар *.

Адам атанын тил албастыгынын кесепети кандай болгон? Ыйык Китепте: «Бир киши [Адам ата] аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кылган»,— деп жазылган (Римдиктер 5:12). Адам атанын Кудайга баш ийбей койгону күнөө болгон. Ошондуктан ал түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп, акыры өлгөн. Биз анын урпактары болгондуктан, анын күнөөсү бизге да өткөн. Ошол себептен ооруп, карып, акырында өлө турган болуп калганбыз. Өлүшүбүздүн себебинин ушундайча түшүндүрүлгөнү тукум куучулукка байланыштуу азыркы илимий көз карашка дал келет. Бирок Кудай ошол жагдайды оңдош үчүн кандайдыр бир чара көргөнбү?

КУДАЙ КАНДАЙ ЧАРА КӨРГӨН?

Кудай Адам ата кол жууп калган нерсени, тактап айтканда, түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүн, анын урпактарына кайрып берүү үчүн чара көргөн. Ал эмне болгон чара эле?

Римдиктер 6:23тө: «Күнөө үчүн жаза — өлүм»,— деп жазылган. Бул өлүм күнөөнүн кесепети экенин билдирет. Адам ата күнөө кетиргендиктен өлгөн. Ошо сыңары, биз да күнөөлүү болгондуктан өлөбүз. Бирок биз өз эркибиз менен кандайдыр бир жаман иш кылып күнөөлүү болуп калган эмеспиз, биз күнөөлүү болуп төрөлгөнбүз. Ошондуктан Кудай биз үчүн күнөөнүн жазасын тартууга Уулу Иса Машаякты жерге жиберген. Ал күнөөнүн жазасын кандайча тарткан?

Иса Машаяктын өлүмүнүн аркасында түбөлүк жашоого жол ачылган

Күнөө жана өлүм бизге жеткилең Адам атанын Кудайга баш ийбестигинин айынан өткөндүктөн, бизди күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан куткарыш үчүн дал ошондой жеткилең адамдын өмүрүнүн аягына чейин Кудайга баш ийиши талап кылынган. Ыйык Китепте бул: «Бир адамдын тил албастыгынан көптөр күнөөкөр болгондой эле, бир адамдын тил алчаактыгынан көптөр адил болушат»,— деп түшүндүрүлөт (Римдиктер 5:19). Ошол адам Иса Машаяк болгон. Ал асмандан жерге жеткилең адам катары келип *, биз үчүн өмүрүн берген. Натыйжада адамдарга Кудайдын алдында ак болууга жана түбөлүк өмүр алууга жол ачылган.

ИСА МАШАЯК ЭМНЕ ҮЧҮН АЗАП ЧЕККЕН ЖАНА ӨЛГӨН?

Иса Машаяк эмне үчүн өлүшү керек эле? Эмне үчүн Кудурети күчтүү Кудай Адам атанын урпактарынын түбөлүк жашай беришине жол берген буйрук чыгарып койгон эмес? Ооба, ошентүүгө анын бийлиги бар болчу. Бирок андай кылса, «күнөөнүн жазасы — өлүм» деген өзү бекиткен мыйзамга каршы иш кылган болуп калмак. Ал мыйзам оңой эле жокко чыгаргыдай же ыңгайы үчүн өзгөрткүдөй анча маанилүү эмес мыйзам болгон эмес. Мындай кылуу чыныгы адилеттүүлүк үчүн абдан маанилүү болгон (Забур 37:28).

Эгер Кудай ошондо мыйзамына карманбай, адилетсиздик кылып койсо, адамдар анын башка учурларда да адилеттүүлүк кыларына күмөн санап калышмак. Алсак, Кудайга байланыштуу: «Адам атанын урпактарынын арасынан түбөлүк жашоого ким татыктуу экенин чечүүдө адилеттүүлүк кылганбы? Ага дайыма убадасына турат деп ишенүүгө болобу?» — деген суроолор туулмак. Андыктан Кудайдын биздин куткарылышыбызга байланыштуу маселеде адилеттүүлүк кылганы дайыма туура иш кыларына ынандырат.

Исанын өлүмүнүн аркасында Кудай адамдардын жер бетиндеги Бейиште түбөлүк жашашына жол ачкан. Иса пайгамбардын: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деп айтканына көңүл бурсаңар (Жакан 3:16). Демек, Иса Машаяктын өлүмү — Кудайдын өзгөрүлгүс адилеттүүлүгүнүн эле эмес, адам баласына болгон чексиз сүйүүсүнүн да белгиси.

Бирок эмнеге Иса Машаяк, Инжилдерде айтылгандай, азап чегип өлүшү керек эле? Анткени катуу сыноого дуушар болууга макул болуп, Кудайга аягына чейин ишенимдүүлүгүн сактоо менен ал Шайтандын адамдар сыноо учурунда Кудайга болгон берилгендигин сактай албайт деген сөзүн биротоло төгүнгө чыгарган (Аюп 2:4, 5). Шайтан көтөргөн суроо Адам атаны күнөөгө азгыргандан кийин негиздүүдөй көрүнүшү мүмкүн эле. Бирок Адам атадай эле жеткилең болгон Иса Машаяк жан чыдагыс кыйноого карабай Кудайга берилгендигин сактаган (1 Корунттуктар 15:45). Ошентип, ал Адам ата, эгер кааласа, Кудайга баш ие алмактыгын далилдеп, баарыбызга мыкты үлгү калтырган (1 Петир 2:21). Ошондой берилгендиги үчүн Кудай аны асмандагы өлбөс жашоого ээ кылган.

СИЛЕРГЕ КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

Иса Машаяк чын эле өлгөн жана анын өлүмүнүн аркасында түбөлүк өмүргө жол ачылган. Силер түбөлүк жашагыңар келеби? Ал үчүн эмне кылышыбыз керектиги тууралуу Иса Машаяк: «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл»,— деген (Жакан 17:3).

Бул журналды басып чыгаргандар силерди чыныгы Кудай Жахаба жана анын Уулу Иса Машаяк жөнүндө көбүрөөк билүүгө чакырат. Бул жагынан Жахабанын Күбөлөрү силерге жардам берүүгө дайым даяр. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн www.pr418.com/ky сайтына да киргиле.

^ 8-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Күзөт мунарасы» журналындагы «Эйден багы чынында эле болгонбу?» деген макаланы карагыла (2011-жыл, январь—март, 4-бет).

^ 13-абз. Кудай өз Уулунун өмүрүн Мариям деген кыздын жатынына көчүргөн жана Кудайдын ыйык руху Мариямдын жеткилең эместиги Исага өтүшүнө жол берген эмес (Лука 1:31, 35).