Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эскертүүгө кулак кагуу өмүрдү сактайт!

Эскертүүгө кулак кагуу өмүрдү сактайт!

КУБАТТУУЛУГУ 9,1 баллды түзгөн 2004-жылы 26-декабрда болгон жер титирөө Суматра аралынын (Индонезия) түндүк-батышындагы Симёлуэ аралындагыларга даана сезилген. Аралдын тургундары дароо эле деңизди карашкан. Анан суунун тартылганын байкаары менен: «Смоң! Смоң! (цунами)» — деп кыйкырып, бийик жерлерге качып жөнөшкөн. Ошондон 30 мүнөт өтүп-өтпөй жээкке алп толкундар жетип келип, айылдардын көбүн кыйратып кеткен.

Ошол каргашалуу цунами биринчи кезекте Симёлуэ аралын жабыркаткан. Бирок 78 000 тургундун ичинен 7 гана киши өмүрүнөн айрылган. Эмне үчүн көптөр аман калышкан? * Анткени аралда жашагандар жер силкингенден кийин суу тартылса, бийик жерлерге дароо качыш керектигин жакшы билишет. Алар суу тартылганда цунами болорун тажрыйбасынан улам билип калышкан. Ошол белгиге көңүл бурганы алардын өмүрүн сактап калган.

Ыйык Китепте жакында «дүйнөнүн башталышынан бери болбогон жана кийин да болбой турган улуу алаамат» болору айтылат (Матай 24:21). Бирок бул Жер планетасынын ыймансыз адамдардын же кандайдыр бир табигый кырсыктын айынан жок болуп кетерин билдирбейт, себеби Кудайдын ой-ниети боюнча, жер түбөлүккө турушу керек (Насаатчы 1:4). Ал алаамат Кудайдын «жерди кыйраткандарды кыйратыш үчүн» жасаган иш-аракети болот. Анын аркасында ыймансыздык менен азап-кайгы жок болот (Аян 11:18; Накыл сөздөр 2:22). Ошондо кандай гана сонун жашоо болот!

Цунамиден, жер титирөөдөн, жанар тоонун атылышынан айырмаланып, ал алааматта күнөөсүз адамдар өлбөйт. Ыйык Китепте: «Кудай — сүйүү»,— деп айтылат. Ысымы Жахаба болгон ал Кудай: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— деген убада берген (1 Жакан 4:8; Забур 37:29). Анда канткенде улуу алааматтан аман өтүп, Кудайдын убадаларынын аткарылышын өз көзүбүз менен көрө алабыз? Ал үчүн эскертүүгө кулак кагышыбыз керек!

ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮ БАЙКАГЫЛА

Жамандыктан, азап-кайгыдан арылта турган ал күндүн качан келерин так айта албайбыз, себеби Иса Машаяк: «Ал күндү жана саатты эч ким: асмандагы периштелер да, Уул да билбейт, Атам гана билет»,— деген. Бирок ал бизди «сергек болууга» үндөгөн (Матай 24:36; 25:13). Эмне үчүн? Ыйык Китепте Кудайдын күнү келер алдында дүйнөдө кандай абал өкүм сүрөрү жазылган. Деңиз суусунун капыстан артка тартылганы Симёлуэ аралынын тургундары үчүн цунаминин белгиси болгондой эле, азыркы тапта дүйнөдөгү абалдын кескин түрдө өзгөрүшү — улуу алааматка аз калганынын белгиси. Ыйык Китепте айтылган ал өзгөрүүлөр кийинки беттеги кутучада жазылган.

Ал жерде жазылгандардын айрымдары, өз-өзүнчө алганда, мурун деле кайсы бир деңгээлде болуп келгени чын. Бирок Иса Машаяк алааматка аз калганын «булардын баары» болгонун көргөндө билерибизди айткан (Матай 24:33). Андыктан тарыхта ушул нерселердин баары: 1) Качан дүйнөлүк масштабда болду эле? 2) Качан баары бир учурда болду эле? 3) Качан ушундай деңгээлде болду эле? — деп ойлонуп көргүлө. Ооба, акыркы күндөрдө жашап жатканыбызга шек жок.

КУДАЙДЫН СҮЙҮҮСҮ

АКШнын мурунку бир президенти: «Алдын ала эскерте турган системалар... өмүрдү сактап калат»,— деп айткан. 2004-жылы цунамиден жапа чеккен жерлерге, кийин да ошончолук көп киши өлбөш үчүн, эскертүү системалары орнотулган. Анын сыңарындай, Кудай да дүйнөнүн акырына аз калганынын эскертилишине чара көргөн. Алсак, Ыйык Китепте: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— делген (Матай 24:14).

Былтыркы жылдын ичинде эле Жахабанын Күбөлөрү 240 өлкөдө, 700дөн ашык тилде жакшы кабарды жарыялоо ишине 1,9 миллиарддан ашуун саат жумшашты. Учурда жүргүзүлүп жаткан бул иш — дүйнөнүн акырына аз калганынын күчтүү далили. Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын сот күнүнүн тездик менен жакындап келатканын эскертиш үчүн бүт күчүн жумшоодо. Аларга башкаларга болгон сүйүү түрткү берүүдө (Матай 22:39). Ал кабардан силердин да маалымдар болуп жатканыңар Жахабанын силерди сүйөрүн көрсөтүп турат. Кудай «эч кимдин өлүшүн каалабай» турганын, «тескерисинче, баарынын өкүнүшүн каалай» турганын унутпагыла (2 Петир 3:9). Силер да Кудайдын сүйүүсүнө жооп кайтарып, анын эскертүүлөрүнө кулак кагасыңарбы?

АМАН КАЛЫШ ҮЧҮН ИШ-АРАКЕТ КЫЛГЫЛА

Симёлуэ аралынын тургундары деңиз суусунун артка тартылганын көргөндө тезинен бийик жерлерге качышкан. Алардын чечкиндүү иш-аракетинен өмүрү көз каранды болгон. Жакындап келаткан алааматтан аман калыш үчүн биз да кеч болуп кала электе, мындайча айтканда, бийик жерлерге качышыбыз керек. Кандайча? Ышая пайгамбар «акыркы күндөрдө» жарыялана турган жүрөк толкуткан бир чакырык жөнүндө жазган. Ал: «Келгиле, Жахабанын тоосуна... Ал бизге өзүнүн жолдорун үйрөтөт, биз анын жолдору менен жүрөбүз»,— деген чакырык (Ышая 2:2, 3).

Тоого чыккан киши баарын көрө алат жана коопсуз болот. Ошол сыңары, ушул тапта дүйнө жүзүндөгү миллиондогондордун жашоосу Ыйык Китепти окуп, Кудайга эмне жагар-жакпасын билгенинин аркасында жакшы жакка өзгөрүүдө (2 Тиметей 3:16, 17). Ушундайча, алар «Кудайдын жолуна» түшүп, анын ырайымына ээ болуп, канатынын астына калкаланууда.

Силер да Кудайдын чакырыгына жооп кайтарып, ушул өзгөчө оор күндөрдө аны баш маана кылууну каалайсыңарбы? Биз силерди ушул макаланын кутучасында жазылган акыркы күндөрдө жашап жатканыбыздын далилдерин кылдат талдап көрүүгө чакырабыз. Жахабанын Күбөлөрү силерге Ыйык Китепти түшүнүүгө жана анда жазылгандарды иш жүзүндө колдонууга жардам бере алышат. Андыктан аларга кайрылсаңар болот же суроолоруңарга жооп алыш үчүн www.pr418.com/ky деген расмий сайтыбызга киргиле. Жолу: ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР.

^ 3-абз. 2004-жылы болгон цунами жалпы жонунан 220 000ден ашуун кишинин өмүрүн алып кетип, тарыхтагы каргашалуу цунамилердин бири болуп калган.