Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Шайтан кимби же эмнеби?

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?

  • Рух

  • Адамдын ичиндеги жамандык

  • Ойдон чыгарылган бирөө

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Шайтан Иса Машаяк менен сүйлөшүп, аны азгырууга аракет кылган (Матай 4:1—4). Ал ойдон чыгарылган бирөө эмес, жөн эле жамандык да эмес. Ал — арам ойлуу каардуу рух.

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ДАГЫ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮГӨ БОЛОТ?

  • Шайтан башында жакшы периште болгон, бирок «чындыктан четтеп кеткен» (Жакан 8:44). Ал жалганчы болуп калган жана Кудайга каршы чыккан.

  • Шайтан тарапка башка периштелер да өтүп кеткен (Аян 12:9).

  • Шайтан адамдарды өзүнүн жок экенине ишендиргиси келет (2 Корунттуктар 4:4).

Шайтан бизди башкара алабы?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ? Кээ бирлер Шайтан жана жин-перилер адамга таасир эте аларына ишенбейт, башкалар болсо адамды бийлеп алат деп коркот. Силер кандай ойдосуңар?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Биз... бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экенин билебиз» (1 Жакан 5:19). Шайтандын жалпы адамзатка тийгизген таасири абдан күчтүү болсо да, бул ал ар бир адамды башкара алат дегенди билдирбейт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ДАГЫ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮГӨ БОЛОТ?

  • Шайтан таасирин күчөтүш үчүн калпты колдонот (2 Корунттуктар 11:14).

  • Жин-перилер айрым учурларда адамдарды бийлеп алышат (Матай 12:22).

  • Кудайдын жардамы менен «Ибилиске каршы турса» болот (Жакып 4:7).