Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштар, чөмүлүүгө даярсыңарбы?

Жаштар, чөмүлүүгө даярсыңарбы?

«Араңардан ким мунара кургусу келсе, аны куруп бүткөнгө каражаты жетер-жетпесин билиш үчүн, адегенде отуруп алып, канча чыгым кетерин эсептеп чыкпайт?» (ЛК. 14:28).

ЫРЛАР: 120, 64

Бул эки макала чөмүлүүнү ойлонуп жүргөн жаштарга арналат

1, 2. а) Бүгүнкү күндө Кудайдын элине эмне кубаныч тартуулайт? б) Ата-энелер жана аксакалдар жаштарга чөмүлүүнүн маанисин түшүнүүгө кантип жардам бере алышат?

«МЕН сени төрөлгөнүңөн тартып билем. Чөмүлгүң келип жатканыңа аябай сүйүнүп жатам. Бирок сага бир суроо берейин: Эмне үчүн чөмүлөйүн деп жатасың?» — деп бир аксакал 12 жаштагы Кристоферден сураган. Анын ошондой суроо бергени жөндүү болчу. Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча миңдеген жаштардын чөмүлүп жатканы бизди абдан кубандырат (Нас. 12:1). Бирок ошол эле учурда ата-энелер менен жыйналыштагы аксакалдар жаштардын андай чечимди чөмүлүүнүн маанисин түшүнүп, чын жүрөктөн чыгарганына ынангысы келет.

2 Ыйык Китептен арналуу жана чөмүлүү Кудайдын кызматчылары мол бата ала турган, ошону менен бирге Шайтандын соккусуна дуушар боло турган жаңы жашоонун башталышы экенин билебиз (Накыл 10:22; 1 Пет. 5:8). Ошондуктан ата-энелер балдарына чыныгы Кудайдын кызматчысы болуу деген эмнени билдирерин үйрөтүү үчүн убакыт бөлүшү зарыл. Ал эми ата-энеси Кудайга кызмат кылбаган жаштарга жыйналышындагы аксакалдар Машаяктын шакирти болгондордон эмнелер талап кылынарын түшүнүүгө мээримдүүлүк менен жардам беришет. (Оку: Лука 14:27—30.) Кайсы бир долбоорду аягына чыгаруу үчүн кылдат ойлонуштуруу маанилүү болгондой эле, Жахабага «акырына чейин» ишенимдүү кызмат кыла алышыбыз үчүн жакшы даярдык көрүшүбүз керек (Мт. 24:13). Бирок жаштар канткенде Жахабага түбөлүккө кызмат кылууга чечкиндүү боло алышат? Анда эмесе, ушул суроого жооп алалы.

3. а) Иса менен Петирдин айткандары чөмүлүүнүн маанилүү экенин кандайча көрсөтүп турат? (Мт. 28:19, 20; 1 Пет. 3:21). б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз жана эмне үчүн?

3 Сен чөмүлөйүн деп жаткан жаштардын бирисиңби? Эгер ошондой болсо, мактоого татыктуусуң! Чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болуу — зор сыймык. Мындан тышкары, чөмүлүү — Машаяктын жолдоочусу болгусу келгендер үчүн коюлган талап жана куткарылууга алып бара турган эң маанилүү кадам. (Оку: Матай 28:19, 20; 1 Петир 3:21.) Жахабага берген убадаңды аткарууну чын жүрөктөн каалагандыктан, чөмүлүүгө жакшы даярдык көргүң келери күмөнсүз. Ошондуктан ал кадамды жасоого даяр же даяр эмес экениңди текшерүү үчүн төмөндөгү үч суроонун үстүнөн ойлонуп көргөнүң оң: 1) Мен жетилген адаммынбы? 2) Чөмүлүүнү өзүм каалап жатамбы? 3) Жахабага арналуу деген эмне экенин түшүнөмбү? Кел анда, ушул суроолорго токтололу.

ЖЕТИЛГЕНДИК ДЕГЕН ЭМНЕ?

4, 5. а) Эмне себептен чөмүлүү чоңдор эле жасай алчу кадам эмес? б) Кудайдын кызматчылары үчүн жетилгендик деген эмнени билдирет?

4 Ыйык Китепте улуулар же эресеге жеткендер гана чөмүлүшү керектиги айтылбайт. Накыл сөздөр 20:11ден: «Атүгүл жаш баланын жүрүм-туруму анын иштеринин таза же таза эмес экенин, туура же туура эмес экенин көрсөтөт»,— дегенди окуйбуз. Бул сөздөргө ылайык, балдар да туура иш кылуу деген эмне экенин түшүнүп, Жаратканга өзүн арнай алат. Ошондуктан жетилген экенин көрсөткөн, өзүн Жахаба Кудайга арнаган жаштар үчүн чөмүлүү абдан маанилүү жана туура кадам болуп эсептелет (Накыл 20:7).

5 Жетилгендик деген эмнени билдирет? Жетилгендик өз ичине кадимки өсүп-жетилүүдөн да көп нерсени камтыйт. Ыйык Китепте «акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктыргандар» жетилген адам экени айтылат (Евр. 5:14). Андай адам Жахабанын көз алдында эмне туура экенин билет жана жүрөгүндө ошого бекем карманууну чечип алат. Ошонун аркасында ал жаман нерсеге бат ооп кетпейт жана жакшы иштерди кимдир бирөөнүн түрткүсү менен эмес, өз каалоосу менен аткарат. Андыктан чөмүлөйүн деп жаткан жаштардан ата-энеси же чоңдор жанында жок болгондо да Кудайдын мыйзам-принциптерине бекем карманат деп күтүү орундуу. (Салыштыр: Филипиликтер 2:12.)

6, 7. а) Даниел Бабылда жүргөндө кандай сыноолорго туш болгонун айтып бер. б) Даниел жетилген экенин кантип көрсөткөн?

6 Жаштар ушундай жетилген адамдардан боло алышабы? Ыйык Китептеги Даниел пайгамбардын үлгүсүн карап көрөлү. Аны, кыязы, өспүрүм кезинде ата-энесинен ажыратып, Бабылга туткундап кетишкен. Ал жакта Даниелге жакшы менен жаманга болгон көз карашы аныкынан кескин айырмаланган адамдардын арасында жашоого туура келген. Мындан тышкары, ал дагы башка сыноого кабылган. Бабылда адамдар ага өзгөчө мамиле кылышчу. Анткени ал падышага кызмат кылууга тандалган жаштардын арасында болчу (Дан. 1:3—5, 13). Бабылда жүргөндө, сыягы, Даниелде Ысрайыл жеринде эч качан ээ боло албай турган мүмкүнчүлүктөр болгон.

7 Ушулардын баарына жаш Даниел кандай караган? Ал Бабылда сунуш кылынган нерселерге азгырылды беле? Айланасындагылардын аны калыпташына же ишенимине доо кетиришине жол берди беле? Түк да. Ыйык Китепте Даниелдин Бабылда жүргөндө арамдалып калбаш үчүн жалган сыйынууга байланышы бар эч бир нерсеге аралашпоону «жүрөгүндө... чечип» алганы айтылат (Дан. 1:8). Ооба, Кудайдын жетилген кызматчысы катары Даниел бизге мыкты үлгү калтырган!

Жаш бир тууган өзүн Падышалык залында Кудайдын досундай, ал эми мектепте дүйнөнүн досундай алып жүрөт (8-абзацты кара)

8. Даниелдин үлгүсүнөн эмнеге үйрөнсөң болот?

8 Даниелден эмнеге үйрөнсөң болот? Анын үлгүсүнөн көрүнүп тургандай, жетилген жаштар ишенген нерсесине бекем карманышат. Алар чөйрөсүнө ылайыкташуу үчүн түсүн өзгөртө берген хамелеонго окшош болушпайт. Андай жаштар өздөрүн Падышалык залында Кудайдын досундай, ал эми мектепте дүйнөнүн досундай алып жүрүшпөйт. Алар башкалардын таасирине алдырбай, ишеними сыналганда да бекем бойдон калышат. (Оку: Эфестиктер 4:14, 15.)

9, 10. а) Сыноолорго туш болгондо кандай иш-аракет кылганың жөнүндө эмне үчүн ойлонуп көрүшүң керек? б) Чөмүлүү деген эмнени билдирет?

9 Жашпызбы, карыбызбы, жеткилеңсиздиктин айынан баарыбыз эле ката кетиребиз (Нас. 7:20). Ошентсе да чөмүлөйүн деп жатсаң, жүрөгүңдө Жахабанын мыйзамдарына бекем карманууга канчалык чечкиндүү экениңди текшерип көргөнүң акылдуулукка жатат. Муну кантип кылсаң болот? «Кудайдын нормаларына ылайык жашап келатамбы?» — деп ой жүгүртүп көр. Жакында кандай сыноолорго туш болгонуң жана ошондо кандай иш-аракет кылганың тууралуу ойлонуп көр. Ошондой жагдайларда жакшы менен жаманды ажырата алдыңбы? Балким, Даниел сыяктуу эле, сени да кимдир бирөө шык-жөндөмүңдү Шайтандын дүйнөсүндө ийгиликке жетүү үчүн колдонууга үндөп жаткандыр. Эгер ошондой болсо, кыйын болгонуна карабай, «Жахабанын эркин таанып-билериңди» көрсөтүп жатасыңбы? (Эф. 5:17).

10 Бул суроолор тууралуу ойлонуп көргөнүң эмне үчүн маанилүү? Анткени алар чөмүлүүгө олуттуу караганга жардам берет. Чөмүлүү деген Жахабага аны бүт жүрөгүң менен сүйүп, түбөлүккө жан-дилден кызмат кылууга убада бергениңди эл алдында көрсөтүүнү билдирет (Мр. 12:30). Ырас, чөмүлгөндөрдүн ар бири Жахабага берген убадасына ылайык жашоого чечкиндүү болушу кажет. (Оку: Насаатчы 5:4, 5.)

ӨЗҮҢДҮН КААЛООҢБУ?

11, 12. а) Чөмүлгүсү келип жаткандар эмнеге ынанышы керек? б) Чөмүлүүгө карата Жахабаныкындай көз карашта болууга эмне жардам берет?

11 Ыйык Китептен Жахабанын кызматчыларынын, алардын ичинде жаштардын анын эркин аткарууга «даяр турарын» окуйбуз (Заб. 110:3). Ошо себептен чөмүлгүсү келип жаткандар бул өзүнүн жеке каалоосу экенине толугу менен ынанышы зарыл. Ан үчүн өзүңдү кылдат текшерип көрүшүң керектир. Өзгөчө, Жахабага кызмат кылган үй-бүлөдө чоңойгон болсоң, бул абдан маанилүү.

12 Буга чейин көптөрдүн, анын ичинде өзүң теңдүүлөрдүн, атүгүл бир туугандарыңдын чөмүлгөнүн көргөндүрсүң. Ошондуктан кайсы бир жашка келгендиктен же башкалар чөмүлүп жаткандыктан эле чөмүлүшүм керек деп ойлоодон сак бол. Чөмүлүүгө карата Жахабаныкындай көз карашта экениңе кантип ынана аласың? Ан үчүн эмне себептен чөмүлүү аябай маанилүү экени тууралуу ой жүгүртүүгө тез-тезден убакыт бөлүп тур. Ушул жана кийинки макаладан анын айрым себептерин биле аласың.

13. Чөмүлөм деген чечимиң жүрөгүңдөн чыккан-чыкпаганын кантип текшере аласың?

13 Чөмүлөм деген чечимиң жүрөгүңдөн чыккан-чыкпаганын аныктоонун ар кандай жолдору бар. Маселен, Кудайга чындап кызмат кылгың келип жатканы тиленүүлөрүңөн байкалат. Канчалык тез-тез жана так-айкын тиленгениңден Жахаба менен болгон мамилеңдин ошончолук бекем экени көрүнөт (Заб. 25:4). Ал биздин тиленүүлөрүбүзгө, негизинен, өзүнүн Сөзү аркылуу жооп берет. Андыктан Жахабага чындап эле жакындагың келери жана ага бүт жүрөгүң менен кызмат кылууну каалаарың Ыйык Китепти изилдөөгө жумшаган күч-аракетиңден да айкын болот (Жаш. 1:8). «Тиленгенде Жахабага жүрөгүмдөгүнү ачык-айкын айтамбы? Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдеймби? Үй-бүлө менен сыйынуу кечине бүт ынтам менен катышамбы?» — деп ой жүгүртүп көр. Бул суроолорго берген жообуңдан чөмүлүүнү чындап каалап жаткан-жатпаганыңды биле аласың.

АРНАЛУУ ДЕГЕН ЭМНЕ?

14. Арналуу менен чөмүлүүнүн айырмачылыгын айтып бер.

14 Айрымдар арналуу менен чөмүлүүнүн айырмачылыгын так түшүнө бербеши мүмкүн. Алсак, кээ бир жаштар Жахабага арналгандыгын, бирок чөмүлүүгө даяр эместигин айтышат. Ушул туурабы? Арналуу Жахабага түбөлүккө кызмат кылууга берген убаданы билдирет. Ал эми чөмүлүү менен адам башкаларга Жахабага тиленүү аркылуу арналганын көрсөтөт. Ошондуктан чөмүлгөнгө чейин эле арналуу деген эмне экенин түшүнгөнүңө көзүң жеткидей болуш керек.

15. Арналуу деген эмне?

15 Жөнөкөй сөз менен айтканда, Жахабага арналганда өзүңдү ага тапшырасың. Жашооңдо анын эркин бардык нерседен жогору коё турганыңды убада кыласың. (Оку: Матай 16:24.) Негизи, бардык эле убадаларыбызга олуттуу карашыбыз керек, бирок Жахаба Кудайга берген убадабыз баарынан олуттуу (Мт. 5:33). Анда канткенде өзүңдөн чындап эле баш тартып, Жахабага таандык экениңди көрсөтө аласың? (Рим. 14:8).

16, 17. а) Өзүнөн баш тартуу деген эмне экенин мисал менен түшүндүрүп бер. б) Арналганда Жахабага эмне деп айткан болобуз?

16 Бир мисалды карап көрөлү. Досуң сага машине белек кылды дейли. Ал документти колуңа карматып: «Бул машине сеники»,— деп айтат. Анан: «Бирок ачкыч менде болот. Анткени аны мен айдайм»,— деп кошумчалайт. Ошондо кандай сезимде болмоксуң? Ал белек менен аны берген досуң жөнүндө кандай ойдо болот элең?

17 Жахаба өзүн ага арнап: «Мен өмүрүмдү сага тапшырам. Мен сага таандыкмын»,— деп убада берген адамдан эмнени күтөрүн ойлонуп көрсөң. Эгер ал ишенимдеш эмес бирөө менен жашыруун сүйлөшүп, эки түрдүү жашоо өткөрө баштаса кандай болот? Же кабар айтуу ишине, жыйналыш жолугушууларына үзбөй катышууга тоскоолдук кылган жумушка орношсочу? Анын ошондой кылганы машиненин ачкычын бербей койгонго окшошуп калбайбы? Жахабага өзүн арнаган адам, мындайча айтканда, ага: «Менин өмүрүм өзүмө эмес, сага таандык. Эгер мен каалаган нерсе сенин эркиңе туура келбей калса, дайыма сеникин биринчи орунга коём»,— деп айткан болот. Ошентүү менен ал: «Мен асмандан өз эркимди эмес, мени жибергендин эркин аткарыш үчүн келгем»,— деп айткан Иса Машаяктын маанайын чагылдырат (Жкн. 6:38).

18, 19. а) Роза менен Кристофердин айткандарынан чөмүлүү мол бата алып келери кандайча көрүнүп турат? б) Чөмүлүү сыймыгына кандай карайсың?

18 Чөмүлүү олуттуу кадам болгондуктан, ага жеңил ойлуулук менен карабашың керек. Ошол эле учурда анын зор сыймык экенин унутпа. Жахабаны сүйгөн жана арналуунун маанисин түшүнгөн жаштар чөмүлүүнү эч качан создуктурушпайт. Мындан тышкары, чыгарган чечимдерине кымындай да өкүнүшпөйт. Өспүрүм курактагы Роза: «Мен Жахабаны аябай жакшы көрөм. Эч бир иштен ага кызмат кылгандагыдай кубаныч алмак эмесмин. Чөмүлгөнүм жашоомдогу эң туура чечим болгонуна эч шектенбейм»,— дейт.

19 Макаланын башында кеп кылынган Кристофер тууралуу эмне айтууга болот? Анын 12 жашында чыгарган чечими туура болгонбу? Кристофер жаш кезинде чыгарган ошол чечимине эч өкүнбөйт. Ал 17 жашында үзгүлтүксүз пионердик кызматты баштап, кийинки эле жылы кызмат жардамчысы болуп дайындалган, ал эми учурда Бейтелде кызмат кылып жатат. Кристофер: «Чөмүлгөнүм эң туура чечим болгон. Жахабага жана анын уюмуна кызмат кылуудан зор канааттануу алып жатам»,— дейт. Эгер чөмүлөйүн деп жатсаң, ага кантип даярдансаң болот? Бул суроонун жообун кийинки макаладан таба аласың.