Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Кудайдын эли Улуу Бабылдын кулчулугуна качан түшкөн?

Каймана маанидеги ал кулчулук б.з. 2-кылымынан 1919-жылга чейин созулган. Буга байланыштуу түшүнүгүбүздү өзгөртүү эмне үчүн зарыл болду?

Далилдерден көрүнүп тургандай, ал кулчулук 1919-жылы аяктап, Иса Машаяктын майланган жолдоочулары тазаланган жыйналышка чогултула баштаган. 1914-жылы асманда Падышалык орногондон кийин, Кудайдын эли бир нече жыл сыналып, тазаланган * (Мал. 3:1—4). Анан 1919-жылы Машаяк Кудайдын тазаланган элине «өз убагында тамак берип турууга» «ишенимдүү жана акылдуу кулду» дайындаган (Мт. 24:45—47). Ошол жылы Кудайдын эли өздөрүнүн рухий ээлигине кайтып келе баштаган. Ошондой эле алар каймана мааниде Улуу Бабылдын кулчулугунан бошонушкан (Аян 18:4). Бирок ал кулчулук качан башталды эле?

Мурун биздин адабияттарда Кудайдын эли 1918-жылы Улуу Бабылдын кулчулугуна түшүп, кыска убакытка анын бийлиги астында болгон деп түшүндүрүлчү. Алсак, 1992-жылдын 15-мартындагы «Күзөт мунарасында»: «Кудайдын байыркы эли убактылуу Бабыл туткунунда жүргөндөй эле, 1918-жылы Жахабанын кызматчылары кандайдыр бир деңгээлде Улуу Бабылдын туткунуна түшкөн»,— деп жазылган. Бирок көбүрөөк изилдөө жүргүзүүнүн аркасында ал кулчулук 1918-жылга чейин көптөгөн жылдар мурун эле башталганы аныкталды.

Мисалга ошол кулчулук жана Кудайдын элинин андан бошонушу тууралуу айтылган пайгамбарлыктардын бирин алалы. Ал Жезекиел 37:1—14-аяттарда жазылган. Жезекиел пайгамбар аян аркылуу сөөктөргө толгон өрөөндү көргөн. Жахаба ага: «Бул сөөктөр — бүт Ысрайыл үйү»,— деп түшүндүргөн. Ал пайгамбарлыктын чоң масштабда аткарылышы «Кудайдын Ысрайылына» — майлангандарга — тиешелүү (Гал. 6:16; Элч. 3:21). Аянда сөөктөр жанданып, чоң аскерге айланган. Бул Кудайдын элинин 1919-жылы Улуу Бабылдын кулчулугунан бошонуп, рухий жактан тирилгенин эң сонун сүрөттөп турат. Бирок ал аяндан кулчулуктун канча убакытка созулганы жөнүндө эмнелерди билүүгө болот?

Биринчиден, аянда сөөктөрдүн «кагырап кургап калганы» айтылат (Жез. 37:2, 11). Демек, алар абдан көп жыл мурун өлгөн кишилердин сөөгү болчу. Экинчиден, алар заматта эмес, бара-бара жанданган. Адегенде дабыш чыгып, шагыраган үн угулган жана сөөктөр бири-бирине жакындап, бириге баштаган. Анан «алардын үстүнө тарамыш тартылып, эт өсүп чыккан». Андан соң үстү тери менен капталган. Анан «алардын ичине дем кирип, жандана башташкан». Акыр-аягы, Жахаба тирилген ал кишилерди өздөрүнүн жерине отурукташтырган. Мунун баары убакытты талап кылган (Жез. 37:7—10, 14).

Байыркы ысрайыл эли түшкөн кулчулук узак убакытка созулган. Ал б.з.ч. 740-жылы он уруудан турган Ысрайыл түндүк падышалыгы кулап, тургундарынын көбү туткундалып кеткенде башталган. Кийинчерээк б.з.ч. 607-жылы Иерусалим талкаланып, Жүйүт түштүк падышалыгынын эли да туткунга айдалган. Ал эми б.з.ч. 537-жылы жүйүттөрдүн калдыгы Иерусалимдеги ибадаткананы кайра куруп, таза сыйынууну калыбына келтирүү үчүн мекенине кайтып келген. Ошол жылы кулчулук аяктаган.

Ыйык Китептеги ушул билдирүүлөрдүн негизинде Кудайдын эли Улуу Бабылдын кулчулугунда 1918—1919-жылдары эмес, андан алда канча көп убакыт болгон деп айтууга болот. Ал убакыт каймана маанидеги отоо чөп буудайга салыштырылган «Падышалыктын уулдары» менен чогуу өскөн убакка дал келет (Мт. 13:36—43). Ошол убакта чындыктан четтөөчүлүк күч алып отуруп, Машаяктын чыныгы жолдоочулары дээрлик «басылып» калган. Мындайча айтканда, алардын жыйналышы Улуу Бабылдын кулчулугунда болгон. Ал кулчулук б.з. 2-кылымында башталып, акыркы күндөрдө рухий ибадаткана тазаланганга чейин созулган (Элч. 20:29, 30; 2 Тес. 2:3, 6; 1 Жкн. 2:18, 19).

Кылымдарды кучагына алган рухий кулчулуктун убагында чылбырды колдон чыгаргысы келбеген диний жетекчилер менен алардын саясий шериктери Кудайдын Сөзүнүн элге жетишине бут тосушкан. Кээде Ыйык Китепти карапайым эл сүйлөгөн тилде окуунун өзү эле кылмышка тете болгон. Аны окуганы үчүн айрымдарды атүгүл устунга кадап, өрттөп салышкан. Диний жетекчилердин окуусуна каршы сүйлөгөндөрдүн баары катуу жазаланчу. Ошентип, чындыктын жарыгын жаркыратууга жасалган аракеттердин дээрлик бардыгы оңунан чыкпай келген.

Кудайдын элинин жанданышы жөнүндө эмне айтууга болот? Алар рухий жактан бара-бара жанданган. Жезекиел аянда «шагыраган үн угулганын» айткан. Ал үн акыркы күндөргө бир нече кылым калганда угула баштаган. Ошол убакта көпчүлүк жалган диндин таасири астында болсо да, айрым ишенимдүү кишилер таза сыйынуу үчүн колунан келишинче күрөшкөн. Алардын кээ бирлери Ыйык Китепти карапайым эл түшүнгөн тилде чыгарууга бүт күчүн жумшаса, башкалары аны изилдөөнүн аркасында билген чындыктарды элге жарыялашкан.

Ал эми 1870-жылдары Чарлз Тейз Рассел менен анын шериктери Ыйык Китептеги чындыктарды калыбына келтирүү үчүн жигердүү эмгектенишкен. Бул сөөктү эт жана тери менен каптаганга окшош болгон. «Сион күзөт мунарасы» жана башка адабияттар жүрөгү таза кишилерге чындыкты түшүнүүгө көмөк кылган. Ошондой эле 1914-жылы жарык көргөн «Жаратуу фотодрамасы» менен 1917-жылы чыккан «Толук ачылган сыр» деген китеп да Кудайдын элинин ишенимин бекемдеген. Акыры, 1919-жылы алар рухий жактан тирилип, өздөрүнүн жаңы рухий өлкөсүнө отурукташкан. Майлангандардын ал калдыгына кийинчерээк жер бетинде түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөр кошулуп, бара-бара «сан жеткис аскерге» айланган (Жез. 37:10; Зак. 8:20—23) *.

Демек, жогоруда келтирилген далилдерден айкын болгондой, Кудайдын эли Улуу Бабылдын кулчулугуна б.з. 2-кылымында түшкөн. Ошол убакта чындыктан четтөөчүлүк күч алып, рухий жактан караңгы мезгил башталган. Бул байыркы ысрайыл эли туткунда жүргөн кезге окшош болгон. Бактыга жараша, Кудайдын эли жүздөгөн жылдарга созулган ал кулчулуктан бошонгон. Биз азыр «түшүнүккө ээ болгондор... жаркырап», «көптөр тазаланып», «агартылган» мезгилде жашап жатканыбызга кандай гана кубанычтабыз! (Дан. 12:3, 10).

Шайтан Исаны азгырганда аны түзмө-түз ибадатканага алып барды беле?

Кыскача айтканда, Иса Машаяк ибадаткананын үстүнө түзмө-түз чыкканбы же аян аркылуубу, так билбейбиз. Мурун бул биздин адабияттарда тигиндей да, мындай да түшүндүрүлүп келген.

Адегенде Ыйык Китепте бул туурасында эмне делерин карап көрөлү. Элчи Матай ыйык рухтун жетеги менен: «Анан Ибилис аны [Исаны] ыйык шаарга алып барып, ибадаткананы курчап турган дубалдын үстүнө чыгарды»,— деп жазган (Мт. 4:5). Лука да өзү жазган Инжилде: «Анан Ибилис аны Иерусалимге алып барып, ибадаткананы курчап турган дубалдын үстүнө чыгарды»,— деп баяндаган (Лк. 4:9).

Мурун биздин адабияттарда Шайтан Исаны сөздүн түз маанисинде ибадатканага алып барган эмес болуш керек деп айтылчу. Мисалы, 1961-жылдын 1-мартындагы «Күзөт мунарасында» мындай делген: «Чөлдө Исанын сыналганы жөнүндөгү билдирүүдө айтылган кадимки имараттын болгону мүмкүн эместей көрүнөт. „Дүйнөдөгү бардык падышалыктар“ жана „алардын даңкы“ көрүнө тургандай бийик тоонун жок экени да шексиз. Андыктан Шайтан Исаны түзмө-түз „ыйык шаарга алып барып“, ибадаткананын үстүнө чыгарган эмес деген тыянакка келүү жүйөлүү. Сыноо таасирлүү болуш үчүн андай кылуунун зарылдыгы деле жок болчу». Бирок журналдын андан кийинки сандарында Иса ибадатканадан секирсе, өзүн өзү өлүмгө кыйышы мүмкүн болмоктугу айтылган.

Иса Леби уруусунан болбогондуктан, айрымдар анын ибадаткананын ыйык жайынын үстүнө чыгууга укугу жок болчу дешет. Ошондуктан анын ибадаткананын үстүнө чыкканы көрүнүш болгон деп эсептешет. Андан бир нече кылым мурун Жезекиел пайгамбар да аян аркылуу ибадатканага алынып барылган болчу (Жез. 8:3, 7—10; 11:1, 24; 37:1, 2).

Бирок Исанын сыналышы тек гана көрүнүш болсо, анда төмөндөгүдөй суроолор туулат:

  • Анын сыналганы чынында эле болгон окуябы?

  • Эгерде Шайтан Исага кадимки таштарды нанга айландырууну жана өзүнө сөздүн түз маанисинде сыйынууну сунуш кылса, анда аны ибадатканадан чындап эле секирүүгө азгырган эмес беле?

Ал эми Иса ибадаткананын дубалынын үстүндө чындап эле турган болсо, анда айрымдарда мындай суроолор пайда болот:

  • Ибадаткананын үстүндө туруу менен ал Кудайдын мыйзамын бузганбы?

  • Чөлдө жүрүп, ал кантип Иерусалимде болуп калган?

Кошумча изилдөө жүргүзүү бизге бул эки суроого жооп алууга жардам бериши мүмкүн.

Биринчиден, профессор Карсон белгилегендей, Матай менен Лука жазган Инжилдерде «ибадаткана» деп берилген грек сөзү лебилер гана кириши керек болгон «ыйык жайдын өзүн эмес, ибадаткана жайгашкан бүт аймакты билдириши ыктымал». Андыктан Иса Машаяк ыйык жайдын үстүндө эмес, башка жеринде, мисалы, ибадаткананын түштүк-чыгыш жагындагы үстү жалпак келген бурчта турушу мүмкүн эле. Кидрон өзөнүнөн өйдө карай эсептегенде, ал жердин бийиктиги 40-50 кабат имараттыкындай болгон. Ал ибадаткананын аймагындагы эң бийик жер болчу жана байыркы тарыхчы Иосиф Флавийдин айтымында, ылдый караган кишинин башы айланчу. Леби уруусунан болбогон Исанын ал жерде турганына эч ким деле нааразы болмок эмес.

Бирок Иса чөлдө жүрсө, кантип ибадатканада болуп калган? Буга так жооп жок. Ал окуялар кыскача эле баяндалгандыктан, алардын канча убакытка созулганын жана Исанын чөлдүн кайсы жеринде болгонун так билбейбиз. Иерусалимге жетиш үчүн бир канча убакыт талап кылынса да, Иса ал жерге жөө барышы да мүмкүн болчу. Ыйык Китепте үч сыноонун тең чөлдө болгону так айтылбайт. Анда тек гана Ибилистин Исаны «Иерусалимге алып барганы» жазылган.

Ал эми Исага «дүйнөдөгү бардык падышалыктардын» көрсөтүлгөнү тууралуу эмне айтууга болот? Ал аларды сөздүн түз маанисинде көргөн эмес деп айта алабыз, анткени падышалыктардын баары көрүнө тургандай бийик тоо жок. Телевизордон дүйнөнүн ар кайсы жерлерин көрүүгө мүмкүн болгондой эле, Шайтан да Исага бардык падышалыктарды кандайдыр бир көрүнүш аркылуу көрсөтсө керек. Бирок ал Исанын ага чындап эле сыйынышын көксөгөн (Мт. 4:8, 9). Ошондой эле ибадатканадан да сөздүн түз маанисинде секирип, өмүрүн тобокелге салышын каалаган көрүнөт. Бирок Иса Шайтандын азгырыгын четке каккан. Эгер ал азгырык жөн эле көрүнүш болсо, анчалык деле олуттуу болмок эмес.

Жыйынтыктай турган болсок, башында айтылгандай, жогорудагы суроого тигиндей же мындай деп ишенимдүү түрдө жооп берүү кыйын. Иса Иерусалимге жөө барган эмес жана ибадатканага сөздүн түз маанисинде чыккан эмес деп да айта албайбыз. Бирок биз бир нерсени айкын билебиз: Шайтан Исаны, чынында эле, азгырган жана Иса үч жолу тең ага чечкиндүү жооп берген.

^ 1-абз. Жезекиел 37:1—14-аяттарда да, Аян 11:7—12-аяттарда да 1919-жылы болгон окуя алдын ала айтылган. Бирок Жезекиелдин пайгамбарлыгы Кудайдын бүтүндөй элинин кылымдарга созулган каймана маанидеги кулчулуктан бошонушуна тиешелүү болгон. Ал эми Аян китебинде жетекчиликти колго алган майлангандардын чакан тобунун салыштырмалуу кыска убакытка жигердүү эмес болгондон кийин кайра жанданганы жөнүндө жазылган.