Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Иса пайгамбардын пес оорулууга кылган мамилеси эмне үчүн өзгөчө болгон?

Байыркы Ысрайылда пес оорусу эң коркунучтуу илдет деп эсептелген. Ал адамдын нерв учтарын өлтүрүп, сөөгүн, бет түзүлүшүн бузуп салчу. Ошол кезде ал дарттын дабасы жок болчу. Андай адамды өзүнчө бөлүп коюудан башка арга жок эле. Ал пес оорулуу экенин эскертип турууга милдеттүү болгон (Лебилер 13:45, 46).

Кийин жүйүт диний жетекчилери буга байланыштуу Ыйык Китептеги көрсөтмөлөрдөн алда канча оор жана адамдын азабын арттырган эрежелерди чыгарышкан. Мисалы, раббиндер түзгөн эрежелерге ылайык, пес оорулууга 4 чыканактан (2 метрдей) жакын барууга тыюу салынган. Ал эми шамал болгондо 100 чыканак (45 метрдей) алыс болуу талап кылынган. Оозеки мыйзамдарды изилдегендердин айрымдары: «Пес оорулуулар „конуштун сыртында жашашы керек“ деген „аларды дубал менен курчалган шаарлардан чыгарып салуу керек“ дегенди билдирет»,— деп чечмелешкен. Ошо себептен раббиндер шаардан пес оорулууну көргөндө: «Башкаларга жугузбай, барчу жагыңа жогол!»— деп кыйкырып, таш менен согуп кубалашчу.

Ал эми Иса пайгамбардын мамилеси алардыкынан кескин айырмаланган. Ал бир пес оорулууга колун тийгизип, ал тургай аны айыктырган! (Матай 8:3)

Жүйүт диний жетекчилери эмненин негизинде ажырашууга жол берген?

Талак кат. 71, 72-ж.

Ажырашуу маселеси б.з. 1-кылымында көп талаш туудурган. Ошо себептен фарисейлер Иса пайгамбарды сынаш үчүн андан: «Эркек кишинин аялы менен ар кандай себеп боюнча ажырашканы мыйзамга ылайык келеби?»— деп сурашкан (Матай 19:3).

Кудайдын Муса пайгамбарга жаздырган Мыйзамы боюнча, эркек аялынын «кандайдыр бир жосунсуз жоругун көрүп» калса, аны менен ажырашууга жол берилген (Мыйзам 24:1). Иса пайгамбардын күндөрүндө ошол мыйзамдын маанисинин чечмеленишине карата кайчы пикирде болгон раббиндердин эки тобу болгон. Көбүрөөк динчил келген «Шамай» тобу ойноштук кылынганда гана ажырашууга болот деген көз карашта болчу. Ал эми эркинирээк көз карашка карманган «Гилел» тобу эркек аялы менен келише албаса, ажырашууга укугу бар деп эсептечү. Алар эгер аялы тамакты жаман жасап койсо же башка бирөө жагып калса, эркек аялын кетирип жиберсе болот деген ойдо болчу.

Иса пайгамбар фарисейдин жогорудагы суроосуна эмне деп жооп берген? Ал ачык эле: «Аялы менен бузуктуктан башка себеп менен ажырашып, башкага үйлөнгөн киши ойноштук кылган болот»,— деп айткан (Матай 19:6, 9).