Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишенген нерселериңер Ыйык Китепке шайкеш келеби?

Ишенген нерселериңер Ыйык Китепке шайкеш келеби?

СИЛЕР өзүңөрдү Исанын жолдоочусумун деп эсептейсиңерби? Исанын жолдоочусу деп аталгандардын саны дүйнө жүзү боюнча эки миллиарддан ашат. Бүгүнкү күндө христиан дининин миңдеген агымдары бар. Алардын окуулары жана көз караштары бири-бириникинен кескин айырмаланат. Балким, силер ишенген окуулар да башка агымдардыкынан айырмаланаттыр. Анда эмнеге ишенип жатканыңарды текшергениңер маанилүүбү? Эгер силер да Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык сыйынгыңар келсе, бул абдан маанилүү.

Исанын алгачкы шакирттери «Машаяктын жолдоочулары» деп белгилүү болушкан (Элчилер 11:26). Ал убакта алар гана Исанын жолун жолдошкондуктан, аларды башкалардан айырмалаш үчүн башкача атоонун зарылдыгы жок болчу. Алар Иса Машаяк кандай окутуп-үйрөтсө, ошого ылайык жашашкан. Силер барган чиркөө тууралуу эмне айтууга болот? Ал жакта Исанын айткандарына жана анын алгачкы жолдоочулары ишенген нерселерге окутабы? Аны кантип биле аласыңар? Аны Ыйык Китептин негизинде текшерсеңер болот.

Маселен, Иса Машаяк Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Китепти бедел туткан. Ал Ыйык Китептин баркын түшүрүп, анда жазылгандарга эмес, адамдык салттарга көбүрөөк маани бергендерди айыптаган (Марк 7:9—13). Мындан Исанын чыныгы жолдоочулары ишенимин Ыйык Китепке негиздеши керек деп жыйынтык чыгарса болот. Андыктан Исанын жолдоочусумун дегендердин ар биринин: «Чиркөөмдө окуткандар Ыйык Китепке шайкеш келеби?» — деп ойлонгону абзел. Бул суроого жооп алыш үчүн чиркөөңөрдө айтылгандар менен Ыйык Китепти салыштырып көргүлө.

Иса Кудайга чындыкка ылайык сыйынышыбыз керектигин жана чындык Ыйык Китепке негизделерин айткан (Жакан 4:24; 17:17). Элчи Пабыл да куткарылышыбыз «чындыкты так таанып-билгенибизге» байланыштуу экенин жазган (1 Тиметей 2:4). Демек, ишенимибиз толугу менен Ыйык Китепке негизделиши керек. Анткени мындан өмүрүбүз көз каранды.

КАНТИП САЛЫШТЫРСА БОЛОТ?

Биз силерди кутучадагы алты суроону, алардын жообун жана көрсөтүлгөн аяттарды окуп көрүүгө чакырабыз. Аяттарды Ыйык Китебиңерден окуп, ой жүгүртүп көргүлө. Анан: «Чиркөөмдөгү окуулар бул жоопторго дал келеби?» — деп ойлонуп көргүлө.

Бул суроолор абдан маанилүү нерсени аныктоого жардам берет. Эгер чиркөөңөрдөгү башка окууларды да Ыйык Китеп менен салыштырып көргүңөр келсе, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот. Алар Ыйык Китепти акысыз изилдөөгө жардам бере алышат. Же jw.org/ky сайтына кирип көргүлө.