Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | БИЗДИ КИМ ЧЫНДАП ЖУБАТА АЛАТ?

Жубатууга баарыбыз муктажбыз

Жубатууга баарыбыз муктажбыз

Бала чагыңарда кулап түшүп, колуңарды же тизеңерди сыйрып алган учуруңар эсиңердеби? Ошондо апаңардын кантип сооротконун эстеп көрсөңөр. Балким, ал сыйрылган жериңерди жууп-тазалап, таңып бергендир. Ооруганынан аябай ыйлап жатсаңар да, апаңар кучактап, айланып-кагылып жылуу-жумшак соороткондуктан, заматта эле басылып калгандырсыңар. Ооба, ал кезде ошентип бат эле сооронуп калчусуңар.

Бирок чоңойгон сайын жашоо да татаалданып, кыйынчылыгыңар да «чоңоё» берет. Алар бала кездегидей оңой-олтоң эле чечилип калбайт. Эмесе, ошондой кыйынчылыктардын айрымдарына токтололу.

  • Жумушуңардан чыгып калып кыйналган учуруңар болду беле? Маселен, Хулиан жумушунан айрылып калганда эмне кылышты билбей бушайман болгонун айтат. Ал: «Эми үй-бүлөмдү кантип багам? Ушунча жыл кара жанымды карч уруп иштегенден кийин чыгарып салганы кандай?!» — деп жаман болгон.

  • Балким, жубайыңар менен ажырашып кетип кыйналып жаткандырсыңар. «18 ай мурун жолдошум таштап кеткенде, кайгыга көмүлүп калганымдай сезилген. Жүрөгүм экиге бөлүнгөндөй эле болгон. Жан дүйнөм да сыздап, дене боюм да кадимкидей ооруган. Ошондо эртеңкини ойлоп, аябай коркком»,— дейт Ракел.

  • Же болбосо ден соолуктун азабын тартып жаткандырсыңар. Ошонун айынан өзүңөрдү: «Жашоону жек көрөм; түбөлүк жашабайт болчумун»,— деп айткан Аюп пайгамбардай сезген учурларыңар болгондур (Аюп 7:16). Жашы 80ден өтүп калган Люис мындай дейт: «Кээде мага өлөрүмдү эле күтүп жашап жатканымдай сезилет».

  • Же жакыныңардан айрылып, күйүт тартып жүргөндүрсүңөр. «Уулум учак кырсыгынан каза болгондо, башында такыр ишене албай жүрдүм. Кийин чын эле уулумдан айрылганымды түшүнгөндө, Ыйык Китепте айтылгандай, жүрөгүмө канжар сайылгандай эле болду»,— дейт Роберт (Лука 2:35).

Роберт, Люис, Ракел жана Хулиандар ушундай оор учурларда да жубана алышкан. Аларды Кудурети күчтүү Кудайдын өзү жубаткан. Кантип? Ал силерди да жубата алабы?