Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | БИЗДИ КИМ ЧЫНДАП ЖУБАТА АЛАТ?

Кудай кантип жубатат?

Кудай кантип жубатат?

Элчи Пабыл Жахабанын *, кандай кыйынчылык болбосун, «ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай» экенин айткан (2 Корунттуктар 1:3, 4). Ыйык Китеп асмандагы Атабыз жардам бере албай турган киши жок экенине жана ал жубата албай турган жагдай болбой турганына ынандырат.

Бирок ал бизди жубатышы үчүн биз тараптан да иш-аракет талап кылынат. Мисалы, доктурга барбасак, доктур бизге кантип жардам бермек эле? Ошондуктан Ыйык Китепте: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп айтылган (Жакып 4:8).

Кудай биз менен жакын мамиледе болгусу келерин кайдан билүүгө болот? Биринчиден, Ыйык Китепте анын бизге жардам берүүнү каалаары көп жолу айтылган. ( 5-беттеги кутучаны карагыла.) Экинчиден, буга Кудай жубаткан байыркы учурдагы да, азыркы учурдагы да көптөгөн адамдар далил боло алат.

Кудайдан жардам сураган азыркы таптагы көп адамдар сыяктуу эле, Дөөтү пайгамбар да кайгы-капа деген эмне экенин эң жакшы билген. Бир жолу ал Жахабага: «Сени жардамга чакырып жалбарганымда,.. зарлаган үнүмдү ук»,— деп жалынган. Кудай анын үнүн укту беле? Ооба, уккан. Анткени Дөөтү пайгамбар: «Андан жардам алгандыктан, жүрөгүм шаттанат»,— деп жазган (Забур 28:2, 7).

КАЙГЫРГАНДАРДЫ ЖУБАТУУДА ИСА МАШАЯКТЫН РОЛУ

Адамдарды жубатуу үчүн Кудай Иса пайгамбарга чоң милдет артууну туура көргөн. Кудай тапшырган көптөгөн иштерди аткаруу менен бирге ал «жүрөгү жаралангандарды айыктырышы», ошондой эле «кайгыргандардын баарын сооротушу» керек болчу (Ышая 61:1, 2). Алдын ала айтылгандай, Иса пайгамбар түйшүк тартып кыйналгандарга өзгөчө көңүл бурган (Матай 11:28—30).

Ал аларды акыл-насаат айтып, жылуу-жумшак мамиле кылып, ал тургай айрым учурларда оорусунан айыктырып жубаткан. Бир жолу бир пес оорулуу киши: «Эгер кааласаң, мени айыктыра аласың»,— деп жалбарганда, ага боор ооруп: «Каалайм. Айык»,— деп аны айыктырган (Марк 1:40, 41).

Бүгүнкү күндө Иса Машаяк жерде эмес. Анткен менен анын Атасы Жахаба — «ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай» — муктаж болгондордун баарын жубатып келет (2 Корунттуктар 1:3). Кудай адамдарды кандай төрт жол менен жубатарын карап көрөлү.

  • Ыйык Китеп. «Туруктуулугубуз аркылуу, Ыйык Жазмадан алган сооронуч аркылуу үмүткө ээ болушубуз үчүн, мурун жазылгандын баары бизге насаат катары жазылган» (Римдиктер 15:4).

  • Кудайдын ыйык руху. Иса пайгамбар өлгөндөн кийин анын жолдоочулары жубатууга абдан муктаж болушкан. Ыйык Китепте Кудайдын ошондо ыйык рухун колдонуп аларды жубатканы жазылган (Элчилер 9:31). Ыйык рух, тактап айтканда, Кудайдын иш-аракет кылуучу күчү абдан кубаттуу. Кудай ал күчтү кимди болбосун, кандай жагдайда болбосун, жубатуу үчүн колдоно алат.

  • Тиленүү. Ыйык Китепте «эч нерсени ойлоп тынчсызданбашыбыз» керектиги айтылат. Ошондой эле анда: «Бардык өтүнүчүңөрдү... Кудайга... билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды... сактайт»,— делет (Филипиликтер 4:6, 7).

  • Кудайдын эли. Кудайдын эли бири-бирин ар дайым жубатып, бири-бирине жөлөк-таяк боло алышат. Элчи Пабыл ага колдоо көрсөткөн шериктеринин «абдан муктаж болуп, кыйынчылык тартып жаткан» учурда «жөлөк болушканын» жазган (Колосалыктар 4:11; 1 Тесалоникалыктар 3:7).

Балким, силер ушулардын баары жашоодо адамга кантип жардам бериши мүмкүн дейттирсиңер. Эмесе, башында айтылган кыйынчылыктарга туш болгон кишилердин мисалына кененирээк токтололу. Ошондо, аларга окшоп, силер да Кудайдын: «Энеси уулун соороткондой, мен силерди сооротом»,— деген жүрөк жылыткан сөзү чын экенине ынанасыңар (Ышая 66:13).

^ 3-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.