Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | БИЗДИ КИМ ЧЫНДАП ЖУБАТА АЛАТ?

Кыйын кезеңдеги жубатуу

Кыйын кезеңдеги жубатуу

Кыйынчылыктар ар кандай болот. Албетте, бул макалада алардын баарын айтып өтүү мүмкүн эмес. Андыктан башында айтылган төрт жагдайга гана токтололу. Башынан ар башка кыйынчылыкты өткөргөн кишилерге жубанууга Кудай кандайча жардам бергенине көңүл бурсаңар.

ЖУМУШСУЗ КАЛУУ

«Мен жумуш тандабаганга үйрөндүм, ошондой эле кереги жок чыгымдарды азайттык» (Жонатан)

«Жубайым экөөбүз тең бир учурда жумуштан чыгып калганбыз.— деп эскерет Сет *.— Эки жыл туугандар жардам берип, ар жерде иштеп эптеп күн көрүп жүрдүк. Акырында жубайым Присиланын көңүлү чөгө баштады, ошондуктан өзүмдү эч нерсеге жарабагандай сезип жүрдүм.

Ал кыйынчылыкты кантип көтөрүп кеткенибизди айта турган болсом, Присилага Иса пайгамбардын Матай 6:34төгү сөздөрүн эсине салып турганы жардам берди. Иса пайгамбар ал аятта ар бир күндүн түйшүгү өзүнө жетиштүү болгондуктан, эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбашыбыз керектигин айткан. Ошондой эле жубайыма Кудайдан жардам сурап жалынганы күч-кубат берген. Мени болсо Забур 55:22де жазылгандар жубатчу. Забурчуга окшоп, мен да жүгүмдү Жахабага арткандыктан анын колдооруна ынандым. Азыр жумушум бар. Ошентсе да Иса пайгамбардын Матай 6:20—22-аяттарда жазылган кеңешине ылайык иш кылып, жөнөкөй жашап жатабыз. Эң негизгиси, биз Кудайга да, бири-бирибизге да мурункудан жакын болуп калдык».

Жонатан болсо мындай дейт: «Банкрот болуп, үй-бүлөбүз менен жүргүзгөн чакан бизнесибиз токтоп калганда, аябай коркком. Каржы каатчылыгынын кесепетинен 20 жылдык мээнетибиз текке кеткен. Жубайым экөөбүз акчанын айынан кер-мур айтыша баштаганбыз. Жадагалса кредиттик карта менен бир нерсе сатып алуудан коркчубуз.

Ошол кезде бизге туура чечим чыгарганга Кудайдын Сөзү жана ыйык руху жардам берип жатты. Мен жумуш тандабаганга үйрөндүм, ошондой эле кереги жок чыгымдарды азайттык. Биз Жахабанын Күбөсү болгондуктан, жыйналышыбыздагы досторубуз да бир топ көмөк кылышты. Алар бизге өзүн-өзү сыйлоо сезимин жоготпогонго жардам берип, кыйын учурларда колдоп жатышты».

ҮЙ-БҮЛӨНҮН БУЗУЛУШУ

«Жолдошум таштап кеткенде, жүрөгүм сыздап, ачуум келген,— дейт Ракел.— Кайгынын чеңгээлинен чыга албачудай сезилген. Бирок ошондо Жахабага мурункудан жакын болуп калгам. Андан күнүгө тиленчүмүн, тиленгенден кийин тынч алып калчумун. Жахаба Кудай жараланган жүрөгүмдү айыктырып жаткандай сезилчү.

Ыйык Китеп ачуудан, таарынычтан арылганга жардам берди. Мен элчи Пабылдын Римдиктер 12:21деги: „Жамандыкка жеңилбе, аны дайыма жакшылык менен жең“,— деген сөздөрүн жүрөгүмө түйүп алгам.

«Жашоодо моюн сунуш керек болгон учурлар да болот... Азыр өткөндү ойлой бербей, алдыга карай кадам шилтөөгө умтулуп жатам» (Ракел)

Бир жакын досум мага кыйынчылыкка багынбаганга көмөк кылды. Ал мага Насаатчы 3:6ны окуп берип, жашоодо моюн сунуш керек болгон учурлар да болорун жумшактык менен айтты. Анын айтканын кабыл алуу оңой болгон жок, бирок мага дал ошол керек болчу. Азыр өткөндү ойлой бербей, алдыга карай кадам шилтөөгө умтулуп жатам».

«Турмушуң бузулганда бирөөнүн колдоосуна муктаж болосуң,— дейт Елизабет.— Менин күн сайын жөлөп-таяп турган курдашым бар болчу. Ал ыйласам, чогуу ыйлап, жылуу сөзүн айтып жубатчу, анын жанында өзүмдү эч кимге кереги жоктой сезчү эмесмин. Жахаба жүрөгүмдүн жарааттарын айыктырыш үчүн аны колдонгонуна шектенбейм».

ООРУ ЖАНА КАРЫЛЫК

«Тиленгенден кийин кадимкидей күчкө толуп калам» (Люис)

Биринчи макалада айтылган Люис жүрөк оорулуу болгондуктан эки жолу өлүмдөн калган. Азыр ал күнүнө 16 саат аппарат менен дем алып турушу керек. Ал мындай дейт: «Мен дайыма Жахабадан тиленем. Тиленгенден кийин кадимкидей күчкө толуп калам. Тиленүү мага мындан ары да багынбаганга жардам берет, анткени мен Жахабага бекем ишенем жана кам көрөрүн билем».

«Мен көп нерсе кылгым келет, бирок кыла албайм,— дейт жашы 80ден ашып калган Петра.— Күндөн күнгө алдан тайып баратам. Такыр эле алсырап, дарысыз жашай албай калдым. Иса Машаяк, эгер мүмкүн болсо, жашоосундагы эң оор азаптан арылтышын Кудайдан суранганын көп эстейм. Жахаба ага ошондо күч бергендей эле, мага да күч берип турат. Тиленүү мен үчүн күндө иччү дарымдай эле болуп калды. Кудайга жүрөгүмдөгүнү төккөндөн кийин кадимкидей жеңилдеп калам» (Матай 26:39).

Хулиан 30 жылдай убактан бери склероздун оор түрүнөн азап тартып келет. Ал мындай дейт: «Мурун жетекчинин креслосунда отурсам, азыр майыптар коляскасында отурам. Бирок өмүрүмдү башкаларга кызмат кылууга арнагандыктан, жашоом маңыздуу деп айта алам. Башкаларга жакшылык кылып жатып өз кайгымды унутуп калам. Жахаба, өзү убада кылгандай, керектүү учурда күч берип келет. Элчи Пабылга окшоп, мен да: „Анткени мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам“,— деп ишенимдүү түрдө айта алам» (Филипиликтер 4:13).

ЖАКЫНЫНАН АЙРЫЛУУ

Антонио мындай деп эскерет: «Атам жол кырсыгынан каза тапканда, такыр ишене албай койгом. Аны жөө жүргөндөр басчу жолдо баратканда жок жерден эле машине сүзүп кеткенине аябай жаман болгом. Бирок, айла канча, эч нерсе кыла алган жокпуз. Ал беш күн комада жатып көз жумду. Апамдын көзүнчө өзүмдү кармачумун, бирок жалгыз калганда токтоно албай: „Эмне үчүн? Эмне үчүн?“ — деп өксөп ыйлачумун.

Күйүт тартып жүргөн ошондой күндөрдө Жахабадан өзүмдү кармаганга күч беришин, жүрөгүмө тынчтык беришин сурап жалынчумун. Бара-бара өзүмө келе баштадым. Мага Ыйык Китептеги „баары... күтүлбөгөн жагдайга кабылат“ деген сөздөр да жардам берди. Кудай эч качан калп айтпагандыктан, атам тирилгенде аны менен көрүшөрүмө эч шектенбейм» (Насаатчы 9:11; Жакан 11:25; Тит 1:2).

«Учак кырсыгынын айынан балабыздан айрылып калсак да, аны менен чогуу өткөргөн бактылуу күндөрдү көп эстейбиз» (Роберт)

Биринчи макалада айтылган Роберт да ушундай оор жоготууга дуушар болгон. Ал мындай дейт: «Жахабадан дайыма тиленгендиктен жубайым Марибел экөөбүз Филипиликтер 4:6, 7де айтылган тынчтыкты сезе алдык. Ошондой тынчтыкка ээ болгондуктан өлгөндөрдүн тирилерине ишенерибиз жөнүндө телекабарчылар менен сүйлөшө алдык. Учак кырсыгынын айынан балабыздан айрылып калсак да, аны менен чогуу өткөргөн бактылуу күндөрдү көп эстейбиз. Биз ошондой жакшы учурларга көңүл топтогонго аракет кылабыз.

Ишенимдештерибиз телевизордон эмнеге ишенерибизди айтканыбызды көрүшүптүр. Алар кайраттуулук менен сүйлөгөнүбүзгө таң калганын айтышканда, бизге Жахабадан көп жолу тиленгенибиз жардам бергенин айттык. Жахаба ошол кезде бизди ишенимдештерибиздин жазган жубатарлык сөздөрү аркылуу колдоп турганына эч күмөн санабайм»

Жогорудагы мисалдар Кудай адамдарды, кыйынчылыктын кандай түрүнө туш болушпасын, жубата аларын көрсөтүп турат. Ал эми силер тууралуу эмне деп айтууга болот? Башыңарга кандай кыйынчылык түшпөсүн, жубануу мүмкүн экенине шектенбесеңер болот *. Ошондуктан биз силерди Жахаба Кудайга жардам сурап кайрылууга үндөйбүз. Анткени ал — «ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай» (2 Корунттуктар 1:3).

^ 5-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлдү.

^ 23-абз. Кудай силерди жубатышы үчүн ага кантип жакындаса болорун билүүнү кааласаңар, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылгыла же жергеңердеги филиалына жазгыла.