Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эла өрөөнү

Дөөтү менен Голиаттын кармашы чынында эле болгонбу?

Дөөтү менен Голиаттын кармашы чынында эле болгонбу?

Көптөр Дөөтү менен Голиат жөнүндөгү билдирүүнүн чындык экенин же уламыш экенин билбей келишет. Буга чейинки макаланы окуганда силер да ал окуянын чын эле болгонуна шектенген жоксуңарбы? Шектенген болсоңор, төмөнкү суроолордун жообуна көңүл бургула.

1 | Адамдын бою чын эле 2,9 метрдей болушу мүмкүнбү?

Ыйык Китепте Голиаттын «бою алты чыканак бир карыш болгону» айтылат (1 Шемуел 17:4). Бир чыканак 44,5 сантиметр, бир карыш 22,2 сантиметр болгон. 6 чыканак 2,9 метрдей болот. Айрымдар Голиат анчалык узун болгон эмес деп эсептешет, бирок биздин учурдагы эң узун кишинин бою 2,7 метр экени катталган. Анда Голиаттын ал кишиден 20 сантиметрдей узунураак болушу мүмкүн беле? Голиат алп кишилер деп эсептелген репаимдердин уруусунан болгон. Мисирликтердин б.з.ч. 13-кылымга таандык документтеринде Канаан аймагында жашаган жүрөктүн үшүн алган 2,4 метрдей болгон жоокерлер жөнүндө айтылган. Демек, адаттан тыш болсо да, Голиаттын чын эле ошончо узун болушу толук мүмкүн.

2 | Дөөтү чын эле жашаганбы?

Окумуштуулар Дөөтү падышаны уламыштагы каарман деп ырастоого аракет кылып келишкен, бирок эч майнап чыккан эмес. Археологдор «Дөөтүнүн үйү» деген жазуусу бар байыркы жазууну табышкан. Андан тышкары, Иса пайгамбар да Дөөтү тууралуу чын эле жашап өткөн киши катары сөз кылган (Матай 12:3; 22:43—45). Исанын Машаяк экенин тастыктаган эки санжырада тең Исанын Дөөтү падышанын тукумунан чыкканы жазылган (Матай 1:6—16; Лука 3:23—31). Ооба, Дөөтү чын эле жашаган.

3 | Ал окуя болгон жер чынында эле болгонбу?

Ыйык Китепте ал окуянын Эла өрөөнүндө болгону баяндалган. Ошондой эле анда пелиштиликтердин, болжолу, Сохо менен Азек шаарларынын ортосундагы тоонун боорунда жайгашканы айтылган. Ал эми ысрайылдыктар алардын каршысындагы тоонун боорунда тизилип турган. Ал жерлер чынында эле болгонбу?

Жакында эле ошол жерге барып келген бир киши мындай деген: «Жерди көрсөткөн киши бизди Эла өрөөнүнө алып барды. Биз өр тарткан жол менен көтөрүлүп отуруп, тоонун чокусуна чыктык. Ал динчил болбосо да, тоодон өрөөндү карап турганыбызда 1 Шемуел 17:1—3-аяттарды окуп берди. Анан өрөөндүн аркы башын көрсөтүп: „Сол тарапта Сохо шаарынын урандылары жатат“,— деп айтты. Анан: „Ал эми оң жакта Азек шаарынын урандылары бар. Пелиштиликтер ушул шаарлардын ортосунда, чамасы, тушуңардагы тетиги тоонун боорунда жайгашкан. Ысрайылдыктардын аскери, калыбы, биз азыр турган жерде жайгашкан“,— деди. Мен ичимен Шабул менен Дөөтү да ушул жерде турса керек деп ойлондум. Анан өрөөнгө түшүп барып, ташка толгон, какшып калган суунун нугун басып өттүк. Ошондо Дөөтүнүн Голиатты өлтүрүш үчүн жылмакай таштарды алып жатканы көзүмө тартылды». Ал жерди көрүп келген киши, көптөгөн башка адамдар сыяктуу эле, Ыйык Китептеги майда-чүйдө маалыматтардын да тактыгына тан берген.

Бул окуянын чын эле болгонуна шектенүүгө эч негиз жок. Анда баяндалган кишилер чын эле жашаган, жерлер да чын эле болгон. Баарынан маанилүүсү, бул билдирүү «жалган сүйлөй албаган» чындыктын Кудайы ыйык рухтун жетеги менен жаздырган Ыйык Жазманын курамына кирет (Тит 1:2; 2 Тиметей 3:16).