Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

АЙРЫМДАР ЭМНЕГЕ ИШЕНИШЕТ? Айрымдар Кудайдын Падышалыгы адамдын жүрөгүндө дешет, башкалары аны адамдардын дүйнө жүзүнө тынчтык орнотууга кылган аракетинин аркасында орнойт деп ойлошот. Силер кандай деп ойлойсуңар?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Асман Кудайы эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты орнотот... Ал ушул [адамдар түзгөн] падышалыктардын баарын талкалайт, жок кылат» (Даниел 2:44). Кудайдын Падышалыгы — реалдуу өкмөт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ДАГЫ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮГӨ БОЛОТ?

  • Кудайдын Падышалыгы асмандан башкарат (Матай 10:7; Лука 10:9).

  • Кудай ал Падышалык аркылуу өзүнүн асмандагы да, жердеги да эркин аткарат (Матай 6:10).

Кудайдын Падышалыгы качан келет?

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?

  • Аны эч ким билбейт

  • Жакында

  • Эч качан

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет» (Матай 24:14). Жакшы кабар бардык жерде айтылгандан кийин, Кудайдын Падышалыгы келгенде, азыркы ыймансыз дүйнө соңуна чыгат.

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ДАГЫ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮГӨ БОЛОТ?

  • Кудайдын Падышалыгы качан келерин адамдардын бири да билбейт (Матай 24:36).

  • Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, ал жакында келет (Матай 24:3, 7, 12).