Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Рухий тамактан толук пайда ал

Рухий тамактан толук пайда ал

«Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм» (ЫШ. 48:17).

ЫРЛАР: 117, 114

1, 2. а) Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепке кандай карашат? б) Сен Ыйык Жазманын кайсы китебин өзгөчө жакшы көрөсүң?

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ Ыйык Китепти аябай жакшы көрүшөт. Анткени анда даанышман кеңештер камтылган. Ошондой эле аны окуганда жан дүйнөбүз тынчтанып, келечекке үмүт менен карайбыз (Рим. 15:4). Биз Ыйык Жазманы адамдардын ой толгоолору камтылган китеп катары эмес, «Кудайдын сөзү» катары кабыл алабыз (1 Тес. 2:13).

2 Ар бирибиздин эле Ыйык Жазмада жакшы көргөн китептерибиз бар. Айталы, айрымдарга Инжилдер өзгөчө жагат, себеби аларда Жахабанын табиятын таамай чагылдырган Иса Машаяктын жашоосу жөнүндө эң сонун баяндалат (Жкн. 14:9). Башкалар пайгамбарлыктар жазылган китептерди, алсак, «жакында боло турган» окуялар камтылган Аян китебин жакшы көрүшөт (Аян 1:1). Баарыбыздын эле Накыл сөздөр китебинен баалуу кеп-кеңештерди тапкан же бушайман болуп жатканда Забур китебин окуп, тынчтанып калган учурларыбыз болгон чыгар. Ооба, Ыйык Жазма — бардык адамдарга арналган китеп.

3, 4. а) Биз адабияттарыбызга кандай карайбыз? б) Адамдардын белгилүү бир тобуна арналган кандай адабияттар чыгып турат?

3 Биз Ыйык Китепти жакшы көргөндүктөн ага негизделген адабияттарды да жакшы көрөбүз. Жахаба бизге рухий тамакты китептер, китепчелер, журналдар жана башка адабияттар аркылуу берип келет. Алар бизге дайыма сергек болгонго, рухий жактан ток жүргөнгө жана «күчтүү ишеним» өрчүткөнгө жардам берет (Тит 2:2).

4 Адабияттарыбыздын көбү Жахабанын Күбөлөрүнүн баарына арналса да, кээде адамдардын кайсы бир тобуна, мисалы, жаштарга же ата-энелерге арналган атайын китеп-журналдар жарык көрөт. Мындан тышкары, журналдарга жана веб-сайтыбызга Жахабанын Күбөсү болбогон кишилер үчүн макалалар чыгып турат. Рухий тамактын мол болгону: «Жахаба... бардык элдерге той өткөрүп, майлуу тамак-аш берет»,— деген убаданын аткарылып жатканын далилдөөдө (Ыш. 25:6).

5. Жахаба эмнени баалайт?

5 Көбүбүздүн эле Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды окуганга жетиштүү убакыт бөлгүбүз келери бышык. Жахаба биздин Ыйык Китепти дайыма окуп, өздүк изилдөөбүздү үзгүлтүккө учуратпаш үчүн убакытты туура пайдаланууга аракет кылып жатканыбызды абдан баалайт (Эф. 5:15, 16). Ачыгын айтканда, берилип жаткан рухий тамактын баары менен азыктанууга дайыма эле мүмкүнчүлүгүбүз боло бербейт. Ошентсе да анча байкала бербеген туура эмес көз караштан сак болушубуз керек. Ал эмне болгон көз караш?

6. Эмнеден улам өзүбүз үчүн пайдалуу боло турган ойлордон кур калып калышыбыз мүмкүн?

6 Кайсы бир маалыматты бизге тиешеси жок деп эсептегендиктен жашообузга пайдасын тийгизе турган ойлордон кур калып калышыбыз мүмкүн. Мисалы, Ыйык Китептеги айрым билдирүүлөр биздин жагдайыбызга колдонорлук эместей же кайсы бир адабият бизге арналып жазылбагандай сезилсе, эмне кылабыз? Үстүртөдөн эле окуп коёбузбу же такыр эле окубай коёбузбу? Эгер ошондой болсо, өзүбүздү абдан пайдалуу маалыматтан өксүткөн болобуз. Мындай тузакка түшүп калбаш үчүн эмне кылышыбыз керек? Эң алды, рухий тамакты бизге Кудай берип жатканын унутпаганыбыз маанилүү. Ал Ышая пайгамбар аркылуу: «Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм»,— деп айткан (Ыш. 48:17). Анда эмесе, Ыйык Китепте жана башка адабияттарда камтылган рухий тамактын ар кандай түрү менен азыктанып, толук пайда алууга жардам берген кеңештерди карап чыгалы.

КАНТКЕНДЕ ЫЙЫК КИТЕПТИ ОКУУДАН ТОЛУК ПАЙДА АЛАБЫЗ?

7. Эмне үчүн Ыйык Китепти туура көз караш менен окушубуз керек?

7 Туура көз караш менен оку. Ыйык Китептин өзүндө: «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана... пайдалуу»,— делет (2 Тим. 3:16). Ыйык Жазманын айрым бөлүктөрү кайсы бир кишиге же кишилердин тобуна арналганы чын. Ошондуктан аны туура көз караш менен окушубуз керек. Бир ишенимдешибиз: «Ыйык Китепти окуп жатканда ошол билдирүүдө мен үчүн пайдалуу боло турган ойлор камтылышы мүмкүн экенин эсимен чыгарбаганга аракет кылам. Бул адеп байкала бербеген терең ойлорду издегенге түрткү берет»,— деп ой бөлүшөт. Ыйык Китепти окуурдун алдында Жахабадан аны туура көз караш менен окуганга көмөк кылышын жана бизге үйрөткүсү келген нерселерди баамдаганга акылмандык беришин сураганыбыз жакшы (Эзра 7:10; оку: Жакып 1:5).

Ыйык Китепти окуудан толук пайда алып жатасыңбы? (7-абзацты кара)

8, 9. а) Ыйык Китепти окуп жатканда эмне деп ой жүгүртсөк болот? б) Аксакалдарга коюлган талаптардан Жахаба жөнүндө эмнени биле алабыз?

8 Ой жүгүрт. Ыйык Китепти окуп жатканда бир аз тыным жасап: «Жахаба жөнүндө эмнени билдим? Окугандарымды жашоомдо кантип колдонсом болот? Бул аяттарды башкаларга жардам бериш үчүн кантип колдонсом болот?» — деп ой жүгүрт. Ушул сыяктуу суроолордун Ыйык Китепти окуудан көбүрөөк пайда алууга өбөлгө түзөрү шексиз. Мисалга аксакалдарга коюлган талаптар жазылган аяттарды алалы. (Оку: 1 Тиметей 3:2—7.) Көптөрүбүз аксакал болуп кызмат кылбагандыктан, бул аяттардын бизге анча деле тиешеси жоктой сезилиши мүмкүн. Анткен менен аларды төмөндөгү суроолордун негизинде талдап көрсөк, ар бирибиз көп нерсеге үйрөнө аларыбызды байкайбыз.

9 Жахаба жөнүндө эмнени билдим? Ошол аяттардан Жахабанын жооптуу бир туугандардан бийик нормаларга ылайык жашашын талап кыларын билүүгө болот. Ошондой эле алардын башкаларга жакшы үлгү көрсөтүшүн каалаарын жана «өз Уулунун каны менен сатып алган» жыйналышына кандай мамиле кылып жатканына көз салып турарын биле алабыз (Элч. 20:28). Жахаба өзүбүздү коопсуз сезишибизди каалагандыктан койчуларды дайындаган (Ыш. 32:1, 2). Демек, аксакалдарга коюлган талаптар Жахабанын бизге чындап кам көрөрүн тастыктап турат.

10, 11. а) Аксакалдарга коюлган талаптар жазылган аяттардан ар бирибиз кандай пайда алабыз? б) Аларды башкаларга жардам бериш үчүн кантип колдонсок болот?

10 Окугандарымды жашоомдо кантип колдонсом болот? Дагы кайсы жактардан жакшырса болорун аныкташ үчүн дайындалган бир туугандар ошол талаптардын негизинде өздөрүн маал-маалы менен текшерип турушу керек. «Көзөмөлчү болуп кызмат кылууга умтулуп жаткан» ага-инилердин да ал талаптарга олуттуу көңүл буруп, аларга ылайык жашоого бүт күчүн жумшашы кажет (1 Тим. 3:1). Бирок жогорудагы аяттардан ар бирибиз пайда ала алабыз, себеби аларда жазылган талаптардын көбү Жахабанын бардык кызматчыларына тиешелүү. Маселен, баарыбыз «акыл-эстүү болушубуз» керек (Флп. 4:5; 1 Пет. 4:7). Аксакалдар «оторго үлгү көрсөткөндүктөн», алардан көп нерсени үйрөнүп, «алардыкындай ишенимге ээ боло» алабыз (1 Пет. 5:3; Евр. 13:7).

11 Бул аяттарды башкаларга жардам бериш үчүн кантип колдонсом болот? Жооптуу бир туугандарга коюлган талаптарды талкуулап, жакшы кабарга кызыккандарга же Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга Жахабанын элин жетектеген аксакалдардын башка диндердин төбөлдөрүнөн кыйла айырмаланарын көрсөтүп берсек болот. Мындан тышкары, ал аяттар аксакалдардын бизге кам көрүш үчүн кандай эмгек кылып жатканын унутпаганга көмөк кылат. Алардын «талыкпай эмгектенип жатканы» жөнүндө ой жүгүртүү аларды мурдагыдан да көбүрөөк сыйлаганга түрткү берет (1 Тес. 5:12). Биздин чын жүрөктөн терең урматтаарыбызды көргөндө күжүрмөн эмгектенген ал бир туугандарыбыз абдан кубанышат (Евр. 13:17).

12, 13. а) Колубузда бар куралдарды колдонуп, кантип изилдөө жүргүзсөк болот? б) Кошумча маалыматтар дароо байкала бербеген терең ойлорду тапканга кандайча жардам берет? Мисал келтир.

12 Казып изилде. Колубузда бар куралдарды колдонуп, төмөнкү суроолорго жооп алыш үчүн терең изилдөө жүргүзсөк болот.

  • Ыйык Жазманын бул бөлүгүн ким жазган?

  • Каякта жана качан жазылган?

  • Бул билдирүү жазылып жатканда кандай орчундуу окуялар болгон?

Ушул сыяктуу кошумча маалыматтар дароо байкала бербеген терең ойлорду тапканга жардам берет.

13 Мисалга Жезекиел 14:13, 14-аяттарды алалы. Ал жерде мындай деп жазылган: «Адам уулу, эгер кайсы бир жер ишенимсиз болуп, мага каршы күнөө кылса, мен ага каршы колумду сунуп, ортосу оюк токочтор илинген таяктарын сындырам, ага ачарчылык жиберем, элин да, малын да кырып таштайм. „Эгер ал жерде үч киши: Нух, Даниел, Аюп болсо, алар адилдигинен улам өздөрүнүн гана жанын сактап калышмак“,— дейт Эгедер Теңир Жахаба». Бир аз изилдесек, Жезекиел китебинин ушул бөлүгү болжол менен б.з.ч. 612-жылы жазылганын билебиз. Ал убакта Нух менен Аюп пайгамбарлардын көз жумганына жүздөгөн жылдар болуп калган. Ошентсе да Кудай алардын ишенимдүүлүгүн унуткан эмес. Ал эми Даниелдин көзү тирүү болчу. Жахаба анын Нух менен Аюп пайгамбарлардай адил экенин айтканда, ал 20лардагы улан болсо керек. Мындан эмнени биле алабыз? Жахаба ишенимдүү кызматчыларынын, анын ичинде жаш улан-кыздардын кынтыксыздыгын сактап жатканын сөзсүз байкайт жана жогору баалайт (Заб. 148:12—14).

ТҮРДҮҮ «ТАМАК» МЕНЕН АЗЫКТАН

14. Жаштар аларга арналган адабияттардан кандай пайда алышат жана башкалар кандай пайда алат? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

14 Ыйык Китептин бардык бөлүктөрүндөй эле, адабияттар аркылуу берилген рухий тамактын бардык түрү да ар бирибиз үчүн пайдалуу. Буга байланыштуу бир нече мисал карап көрөлү. Жаштарга арналган маалыматтар. Акыркы жылдары жаштар үчүн көптөгөн адабияттар чыкты. [1] Алардын айрымдары жаштарга мектептен кысымга туруштук берүүгө же өспүрүм курактын кыйынчылыктары менен күрөшүүгө жардам берүү максатында чыгарылган. Андай маалыматтан баарыбыз кандай пайда ала алабыз? Мисалы, жаш ишенимдештерибиздин кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын билебиз. Мунун аркасында аларга жакшыраак жардам берип, бекемдей алабыз.

15. Эмне үчүн чоңдор жаштарга арналган адабияттарды да окушу керек?

15 Жаштар туш болуп жаткан кыйынчылыктарга чоңдор деле дуушар болушат. Айталы, баарыбыз Кудайга эмне үчүн ишенерибизди тайманбай айтууга, сезимдерибизди ооздуктай билүүгө, башкалардын терс таасирине туруштук берүүгө, жаман чөйрөдөн оолак болууга, көңүл ачуунун зыяндуу түрлөрүнөн сак болууга үйрөнүшүбүз керек. Ушул сыяктуу темалар жаштарга арналган адабияттарда көп талкууланат. Чоңдордун: «Бул жаштарга жазылган адабият турбайбы» — деп, аны окубай койгону туура болобу? Жок. Андай маалыматтар жаштарга кызыктуу болгудай кылып жазылса да, алар Ыйык Жазмадагы эч качан баалуулугун жоготпогон принциптердин негизинде даярдалган. Алардан баарыбыз өзүбүзгө керектүү көп нерсени биле алабыз.

16. Жаштарга арналган макалалардан дагы кандай пайда алсак болот?

16 Адабияттарыбыз жаш бир туугандарыбызга кыйынчылыктар менен күрөшүүгө көмөк кылгандан тышкары, рухий жактан өсүүгө, Жахаба менен ынак мамиле түзүүгө да жардам берет. (Оку: Насаатчы 12:1, 13.) Ал адабияттардан чоңдор да пайда ала алышат. Алсак, «Ойгонгула!» журналынын 2009-жылдын апрелиндеги санынын (ор.) «Жаштардын суроолору» рубрикасына «Канткенде Ыйык Китепти окуу кызыктуу болот?» деген макала чыккан. Ошол макалада буга байланыштуу бир нече кеңеш жана кесип алып, Ыйык Китептин ичине салып алууга ылайыкташтырылган кутуча камтылган. Мындан башкалар да пайда аларын 24 жаштагы бир эненин мисалы тастыктап турат. Ал мындай дейт: «Ыйык Китепти үзбөй окуу мага кыйынга турчу. Ал эми бул макала чыкканда, мен андагы кеңештерге ылайык иш кылып көрдүм. Кутучаны да кесип алып, жакшы колдонуп жатам. Азыр мен Ыйык Китепти окуй турган убакты чыдамсыздык менен күтөм. Анда жазылгандар, кездемеге түшүрүлгөн кооз саймадай болуп, бири-бирине аябай шайкеш келет экен. Ыйык Китепти окуу ушунчалык кызыктуу болорун эми билдим».

17, 18. Жалпы элге арналган маалыматтардын биз үчүн кандай пайдасы бар? Мисал келтир.

17 Жалпыга арналган маалыматтар. 2008-жылдан тартып изилдөөгө арналган «Күзөт мунарасы», негизинен, Жахабанын Күбөлөрү үчүн чыгарылып келет. Ал эми жалпыга арналган чыгарылышы жөнүндө эмне айтууга болот? Ал да биз үчүн пайдалуубу? Бир мисалга токтололу. Бир күнү сен чакырган киши дем алыш күндөрү өткөрүлгөн жолугушууга келип калды дейли. Аны көрүп, аябай сүйүнмөктүгүң бышык. Анан баяндама айтылып жатканда, ошол киши жөнүндө ойлонуп отурмаксың. Өзүңдү анын ордуна коюп, айтылгандарды анын көз карашы менен кабыл алмаксың. Натыйжада ошол ойлорго жаңыча карап, жүрөгүң ыраазычылыкка толмок.

18 Жалпыга арналган макалаларды окуп жатканда да ушу сыяктуу болот. Алсак, жалпыга арналган «Күзөт мунарасындагы» макалалар Жахабанын Күбөсү эместер түшүнө алгыдай болуп жазылат. jw.org сайтындагы «Суроолор жана жооптор», «Көптөрдү кызыктырган суроолор» деген сыяктуу бөлүктөргө чыккан макалалар жөнүндө да ушуну айтууга болот. Аларды окуунун аркасында өзүбүз жакшы билген темаларды тереңирээк түшүнүп калабыз. Андан тышкары, кызматта жолуктургандарга аларды дагы кантип түшүндүрүп берсек болорун үйрөнөбүз. «Ойгонгула!» журналына болсо Кудайдын бар экенине болгон ишенимибизди чыңдаган жана ишенген нерселерибизди түшүндүрүп берүүнүн жолдору талкууланган макалалар жарыяланып турат. (Оку: 1 Петир 3:15.)

19. Берип жаткан рухий тамагы үчүн Жахабага ыраазы экенибизди кантип көрсөтөбүз?

19 Ооба, Жахаба «рухий муктаждыгыбызды» канааттандыруу үчүн рухий тамакты мол берип келет (Мт. 5:3). Андыктан, келгиле, алардын баарынан пайда алууга мындан ары да аракет кыла берели. Ошентсек, бизди «пайдалуу нерсеге үйрөткөн» Кудайыбызга ыраазы экенибизди көрсөтөбүз (Ыш. 48:17).

^ [1] (14-абзац) Андай маалыматтарга «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» китебинин 1, 2-томдору жана сайтка чыккан «Жаштардын суроолору» деген рубрика кирет.