Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сен чечимдерди кантип чыгарасың?

Сен чечимдерди кантип чыгарасың?

«Жахабанын эркин таанып-биле бергиле» (ЭФ. 5:17).

ЫРЛАР: 69, 57

1. Ыйык Китепте кандай мыйзамдар камтылган жана аларга баш ийүүнүн натыйжасы кандай болот?

ЖАХАБА Ыйык Китепке көптөгөн так-айкын мыйзамдарды жаздырып койгон. Мисалы, ал жыныстык адеп-ахлаксыздыкка, бурканга табынуучулукка, уурулукка, аракечтикке тыюу салган (1 Кор. 6:9, 10). Кудайдын Уулу Иса Машаяк да жолдоочуларына, бир караганда, аткаруу кыйындай көрүнгөн, бирок жүрөк толкутарлык мындай буйрук берген: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла. Аларды Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлдүргүлө, ошондой эле аларга силерге буйруганымдын баарын аткарууну үйрөткүлө. Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар дайым силер менен болом» (Мт. 28:19, 20). Кудайдын мыйзамдары, осуяттары бизди бардык жактан коргойт. Аларга ылайык иш кылуу өзүбүздү сыйлоо сезиминин өсүшүнө, ден соолугубуздун жакшы болушуна, үй-бүлөбүздүн бактылуу болушуна өбөлгө түзөт. Баарынан маанилүүсү, Жахабанын осуяттарын, анын ичинде кабар айтуу ишине байланыштуу көрсөтмөсүн аткарсак, анын ырайымына ээ болуп, мол бата алабыз.

2, 3. а) Эмне үчүн Ыйык Китепте жашоодогу ар бир жагдайга өзүнчө көрсөтмө берилген эмес? б) Бул макалада кайсы суроолорго жооп алабыз? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

2 Анткен менен Ыйык Китепте жашообуздагы ар бир жагдайга карата так-айкын көрсөтмөлөр берилген эмес. Маселен, анда Кудайдын кызматчыларынын кандай кийингени орундуу болору майда-чүйдөсүнө чейин айтылбайт. Мындан Жахабанын акылмандыгы көрүнүп турат. Кандайча? Дүйнөнүн чар тарабында жашаган элдердин маданияты, кийген кийими ар башкача. Бул жагынан атүгүл бир муун бир муундан айырмаланып келет. Эгер Ыйык Китепте кийимге, сырткы көрүнүшкө карата көрсөтмөлөрдүн тизмеси берилсе, анда ал тизме эбак эле эскирип калмак. Ушул эле себептен улам Кудайдын Сөзүндө жумушка, дарылоонун түрлөрүнө, көңүл ачууга байланыштуу көп эрежелер берилген эмес. Андыктан үй-бүлө башчылары, дегеле ар бирибиз бул маселелерде өзүбүз чечим чыгара алабыз.

3 Бирок бул маанилүү чечимдерди, өзгөчө, жашообузга зор таасир эте турган чечимдерди чыгарыш керек болгондо кандай иш кыларыбыз Жахабага баары бир дегенди билдиреби? Чыгарган чечимибиз Ыйык Китептеги кайсы бир мыйзамга каршы келбесе эле, аны асмандагы Атабыз колдойт деп айта алабызбы? Так мыйзамдар берилбеген жагдайларда Жахабанын эмнени туура көрөрүн кантип билсек болот?

ЭМНЕ ҮЧҮН ЧЕЧИМДЕРИБИЗГЕ МААНИ БЕРИШИБИЗ КЕРЕК?

4, 5. Кандайча чечимдерибиз өзүбүзгө да, башкаларга да таасир этет?

4 Айрымдар кандай чечим чыгарарыбыз анчалык деле маанилүү эмес деп ойлошу мүмкүн. Бирок биз Жахабага жаккандай чечим чыгаргыбыз келет. Ан үчүн анын Сөзүндө кандай мыйзам-принциптер камтыларын карап чыгып, ошого ылайык иш кылышыбыз керек. Алсак, кан куйдурууга байланыштуу маселе көтөрүлгөндө, Кудайдын ырайымынан ажырап калбаш үчүн анын кан жөнүндөгү мыйзамын эске алышыбыз керек (Башт. 9:4; Элч. 15:28, 29). Анын мыйзам-принциптерине ылайык чечим чыгарууга тиленүү жардам берет.

5 Олуттуу чечимдерибиз рухийлигибизге бир топ таасир этет. Негизи, ар бир чечимибиз Жахаба менен болгон мамилебизге же жакшы, же жаман таасир этет. Туура чечим чыгарсак, аны менен болгон мамилебиз бекемделет, туура эмес чечим чыгарсак, мамилебизге доо кетет. Андан тышкары, туура эмес чечимибиз башкаларды кыжырдантышы, атүгүл кедерги болушу же жыйналыштын ынтымагын ыдыратышы мүмкүн. Ооба, кандай чечим чыгарып жатканыбызга олуттуу маани бергенибиз абдан маанилүү. (Оку: Римдиктер 14:19; Галатиялыктар 6:7.)

6. Чечим чыгарууда эмнени эске алышыбыз керек?

6 Ыйык Китепте так көрсөтмө берилбеген учурларда эмне кылышыбыз керек? Андайда жагдайыбызды жакшылап талдап чыгышыбыз жана өзүбүз туура көргөндөй эмес, Жахабага жаккандай чечим чыгарышыбыз керек. Ошондо ал батасын берет. (Оку: Забур 37:5.)

ЖАХАБАНЫН ЭРКИН ТААНЫП-БИЛЕ БЕР

7. Так-айкын мыйзамдар жок болгон учурларда Жахабага эмне жагарын кантип аныктай алабыз?

7 «Кайсы бир нерсеге карата Ыйык Китепте эч нерсе айтылбаса, анда Жахабага эмне жагарын кантип билсе болот?» — деп ойлонушубуз мүмкүн. Эфестиктер 5:17де: «Жахабанын эркин таанып-биле бергиле»,— деп айтылган. Так-айкын мыйзамдар жок болгон учурларда Жахабанын эрки эмнеде экенин кантип биле алабыз? Бул жагынан тиленүү жана ыйык рух аркылуу берилген жетекчиликке ылайык иш кылуу чоң жардам берет.

8. Иса пайгамбар Атасынын эмнени туура көрөрүн кантип аныктаганын мисал менен түшүндүр.

8 Келгиле, Иса пайгамбар Атасынын эмнени туура көрөрүн кантип аныктаганын карап көрөлү. Ыйык Китепте анын тиленип, кереметтүү түрдө калың элдин курсагын эки жолу тойгузганы жөнүндө айтылат (Мт. 14:17—20; 15:34—37). Бирок ал чөлдө ачка болгондо Шайтандын сунушун четке кагып, таштарды нанга айландыруудан баш тарткан. (Оку: Матай 4:2—4.) Анткени Атасынын кандай ой жүгүртөрүн жакшы билгендиктен андай кылганы туура эмес болорун түшүнгөн. Ал Жахаба берген күчтү өзүнүн каалоосун аткаруу үчүн колдонгону ага жакпай турганын билген. Ооба, Шайтандын сунушун четке кагуу менен ал Атасынын анын кадамдарын багыттап, муктаж болгон нерселерин берерине бекем ишенерин көрсөткөн.

9, 10. Туура чечим чыгарууга эмне жардам берет? Мисал менен түшүндүр.

9 Биз да, Иса пайгамбардай болуп, туура чечимдерди чыгаргыбыз келсе, Жахабадан жетекчилик сурашыбыз керек. Дайыма: «Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө ишеним артпа. Бардык жолдоруңда Кудайды эстеп жүр, ошондо ал сенин жолдоруңду түздөйт. Өзүңдү акылдуу эсептебе. Жахабадан коркуп, жамандыктан алыс бол»,— деген даанышман сөздөргө ылайык иш кылганыбыз акылдуулукка жатат (Накыл 3:5—7). Ыйык Китепти изилдөө аркылуу Жахабанын кандай ой жүгүртөрүн жакшы билсек, айкын-так көрсөтмө жок учурларда анын кандай иш кылышыбызды туура көрөрүн аныктоо жеңилирээк болот. Жахабанын ой жүгүртүүсүн тереңирээк түшүнгөн сайын, анын жетекчилигин баамдай билүү оңой боло берет (Жер. 31:33).

10 Мисалы, дүкөнгө барган аялды элестетип көрөлү. Кыдырып жүрүп, ал аябай жакшынакай, бирок өтө кымбат бут кийимге көзү түшүп калат. Анан ичинен: «Ушунча кымбат бут кийим алып алсам, жолдошум эмне дейт?» — деп ойлонот. Күйөөсү жанында болбосо да, ал анын кандай карамактыгын жакшы билет. Эмне үчүн? Себеби алар бир канча жылдан бери чогуу жашап келаткандыктан, ага жолдошунун акчанын тартыштыгын эске алып иш кылууну туура көрөрү маалым. Ошентип, ал жолдошунун ушундай жагдайда кантип ой жүгүртөрүн аныктай алат. Анын сыңарындай, Жахабанын кандай ой жүгүртөрүн, мурун кандай иш кылып келгенин жакшыраак биле берсек, анын ар кандай жагдайларда кандай иш кылышыбызды каалаарын айкыныраак баамдай беребиз.

ЖАХАБАНЫН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮН КАНТИП БИЛСЕ БОЛОТ?

11. Кудайдын Сөзүн окуп же изилдеп жатканда кайсы суроолор жөнүндө ой жүгүртсөң болот? ( «Кудайдын Сөзүн изилдеп жатканда ой жүгүрт» деген кутучаны кара.)

11 Жахабанын кандай ой жүгүртөрүн билиш үчүн өздүк изилдөөбүздү үзгүлтүккө учуратпашыбыз керек. Кудайдын Сөзүн окуп же изилдеп жатканда: «Бул маалыматтан Жахабанын өзү, ой жүгүртүүсү, адил жолдору жөнүндө эмнени билдим?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Биздин да забурчу Дөөтүнүкүндөй көз карашта болгонубуз маанилүү. Ал: «Мага өз жолдоруңду көрсөт, оо, Жахаба, өз жолдоруңда жүрүүгө үйрөт. Мага чындыгыңда жүрүүгө жардам бер, мени үйрөт; анткени сен куткаруучу Кудайымсың. Мен сага күнү бою үмүт артам»,— деген (Заб. 25:4, 5). Ыйык Китептен окугандарың жөнүндө ой жүгүртүп жатканда өзүңдөн: «Окуп-билгендеримди жашоодо кантип колдонсом болот? Аларды каякта колдонсом болот? Үйдөбү? Жумуштабы? Мектептеби? Кызматтабы?» — деп сурап көр. Эгер каякта колдонсоң болорун билип алсаң, кантип колдонуш керектигин оңой эле аныктай аласың.

12. Изилдөө куралдары жана жолугушуулар Жахабанын ой жүгүртүүсүн тереңирээк түшүнүүгө кандайча жардам берет?

12 Жахабанын кандай ой жүгүртөрүн билүүнүн дагы бир жолу — анын уюму аркылуу берилип жаткан жетекчиликке маани берүү. Мисалы, чечим чыгарыш керек болгондо «Күзөт мунарасы коомунун электрондук китепканасын» жана «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралын» колдонуп, Жахабанын кандай иш кылышыбызды туура көрөрүн биле алабыз. Мындан тышкары, жыйналыш жолугушууларында кунт коюп угуудан, жигердүү катышуудан чоң пайда алабыз. Ал жактан билгендерибиз жөнүндө ойлонуу Жахабанын ой жүгүртүүсүн тереңирээк түшүнүп, ага окшоп ой жүгүртүүгө үйрөнүүгө жардам берет. Жахаба берип жаткан рухий тамак менен азыктануу үчүн колубуздан келгендин баарын кылсак, анын жолдорун жакшыраак биле беребиз. Мунун аркасында мээримдүү Атабызга жаккандай чечим чыгарып, андан бата алабыз.

ЧЕЧИМ ЧЫГАРЫП ЖАТКАНДА ЖАХАБАНЫН ОЮН ЭСКЕ АЛ

13. Жахабанын ой жүгүртүүсүн эске алуу туура чечим чыгарууга кандайча жардам берерин мисал менен түшүндүр.

13 Жахабанын ой жүгүртүүсүн эске алуу туура чечим чыгарууга кандайча жардам берерин карап көрөлү. Балким, сен үзгүлтүксүз пионер болгуң келип жүргөндүр жана ал максатыңа жетүү үчүн жашооңду жөнөкөйлөткөндүрсүң. Бирок ошол эле учурда мурдагыдай кенен жеп, кенен иче албай калгандыктан, кубанычыңды жоготуп албаймбы деп тынчсызданып жаткандырсың. Албетте, Ыйык Китепте сөзсүз пионер болушубуз керектиги буйрук кылынган эмес. Биз жарчы катары деле Жахабага ишенимдүү кызмат кыла берсек болот. Анткен менен Иса пайгамбар Падышалык үчүн көп нерседен баш тарткандардын мол бата аларын айткан. (Оку: Лука 18:29, 30.) Андан сырткары, Ыйык Жазмада оозубуздан чыккан «ыктыярдуу курмандыктарыбыз», башкача айтканда, Жахабаны даңктап-даңазалаганыбыз жана чыныгы сыйынууну чын жүрөктөн колдогонубуз ага абдан жагары айтылат (Заб. 119:108; 2 Кор. 9:7). Ушул сыяктуу аяттар жөнүндө ойлонуунун жана жетекчилик сурап тиленүүнүн аркасында Жахабанын пионердик кызматка кандай караарын билесиң. Натыйжада Жахабага да жаккан, өзүңө да көп жактан пайда алып келген чечим чыгара аласың.

14. Кайсы бир кийимдин Жахабага жагар-жакпасын кантип билсек болот?

14 Дагы бир жагдайга токтололу. Жыйналыштагы айрым бир туугандарды ыңгайсыз абалга калтырышы мүмкүн болгон кийимди алгың келип жатасың дейли. Бирок Ыйык Китепте ошондой кийимди кийүүгө тыюу салган эч кандай эреже жок. Буга карата Жахабанын ою кандай экенин кантип билсең болот? Элчи Пабыл ыйык рухтун жетеги менен мындай кеңеш берген: «Аялдар өздөрүн өзгөчө өрүлгөн чачы, алтын, бермет же абдан кымбат кийим менен эмес, тыкан кийим менен, уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен, Кудайга сыйынарын ырастаган аялдарга мүнөздүү жакшы иштер менен жасалгалашсын» (1 Тим. 2:9, 10). Бул кеңеш аялдарга айтылса да, эркектерге да тиешелүү. Жахабанын ишенимдүү кызматчылары болгондуктан биз көңүлүбүзгө жакканды эле кылбастан, кийимибиздин, сырткы көрүнүшүбүздүн башкаларга кандай таасир этерин да эске алгыбыз келет. Жөнөкөй болсок жана ишенимдештерибизди жакшы көрсөк, дайыма алардын сезимдерин эске алып, оңтойсуз абалга калтыруудан, кыжырдантуудан качабыз (1 Кор. 10:23, 24; Флп. 3:17). Ооба, Ыйык Жазмадагы принциптер жөнүндө ой жүгүртүү Жахабанын бул маселеге карата кандай ойдо экенин билип, туура чечим чыгарууга көмөк кылат.

15, 16. а) Адеп-ахлаксыз иштер жөнүндө кыялданганыбызга Жахаба кандай карайт? б) Тандаган көңүл ачуубуздун Жахабага жагар-жакпасын кантип аныктасак болот? в) Олуттуу чечим чыгарарда эмне кылганыбыз акылдуулукка жатат?

15 Ыйык Китепте адамдардын жаман жолго түшкөнүн, «алардын жүрөгүндөгү ойлору ар дайым жаман» болгонун көргөндө Жахабанын абдан капаланганы айтылат. (Оку: Башталыш 6:5, 6.) Мындан биз адеп-ахлаксыз иштер жөнүндө кыялдануунун туура эмес экенин биле алабыз. Себеби бул Жахабанын ой жүгүртүүсүнө каршы келген, Ыйык Китепте тыюу салынган олуттуу күнөөгө алпарат. Шакирт Жакып: «Жогорудан келген акылмандык баарынан мурда таза, андан кийин тынчтыкты сүйгөн, эстүү, баш ийүүгө даяр, кайрымдуулук менен жакшы жемиштерге бай, калыс, эки жүздүү эмес»,— деп жазган (Жкп. 3:17). Андыктан жаман ойлорду же ыпылас каалоолорду ойгото турган көңүл ачуунун түрлөрүнөн оолак болушубуз керек. Кудайдын жетилген кызматчысы ал жек көргөн нерселер чагылдырылган кайсы бир китепти окуса же кинону көрсө же кайсы бир оюнду ойносо болор-болбосун башкалардан сурабайт. Анткени Жахабанын буга кандай караары Ыйык Китепте так-айкын жазылган.

16 Көбүнчө кайсы бир нерсени ар кандайча чечсе болот жана алардын баарын Жахаба туура көрүшү мүмкүн. Анткен менен олуттуу чечим чыгарардын алдында кээде аксакалдар же башка жетилген бир туугандар менен кеңешип көргөн акылдуулукка жатат (Тит 2:3—5; Жкп. 5:13—15). Албетте, башкалардан биз үчүн чечим чыгарышын суранганыбыз туура эмес болуп калат. Анткени ар бирибиз акылыбызды жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырып, чечимдерди өзүбүз чыгарганды үйрөнүшүбүз зарыл (Евр. 5:14). Элчи Пабыл кеңеш кылгандай, баарыбыз «өз жүгүбүздү», башкача айтканда, өз жоопкерчилигибизди өзүбүз көтөрүшүбүз керек (Гал. 6:5).

17. Жахабага жаккандай чечим чыгаргандан кандай пайда алабыз?

17 Чечимдерди Жахабанын оюн эске алып чыгарган сайын, аны менен ынак боло беребиз (Жкп. 4:8). Ошондой эле анын ырайымына, батасына ээ болобуз. Бул өз кезегинде асмандагы Атабызга болгон ишенимибизди бекемдейт. Андыктан, келгиле, Ыйык Жазмадагы мыйзам-принциптерге ылайык иш кыла берели, себеби алардан Жахабанын көз карашын биле алабыз. Албетте, Жахаба жөнүндөгү билимдин чеги болбойт (Аюп 26:14). Ошентсе да колубуздан келишинче аракет кыла берсек, туура чечимдерди чыгарууга жардам берген акылмандыкка, билимге, кыраакылыкка азыртадан эле ээ боло алабыз (Накыл 2:1—5). Жеткилеңсиз адамдардын ойлогон ою, көздөгөн максаттары улам өзгөрө берет. Ал эми, забурчу таамай айткандай, «Жахабанын ой-максаты кылымдар бою өзгөрбөйт, жүрөгүндөгү ойлор муундан муунга өтөт» (Заб. 33:11). Ырас, ойлорубуз да, иштерибиз да чексиз акылман Кудайыбыздын ой жүгүртүүсүнө шайкеш келгенде, эң мыкты чечимдерди чыгара алабыз.

кантип колдонсом болот?