Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп сага дагы деле таасир этип жатабы?

Ыйык Китеп сага дагы деле таасир этип жатабы?

«Акылыңарды жаңыртып, өзгөргүлө» (РИМ. 12:2).

ЫРЛАР: 61, 52

1—3. а) Чөмүлгөндөн кийин кайсы жактардан өзгөрүү кыйын болушу мүмкүн? б) Кемчиликтерибиз менен күрөшүү өзүбүз ойлогондон кыйын экенин байкаганда кандай ойлор келиши мүмкүн? (Макаланын башындагы сүрөттөрдү кара.)

ЫЙЫК КИТЕПТИ изилдегенден тартып Кевин [1] Жахаба менен дос болууну абдан самай баштаган. Ал көп жылдар бою кумар ойноп, тамеки чегип, ичимдик ичип, баңгизат колдонуп келген. Бирок Кудайга жагыш үчүн Кевин ушул жаман адаттарынын баарынан арылышы керек эле. Ал Жахабага таянгандыктан жана анын зор күчкө ээ болгон Сөзүндө жазылгандарды колдонгондуктан ийгилик кыла алган (Евр. 4:12).

2 Чөмүлгөндөн кийин Кевинге өзгөрүлүүнүн зарылдыгы жок болуп калганбы? Андай эмес. Ал андан ары да Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтүп, жакшыра берүү үчүн колунан келишинче аракет кыла берген (Эф. 4:31, 32). Мисалы, ага кызуу кандуулугун жеңүү өзү ойлогондон алда канча оор болгон. «Ачуумду тыюуга үйрөнүү жаман адаттарымдан арылганга караганда бир топ эле кыйын болду»,— дейт Кевин. Ошентсе да ал Жахабадан жалындуу тиленип, Ыйык Китепти казып изилдегендин аркасында өзгөрө алган.

3 Кевин сыяктуу эле, көбүбүз Ыйык Китептеги негизги талаптарга ылайык жашаш үчүн чөмүлгөнгө чейин чоң өзгөрүүлөрдү кылганбыз. Бирок чөмүлгөндөн кийин Кудайды жана Иса Машаякты дагы жакшыраак туураш үчүн андан ары да өзгөрө беришибиз, көбүнчө анча байкала бербеген терс жактарыбызды оңдошубуз керектигин түшүнгөнбүз (Эф. 5:1, 2; 1 Пет. 2:21). Балким, башкаларды сындаганга, ушак айтканга жакын экенибизди, адамдардан коркорубузду же дагы башка алсыздыктарыбызды байкагандырбыз. Күрөшө баштаганда алардан арылуу өзүбүз ойлогондон да оор экенин баамдаган чыгарбыз. Эгер ошондой болсо: «Буга чейин көп нерсемди өзгөрттүм, анда эмне үчүн ушундай анча чоң эмес кемчиликтеримди жеңе албай кыйналып жатам? Кулк-мүнөзүм Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык калыптана бериши үчүн, дагы эмне кылсам болот?» — деп ойлонуп жаткандырбыз.

ӨЗҮҢДӨН ӨТӨ КӨПТҮ ТАЛАП КЫЛБА

4. Эмне үчүн дайыма эле Жахабага жакканды кыла бербейбиз?

4 Биз Жахабаны таанып-билип, аны жакшы көргөндүктөн ага жагууну чын жүрөктөн каалайбыз. Тилекке каршы, жеткилеңсиздиктен улам дайыма эле ага жакканды кыла бербейбиз. Ошондуктан: «Жакшылык кылууну каалаарын каалайм, бирок кылбайм»,— деп кейиген элчи Пабылдыкындай сезимде болгон учурларыбыз көп болот (Рим. 7:18; Жкп. 3:2).

5. Чөмүлгөнгө чейин кандай өзгөрүүлөрдү кылганбыз, бирок дагы деле кандай алсыздыктарыбыз менен күрөшүп жатышыбыз мүмкүн?

5 Жыйналыштын мүчөсү болуш үчүн адегенде Кудай жек көргөн иштерибизди таштаганбыз (1 Кор. 6:9, 10). Бирок биз дагы деле жеткилең эмеспиз (Кол. 3:9, 10). Андыктан чөмүлгөндөн кийин да, атүгүл чындык жолунда жүргөнүбүзгө көп жыл болсо да, жаңылыштык кетиребиз, мурунку каталарыбызды кайталап алабыз же терс ой-сезимдерибиз, каалоолорубуз менен күрөшө беребиз. Айрым кемчиликтерибизди жеңүү үчүн көптөгөн жылдар бою күрөшүүгө туура келет.

6, 7. а) Жеткилеңсиз болсок да, эмненин аркасында Жахаба менен дос боло алабыз? б) Эмне үчүн Жахабадан кечирим сурагандан уялбашыбыз керек?

6 Бизге жеткилеңсиздик тукум кууп өтсө да, Жахаба менен ынак болуп, ага кызмат кыла алабыз. Анткени Жахаба бизди тандап алганда ката кетирип аларыбызды жакшы билген (Жкн. 6:44). Ал кулк-мүнөзүбүздү, жүрөгүбүздө эмнелер жатканын эң сонун билгендиктен кайсы кемчиликтерибиз менен күрөшүү оор болорун, кээде жаза басып аларыбызды да билгени шексиз. Ошентсе да ал биз менен дос болуудан баш тарткан эмес.

7 Бизди жакшы көргөндүктөн Кудай теңдешсиз белек тартуулаган: өзүнүн сүйүктүү Уулун кун катары берген (Жкн. 3:16). Күнөө кылып алганда өкүнүп, Жахабадан кундун негизинде кечиришин сурансак, аны менен болгон мамилебизди сактап каларыбызга бекем ишенсек болот (Рим. 7:24, 25; 1 Жкн. 2:1, 2). Өзүбүздү күнөөгө баткан кир кишидей сезип жатсак, Жахабага кайрылгандан уялышыбыз керекпи? Жок. Андай кылганыбыз, суу турса да, кир болуп калган колубузду жуубай койгонго окшоп калмак. Жахаба кунду өкүнгөндөрдүн күнөөсү кечирилиши үчүн берген. Кун төлөнгөндүктөн, биз күнөөкөр пенде болсок да, Жахаба менен дос боло алабыз. (Оку: 1 Тиметей 1:15.)

8. Эмне үчүн алсыз жактарыбызга көз жуумп койбошубуз керек?

8 Албетте, биз алсыздыктарыбызга көз жуумп койбошубуз керек. Жахаба менен болгон мамилебизди чыңдоо өз ичине аны жана Машаякты жакшыраак тууроого, алардын көңүлүнө жаккан адам болууга умтулууну камтыйт (Заб. 15:1—5). Ошондой эле алсыз жактарыбызды ооздуктоого, колдон келсе, аларды түп-орду менен жок кылганга аракет кылууну билдирет. Ооба, жаңы эле чөмүлдүкпү же Жахабага кызмат кылып жатканыбызга көп жыл болдубу, баарыбыз оңоло беришибиз керек (2 Кор. 13:11).

9. «Жаңы табиятка» мүнөздүү сапаттарды өрчүтө берерибиз эмнеден көрүнүп турат?

9 Оңолуп, «жаңы табиятты кийүү» талыкпай күч жумшоону талап кылат. Элчи Пабыл ишенимдештерине мындай кеңеш берген: «Мурдагы жашоо мүнөзүңөргө ылайык калыптанган, адаштыруучу кумарларынан улам чирип бараткан эски табиятты чечишиңер керек. Силер акылыңарга түрткү берүүчү күч менен мындан ары да жаңыланып, Кудайдын эркине ылайык жаратылган жана чыныгы адилдик менен берилгендиктин талаптарына жооп берген жаңы табиятты кийишиңер керек» (Эф. 4:22—24). «Мындан ары да жаңыланып» деген сөздөрдөн «жаңы табиятты кийүү» үзгүлтүксүз иш-аракет экенин билүүгө болот. Бул, бир чети, бизди бекемдейт. Себеби мындан, Жахабага канча убактан бери кызмат кылып келатпайлы, «жаңы табиятка» мүнөздүү сапаттарды өрчүтүп, барган сайын жакшыра берерибиз көрүнүп турат. Ырас, Ыйык Китептин жардамы менен жакшы адам боло алабыз.

ЭМНЕ ҮЧҮН АБДАН КЫЙЫН?

10. Кулк-мүнөзүбүз Кудайдын Сөзүнө ылайык калыптанышы үчүн эмне талап кылынат жана буга байланыштуу кандай суроолор туулат?

10 Кулк-мүнөзүбүздүн Кудайдын Сөзүнө ылайык калыптанышын кааласак, өзүбүз тынымсыз аракет кылышыбыз керек. Буга көп күч жумшаганыбыз эмне үчүн маанилүү? Эгер Жахаба аракетибизге батасын берип жатса, эмне себептен рухий жактан оңой эле өсүп кетпейбиз? Жакшы сапаттарды көп күч жумшабай эле өрчүтө алышыбыз үчүн, Жахаба туура эмес каалоолорубузду жок кылып салса болбойбу?

11—13. Эмне үчүн Жахаба алсыздыктарыбыз менен күрөшүшүбүздү каалайт?

11 Ай-аалам жөнүндө ой жүгүрткөндө Жахабанын эбегейсиз күчкө ээ экенин түшүнөбүз. Алсак, Күн ар бир секунда сайын беш миллион тонна материяны энергияга айлантат. Жердин атмосферасына ошол энергиянын кенедей эле бөлүгү жетсе да, жерди тиричилик үчүн керек болгон жылуулук жана жарык менен камсыз кылып турат (Заб. 74:16; Ыш. 40:26). Жахаба зарыл болгондо кызматчыларына күч берүүгө даяр (Ыш. 40:29). Ал тургай, алсыздыктарыбыздын баарын көп күч жумшабай эле же каталарыбыздан сабак алып отурбай эле жеңе алышыбыз үчүн, бизге жетиштүү күч берип коё алат. Анда эмне үчүн азыр андай кылбайт?

12 Кудай бизге баа жеткис белек — чечим чыгаруу эркиндигин — берген. Ошол эркиндигибизди туура колдонуп, Жахабанын эркин аткарууну тандасак жана аны аткаруу үчүн колубуздан келгендин баарын кылсак, аны абдан жакшы көрөрүбүздү, ага жаккыбыз келерин, эгедерлигин колдоорубузду көрсөтөбүз. Шайтан Жахабанын бийлик кылууга укуктуу экенин талашка салып келет. Андыктан асмандагы мээримдүү, ыраазы боло билген Атабыз анын эгедерлигин жан-дилден, өз ыктыярыбыз менен колдоп жатканыбызды абдан баалайт (Аюп 2:3—5; Накыл 27:11). Эгер ал, анын ырайымына ээ болушубуз үчүн, бизди бардык кемчиликтерибизден өзү эле толугу менен арылтып коё турган болсо, алар менен күрөшүүгө туура келмек эмес. Анда ага болгон берилгендигибизди, эгедерлигин колдоорубузду иш жүзүндө далилдей алат белек?

13 Ошондуктан Жахаба бизди жакшы сапаттарды өрчүтүүгө «бүт күч-аракетибизди» жумшоого үндөп келет. (Оку: 2 Петир 1:5—7; Кол. 3:12.) Ал ойлорубузду, сезимдерибизди башкаруу үчүн талыкпай аракет кылышыбызды күтөт (Рим. 8:5; 12:9). Эгер ошентсек, дагы деле Ыйык Китепке ылайык калыптанып жатканыбызды билип, зор канааттануу алабыз.

КУДАЙДЫН СӨЗҮ САГА МЫНДАН АРЫ ДА ТААСИР ЭТЕ БЕРСИН

14, 15. Жахабага жаккан сапаттарды өрчүтүү үчүн эмне кылсак болот? ( «Ыйык Китептин жана тиленүүнүн жардамы менен өзгөргөндөр» деген кутучаны кара.)

14 Жакшы сапаттарды өрчүтүп, Жахабага жагуу үчүн эмне кылсак болот? Кайсы жактардан жакшырышыбыз керектигин аныктап койгонубуз жетишсиз. Кудайдын мыйзам-принциптерине ылайык иш кылуу үчүн күч жумшай беришибиз керек. Анткени Римдиктер 12:2де: «Мындан ары өзүңөрдү бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол бербегиле. Тескерисинче, Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан, жеткилең эркин таанып-билишиңер үчүн, акылыңарды жаңыртып, өзгөргүлө»,— деп жазылган. Жахаба өзүнүн Сөзү, ыйык руху аркылуу бизге эркин тереңирээк түшүнүүгө, аткарууга жана талаптарына жооп беришибиз үчүн тийиштүү өзгөрүүлөрдү кылууга жардам берет. Ан үчүн Ыйык Китепти күн сайын окуп, билгендерибиз тууралуу ой жүгүртүп, ыйык рух сурап тиленишибиз керек (Лк. 11:13; Гал. 5:22, 23). Эгер ыйык рухтун жетекчилигине баш ийсек жана Жахабадай ой жүгүртүүгө үйрөнсөк, ойлорубуз, сөздөрүбүз, иштерибиз ага көбүрөөк жага баштайт. Бирок ошондо да сак болуп, алсыздыктарыбыз менен күрөшө беришибиз зарыл (Накыл 4:23).

Алсыздыгыбызды жеңүүгө жардам берген аяттарды, макалаларды чогултуп, окуп туруу абдан пайдалуу (15-абзацты кара)

15 Жахабанын кереметтүү сапаттарын дагы жакшыраак чагылдыра алышыбыз үчүн, Ыйык Китепти күн сайын окугандан тышкары, аны уюм чыгарган адабияттардын жардамы менен терең изилдешибиз керек. Айрым бир туугандар жакшы сапаттарды өрчүтүүгө же кайсы бир алсыздыгын жеңүүгө жардам берген аяттарды, ошондой эле «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарына чыккан макалаларды чогултуп, маал-маалы менен окуп туруу абдан пайдалуу экенин байкашкан.

16. Рухий жактан жай ийгилик кылып жатканыбыздай сезилсе, эмне үчүн көңүлүбүздү чөгөрбөшүбүз керек?

16 Жахабаныкындай сапаттарды өрчүтүү үчүн убакыт талап кылынат. Ошондуктан бул жагынан жай ийгилик кылып жатканыңдай сезилсе, чыдамдуу бол. Адегенде Ыйык Жазмада туура деп эсептелген иштерди кылууга өзүбүздү мажбурлашыбыз керек болот. Бирок убакыттын өтүшү менен ойлорубуз, иштерибиз Жахабаныкына шайкеш келе баштаганда, ага жаккандай ой жүгүртүү жана иш кылуу оңоюраак боло баштайт (Заб. 37:31; Накыл 23:12; Гал. 5:16, 17).

ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕКТИ ЭСИҢДЕ БЕК САКТА

17. Жахабага берилгендигибизди сактасак, бизди кандай келечек күтүп турат?

17 Жахабанын берилген кызматчылары келечекте жеткилеңдикке жетип, ага түбөлүккө кызмат кылышат. Ал убакта азыркыдай болуп кемчиликтерибиз менен күрөшүүгө туура келбейт, тескерисинче, жакшы сапаттарды чагылдыруу жеңил да болот, кубаныч да тартуулайт. Бирок, бактыга жараша, кундун аркасында биз мээримдүү Кудайыбызга азыртадан эле кызмат кылуудабыз. Ыйык Китепте жазылгандарга баш ийип, өзгөрүлүүгө аракет кыла берсек, жеткилеңсиз болгонубузга карабай Жахабанын жүрөгүн кубанта алабыз.

18, 19. Ыйык Китептин бизге жакшы жакка өзгөрүүгө жардам бере алары эмнеден көрүнүп турат?

18 Макаланын башында айтылган Кевин бир тууган ачуусун тыюуга үйрөнүш үчүн багынбай аракет кыла берген. Ал Ыйык Китептеги принциптер жөнүндө ой жүгүртүп, аларды иш жүзүндө колдонгондон тышкары, ишенимдештери берген кеңештерди кабыл алган. Бир нече жылдын ичинде эле бир топ ийгилик кылып, бара-бара кызмат жардамчысы, анан аксакал болуп дайындалган. Анын аксакал болуп кызмат кылып келатканына 20 жылдын жүзү болду. Ошентсе да ал мурунку жаман иштерин кайталап албаш үчүн дагы деле сак жүрөт.

19 Кевиндин жашоосунан Ыйык Китептин Кудайдын кызматчыларына жакшы жакка өзгөргөнгө жардам бере алары көрүнүп турат. Андыктан, келгиле, эч качан багынбай, мындан ары да кулк-мүнөзүбүздү Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык калыптап, Жахаба менен мурдагыдан да ынак боло берели (Заб. 25:14). Кылган аракетибизге Жахабанын батасын берип жатканын көргөн сайын, Ыйык Китептин таасири менен өзгөрүп жатканыбызды айкыныраак сезе беребиз (Заб. 34:8).

^ [1] (1-абзац) Ысмы өзгөртүлдү.