Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БИЗДИН АРХИВДЕН

«Иш кимге тапшырылган?»

«Иш кимге тапшырылган?»

1919-ЖЫЛДЫН 1-сентябры, дүйшөмбү. Бир нече күн бою соккон суук шамал менен дене бойду ичиркенткен муздак жамгыр токтоп, күн чайыттай ачылып, айлананы жылуу нуруна бөлөп турду. Түштөн кийин жыйынга келген 1 000ге жакын киши Сидар-Пойнттогу (Огайо штаты, АКШ) 2 500 орундук залга чогулду. Кайык, машине, атайын жалданган поезддер менен кечке чейин дагы 2 000ден ашуун киши келди. Элдин саны улам көбөйүп отуруп, шейшемби күндөн баштап жыйындын калган бөлүгү асман тиреген бак-дарактардын арасында өткөрүлдү.

Жалбырактарды аралап өткөн күн шооласы эркектердин кийимине түркүн оюу түшүрсө, аялдардын шляпаларындагы үлбүрөгөн куштун жүнү Эри көлүнөн соккон салкын желдин эпкинине ыргалып турду. «Дүйнөнүн ызы-чуусунан алыс жайгашкан сейил бактай кооз жерде өзүбүздү бейиште жүргөндөй эле сездик»,— деген бир ишенимдешибиз.

Бирок көз жоосун алган жаратылыштан да жыйынга келгендердин нурданган жүзү айлананын көркүнө көрк кошуп турду. Жергиликтүү бир гезитте: «Баары ушунчалык динчил болсо да, жадырап-жайнап, кубанычтуу жүрүшөт экен»,— деп жазылган. Бир нече жылга созулган катуу сыноолордон: согуш учурундагы куугунтук, жыйналыштардагы ич ара келишпестик, Бруклиндеги Бейтелдин жабылышы, Падышалыктын иши үчүн көптөрдүн түрмөгө камалышы, анын ичинде жетекчиликти колго алган 8 бир туугандын 20 жылга кесилиши сыяктуу кыйынчылыктардан кийин бир туугандар бири-бири менен көрүшкөнүнө кубанычы койнуна батпай сүйүнүп жатышты *.

Азап менен коштолгон ошол коогалаңдуу мезгилде айрым бир туугандар кабар айтпай калышкан эле. Бирок көптөрү, бийликтегилер кысым көрсөтсө да, туруктуулугунан жазган эмес. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдү суракка алган бир тергөөчү алардын катуу эскертүү берилгенине карабай: «Биз Кудайдын сөзүн аягына чейин жарыялай беребиз»,— деп чечкиндүү түрдө айтышканын билдирген.

Сыноо учурунда ишенимдүү кызмат кылган Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр «Мырзабыздан жетекчилик издеп,.. Атабыздан жол көрсөтүшүн сурап дайыма тиленип келишкен». Эми болсо баарынын Сидар-Пойнттогу жыйынга чогулганына жүрөктөрү толкуп жатты. Бир ишенимдешибиз: «Баарыбыз ишти кайрадан кантип от алдырабыз деп түпөйүлдөнүп турдук»,— деп айткан. Ооба, алар биринчи кезекте кабар айтуу ишине киришүүнү каалашкан.

«GA» — ЖАҢЫ КУРАЛ

Делегаттар бир жума бою жыйындын программасында, алар үчүн даярдалган баракчаларда жана жыйын өткөн жердеги тактайчаларда жазылган «GA» деген тамгалар кантип чечмеленет болду экен деп ойлонушкан. Акыры, «Кызматташтардын күнү» деп аталган жума күнү Жозеф Рутерфорд бир тууган 6 000 кишиге сырдуу тамгалардын эмнени билдирерин түшүндүрүп берген. Көрсө, «GA» деген ал эки тамга «Алтын кылым» * (англисче «Golden Age») деп аталган, кызматта колдонула турган жаңы журналдын аталышы экен.

Исанын майланган жолдоочулары жөнүндө сөз кылып, Рутерфорд бир тууган мындай деген: «Алар баштан кечирген кыйынчылыктарына эле көңүл топтобостон, ишенимдин көзү менен Машаяктын даңктуу башкаруусунун убагында боло турган Алтын кылымды да көрүп жатышат... Алар дүйнө жүзүнө Алтын кылым тууралуу жарыялоону негизги милдети катары да, зор сыймык катары да эсептешет. Бул — алардын Кудайдан алган тапшырмасы».

Мукабасында «Чындык, үмүт жана ишеним жөнүндөгү журнал» деп жазылган «Алтын кылым» журналы чындыкты кабарлоонун жаңы ыкмасына — үймө-үй кыдырып, журналга жазылгысы келгендерди издөө ишине — жол ачкан. Рутерфорд бир тууган бул ишке канча киши катышкысы келерин сураганда, баары ордуларынан жапырт турушкан. Анан Иса Машаяктын жолдоочуларына гана мүнөздүү болгон ынталуулук, шыктануу менен «О, Кудайыбыз, жарыгың менен чындыгыңды жибере көр» деген ырды ырдашкан. «Ошондо жер жаңырткан үнүбүздөн дарактар силкилдей түшкөндөй эле болгон. Ал күндү эч качан унутпайм»,— деп эскерген Ж. М. Норрис бир тууган.

Ошол күнкү программадан кийин журналга жазылгысы келгендер бир нече саат бою узун кезекте турушкан. Көптөр: «Кайрадан ишке киришерибизди билгенде баарыбыз төбөбүз көккө жете сүйүндүк»,— деп айткан Мэйбл Филбрик бир туугандыкындай сезимде болушкан.

«ИШ КИМГЕ ТАПШЫРЫЛГАН?»

Ишти баштоого 7 000дей бир тууган даяр турган. «Уюштуруу ыкмасы» деп аталган баракча менен «Иш кимге тапшырылган?» деген китепчеде кандай чаралар көрүлүп жатканы түшүндүрүлгөн: кабар айтууну башкы башкармалыкта жаңы уюшулган кызмат бөлүмү жетектемек. Ал эми жыйналыштарда кызмат комитети түзүлүп, көрсөтмөлөрдү берип турган жетекчи дайындалмак. Аймактарды 150—200 үйдөн кылып бөлүшмөк. Бир туугандар кабарда болгон окуялары менен бөлүшүп, кызмат отчётун тапшырышы үчүн, бейшемби күнү кечинде кызмат жолугушуусу өткөрүлүп турмак.

«Жыйындан үйгө кайтып баргандан кийин журналга жазылуу өнөктүгүн дароо баштадык»,— деген Херман Филбрик. Алардын кабарына кулак каккандар көп болгон. Бюлэ Кови деген бир тууган: «Кандуу согуштун айынан көрбөгөн азапты көргөн эл алтын кылым жөнүндөгү кабарыбызды кызыгып угуп жатты»,— деп айткан. Ал эми Артур Клаус деген ишенимдешибиз: «Журналга жазылгандардын ушунчалык көп болгонуна жыйналыштагылардын баары таң калдык»,— деп жазган. «Алтын кылым» журналынын биринчи саны чыккандан кийинки эки айдын ичинде эле жарым миллион нуска таратылып, 50 000 киши журналга жазылган.

1920-жылы 1-июлда чыккан «Күзөт мунарасындагы» «Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар» деген макала аркылуу жарчылардын баары, А. Х. Макмиллан бир тууган айткандай, «кабар айтуу ишин дүйнө жүзү боюнча жүргүзүүгө биринчи жолу расмий түрдө чакырылган». Ал макала Машаяктын майланган жолдоочуларына «асман Падышалыгынын келерине абдан аз калганын бүт дүйнөгө жар салууга» түрткү берген. «Иш тапшырылган» Машаяктын бир туугандарына кошулгандар азыр миллиондоп саналат. Алардын баары Машаяк бийлик кыла турган алтын кылымды күтүү менен бирге кабар айтуу ишине жигердүү катыша берүүгө чечкиндүү.

^ 5-абз. Кара: «Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары» (ор.), 6-бөлүм, «Сыноо учуру (1914—1918-ж.)».

^ 9-абз. «Алтын кылым» журналынын аталышы 1937-жылы «Сооротуу», ал эми 1946-жылы «Ойгонгула!» деп өзгөртүлгөн.