Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Мунун баарын» эмес, Падышалыкты изде

«Мунун баарын» эмес, Падышалыкты изде

«Мындан ары да [Кудайдын] Падышалыгын издегиле, ошондо силерге мунун баары берилет» (ЛК. 12:31).

ЫРЛАР: 40, 98

1. Муктаждык менен каалаган нерселерибиздин ортосунда кандай айырмачылык бар?

«АДАМГА чындап керектүү нерселер аз эле, ал эми каалаган нерселеринин чеги жок». Мындай сөздөрдү көп эле угуп калабыз. Көптөр муктаждык менен каалоонун ортосундагы айырманы жакшы билбейт көрүнөт. Анда бул эки нерсе эмнеси менен айырмаланат? Муктаждык — бул абдан зарыл болгон нерсе. Ансыз жашоо мүмкүн эмес. Ал өз ичине тамак-ашты, кийим-кечени жана баш калкалаар жайды камтыйт. Ал эми каалаган нерселерибизге биз ээ болгубуз келген, бирок жашообуз ансыз деле өтө берчү нерселер кирет.

2. Адамдар кайсы нерселерге ээ болууну каалашат?

2 Жашаган жерибизге жараша каалаган нерселерибиз ар кандай болушу мүмкүн. Алсак, өнүгүп келаткан өлкөлөрдө көптөр чөнтөк телефон, мотоцикл же алакандай жер сатып алууну эңсеши ыктымал. Байыраак өлкөлөрдө жашагандар болсо кычырап кийингиси, заңгыраган үйдө жашагысы же кымбат машине тепкиси келиши мүмкүн. Кайсы жерде жашабайлы, кереги бар-жогун же чама-чаркыбыз жетер-жетпесин эске албай эле, улам бир нерсеге ээ болууну самай берсек, дүнүйөкордуктун тузагына түшүп калышыбыз ыктымал.

ДҮНҮЙӨКОРДУКТУН ТУЗАГЫНАН САК БОЛ

3. Дүнүйөкордук деген эмне?

3 Дүнүйөкордук деген эмне? Бул рухий байлыкты көздөбөй, кадимки байлыктын артынан сая түшүүнү билдирет. Кимдир бирөөнүн дүнүйөкор экени жашоосунда биринчи орунга койгон, каалаган же умтулган нерселеринен көрүнөт. Дүнүйөкор киши байлыкты эңсей берет. Ал кымбат нерселерди сатып албашы же акчалуу болбошу деле мүмкүн. Атүгүл кедейлер да байлыкка жетүүнү көксөп, Падышалыкты биринчи орунга койбой калышы толук ыктымал (Евр. 13:5).

4. Шайтан «көз кумарын» кантип ойготот?

4 Шайтан соода-сатык тармагын колдонуп, жашоодон чындап ыракат алуу үчүн муктаж болгон нерселерден башка дагы көп нерсеге ээ болушуң керек деген ойго ишендиргиси келет. Ал «көз кумарын» ойготууга аябай маш (1 Жкн. 2:15—17; Башт. 3:6; Накыл 27:20). Бул дүйнө болбогон нерселерге да, укмуш нерселерге да жык толгон. Айрымдары көздү кычыштырбай койбойт. Кайсы бир буюмду жарнамадан же дүкөндөн көрүп калганың үчүн эле сатып алган учуруң болду беле? Балким, кийин ансыз деле жашаса болорун түшүнгөндүрсүң. Анча кереги жок андай нерселер жашообузду татаалдантып, түйшүк тарттыргандан башка пайда алып келбейт. Алар бизге тузак тартып, Ыйык Китепти изилдөөгө, жыйналыш жолугушууларына даярданууга, барууга жана кызматка үзгүлтүксүз катышууга тоскоолдук кылат. Элчи Жакандын: «Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот»,— деген сөздөрүн унутпа.

5. Дүнүйө топтоого бүт күчтү жумшоонун кесепети кандай болот?

5 Шайтан биздин Жахабанын эмес, байлыктын кулу болушубузду самайт (Мт. 6:24). Дүнүйө топтоого бүт күчүн жумшаган киши өзүнүн эле каалоосун канааттандыргандыктан, жашоосу маңызсыз болот. Андан да жаманы, Жахабага жана анын Падышалыгына болгон ишеними алсырайт, өзүн азапка салып, көңүл кайттыкка учурайт (1 Тим. 6:9, 10; Аян 3:17). Ал Иса пайгамбардын себүүчү жөнүндөгү мисалындагыдай болуп калат. «Тикенекке» салыштырылган «башка каалоолор» жүрөгүн ээлеп алып, «Кудайдын сөзүн басып салат да, сөз жемиш бербей калат» (Мр. 4:14, 18, 19).

6. Барухтун мисалынан эмнени билүүгө болот?

6 Жеремия пайгамбардын катчысы Барухтун мисалын алалы. Иерусалимдин талкаланар убактысы жакындап келатса да, Барух бүгүн бар, эртең жок боло турган «чоң нерсени көксөй» баштаган. Бирок Жахаба ага: «Жаныңды олжо катары берем»,— деп сөз берген. Барух андан башканы эңсебеши керек болчу (Жер. 45:1—5). Себеби Жахаба кыйратыла турган шаарда эч кимдин мал-мүлкүн сактап калууга ниеттенген эмес (Жер. 20:5). Жакында Шайтандын дүйнөсүнүн таш-талканы чыгат. Андыктан азыр дүнүйө-мүлк топтой турган убак эмес. Улуу алаамат келгенде, колдо бар нерселерибизди, алар канчалык кымбат болбосун же аларды канчалык баалабайлы, сактап калабыз деп үмүттөнбөшүбүз керек (Накыл 11:4; Мт. 24:21, 22; Лк. 12:15).

7. Азыр кайсы суроолорго жооп алабыз жана жооп алганыбыз эмне үчүн маанилүү?

7 Анда канткенде маанилүү нерселерге көңүл топтоп, ошол эле учурда жаныбызды бага алабыз? Канткенде дүнүйөкордуктун тузагына түшпөйбүз? Эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбаганга эмне жардам берет? Иса пайгамбардын тоодо айткан насаатында буга байланыштуу баалуу кеңештер камтылган (Мт. 6:19—21). Келгиле анда, Матай 6:25—34-аяттарды окуп, талдап чыгалы. Бул бизге «мунун баарын» эмес, Падышалыкты издегенибиз туура экенине ынанууга жардам берет (Лк. 12:31).

ЖАХАБА БИЗГЕ БАРДЫК ЖАГЫНАН КАМ КӨРӨТ

8, 9. а) Эмне үчүн муктаж болгон нерселерибизди ойлоп тынчсызданбашыбыз керек? б) Адамдарга жана алардын муктаждыктарына байланыштуу Иса пайгамбар эмнени жакшы билген?

8 Оку: Матай 6:25, шилтеме. Иса пайгамбар тоонун этегине чогулган элге: «Жаныңар үчүн... тынчсызданганыңарды токтоткула»,— деген. Ошондо ал: «Санаа тарта бергениңерди токтоткула»,— деп айткандай эле болгон. Алар тынчсызданбашы керек болгон нерселерди ойлоп санаага бата беришкен. Исанын ошентип айтканынын орчундуу себеби бар эле. Атүгүл абдан зарыл болгон нерселерди ойлоп, санаага батуу адамдын оюн бөлүп, чындап маанилүү иштерден алаксытат. Шакирттеринин камын ойлогондуктан Иса аларга тынчсызданбашы керектиги жөнүндө төрт жолу эскерткен (Мт. 6:27, 28, 31, 34).

9 Эмне себептен Иса тамак-ашты, кийим-кечени ойлоп убайым тарта бербешибиз керектигин айткан? Булар жашоо үчүн абдан зарыл нерселер эмеспи? Албетте, ошондой. Аларга ээ болуу үчүн акча-каражатыбыз жок болуп калса, кантип тынчсызданбай коёбуз? Ооба, андайда сары санаа болорубуз айтпаса да түшүнүктүү. Муну Иса да жакшы билген. Ага адамдардын күнүмдүк турмушта эмнеге муктаж болору белгилүү болчу. Андан тышкары, көп кылымдардан кийин акыркы «оор күндөр» башталарын жана жолдоочуларынын жашоосу улам барган сайын кыйындай турганын билген (2 Тим. 3:1). Ал кыйынчылыктарга жумушсуздук, кымбатчылык, тамак-аштын жетишсиздиги, ачарчылык кирет. Бирок Иса «тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат» экенин андан да жакшы түшүнгөн.

10. Исанын шакирттерине тиленүүнү үйрөткөндө айткан сөздөрүнө ылайык, жашообузда эмне биринчи орунда турушу керек?

10 Бир жолу Иса Машаяк шакирттерине асмандагы Атасынан зарыл нерселер менен камсыз кылышын сураса орундуу болорун айтып: «Бүгүнкү күнгө керектүү наныбызды бере көр»,— деп тиленүүгө үйрөткөн (Мт. 6:11). Башка жолкусунда болсо: «Бизге ушул күнгө жеткидей нан бере көр»,— деп тиленүүгө чакырган (Лк. 11:3). Бирок анын ошентип айтканы күнүмдүк нерселерди дайыма ойлой беришибиз керектигин билдирбейт. Үлгү иретиндеги ошол эле тиленүүдө ал Кудайдан биринчи кезекте анын Падышалыгынын келишин сурашыбыз керектиги жөнүндө да сөз кылган болчу (Мт. 6:10; Лк. 11:2). Иса шакирттерине тынчсыздануунун зарылдыгы жок экенин түшүндүрүү үчүн Жахабанын камкор экенинен кабар берген көптөгөн далилдерди келтирген.

11, 12. Жахабанын канаттууларга кам көргөнүнөн эмнени биле алабыз? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

11 Оку: Матай 6:26. Биз «көктө учкан канаттууларга» кылдат байкоо салышыбыз керек. Кичинекей болсо да, алар мөмө-жемиштин, дандын, чымын-чиркейдин жана курт-кумурскалардын түрү менен азыктанышат. Эгер алардын денесинин көлөмү адамдыкындай болсо, биз жегенден алда канча көп жешмек. Анткен менен канаттуулар жер иштетишпейт, эгин эгишпейт. Жахаба аларга керектүүнүн баарын өзү берет (Заб. 147:9). Албетте, ал азыкты алардын оозуна салбайт. Канаттуу-куштар азыгын өздөрү таап жеши керек. Бирок алар жеген азык абдан мол.

12 Иса пайгамбар асмандагы Атасынын канаттууларга кам көрүп, бирок адам баласынын негизги муктаждыктарын канааттандырбай коюшу такыр мүмкүн эмес экенин жакшы билген [1] (1 Пет. 5:6, 7). Жахаба тамак-ашты бизге өзү таап бербейт дечи, бирок азык-түлүк өндүрүш үчүн кылган эмгегибизге же зарыл нерселерди сатып алыш үчүн акча табууга жумшаган аракетибизге батасын берет. Ал эми аябай муктаж болгонубузда, башкаларга түрткү берип, алар аркылуу кам көрүп коёт. Ошондой эле Жахаба канаттууларды баш калкалаар жай менен өзү камсыз кылбаса да, өздөрү уя салып алышы үчүн, аларга ички туюм, жөндөмдүүлүк жана керектүү материалдарды берген. Ал бизге да ылайыктуу жай табууга жардам берет.

13. Канаттуулардан алда канча баалуу экенибизди эмне далилдеп турат?

13 Иса угуучуларына: «Силер [канаттуулардан] алда канча баалуу эмессиңерби?!» — деген. Ушул сөздөрдү айтып жатканда ал өзүнүн жакында адамзат үчүн өмүрүн курмандыкка берери жөнүндө ойлонсо керек (Салыштыр: Лк. 12:6, 7). Ооба, Иса өмүрүн жан-жаныбарлар же канаттуу-куштар үчүн берген эмес. Түбөлүк өмүргө ээ боло алышыбыз үчүн, ал өмүрүн биз үчүн курмандыкка чалган (Мт. 20:28).

14. Тынчсызданган киши эмне кыла албайт?

14 Оку: Матай 6:27. Эмне үчүн Иса пайгамбар тынчсызданган кишинин өз өмүрүн бир азга болсо да узарта албай турганын айткан? Анткени күнүмдүк муктаждыктарыбызды ойлоп, ашыкча сары санаа боло берсек, өмүрүбүз узарбай эле, кайра кыскарат.

15, 16. а) Жахабанын лилия гүлдөрүнө кам көргөнүнөн эмнени биле алабыз? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Кайсы суроолор жөнүндө ойлонуп көрүшүбүз керек жана эмне үчүн?

15 Оку: Матай 6:28—30. Кимибиз эле жарашыктуу кийинип жүргүбүз келбейт? Айрыкча, кызматка, жыйналыштарга, жыйындарга жакшынакай кийинип баргыбыз келери турган иш. Ошентсе да «кийимди ойлоп... тынчсызданбашыбыз» керек. Иса пайгамбар элдин назарын дагы бир жолу Жахабанын колунан бүткөн нерселерге бурган. Эгер «талаадагы лилия гүлдөрүнө» байкоо салсак, көп нерсени биле алабыз. Иса лилиялар тукумуна кирген гладиолус, гиацинт, чекилдек, жоогазын сыяктуу биринен бири өтө кулпурган гүлдөр жөнүндө сөз кылса керек. Алар жип ийрибейт, кийим тикпейт же токубайт. Бирок ал гүлдөрдүн кооздугуна суктанбаган бир да жан жок. «Атүгүл Сулайман да, канчалык атак-даңктуу болбосун, алардын бириндей да кийинген эмес».

16 Исанын кайсы ойду баса белгилегиси келгенине көңүл бурсаң. Ал: «Бүгүн талаада өсүп, эртең мешке ыргытыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди кантип кийиндирбей койсун, ишеними аздар?» — деген. Жахабанын адамдарды кийимсиз калтырбасы күмөнсүз. Бирок Исанын шакирттери башында буга толук ишене беришкен эмес (Мт. 8:26; 14:31; 16:8; 17:20). Алар Жахабага болгон ишенимин бекемдеп, ага таянышы керек болчу. Ал эми бизчи? Жахабанын бизге кам көргүсү келерине жана буга кудурети жетерине бекем ишенебизби?

17. Жахаба менен болгон мамилебизге эмне доо кетириши мүмкүн?

17 Оку: Матай 6:31, 32. Биз «дүйнөнүн адамдарындай» болбошубуз керек. Алар асмандагы Атабыздын анын Падышалыгын биринчи орунга койгондорго мээримдүүлүк менен кам көрөрүнө ишенишпейт. «Дүйнөнүн адамдары түйшүк тарткан» нерселердин баарына ээ болууга умтулсак, Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетирип алышыбыз мүмкүн. Ал эми Жахаба талап кылган нерселерди аткарып, рухий иштерди жашообузда биринчи орунга койсок, анын бизди жакшы нерселерден өксүтпөй турганына кымындай да шектенбесек болот. Кудайга болгон берилгендигибиз бизге, «ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз жана баш калкалаар жайыбыз болсо», ошого ыраазы болууга түрткү бериши кажет (1 Тим. 6:6—8).

КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫН БИРИНЧИ ОРУНГА КОЮП ЖАТАСЫҢБЫ?

18. Жахаба биз жөнүндө эмнени жакшы билет жана биз үчүн эмне кылат?

18 Оку: Матай 6:33. Биз Кудайдын Падышалыгын дайыма көңүлүбүздүн борборунда сакташыбыз керек. Ошентсек, Иса пайгамбар айткандай, бизге «мунун баары берилет». Эмне үчүн буга ишенсек болот? Анткени Иса ага чейинки аятта: «Силердин мунун бардыгына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет»,— деп айткан. Жахаба тамак-ашка, кийим-кечекке жана баш калкалаар жайга муктаж экенибизди атүгүл өзүбүз байкай электе эле билип коёт (Флп. 4:19). Ал кайсы кийимибизди жаңыртышыбыз керектигин, кандай азык-түлүк керек экенин, үй-бүлөбүздүн чоңдугуна жараша кандай үйгө муктаж экенибизди жакшы билет. Ооба, Жахаба бизди чындап муктаж болгон нерселерден эч качан куру калтырбайт.

19. Эмне үчүн эртеңкини ойлоп, убайым тарта бербешибиз керек?

19 Оку: Матай 6:34. Иса Машаяктын: «Эч качан... тынчсызданбагыла»,— деп экинчи ирет айтканын байкадыңбы? Ал Жахабанын бизге кам көрөрүнө толук ишенип, бир эле күндүн түйшүгүн ойлошубузду каалайт. Эгер эртеңкини ойлоп, убайым тарта берсек, Кудайга эмес, өзүбүзгө таяна башташыбыз мүмкүн. Мунун кесепетинде Жахаба менен болгон мамилебиз муздап, андан алыстап кетишибиз ыктымал (Накыл 3:5, 6; Флп. 4:6, 7).

БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ ПАДЫШАЛЫКТЫ ИЗДЕСЕҢ, КАЛГАНЫН ЖАХАБА БЕРЕТ

Падышалыктын иштерине көбүрөөк катышуу үчүн жашооңду жөнөкөйлөтө аласыңбы? (20-абзацты кара)

20. а) Жахабага эң жакшысын берүү үчүн кандай максат койсоң болот? б) Жашооңду жөнөкөйлөтүү үчүн эмне кылсаң болот?

20 Дүнүйө-мүлк топтойм деп Падышалыктын иштерин экинчи орунга жылдырып койсок, Жахабага толук кандуу кызмат кылууга күчүбүз калбай калат. Бирок биз Жахабага эң жакшысын бергибиз келет. Мисалы, сен жарчыларга муктаж болгон жыйналышка которула аласыңбы? Пионердик кызматты баштай аласыңбы? Эгер пионер болсоң, Падышалыктын жарчылары үчүн мектептен билим алуу жөнүндө ойлонуп көрдүң беле? Бейтелге же алыскы котормо кеңсесине келип-кетип толук эмес убакыт кызмат кылган кызматчы боло аласыңбы? Падышалык залын курууга жардам берүү үчүн жергиликтүү долбоордогу/курулуштагы толук эмес убакыт кызмат кылган ыктыярчы боло аласыңбы? Падышалыктын иштерине көбүрөөк катышуу үчүн жашооңду жөнөкөйлөтүү жөнүндө ойлонуп көргөнүң жакшы. Ошондой эле тиленип алып,  «Жашооңду кантип жөнөкөйлөтсөң болот?» деген кутучадагы кеңештер тууралуу ой жүгүртүп көр. Анан максатыңа жетүү үчүн тийиштүү кадамдарды жасай башта.

21. Эмненин аркасында Жахаба менен ынак мамиледе боло аласың?

21 Ырас, Иса орчундуу себептерден улам «мунун баарын» эмес, Падышалыкты издөөгө үндөгөн. Ан үчүн муктаждыктарыбызды ойлоп тынчсыздана бербешибиз керек. Эгер Жахабага ишеним артсак жана кудуретибиз жеткен күндө да, дүйнө сунуштаган нерселердин баарына ээ болууга же пайда болгон ар бир каалообузду аткарууга умтула бербесек, Жахаба менен ынак мамиледе боло алабыз. Жашообузду жөнөкөйлөтүүнүн аркасында алдыда күтүп турган «чыныгы жашоого бекем карманабыз» (1 Тим. 6:19).

^ [1] (12-абзац) Жахабанын кээде өзүнүн кызматчыларынын жокчулуктун азабын тартышына эмне үчүн жол берерин билиш үчүн 2014-жылдагы «Күзөт мунарасынын» 15-сентябрындагы санынын 22-бетине чыккан «Окурмандардын суроолорун» кара.