Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Коркпо, мен сага жардам берем»

«Коркпо, мен сага жардам берем»

ТҮН ИЧИНДЕ көчөдө жалгыз кетип баратканыңды элестетсең. Бир маалда артыңан бирөө келатканын байкап каласың. Токтосоң, ал да токтойт. Бат бассаң, ал да бат басат. Ошондо жакын жердеги досуңдун үйүн көздөй чуркайсың. Досуң эшикти ачып, үйүнө киргизгенде, жаның өз ордуна келе түшөт.

Балким, сен мындай жагдайга туш болгон эместирсиң. Бирок жашоодогу ар кандай кыйынчылыктардан улам коркунуч басып, тынчсызданган учурларың болсо керек. Мисалы, кайсы бир алсыздыгыңды жеңгиң келип, бирок аны кайра-кайра кайталап алып, кыйналып жаткандырсың. Же жумушуңан айрылып калып, канчалык аракет кылсаң да, көптөн бери жумуш таппай жүргөн чыгарсың. Же болбосо жашың өр тартып бараткандыктан, ден соолугуңду ойлоп, сары санаа болуп жаткандырсың. Же дагы башка кыйынчылыктар менен күрөшүп жүргөндүрсүң.

Кандай көйгөй болбосун, жүрөгүңдү өйүгөн нерселериңди бөлүшө ала турган жана зарыл учурда жардамга келе турган досуң болсо, аябай эле сүйүнмөктүгүң шексиз. Сенин ошондой досуң барбы? Ооба, бар. Жахаба Ыбрайым пайгамбарга дос болуп бергендей эле, сага да ошондой дос болуп бере алат. Муну Ышая 41:8—13-аяттар далилдеп турат. 10, 13-аяттарда Жахаба кызматчысына мындай дейт: «Коркпо, анткени мен сени мененмин. Элеңдебе, анткени мен сенин Кудайыңмын. Мен сага күч берем, жардам берем, сени адилдик боюнча оң колум менен колдойм... Анткени мен, Кудайың Жахаба, сени оң колуңан кармап турам. Сага: „Коркпо, мен сага жардам берем“,— деген менмин».

«СЕНИ ОҢ КОЛУҢАН КАРМАП ТУРАМ»

Бул сөздөр кандай гана бекемдээрлик! Өзүңдү Жахаба сүрөттөгөн жагдайда элестетип көрсөң. Жогорудагы аяттарда Жахабанын сени менен жетелешип баратканы айтылган эмес. Албетте, бул ойдун өзү деле бизди жубатары бышык. Бирок кимдир бирөө менен жетелешип баратканда, ал оң колу менен сенин сол колуңду кармайт. Ал эми Жахаба «адилдик боюнча оң колу» менен «сени оң колуңан кармап турат», мындайча айтканда, оор жагдайларда оң колуңдан тартып алат. Андай учурларда ал: «Коркпо, мен сага жардам берем»,— деп ынандыргандай эле болот.

Сен Жахабаны кыйынчылыкка туш болгонуңда дароо жардамга келген мээримдүү Атаңдай жана ынак Досуңдай көрөсүңбү? Ал сенин жыргалчылыгыңды ойлойт, кам көрөт жана сенден жардамын эч качан аябайт. Башыңа мүшкүл түшкөндө, коркунучка алдырбай, өзүңдү коопсуз сезишиңди каалайт. Анткени сени аябай жакшы көрөт. Ооба, ал — «кыйынчылык учурунда тез жардам берүүчүбүз» (Заб. 46:1).

МУРУНКУ КҮНӨӨЛӨРҮ ҮЧҮН ӨЗҮН ЖЕМЕЛӨӨ

Айрымдар мурун кылган кайсы бир күнөөсүнөн улам өзүн жемелеп, Кудайдын кечирген-кечирбегенин билбей, бушайман боло беришет. Эгер сен да ошентип жатсаң, Кудайга ишенимдүү кызмат кылган Аюп пайгамбар жөнүндө ой жүгүртүп көр. Ал да «жаш кездеги күнөөлөрүн» эстеп, бушайман болгон (Аюп 13:26). Мындай сезимдер Дөөтү падышаны да кыйнагандыктан, ал Жахабага: «Жаш кезимдеги күнөөлөрүм менен кылмыштарымды эстебе»,— деп жалбарган (Заб. 25:7). Ырас, жеткилеңсиз болгондуктан баарыбыз «күнөө кетирип, Кудайдын даңкынан айрылып калганбыз» (Рим. 3:23).

Ышая 41-бөлүмдөгү сөздөр, негизинен, Кудайдын байыркы элине карата айтылган. Алар ушунчалык күнөөгө баткандыктан, Жахаба аларга өкүм чыгарып, Бабылга туткундалып кетишине жол берип койгон (Ыш. 39:6, 7). Ошол эле учурда ал күнөөсү үчүн өкүнүп, ага кайрылган кызматчыларын туткундан бошоторун убада кылган (Ыш. 41:8, 9; 49:8). Жахаба бүгүн да чын жүрөктөн өкүнүп, анын ырайымына ээ болгусу келгендерди айкөлдүк менен кечирет (Заб. 51:1).

Такуе * деген ишенимдешибизди мисалга алалы. Ал порнография көрүү жана мастурбациялоо адатын жеңгенге бүт күчү менен аракет кылса да, кээде алсыздыгына алдырып койгон учурлары болгон. Андайда өзүн кандай сезчү? «Өзүмдү эч нерсеге татыксыз сезе берчүмүн. Бирок Жахабадан кечирим сураганымда, ал мени кайра тургузуп койгондой эле болчу»,— деп эскерет Такуе. Жахаба ага кантип жардам берген? Жыйналышындагы аксакалдар аны алсыздыгына жеңдирип койгондо дароо аларга кайрылууга үндөшкөн. Ал: «Аксакалдарга кайрылуу оңой эмес болчу, бирок алар менен сүйлөшкөндөн кийин кадимкидей бекемделип калчумун»,— дейт. Бир жолу аксакалдар райондук көзмөлчүнүн Такуеге кайтаруучулук жолугууга барышына кам көрүшкөн. Райондук көзөмөлчү ага: «Мен жөн жерден эле келип калган жокмун. Бул жерге аксакалдар каалагандыктан келдим. Алар бекемдеш үчүн атайын сени тандап алышты»,— деген. Такуе: «Күнөөкөр экениме карабай, Жахаба мага аксакалдар аркылуу жардам берди»,— дейт. Убакыттын өтүшү менен ал ийгилик кылып, үзгүлтүксүз пионер болуп дайындалган. Азыр болсо Бейтелде кызмат кылууда. Бул окуя тастыктап тургандай, жаза баскан учурларыңда Жахаба сага да колдоо көрсөтүп, кайрадан бутуңа турушуңа жардам берет.

ЖУМУШСУЗДУКТАН УЛАМ ТЫНЧСЫЗДАНУУ

Көптөрдүн санаасын санга бөлгөн көйгөйлөрдүн дагы бири — жумушсуздук. Айрымдар жумушунан айрылып калып, кайра башкасын таба албай көпкө кыйналышат. Ишке орношуу үчүн улам бир жерге барып, бирок оюң оңунан чыкпай жатса, кандай сезимде болот элең? Андайда кээ бирлер өздөрүн колунан эч нерсе келбечүдөй сезишет. Жумушсуз калганыңда, Жахаба сага кантип жардам берет? Албетте, ал дароо эле жакшы жумуш таап бербеши мүмкүн. Бирок Дөөтү пайгамбардын: «Мен жаш элем, эми карыдым, бирок Кудайдын адил адамды калтырып койгонун же анын урпактарынын нан сурап жүргөнүн көргөн жокмун»,— деген сөздөрүн эсиңе салышы ыктымал (Заб. 37:25). Ооба, Жахаба сени абдан баалайт жана «адилдик боюнча оң колу» менен колдоп, ага кызмат кыла беришиң үчүн, зарыл нерселер менен камсыз кылат.

Жумушуңдан айрылып калганда, Жахаба сага кантип жардам бериши мүмкүн?

Колумбияда жашаган Сара Жахабанын кам көрөрүнө өз тажрыйбасынан ынанган. Ал көптөргө белгилүү компанияда иштечү. Маянасы жакшы болгону менен, жумушу көп күчүн, убактысын алчу. Сара Жахабага көбүрөөк кызмат кылгысы келгендиктен жумушунан чыгып, пионердик кызматты баштаган. Бирок ага жарым күндүк жумуш табуу оңой болгон эмес. Ошондуктан чакан дүкөн ачып, балмуздак сата баштаган. Тилекке каршы, бара-бара каражаты түгөнүп, дүкөнүн жабууга туура келген. Сара: «Үч жыл бою жумушсуз жүрсөм да, Жахаба кам көргөндүктөн, ачка калган жокмун»,— деп эскерет. Ал чындап эмнеге муктаж экенин ажырата билүүгө жана эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбоого үйрөнгөн (Мт. 6:33, 34). Кийинчерээк мурунку жетекчиси аны кайрадан жумушка чакырган. Сара ага жарым күн иштеп, рухий иштерге катышканга жетиштүү убакыт берсе гана макул болорун айткан. Мурункудай көп айлык албаса да, ал пионердик кызматын улантып келет. Жашоосундагы ошол оор учурлар тууралуу ал: «Жахаба мага мээримдүүлүк менен кам көрүп жатканын сезчүмүн»,— дейт.

ЖАШЫ ӨР ТАРТКАН САЙЫН, САНААГА БАТУУ

Жашы өр тартып баратканына тынчсыздангандар да арбын. Ардактуу эс алууга чыга турган куракка келип калгандардын көбү калган өмүрүн кандай өткөрөрүн, кенен жеп, кенен ичкенге акчасы жетер-жетпесин ойлоп тынчсызданышат. Ошондой эле ден соолугу барган сайын начарлай бериши мүмкүн экенин билгендиктен да санаа тартышат. Кыязы, Дөөтү пайгамбар да Кудайга: «Карыганымда, мени таштаба; алдан-күчтөн тайганымда, мени калтырба»,— деп жалбарган (Заб. 71:9, 18).

Анда Жахабанын улгайып калган кызматчыларына көп убайым тарта бербегенге эмне жардам берет? Алардын Кудайга болгон ишенимин бекемдеп, анын эч нерседен кем кылбай турганынан шектенбей, ага таяна бергени маанилүү. Мурда бардар жашап көнүп калгандарга жашоосун жөнөкөйлөтүп, колдо бар нерсеге топук кылууга үйрөнүү зарыл болушу мүмкүн. Алар «семиз өгүздүн этин жегенден көрө,.. жашылча тамак жеген артык» экенин, ден соолугуна да пайдалуу экенин байкашы ыктымал (Накыл 15:17). Жахаба ага жагууга умтулгандарды карыганда да эч нерседен өксүтпөйт.

Хосе, Роуз, Тони жана Уэнди

Жахабага толук убакыт кызмат кылган Хосе менен Роуз деген бир туугандардын мисалына токтололу. Алар ал кызматын 65 жылдан ашык убакыт бою аркалашкан. Ошону менен бирге, күнү-түнү кам көрүүгө муктаж болгон Роуздун атасын бир канча жыл карашкан. Ал эле эмес, Хосе рак оорусуна чалдыгып, операция жасаткан жана химиотерапия алып турушу керек болгон. Жахаба ишенимдүү кызмат кылган ал жубайларга оң колун сунганбы? Ооба. Ал Тони менен Уэнди деген жубайлар аркылуу аларга жашай турган жай таап берген. Тони менен Уэнди аны толук убакыт кызмат кылган бир туугандарга бекер берүүнү ойлоп жүрүшүптүр. Мурун Тони мектепте окуп жүргөндө класстын терезесинен Хосе менен Роуздун дайыма кызматта жүргөнүн көп көрчү экен. Ал жубайлардын ынталуулугуна суктанып, ушунчалык таасирленгендиктен аларды жакшы көрүп калыптыр. Улгайып калган ал ишенимдештеринин бүт өмүрүн Жахабанын кызматына арнаганына ыраазы болуп, Тони менен Уэнди толук убакыт кызмат кылгандарга бергиси келип жүргөн ал жайды ошол жубайларга беришкен. Алар акыркы 15 жылдан бери 85тердеги ал бир туугандарга жардам берип келишет. Хосе менен Роуз алардын камкордугун Жахабанын белеги катары көрүшөт.

Жахаба сени да «адилдик боюнча оң колу» менен кармап турарын убада кылат. Сага: «Коркпо, мен сага жардам берем»,— деп жаткан Кудайга колуңду сунуп, жардамын кабыл аласыңбы?

^ 11-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.