Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кийген кийимиң менен Кудайды даңктап жатасыңбы?

Кийген кийимиң менен Кудайды даңктап жатасыңбы?

«Баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла» (1 КОР. 10:31).

ЫРЛАР: 34, 61

1, 2. Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү кийимге байланыштуу бийик нормаларга карманышат? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

НИДЕРЛАНДИЯДА чыккан бир гезитте чиркөөнүн чогулушуна келген диний жетекчилер жөнүндө: «Ысыктан улам көптөрүнүн үйдө жүргөндөгүдөй кийинип алганы байкалды»,— деп жазылган. Ошол эле гезитте мындай деп кошумчаланган: «Ал эми жыйынга чогулган Жахабанын Күбөлөрү алардан кыйла айырмаланат... Эркектери кичинесинен чоңуна чейин костюм-шым кийип, галстук тагынышса, кыз-келиндери менен аялдары адептүү,.. ошол эле учурда заманга ылайык келген юбкаларды кийишет». Ооба, Жахабанын Күбөлөрү өздөрүн «тыкан кийим менен, уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен, Кудайга сыйынарын ырастаган [адамдарга] мүнөздүү жакшы иштер менен жасалгалаганы» үчүн көп мактоо сөздөрүн угушат (1 Тим. 2:9, 10). Бул аяттарда элчи Пабыл, негизинен, аялдар жөнүндө сөз кылса да, аларда камтылган принциптер эркектерге да тиешелүү.

2 Биз Жахабанын кызматчылары болгондуктан, адептүү кийингенибиз өзүбүз үчүн да, сыйынган Кудайыбыз үчүн да маанилүү (Башт. 3:21). Ыйык Китепте кийим, сырткы көрүнүш жөнүндө айтылгандардан Ааламдын Эгедери кызматчыларына буга байланыштуу бийик талаптарды коёрун билүүгө болот. Андыктан кандай кийинерибизди, сырткы көрүнүшүбүздүн кандай болорун өз каалообузга жараша чечпей, Эгедер Теңир Жахабанын көз карашын эске алышыбыз талап.

3. Кудайдын ысрайыл элине берген Мыйзамынан кийимге байланыштуу эмнени биле алабыз?

3 Мисалы, ысрайыл элине берилген Мыйзамда аларды ыпыластыкка берилген кошуна элдердин таасиринен коргогон көрсөтмөлөр бар болчу. Ал Мыйзамдан эркекти аялдан же аялды эркектен айырмалаш кыйын болгон кийимдерди кийүү Жахабанын алдында жийиркеничтүү экени айкын көрүнүп турган. Азыр да ошондой кийинген адамдар бар. (Оку: Мыйзам 22:5.) Кудайдын кийимге байланыштуу бекиткен нормаларынан эркектерди аялдардай, ал эми аялдарды эркектердей көрсөткөн же болбосо аял же эркек экени билинбеген кийимдер ага жакпай турганын биле алабыз.

4. Кудайдын кызматчыларына кийимге байланыштуу туура чечим чыгарууга эмне жардам берет?

4 Кудайдын Сөзүндө анын кызматчыларына кийимге байланыштуу туура чечим чыгарууга жардам берген принциптер камтылат. Кайсы жерде жашабайлы, ал жактын климаты, маданиятыбыз кандай болбосун, баарыбыз ошол принциптерге карманышыбыз керек. Албетте, бизге кайсы кийим ылайыксыз, кайсынысы ылайыктуу экенине байланыштуу узун тизменин кереги жок. Биз Ыйык Китептеги принциптерге жетектелишибиз керек. Ал принциптер болсо өзүбүзгө жаккандай кийим тандоого тоскоолдук кылбайт. Эмесе, кийимге байланыштуу чечим чыгарууда «Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан, жеткилең эрки» эмнеде экенин аныктоого көмөк кылган айрым принциптерди карап көрөлү (Рим. 12:1, 2).

«ӨЗҮБҮЗДҮ КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫ КАТАРЫ КӨРСӨТӨБҮЗ»

5, 6. Кийимибиз башкаларга кандай таасир этиши керек?

5 Элчи Пабыл ыйык рухтун жетеги менен 2 Корунттуктар 6:4төгү маанилүү принципти жазган. (Аятты оку.) Сырткы көрүнүшүбүздөн биз жөнүндө көп нерсени билүүгө болот. Көптөр бизге көргөнү боюнча баа берип, ошонун негизинде жыйынтык чыгарышат (1 Шем. 16:7). Андыктан Кудайдын кызматчылары катары биз кийимдин өзүбүзгө жакканына же ыңгайлуу болгонуна эле карабашыбыз керек. Кудайдын Сөзүнөн окуп билген принциптер денеге чапташкан, өтө эле ачык же туура эмес каалоолорду ойготкон кийимдерди кийбегенге түрткү бериши кажет. Ошол себептен дене мүчөлөрүбүздү атайын баса белгилеген же ачык көрсөткөн кийимдерди кийбешибиз талап. Кийген кийимибизден улам кимдир бирөө өзүн оңтойсуз сезбеши же көзүн ала качууга аргасыз болбошу зарыл.

6 Эгер кийимибиз жана сырткы көрүнүшүбүз таза, тыкан, жөнөкөй болсо, башкалар бизди Эгедер Теңир Жахабанын кызматчылары катары көбүрөөк сыйлашы, ошондой эле бизге кошулуп ага сыйынууга түрткү алышы мүмкүн. Андан сырткары, адептүү кийингенибиз алардын уюмубуз жөнүндө да жакшы ойдо калышына шарт түзөт. Мунун аркасында алар өмүргө ээ кыла турган кабарды жакшыраак угушу ыктымал.

7, 8. Кийген кийимибизге, өзгөчө, кайсы учурларда көңүл бурушубуз керек?

7 Биз кабарыбыздын баркын түшүрбөгөн, ыйык Кудайыбыздын даңкталышына шарт түзгөн кийимдерди кийүүгө анын алдында да, ишенимдештерибиз менен аймагыбыздагы адамдардын алдында да милдеттүүбүз (Рим. 13:8—10). Өзгөчө, жыйналышка барарда, кызматка чыгарда же дагы башка ушу сыяктуу рухий иштерди аткарарда кийимибизге көңүл бурганыбыз абдан маанилүү. Биз «Кудайга сыйынарын ырастаган» адамдардай кийинишибиз керек (1 Тим. 2:10). Айрым жерлерде ылайыктуу болгон кийимдер башка жерде ылайыксыз болушу мүмкүн. Андыктан Жахабанын бүт дүйнө жүзүндөгү кызматчылары эч кимди мүдүрүлтпөш үчүн жергиликтүү маданиятты эске алышат.

Кийген кийимиң башкаларга өзүң кызмат кылган Кудайды даңктоого түрткү береби? (7, 8-абзацтарды кара)

8 Оку: 1 Корунттуктар 10:31. Жыйынга барганда дүйнөдө кеңири таралган, көзгө шак эле урунган кийимдерди эмес, адептүү, жөнөкөй кийимдерди кийишибиз талап. Атүгүл мейманканага барганда, жыйынга чейин же андан кийин эс алып жүргөндө үйдөгүдөй же шалбырап-шулбурап кийинбегенибиз оң. Ошентсек, Жахабанын Күбөсү экенибизди айтуудан уялбай, мүмкүнчүлүк түзүлүп калганда, эркин кабар айта алабыз.

9, 10. Кийим тандоодо эмне үчүн Филипиликтер 2:4тө жазылгандарды эске алышыбыз керек?

9 Оку: Филипиликтер 2:4. Кудайдын кызматчылары кийген кийиминин ишенимдештерине кандай таасир этери жөнүндө эмне үчүн ойлонушу керек? Мунун бир себеби алар Ыйык Китептеги: «Бузуктукка, ыпыластыкка, жыныстык кумарларга, жаман каалоолорго жана бурканга табынуучулук болуп эсептелген ач көздүккө азгырган дене мүчөлөрүңөрдү өлтүргүлө»,— деген эскертүүгө ылайык иш кылууга бүт күчүн жумшашат (Кол. 3:2, 5). Эч кимибиз биздин айыбыздан ишенимдештерибизге ушул кеңешке кармануу оор болушун каалабайбыз. Мурун адеп-ахлаксыз жашоо өткөргөн бир туугандардын айрымдары дагы деле күнөөгө түрткөн каалоолору менен күрөшүп жүрүшү мүмкүн (1 Кор. 6:9, 10). Андыктан биз алардын күрөшүн ого бетер оордоткубуз келбейт.

10 Адептүү кийинүү менен жыйналыштын адеп-ахлактык жактан таза, коопсуз жай болушуна салым кошушубуз керек. Ишенимдештерибиз менен жыйналышта же башка жерлерде чогуу жүргөндө дайыма ушуну эстеп жүргүбүз келет. Албетте, кандай кийинүүнү ар бирибиз өз алдыбызча чече алабыз. Ошентсе да баарыбыз башкалардын адеп-ахлактык жактан таза бойдон калышына жана ойлогон оюнун, сүйлөгөн сөзүнүн, жүрүм-турумунун Кудайдын ыйыктыкка байланыштуу нормаларына ылайык болушуна шарт түзгүдөй кийинүүгө милдеттүүбүз (1 Пет. 1:15, 16). Себеби чыныгы сүйүү «адепсиздик кылбайт, өз кызыкчылыгын көздөбөйт» (1 Кор. 13:4, 5).

ДАЙЫМА, БАРДЫК ЖАГДАЙДА АДЕПТҮҮ КИЙИНҮҮ

11, 12. Кийим тандап жатканда эмнелерди эске алышыбыз керек?

11 Кандай кийим кийсе туура болорун чечүүдө Кудайдын кызматчылары «ар бир нерсенин, ар бир иштин өз убагы бар» экенин эске алышат (Нас. 3:1, 17). Албетте, климат, жыл мезгили, ар кандай жагдайлар кандай кийинерибизге сөзсүз таасир этет. Бирок Жахабанын нормалары аба ырайына жараша өзгөрө бербейт (Мал. 3:6).

12 Жылуу жактарда уят-сыйыттуулук чагылдырылган, башкаларды оңтойсуз абалда калтырбай турган кийимдерди тандоо кээде кыйын болушу мүмкүн. Анткен менен чапташкан же денебиз оңой эле ачылып кала турган кенен кийимдерди кийбесек, ишенимдештерибиз абдан ыраазы болушат (Аюп 31:1). Көл жээгинде жүргөндө же сууга түшкөндө кийген кийимибиздин да адептүү болушу талап (Накыл 11:2, 20). Азыркы дүйнөдө көптөр сууга түшкөндө өтө эле ачык кийинишсе да, биз ыйык Кудайыбызды жакшы көргөндүктөн бул жагынан да аны даңктагыбыз келет.

13. Кийим тандоодо 1 Корунттуктар 10:32, 33төгү кеңешти кантип колдонсок болот?

13 Ылайыктуу кийим тандоого дагы бир маанилүү принцип жардам берет. Биз ишенимдештерибиздин да, башкалардын да абийирин эске алышыбыз керек. (Оку: 1 Корунттуктар 10:32, 33.) Андыктан аларды ыңгайсыз абалда калтыра турган кийимдерди такыр кийбешибиз зарыл. Элчи Пабыл: «Ар бирибиз жакыныбызга жакканды кылып, бекемдеш үчүн анын пайдасын көздөйлү»,— деп жазган. Анан мунун себебин: «Анткени Машаяк да өзүнө гана жакканды кылган эмес»,— деп түшүндүргөн (Рим. 15:2, 3). Ооба, Иса Машаяк биринчи кезекте өз кызыкчылыгын көздөбөстөн, башкаларга жардам берүүгө умтулган. Кудайдын эркин аткарууда ал буга өзгөчө маани берген. Ошондуктан биз да өзүбүзгө жаккан, бирок кызматта жолуктурган адамдардын кабарды угушуна тоскоолдук кыла турган кийимдерден, буюм-тайымдардан баш тартабыз.

14. Канткенде ата-энелер балдарын Кудайды даңктагыдай кийинүүгө үйрөтө алышат?

14 Кудайдын жолундагы ата-энелерге үй-бүлөсүнө Ыйык Китептеги принциптерди колдонууну үйрөтүү милдети артылган. Алар Кудайдын жүрөгүн кубантыш үчүн өздөрүнүн да, балдарынын да сырткы көрүнүшүнүн адептүү, жөнөкөй болушуна кам көрүшү керек (Накыл 22:6; 27:11). Эгер ата-энелер балдарына жакшы үлгү көрсөтсө жана мээримдүүлүк менен пайдалуу кеп-кеңештерин берип турса, аларды ыйык Кудайыбызды урматтап-кастарлоого үйрөтө алышат. Ошондой эле аларга ылайыктуу кийимдерди кайсы жерден, кантип табууну үйрөткөнү да абдан маанилүү. Бул балдарга өзүнө жаккан кийимдерди гана эмес, Жахаба Кудайдын кызматчысына ылайыктуу боло турган кийимдерди тандоону үйрөтүүнү билдирет.

ЧЕЧИМ ЧЫГАРУУ ЭРКИНДИГИҢДИ ТУУРА КОЛДОН

15. Кийимге байланыштуу чечим чыгарууда эмнелерди эске алышыбыз керек?

15 Биз Кудайды даңктагыдай чечимдерди чыгарууга жардам берген Ыйык Китептеги даанышман кеңештерге карманабыз. Ошол эле учурда кийим тандоодо кандайдыр бир деңгээлде эркиндикке ээбиз. Себеби ар кимге ар кандай кийим жагат, жашоо деңгээли да ар кандай. Кандай болбосун, кийимибиздин дайыма тыкан, таза, жөнөкөй, жагдайга жана маданиятка ылайыктуу болушу талап.

16. Эмне үчүн адептүү кийинүүгө күч жумшаганыбыз арзырлык?

16 Бардык нерсени эске алып, адептүү, орундуу кийимдерди тандоо дайыма эле оңой боло бербеси айтпаса да түшүнүктүү. Дүкөндөр менен базарлардын баары эле көпчүлүк саркеч деп эсептеген кийим-кечеге жык толгон. Ошондуктан Кудайдын кызматчысына ылайыктуу юбка, көйнөк, блузка же өтө чыпчыйбаган костюм-шым табуу үчүн көп убакыт, күч жумшоого туура келиши мүмкүн. Бирок жарашыктуу, адептүү кийинүүгө жасаган аракетибизди ишенимдештерибиз байкап, ыраазы болору шексиз. Мындан сырткары, асмандагы мээримдүү Атабызды даңктап жатканыбызды билгенибиз бизге зор кубаныч тартуулайт. Бул болсо аны даңктагыдай кийинүүдө туш болгон кыйынчылыктардын баарын жаап кетет.

17. Ага-инилер сакал коёр-койбосун эмненин негизинде чечишет?

17 Ал эми сакал коюу жөнүндө эмне айтууга болот? Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга ылайык, эркектерден сакал коюу талап кылынган. Бирок Иса Машаяктын жолдоочулары ал Мыйзам боюнча жашоого милдеттүү эмес (Леб. 19:27; 21:5; Гал. 3:24, 25). Айрым маданияттарда сакал коюу орундуу деп эсептелет, башкаларды сыйлабастыкка жатпайт жана адамдардын жакшы кабарды угушуна кедерги болбойт. Ал жактарда атүгүл жооптуу бир туугандардын айрымдары сакал коюшат. Башкалары койбой эле коюуну чечишет (1 Кор. 8:9, 13; 10:32). Кээ бир маданияттарда болсо сакал коюу жат нерсе, ошондуктан Кудайдын кызматчыларынын сакал коюп жүргөнү орунсуз болуп эсептелет. Андай жерлерде сакал өстүргөн ага-инилер эч ким айыптай албаган, кийими жана сырткы көрүнүшү менен Кудайды даңктаган кызматчы деп эсептелбей калышы мүмкүн (Рим. 15:1—3; 1 Тим. 3:2, 7).

18, 19. Микей 6:8де жазылгандар Кудайга жаккандай кийинүүгө кандайча жардам берет?

18 Жахаба Кудайдын кийимге жана сырткы көрүнүшкө байланыштуу майда-чүйдө көрсөтмөлөрдүн тизмесин берип, бизге оордук келтирбегенине кандай гана ыраазыбыз! Ал тандоо эркиндигибизди колдонуп, Ыйык Китептеги принциптердин негизинде өз алдынча туура чечим чыгарышыбызды каалайт. Ошонун аркасында биз атүгүл кийимибиз жана сырткы көрүнүшүбүз менен Кудайдын «жолунда жөнөкөйлүк менен жүргүбүз» келерин көрсөтөбүз (Мик. 6:8).

19 Жөнөкөй болуу таза жана ыйык Кудайга салыштырмалуу өзүбүздүн кандай абалда экенибизди момундук менен моюнга алууну, ал гана туура жетекчилик берерин толук түшүнүүнү билдирет. Ошондой эле башкалардын сезимин, көз карашын эске алууну да камтыйт. Андыктан Кудайдын жогорку нормалары боюнча жашасак жана башкалардын сезимин сыйласак, анын «жолунда жөнөкөйлүк менен жүргөн» болобуз.

20. Сырткы көрүнүшүбүз менен кийимибиз башкаларга кандай таасир этиши керек?

20 Кийген кийимибиз Жахабанын кызматчылары экенибизди гана көрсөтүп турушу керек. Ишенимдештерибиз да, башкалар да адил Кудайдын чыныгы өкүлдөрү экенибизди көрө алгандай болушу зарыл. Кудайдын нормалары абдан бийик. Биз аларга чын жүрөктөн баш ийгибиз келет. Сырткы көрүнүшү, үлгүлүү жүрүм-туруму менен ак ниет адамдардын жакшы кабарга кулак кагышына жана Жахабанын жүрөгүн кубантып, анын даңкталышына шарт түзүп жаткан ишенимдештерибиз чындап эле мактоого татыктуу. Анда кийимге байланыштуу туура чечим чыгарып, «кадыр-баркка, көрккө оронгон» Кудайыбызды мындан ары да даңктай бер (Заб. 104:1, 2).