Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чет тилиндеги жыйналышта кызмат кылуу менен бирге рухийлигиңди чыңда

Чет тилиндеги жыйналышта кызмат кылуу менен бирге рухийлигиңди чыңда

«Сөздөрүңдү жүрөгүмдө сактап келем» (ЗАБ. 119:11).

ЫРЛАР: 142, 92

1—3. а) Жагдай-шартыбыз кандай болбосун, биринчи кезекте эмне кылышыбыз керек? б) Башка тилди үйрөнүп жаткандар кандай кыйынчылыктарга туш болушат жана буга байланыштуу кандай суроолор туулат? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

МИҢДЕГЕН Жахабанын Күбөлөрү бүгүнкү күндө жакшы кабардын «бардык улуттарга, урууларга, тилдерге жана элдерге» жарыяланары жөнүндөгү пайгамбарлыктын аткарылышына жигердүү катышып жатышат (Аян 14:6). Сен да башка тилди үйрөнүп жатасыңбы? Балким, миссионер болгондуктан же жарчыларга муктаждык чоң жердеги жыйналыштарга жардам бергиң келгендиктен чет өлкөдө кызмат кылып жаткандырсың. Же өзүңдүн эле өлкөңдө бөтөн тилде өткөрүлгөн жыйналышка бара баштагандырсың.

2 Кудайдын кызматчылары катары баарыбыз биринчи кезекте өзүбүздүн жана үй-бүлөбүздүн рухий саламаттыгына кам көрүшүбүз керек (Мт. 5:3). Бирок кээде иштердин көптүгүнөн өздүк изилдөөбүздү майын чыгара өткөрө албай калышыбыз мүмкүн. Бөтөн тилдеги жыйналышта кызмат кылгандар болсо дагы башка кыйынчылыктарга кабылышат.

3 Жаңы тилди үйрөнгөндөн тышкары, алар жүрөгүн катуу рухий тамак менен үзбөй азыктандырып турушу керек (1 Кор. 2:10). Чет тилиндеги жыйналышта айтылгандарды толук түшүнбөсө, анда муну кантип кыла алышат? Андай жыйналышта кызмат кылган ата-энелер Кудайдын Сөзүндө жазылгандар балдарынын жүрөгүн козгоп жаткан-жатпаганына эмне үчүн көңүл бурушу зарыл?

РУХИЙ САЛАМАТТЫККА ЭМНЕ КОРКУНУЧ ТУУДУРАТ?

4. Рухий саламаттыгыбызга эмне коркунуч туудурат? Мисал келтир.

4 Башка тилде жазылган Кудайдын Сөзүн түшүнбөгөнүбүз рухий саламаттыгыбызга чоң коркунуч туудурат. Б.з.ч. 5-кылымда Некемия Бабылдан кайтып келген жүйүттөрдүн балдарынын айрымдары еврей тилинде сүйлөй албаганын укканда катуу кайгырган. (Оку: Некемия 13:23, 24.) Ал балдар Кудайдын Сөзүн толук түшүнбөгөндүктөн Кудайга ишеним өрчүтүшкөн эмес (Нек. 8:2, 8).

5, 6. Чет тилиндеги жыйналыштагы айрым ата-энелер эмнени байкашкан жана ал көйгөйдүн себеби эмнеде болгон?

5 Чет тилиндеги жыйналышта кызмат кылып жаткан айрым ата-энелер балдарынын чындыкка болгон ынтасы сууп баратканын байкашкан. Анткени балдары тилди жакшы билбегендиктен жыйналышта айтылгандар жүрөгүнө жетпей жатканы айкын болгон. Үй-бүлөсү менен Түштүк Америкадан Австралияга көчүп барган Педро [1]: «Рухий нерселер жөнүндө пикирлешкенде жүрөк да, сезимдер да катышышы керек»,— дейт (Лк. 24:32).

6 Маалыматты башка тилде окуганыбызда жүрөгүбүз өз эне тилибизде окугандагыдай козголбошу мүмкүн. Мындан тышкары, бөтөн тилде жакшы сүйлөй албагандыктан мээ чарчайт, рухийликке да доо кетиши ыктымал. Андыктан чет тилиндеги жыйналышта кызмат кылууга болгон каалообузду өчүрбөй, ошол эле учурда рухий саламаттыгыбызга да кам көргөнүбүз абдан маанилүү (Мт. 4:4).

РУХИЙ САЛАМАТТЫГЫНА КАМ КӨРГӨНДӨР

7. Бабылдыктар Даниелге өздөрүнүн маданиятын, динин сиңирүүгө кантип аракет кылышкан?

7 Даниел менен анын үч досу туткунда жүргөндө, бабылдыктар аларга «каздимдиктердин... тилин үйрөтүп», өздөрүнүн маданиятын, динин сиңирүүгө аракет кылышкан. Ошондой эле аларды үйрөтүүгө дайындалган ак сарай кызматчыларынын башчысы төртөөнө тең бабылдыктардын тилинде жаңы ат койгон (Дан. 1:3—7). Даниелге коюлган ысым бабылдыктардын Бел деген башкы кудайы менен байланыштуу болгон. Небухаданасар падыша Даниелге ушундай ат коюу менен, сыягы, аны Жахаба Кудайы бабылдыктардын кудайына багынып калды деген ойго ишендиргиси келген (Дан. 4:8).

8. Даниелге бөтөн жерде жүргөндө рухий саламаттыгын сактаганга эмне жардам берген?

8 Даниелге падышанын дасторконунан тамактанууга уруксат берилген. Бирок ал «жүрөгүндө падышанын тамагы... менен арамдалбоону чечип» алган (Дан. 1:8). Бабылда жүргөндө ал эне тилиндеги ыйык жазмаларды дайыма окуп-изилдегендиктен рухий саламаттыгын сактай алган (Дан. 9:2). Ошонун аркасында Бабылга туткундалып келгенине 70 жылдай болуп калгандан кийин да еврейче аты менен белгилүү болгон (Дан. 5:13).

9. 119-забурду жазган кишиге Кудайдын Сөзү кандай таасир эткен?

9 119-забурду жазган кишини болсо ак сарайда кызмат кылгандардын айрымдары жек көрчү. Бирок ага башкалардан айырмаланып турууга Кудайдын Сөзүнөн алган билими күч берип турган (Заб. 119:23, 61). Анткени ал Кудайдын сөздөрүн бүт жүрөгү менен кабыл алган. (Оку: Забур 119:11, 46.)

РУХИЙ САЛАМАТТЫГЫҢДЫ САКТА

10, 11. а) Кудайдын Сөзүн кандай максатта изилдешибиз керек? б) Канткенде ал максатыбызга жете алабыз? Мисал келтир.

10 Теократиялык иштерге жигердүү катышкандыктан жана жумушта иштегендиктен убактыбыз тар болушу мүмкүн. Ошого карабай өз алдынча изилдөө жүргүзүүгө, сыйынуу кечин өткөрүүгө убакыт бөлгөнүбүз талап (Эф. 5:15, 16). Бирок максатыбыз тек гана белгилүү бир беттерди окуп коюу же жыйналыштан жооп берүүгө даярдануу эле болбошу керек. Биз Кудайдын Сөзүн жүрөгүбүзгө терең таасир этип, ишенимибизди чыңдагыдай кылып изилдешибиз зарыл.

11 Мындай максатка жетиш үчүн изилдөө учурунда башкалардын эле эмес, өзүбүздүн да рухий муктаждыгыбыз жөнүндө ой жүгүртүшүбүз кажет (Флп. 1:9, 10). Эске алчу нерсе, кызматка, жыйналышка даярданганыбызда же баяндама түзгөнүбүздө окугандарыбызды сөзсүз эле өзүбүзгө карата колдонбошубуз мүмкүн. Бир мисалга токтололу. Ашпозчу даярдаган тамагын бирөөгө берерден мурун аны даамдап көрөт, бирок ал жалаң эле ошо менен жашай албайт. Ден соолугу чың болушун кааласа, ал пайдалуу тамак-аш жасап жеши керек. Ошол сыңары, биз да өзүбүздүн муктаждыгыбызга жараша изилдөө жүргүзүп, жүрөгүбүздү азыктандырып турганыбыз маанилүү.

12, 13. Башка тилдеги жыйналышта кызмат кылгандардын көбү эмне үчүн рухий тамакты өз эне тилинде изилдеп турууну пайдалуу деп эсептешет?

12 Башка тилдеги жыйналышта кызмат кылгандардын көбү Ыйык Китепти дайыма өз эне тилинде окуп туруу пайдалуу экенине ынанышкан (Элч. 2:8). Атүгүл миссионерлер да бөтөн жерде жемиштүү кызмат кылыш үчүн жыйналыштан алган негизги рухий тамак менен эле чектелбеш керектигин жакшы түшүнүшөт.

13 Перс тилин 8 жылдай убакыттан бери үйрөнүп келаткан Алан мындай дейт: «Перс тилиндеги жолугушууларга даярданып жатканда тилдин өзүнө эле көңүл топтой берем. Андайда, негизинен, акылымды эле машыктыргандыктан, окуган рухий ойлорум жүрөгүмдү козгобойт деле. Ошол себептен Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды өз эне тилимде окуганга дайыма убакыт бөлүп турам».

БАЛДАРДЫН ЖҮРӨГҮН КОЗГОО

14. Ата-энелер эмнеге көңүл бурушу керек жана эмне үчүн?

14 Ата-энелер Кудайдын Сөзү балдарынын акылы менен жүрөгүнө таасир этип жаткан-жатпаганына көңүл бурушу кажет. Маселен, чет тилиндеги жыйналышта 3 жылдан ашык убакыт кызмат кылгандан кийин Сержи менен Мюриел 17 жаштагы уулунун теократиялык иштерден мурункудай кубаныч албай калганын байкашкан. Мюриел: «Уулубуз мурун эне тилинде, француз тилинде, кабар айтканды аябай жакшы көрчү. Ал эми бөтөн тилде кабар айта баштагандан тартып кызматка чыккысы келбей калды»,— дейт. Сержи болсо: «Ушундан улам уулубуздун рухий жактан ийгилик кыла албай жатканын түшүнүп, кайра мурунку жыйналышыбызга которулууну чечтик»,— деп кошумчалайт.

Чындык балдарыңдын жүрөгүнө жетип жаткан-жатпаганына көңүл бур (14, 15-абзацтарды кара)

15. а) Ата-энелер эмнеден улам балдары түшүнгөн тилдеги жыйналышка кайра которулууну чечиши мүмкүн? б) Мыйзам 6:5—7-аяттарда ата-энелер үчүн кандай буйрук камтылган?

15 Ата-энелер эмнеден улам балдары түшүнгөн тилдеги жыйналышка кайра которулууну чечиши мүмкүн? Биринчиден, алар балдарына Жахабага болгон сүйүүсүн өстүрүүгө жардам берүүгө, ошол эле учурда бөтөн тилди үйрөтүүгө убактысы, күчү жетпей жатканын аныкташы мүмкүн. Экинчиден, балдарынын рухий иштерге анча жигердүү катышпай же бөтөн тилдеги аймакта кызмат кылгысы келбей калганын байкашы ыктымал. Мындайда ата-энелер, балдары чындык жолунда бекемделгиче, алар жакшы түшүнгөн тилдеги жыйналышка кайтып барууну туура көрүшү мүмкүн. (Оку: Мыйзам 6:5—7.)

16, 17. Бөтөн тилдеги жыйналышта кызмат кылган айрым ата-энелер балдарынын рухий муктаждыгын кантип канааттандырышат?

16 Ал эми айрым ата-энелер бөтөн тилдеги жыйналышта кызмат кылып жүрүп эле балдарын өз эне тилинде окутуп-үйрөтүүнүн жолун табышкан. Алсак, 9, 12, 13 жаштагы үч кызы бар Чарлз үй-бүлөсү менен лингала тилиндеги жыйналышка барат. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Биз балдарыбыз менен изилдөөнү жана үй-бүлө менен сыйынуу кечин өз эне тилибизде өткөрүүнү чечкенбиз. Бирок балдарыбыз ойноп жатып эле тил үйрөнө бериши үчүн, лингала тилинде үйрөнгөндөрүбүздү иш жүзүндө колдонуп көнүгөбүз жана ар кандай оюндарды уюштурабыз».

Жергиликтүү элдин тилин үйрөнүүгө жана жыйналыштан жооп берүүгө аракет кыл (16, 17-абзацтарды кара)

17 5 жана 8 жаштагы эки кызы бар Кевин да үй-бүлөсү менен башка тилдеги жыйналышта кызмат кылат. Кыздары жыйналышта айтылгандарды толук түшүнбөгөндүктөн, Кевин алардын рухий муктаждыгын канааттандыруу үчүн кошумча күч-аракет жумшайт. Ал мындай дейт: «Жубайым экөөбүз кыздарыбыз менен өз-өзүнчө эне тилибизде, француз тилинде, изилдөө өткөрүп турабыз. Ошондой эле айына бир жолу француз тилиндеги жыйналышка барып турууну максат кылып койгонбуз. Өз тилибизде жыйындар өткөрүлгөндө, атайын өргүү алып, катышып да келебиз».

18. а) Балдарыңардын рухийлиги үчүн эмне кылсаңар болорун аныктоого Римдиктер 15:1, 2деги принцип кандайча жардам берет? б) Кээ бир ата-энелер кандай кеңеш беришет? (Шилтемени кара.)

18 Албетте, балдары рухий жактан бекем болушу үчүн кандай кылганы туура болорун ар бир үй-бүлө өзү чечет [2] (Гал. 6:5). Жогорудагы абзацтардын биринде сөз кылынган Мюриел жолдошу экөө баласынын рухий жыргалчылыгын ойлоп, өздөрүнө жаккан нерседен баш тартышканын айтышат. (Оку: Римдиктер 15:1, 2.) Сержи артка кылчая карап, ошондо туура чечим чыгарышканына сүйүнөт. Ал мындай дейт: «Француз тилиндеги жыйналышка кайтып барганыбыздан тартып, уулубуз рухий жактан өсүп, чөмүлдү. Азыр үзгүлтүксүз пионер. Ал тургай, бөтөн тилдеги топто кызмат кылуу жөнүндө ойлонуп жатат».

КУДАЙДЫН СӨЗҮ ЖҮРӨГҮҢДҮ КОЗГОСУН

19, 20. Кудайдын сөздөрүн жогору баалаарыбызды кантип далилдейбиз?

19 «Ар кандай адамдар» «чындыкты так таанып-билиши» үчүн, Жахаба сүйүүсүнөн улам Ыйык Китептин жүздөгөн тилдерге которулушуна кам көрүп келет (1 Тим. 2:4). Анткени ал адамдардын анын Сөзүн өз эне тилинде окуганда гана рухий муктаждыгы жакшы канааттандырыларын билет.

20 Жагдай-шартыбыз кандай болбосун, жүрөгүбүздү катуу тамак менен азыктандырууга аракет кылышыбыз керек. Эне тилибиздеги Ыйык Китепти дайыма окусак, өзүбүздүн да, үй-бүлөбүздүн да рухий саламаттыгын сактай алабыз жана Кудайдын сөздөрүн жогору баалаарыбызды далилдейбиз (Заб. 119:11).

^ [1] (5-абзац) Ысымдар өзгөртүлдү.

^ [2] (18-абзац) Үй-бүлөңөргө жардам бере турган ыйык китептик принциптер жөнүндө билиш үчүн 2002-жылдагы «Күзөт мунарасынын» 15-октябрдагы санына (ор.) чыккан «Чет өлкөдө бала тарбиялоонун кыйынчылыктары жана баталары» деген макаланы кара.