Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алар жалган диндин кулчулугунан бошонушкан

Алар жалган диндин кулчулугунан бошонушкан

«Элим,.. андан чык» (АЯН 18:4).

ЫРЛАР: 101, 93

1. Кудайдын эли Улуу Бабылдын кулчулугунан бошотуларына эмнеден улам үмүттөнө алышмак жана кайсы суроолорду карап чыгабыз?

БУГА чейинки макаладан Иса Машаяктын ишенимдүү жолдоочулары Улуу Бабылдын кулчулугуна кантип түшүп калганын билгенбиз. Бирок, бактыга жараша, алар туткунда түбөлүккө калмак эмес. Анткени Кудай: «Элим,.. андан чык»,— деп буйрук берген. Эгер эч ким жалган диндин дүйнөлүк империясынын бийлигинен бошоно албаса, Кудайдын бул буйругу эч кандай мааниге ээ болбой калмак. (Оку: Аян 18:4.) Баарыбыз Кудайдын элинин Бабыл туткунунан толугу менен качан бошотулганын билүүгө кызыкдарбыз. Бирок адегенде төмөнкү суроолорго жооп алышыбыз керек: Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр 1914-жылга чейин Улуу Бабылга байланыштуу эмне кылууга чечкиндүү болушкан? Биринчи дүйнөлүк согуш маалында бир туугандар кабар айтуу ишине канчалык жигердүү катышкан? Алардын ошол убакта Бабыл туткунунда калышы рухий жактан тазаланып, оңолушу керектигине байланыштуу болгонбу?

«БАБЫЛДЫН КУЛАШЫ»

2. Алгачкы Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр жалган динге байланыштуу эмне кылууга чечкиндүү болушкан?

2 Биринчи дүйнөлүк согуш тутангандан ондогон жылдар мурун Чарлз Тейз Расселл жана анын шериктери христиан дүйнөсүндөгү диндердин окуулары Ыйык Китепте камтылган чындыкка дал келбей турганын түшүнө башташкан. Ошол себептен жалган дин менен эч кандай байланыш түзбөөгө чечкиндүү болушкан. 1879-жылдын ноябрь айынын башында «Сион күзөт мунарасы» журналында алардын Ыйык Китепке негизделген көз карашы тууралуу ачык эле мындай деп жазылган: «Өзүн Машаяк менен баш кошууга убадалашкан, аруулугун сактаган кыз деп эсептеген, бирок чынында бул дүйнө (жырткыч) менен чогуу иш алпарган, анын колдоосуна таянган ар бир чиркөөнү биз, Ыйык Китептин тили менен айтканда, „сойку чиркөө“ деп айыптайбыз». Ыйык Китепте Улуу Бабыл, чынында эле, сойкуга салыштырылат. (Оку: Аян 17:1, 2.)

3. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр жалган дин менен байланышын үзүшү керектигин түшүнгөндөн кийин эмне кылышкан? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

3 Кудайдан корккон эркек-аялдар эмне кылууну жакшы билишкен. Эгер алар жалган диний уюмдарды колдой берсе, Кудайдын батасына ээ боло алышмак эмес. Ошондуктан Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн көбү чиркөөсүнөн чыгары жөнүндө кат даярдашкан. Айрым учурларда алар катын чиркөөдө эл алдында окуп беришкен. Ал эми эл алдында окуу тыюу салынган жерлерде кээ бир ишенимдештерибиз чиркөөнүн ар бир мүчөсүнө катынын көчүрмөсүн жөнөтүшкөн. Ооба, алар жалган дин менен байланышты толугу менен үзүүгө бел байлашкан. Ошол убакка чейин бир канча жыл мурун мындай кылгандар өмүрүнөн айрылышчу. Бирок 1800-жылдардын аягында чиркөө өкмөттүн колдоосунан ажырай баштаган. Андай өлкөлөрдө жарандар диний темада ээн-эркин сүйлөшүп, чиркөөнүн окууларына каршы оюн билдирүүдөн коркпой калышкан.

4. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Кудайдын эли Улуу Бабылга карата кандай көз карашта болгон?

4 Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр тууган-туушкандарына, досторуна жана чиркөөнүн мүчөлөрүнө жалган динге карата кандай көз карашта экенин айтып эле коюу жетишсиз экенин жакшы түшүнүшкөн. Бүт дүйнө Улуу Бабылдын чынында ким экенин, тагыраак айтканда, сойку экенин билиши керек болчу. Ошол себептен 1917-жылдын декабрь айынын ортосунан 1918-жылдын башына чейин бир нече миң Ыйык Китеп Изилдөөчү «Бабылдын кулашы» деп аталган баракчанын 10 000 000 нускасын ынтызарлык менен таратышкан. Ошондо христиан дүйнөсүнүн абийири айрандай төгүлгөн! Бул дин кызматчылардын каарын кайнатпай койгон эмес. Бирок Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр эч тайманбастан маанилүү ишти уланта беришкен. Алар «адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийүүгө» чечкиндүү болушкан (Элч. 5:29). Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Согуш учурунда алар Улуу Бабылга кул болбостон, тескерисинче, боштондукка чыгып жатышкан, ал эле эмес, башкаларга да анын кулчулугунан бошонууга жардам беришкен.

СОГУШ УЧУРУНДА ЫНТАЛУУ КЫЗМАТ КЫЛЫШКАН

5. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда бир туугандардын ынталуу болгонун эмне далилдеп турат?

5 Мурда биз Кудайдын эли Биринчи дүйнөлүк согуш маалында кабар айтуу ишине жигердүү катышпагандыктан Жахабанын ырайымынан айрылып калган деп ишенчүбүз. Ошол себептен Жахаба алардын Улуу Бабылга убактылуу туткундалышына жол берип койгон деп жыйынтык чыгарганбыз. Бирок ишенимдүү бир туугандардын 1914—1918-жылдары ынталуу кызмат кылганы Кудайдын эли кабар айтуу ишин токтотпоо үчүн колунан келгендин баарын кылганын көрсөтүп турат. Муну ырастаган жүйөлүү далилдер арбын. Теократиялык тарыхыбызды жакшыраак билүү Ыйык Китептеги белгилүү бир окуяларды мурдагыдан да айкыныраак түшүнүүгө шарт түздү.

6, 7. а) Биринчи дүйнөлүк согуш убагында Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр кандай кыйынчылыктарга кабылган? б) Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн ынталуу кызмат кылганын кайсы мисалдар көрсөтүп турат?

6 Чын-чынында, Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда (1914—1918-ж.) укмуштуудай зор күбөлөндүрүү беришкен. Бирок бул бир нече себептен улам оңойго турган эмес. Келгиле, алардын экөөнө токтололу. Биринчиден, ошол убактарда кабар айтуу иши негизинен ыйык китептик адабияттарды таратуу менен байланыштуу болгон. 1918-жылдын башында бийликтегилер «Толук ачылган сыр» деген китепке тыюу салып койгондо, кабар айтуу көп бир туугандарга кыйынга туруп калган. Себеби алар Ыйык Китептин өзүн эле колдонуп кабар айтканды үйрөнө элек болчу. Ал эми «Толук ачылган сыр» китеби алар үчүн «сүйлөчү». Экинчиден, 1918-жылы көптөрдүн өмүрүн алып кеткен «испанка» эпидемиясы чыккан. Ал оору көп жерге кулач жайгандыктан, жарчылар ээн-эркин жүрө албай калышкан. Бирок ошондой кыйынчылыктарга карабай бир туугандар жанын аябай кызмат кыла беришкен.

Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр ынталуу болушкан (6, 7-абзацтарды карагыла)

7 1914-жылдын ичинде эле аз сандагы Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр «Жаратуу фотодрамасын» 9 000 000дон ашуун кишиге көрсөтүшкөн. Ал драма жердин жаратылышынан тартып Иса Машаяктын Миң жылдык башкаруусуна чейинки мезгил чагылдырылган түстүү слайддардан жана үн менен коштолгон кинокартиналардан турган. Ал ошол кездеги эң чоң жетишкендик болуп эсептелген. Элестетип көрсөңөр, 1914-жылы ал драманы көргөндөрдүн саны Падышалыктын жарчыларынын азыркы күндөгү санынан алда канча көп болгон! Кийинки отчёттор көрсөткөндөй, Кошмо Штаттарда 1916-жылы жалпыга арналган жолугушууларга 809 393 киши келген, ал эми 1918-жылы ал сан дагы көбөйүп отуруп 949 444кө жеткен. Чынында эле, Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр жан-дилден кызмат кылышкан.

8. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда бир туугандардын рухий муктаждыгы кантип канааттандырылган?

8 Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдү рухий тамак менен камсыз кылып, бекемдөөгө бардык аракеттер жумшалган. Мунун аркасында бир туугандар кабар айтуу ишин токтотпоого дем-шык алышкан. Ошол убакта ынталуу кызмат кылган Ричард Барбер деген бир тууган мындай деп эскерген: «Биз бир нече кыдыруучу көзөмөлчүнүн кызматын улантышына, „Күзөт мунарасынын“ таратыла беришине жана аны таратууга тыюу салынган Канадага жөнөтүп турууга кам көрө алдык. Мен адабияттары тартылып алынган досторубузга „Толук ачылган сыр“ деген китептин чөнтөккө бата тургандай көлөмдө жасалган нускаларын жөнөтүп турчумун. Ошондой эле Рутерфорд бир тууган досторубузду мүмкүн болушунча бекемдөө үчүн Кошмо Штаттардын батыш жагындагы бир канча шаарда жыйындарды уюштуруп, баяндамачыларды жиберишибизди суранган».

ТАЗАЛАНУУНУН ЗАРЫЛДЫГЫ

9. а) Эмне үчүн Кудайдын эли 1914—1919-жылдары тазаланып, оңолушу керек болчу? б) Алардын туткундалышына байланыштуу кандай жыйынтык чыгарганыбыз жаңылыштык болуп калат?

9 Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн 1914-жылдан 1919-жылга чейинки убакыт аралыгындагы айрым иш-аракеттери Ыйык Китептеги принциптерге карама-каршы келген. Бардыгын чын жүрөктөн кылышса да, бир туугандар жогорку бийликтерге карата дайыма эле туура көз карашта болушкан эмес (Рим. 13:1). Ошондуктан алардын топ катары согушка байланыштуу иштерде толугу менен бейтараптуулук сактабай калган учурлары болгон. Алсак, Кошмо Штаттардын президенти 1918-жылдын 30-майын тынчтык жөнүндө тиленүү күнү деп жарыялаганда, «Күзөт мунарасы» журналында Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр ошол күнү башкалар менен бирге тынчтык жөнүндө тиленүүгө чакырылышкан. Айрым бир туугандар согушка акча жагынан колдоо көрсөтүү үчүн баалуу кагаздарды сатып алышкан, атүгүл бир нечеси колуна курал алып, согушка аттанышкан. Бирок Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн Улуу Бабылга туткундалып кетиши рухий жактан тазаланып, оңолушу керектигине байланыштуу болгон деп айтуу жаңылыштык болуп калар эле. Алар, чынында, жалган динден чыгышы керектигин жакшы түшүнүшкөн жана Биринчи дүйнөлүк согуш убагында анын кулчулугунан дээрлик бошонушкан. (Оку: Лука 12:47, 48.)

10. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр өмүрдү баалаарын кантип көрсөтүшкөн?

10 Алар бейтараптуулук маселесин биз түшүнгөндөй айкын түшүнбөсө да, бир нерсени — Ыйык Китепте киши өлтүрүүгө тыюу салынарын — жакшы билишкен. Андыктан бир нече ишенимдешибиз колуна курал алып, согушка барганы менен, киши өлтүрүүдөн баш тартышкан. Андай бир туугандардын айрымдарын өлтүрүү максатында согуш кызуу жүрүп жаткан жерге жөнөтүп салышчу.

11. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн согушка байланыштуу көз карашы бийликтегилерге кандай таасир эткен?

11 Согушка байланыштуу айрым нерселерди туура эмес кылышса да, бир туугандардын Кудайга берилгендик сактоого аракет кылганы Шайтандын каарын кайнаткан. Ошол себептен ал «мыйзамды колдонуп кыянаттык кылууну ойлогон» (Заб. 94:20). Рутерфорд жана Ван Амбург бир туугандар Америка аскеринин генерал-майору Жеймс Франклин Белл менен сүйлөшкөндө, ал аларга Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги согушка барып, колуна курал алуудан баш тарткандарды өлүм жазасына тартууга жол берген мыйзам киргизүүгө аракет кылганын айткан. Ал мыйзам, айрыкча, Ыйык Китеп Изилдөөчүлөргө тиешелүү болмок. Жеймс Франклин заары бетине чыгып, Рутерфорд бир тууганга: «[АКШнын президенти] Уилсон уруксат бербей койгондуктан, ал мыйзам кабыл алынбай калды. Бирок, көрөсүңөр, баары бир жакында түбүңөргө жетебиз!» — деген.

12, 13. а) Жоопкерчиликти колго алган сегиз бир тууган эмне үчүн узак убакытка кесилген? б) Эркинен ажыратылганы бир туугандардын Жахабага баш ийүүгө болгон чечкиндүүлгүн солгундатканбы? Түшүндүргүлө.

12 Бийликтегилердин коркутканы курулай эле сөз эмес болчу. Күзөт мунарасы коомунун өкүлдөрү Рутерфорд, Ван Амбург жана дагы башка алты бир тууган камакка алынган. Аларга өкүм чыгарып жатканда сот мындай деп жарыялаган: «Диний үгүт иштерин жүргүзүп келген бул кишилер немис аскерлеринин дивизиясынан... да коркунучтуу. Булар өкмөттүн мыйзам чыгаруучуларына жана аскер жамаатына эле каршы чыкпастан, бүт чиркөө кызматкерлерин ашкерелеп жатышат. Буларды катуу жазалаш керек» («Марттагы ишеним», А. Х. Макмиллан, 99-б.). Анан, чынында эле, ошондой болгон. Сегиз бир тууган узак мөөнөткө кесилип, Жоржия штатынын Атланта шаарындагы федералдык түрмөгө жөнөтүлгөн. Бирок согуш аяктагандан кийин, кайра бошотулуп, аларга коюлган айыптар жокко чыгарылган.

13 Абакта жатканда да ал бир туугандар өздөрүнүн түшүнүгүнө жараша Ыйык Китепте жазылгандарга бекем карманышкан. Алардын Кошмо Штаттардын президентине ырайым кылышын өтүнүп жазган катында мындай делет: «Теңирдин эрки Ыйык Жазмада айкын көрсөтүлгөн. Ал: „Киши өлтүрбө“,— деген, ошондуктан [Эл аралык Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн] Ассоциациясынын Теңирге берилгендик сактаган ар бир мүчөсү ишенимдүү бойдон каларына байланыштуу антын бузса, Кудайдын ырайымынан айрылмак, атүгүл түбөлүккө жок кылынмак. Андыктан алар атайылап жана абийирине каршы иш кылып, адамдын өмүрүн кыйбайт». Кандай гана тайманбастык менен айтылган сөздөр! Арийне, берилгендигинен жазуу алардын оюна да келген эмес!

АКЫРЫ ЭРКИНДИККЕ ЧЫГЫШКАН!

14. 1914—1919-жылдары эмне болгонун Ыйык Жазманын негизинде айтып бергиле.

14 Малаки 3:1—3-аяттарда 1914-жылдан 1919-жылдын башына чейинки мезгил — «Леби уулдары» тазаланышы керек болгон мезгил — сүрөттөлөт. (Аяттарды оку.) «Чыныгы Теңир» Жахаба Кудай ошол убакта «келишим кабарчысы» Иса Машаяк менен чогуу рухий ибадатканага келип, ал жакта кызмат кылгандарды текшерген. Тийиштүү түрдө оңолуп, тазалангандан кийин Жахабанын эли дагы кошумча тапшырмаларды аркалоого даяр болуп калган. 1919-жылы Кудайдын кызматчыларына рухий тамак берип турушу үчүн «ишенимдүү жана акылдуу кул» дайындалган (Мт. 24:45). Ошентип, Кудайдын эли Улуу Бабылдын таасиринен арылган. Ошондон тартып Кудайдын ырайымынан улам анын кызматчылары ал жөнүндө көбүрөөк билип, ага болгон сүйүүсүн арттырып келишет. Ушундай баталары үчүн асмандагы Атабызга чексиз ыраазыбыз! [1]

15. Улуу Бабылдын туткунунан бошонгонубуз бизге эмне кылууга түрткү бериши керек?

15 Улуу Бабылдын туткунунан бошонгонубузга кандай гана кубанычтабыз! Шайтандын чыныгы сыйынууну жер бетинен жок кылуу үчүн жумшаган күч-аракетинен эч майнап чыккан жок. Бирок Жахабанын бизди эмне үчүн эркиндикке чыгарганын унутпаганыбыз маанилүү (2 Кор. 6:1). Кейиштүүсү, көптөгөн жүрөгү таза адамдар дагы деле жалган диндин кулчулугунда жүрөт. Аларга кулчулуктан чыгуунун жолун көрсөтүп, жардам беришибиз керек. Андыктан, келгиле, өткөн кылымдагы ишенимдештерибизден үлгү алып, момун адамдарга эркиндикке чыгууга көмөк кылыш үчүн колубуздан келгендин баарын кыла берели!

^ [1] (14-абзац) Жүйүттөрдүн Бабылга 70 жылга туткундалышы менен чындыктан четтөөчүлүк пайда болгондон кийин Машаяктын жолдоочулары кабылган жагдайлар көп жагынан окшош. Анткен менен жүйүттөрдүн Бабылга туткундалышы Машаяктын жолдоочуларына тиешелүү пайгамбарлык мааниге ээ болгон эмес көрүнөт. Мунун бир себеби эки кулчулуктун узактыгы эки башка болгон. Андыктан жүйүттөрдүн туткундалышы менен Машаяктын жолдоочулары 1919-жылга чейин туш болгон жагдайларды майда-баратына чейин салыштырып, пайгамбарлык маанисин издей бербешибиз керек.