Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тетраграмматон — Кудайдын еврей тамгалары менен жазылган «Жахаба» деген ыйык ысымы. Оңдон солду карай окулат

Ишенимди бекемдеген еврей алфавитиндеги эң кичинекей тамга

Ишенимди бекемдеген еврей алфавитиндеги эң кичинекей тамга

Кудайдын убадаларынын баары аткарыларына ишенсек болобу? Иса пайгамбар буга шектенген эмес жана ал буга башкаларды да ынандырган. Анын тоодо элге айткан насаатындагы бир мисалга токтололу. Ал: «Силерге айтып коёюн, асман менен жер жок болуп кеткен күндө да, Мыйзамдын эң кичинекей тамгасы, атүгүл тамганын бир сызыгы да жок болбойт, баары аткарылат»,— деп айткан (Матай 5:18).

Еврей тилинин алфавитиндеги эң кичинекей тамга — י (йод) тамгасы. Ал — тетраграмматондун, тактап айтканда, Кудайдын Жахаба деген ыйык ысмын билдирген төрт үнсүз тамганын биринчиси *. Китепчилер менен фарисейлер (еврейлердин диний жетекчилери) Кудайдын Мыйзамындагы сөздөр менен тамгалардан тышкары, тамганын ар бир сызыгына чоң маани беришкен.

Иса пайгамбар Мыйзамдын атүгүл майда-барат нерсеси аткарылбай калганына караганда, асман менен жердин жок болуп кетери көбүрөөк ыктымал экенин айткан. Анткен менен Ыйык Китептен жер менен асман эч качан жок болбой турганын билүүгө болот (Забур 78:69). Андыктан Иса пайгамбардын сөздөрү Кудайдын Мыйзамында айтылгандардын атүгүл кымындай нерсесине чейин аткарыларынан кабар берет.

Жахаба майда-барат нерселерге да маани береби? Ооба. Бир мисалды карап көрөлү. Кудай байыркы убакта ысрайылдыктарга Пасах майрамына карата союлган козунун бир да сөөгүн сындырбашы керектигин буйрук кылган (Чыгуу 12:46). Бир караганда, бул анча маанилүү эмес нерседей көрүнсө керек. Ысрайыл эли ал буйруктун эмне үчүн берилгенин түшүнгөнбү? Кыязы, түшүнгөн эмес. Бирок Жахаба Кудай бул мыйзам келечекте боло турган нерсени билдирерин — ал жиберген Машаякты жаза устунуна кадап өлтүрүшкөндө, анын бир да сөөгү сынбай турганын — билген (Забур 34:20; Жакан 19:31—33, 36).

Иса пайгамбардын сөздөрүнөн кандай жыйынтык чыгарууга болот? Биз да Жахаба Кудайдын ар бир убадасы майда-чүйдөсүнө чейин так аткарыларына толук ишенсек болот. Еврей алфавитиндеги эң кичинекей тамга жөнүндөгү мисал ишенимибизди кандай гана бекемдейт!

^ 3-абз. Грек алфавитинин эң кичинекей тамгасы — йота тамгасы. Ал, сыягы, еврей тилинин י (йод) тамгасына окшош. Кудайдын Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамы башында еврей тилинде жазылып, муундан муунга еврей тилинде өткөн. Ошондуктан Иса пайгамбар Мыйзамдын тамгасынын сызыгын сөз кылганда еврей тилиндеги так ушул тамганы айтса керек.