Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Түбөлүк өмүргө жол ачкан кун — Кудайдын эң баалуу белегиl

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЭҢ КЫМБАТ БЕЛЕК КАЙСЫ?

Баарынан баалуу белек

Баарынан баалуу белек

«Жакшы, жеткилең белектердин баары жогорудан келет, аларды асман чырактарынын Атасы... берет» (Жакып 1:17). Бул аятта асмандагы Атабыздын, Жахаба Кудайдын, берешендиги жөнүндө айтылууда. Кудай адамзатка сан жеткис белектерди берсе да, алардын ичинен бирөө өзгөчө баалуу. Ал эмне? Муну Иса пайгамбардын Жакан 3:16да жазылган көптөргө белгилүү сөздөрүнөн билүүгө болот. Ал: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деген.

Кудайдын өзүнүн жалгыз Уулун курмандыкка бергени биз үчүн баа жеткис белек болуп эсептелет. Себеби ал күнөөнүн, карылыктын, өлүмдүн кулчулугунан эркиндикке чыгышыбызга жол ачкан (Забур 51:5; Жакан 8:34). Канчалык аракет кылбайлы, ал кулчулуктан эч качан бошоно алмак эмеспиз. Бактыга жараша, Жахаба Кудай чексиз сүйүүсүнөн улам боштондукка чыгышыбызга чара көргөн. Жалгыз Уулун, Иса Машаякты, кун катары берүү менен ал өзүнө баш ийген адамзатка келечекте түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк берген. Бирок кун деген эмне? Ал эмне үчүн керек? Андан пайда алыш үчүн эмне кылсак болот?

Кун — кол жууп калган нерсени же туткунга түшкөн адамды сатып алыш үчүн төлөнгөн баа. Ыйык Китепте Кудайдын түпкү ата-энебиз Адам ата менен Обо энени күнөөсүз кылып жаратып, урпактары менен бирге жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк бергени айтылат (Башталыш 1:26—28). Өкүнүчтүүсү, алар Кудайга баш ийбөөнү тандап, ушунун баарынан айрылышкан жана күнөөлүү болуп калышкан. Натыйжасы кандай болгон? Ыйык Китепте: «Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кылган»,— деп жазылган (Римдиктер 5:12). Адам ата урпактарына жеткилең өмүрдү эмес, күнөөнү жана анын кесепети болгон өлүмдү өткөрүп берген.

Кун төлөнүшү үчүн, кол жууган нерсеге бардык жагынан тең келген нерсе талап кылынган. Адам ата Кудайга билип туруп баш ийбей койгондуктан, ал күнөөлүү болуп калган. Натыйжада жеткилең өмүр — Адам атанын өмүрү — жок болгон. Ыйык Китепке ылайык, анын кесепетинде Адам атанын тукумдары күнөө менен өлүмгө кул болуп калышкан. Ошондуктан аларды кулчулуктан бошотуш үчүн башка жеткилең адамдын — Иса Машаяктын — өмүрү курмандыкка чалынышы керек болгон (Римдиктер 5:19; Эфестиктер 1:7). Кудай сүйүүсүнөн улам кундун төлөнүшүнө кам көрбөсө, адамзат түпкү ата-энебиз жоготкон нерсеге ээ болууга, тактап айтканда, жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашоого үмүттөнө алмак эмес (Аян 21:3—5).

Кундун аркасында эмнелер ишке ашарын эске алганда, түбөлүк өмүргө жол ачкан кунду Кудайдын бизге берген эң баалуу белеги деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. Кундун канчалык «жеткилең белек» экенин түшүнүш үчүн анын мурунку макалада талкууланган жана белектин баалуу болушуна шарт түзгөн төрт талапка кандайча жооп берерин карап көрөлү.

Каалообузду орундатат. Биз түбөлүк жашоого болгон күчтүү каалоо менен жаратылганбыз (Насаатчы 3:11). Эч кимибиз өз күчүбүз менен ал каалообузду канааттандыра албайбыз. Ал эми кун анын ишке ашышына өбөлгө түзөт. Ыйык Китепте: «Күнөө үчүн жаза — өлүм, ал эми Кудайдын белеги — Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр»,— деп жазылган (Римдиктер 6:23).

Муктаждыгыбызды канааттандырат. Адамдар кун төлөй албайт. Ыйык Жазмада: «Алардын жаны үчүн төлөнө турган кун өтө чоң болгондуктан, кылымдан кылымга төлөнбөй келет»,— делет (Забур 49:8). Ошондуктан күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошонуу үчүн Кудайдын жардамына абдан муктажбыз. Ал бизди «Иса Машаяк төлөгөн кундун негизинде эркиндикке чыгаруу» менен эң керектүү нерсени берген (Римдиктер 3:23, 24).

Эң ылайыктуу учурда берилген. Ыйык Китепте: «Машаяк болсо биз үчүн күнөөкөр кезибизде эле өлгөн»,— делет (Римдиктер 5:8). Кундун «күнөөкөр кезибизде эле» төлөнгөнү Кудайдын бизди күнөөлүү болгонубузга карабай сүйөрүнө ынандырат. Бул бизге, күнөөнүн кесепетин тартып жатсак да, андан арыла турган убакты чыдамсыздык менен күтүүгө түрткү берет.

Таза ниет менен, биздин жыргалчылыгыбыз үчүн берилген. Ыйык Китепте Кудайдын өз Уулун эмне үчүн кун катары бергени мындай деп түшүндүрүлөт: «Кудай өзүнүн жалгыз Уулун, ал аркылуу өмүргө ээ болушубуз үчүн, дүйнөгө жиберген. Ушундай жол менен ал бизге сүйүү көрсөткөн. Сүйүү биздин Кудайга болгон сүйүүбүздөн эмес, Кудайдын бизге көрсөткөн сүйүүсүнөн... көрүнгөн» (1 Жакан 4:9, 10).

Кудай берген эң кымбат белекти баалаарыңарды кантип көрсөтсөңөр болот? Иса пайгамбардын Жакан 3:16дагы сөздөрүнө ылайык, ага ишенгендер гана аман калат. Ыйык Китепте: «Ишеним — бул үмүттөнгөн нерселерди негиз бар болгондуктан күтүү»,— деп айтылат (Еврейлер 11:1). Андай ишенимге ээ болуш үчүн так билим алуу зарыл. Андыктан силерди ошол «жеткилең белекти» берген Жахаба Кудай жөнүндө жана Иса Машаяктын курмандыгы жол ачкан түбөлүк өмүргө канткенде ээ боло аларыңар жөнүндө көбүрөөк билүүгө чакырабыз.

Булар тууралуу www.pr418.com/ky сайтынан Ыйык Китепке негизделген маалыматтарды окуп-изилдөө менен биле аласыңар. Жахабанын Күбөлөрү силерге бул жагынан жардам берүүгө даяр. Кудайдын баа жеткис белеги жөнүндө окуп, андан пайда алуунун аркасында силердин да: «Мени Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу куткара турган Кудайга ыраазымын!» — деп айтууга түрткү аларыңар шексиз (Римдиктер 7:25).