Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жахабага таян, жакшылык кыл»

«Жахабага таян, жакшылык кыл»

«Жахабага таян, жакшылык кыл,.. ишенимдүүлүгүңөн жазба» (ЗАБ. 37:3).

ЫРЛАР: 133, 63

1. Жахаба адам баласын кандай жөндөмдүүлүктөр менен жараткан?

ЖАХАБА адам баласын укмуштуудай жөндөмдүүлүктөр менен жараткан. Ал бизге көйгөйлөрдү чечүүгө, келечекке план түзүүгө өбөлгө түзгөн ой жүгүртүү жөндөмүн берген (Накыл 2:11). Ошондой эле пландарыбызды ишке ашырып, туура максаттарыбызга жете алышыбыз үчүн, күч-кубатка ээ кылган (Флп. 2:13). Ал бизге абийир да берген. Жаман-жакшыны айырмалай билүүгө жардам берген ал тубаса сезим бизди туура эмес иш кылуудан сактайт жана ката кетиргенибизде аны оңдогонго түрткү берет (Рим. 2:15).

2. Жахаба жөндөмдүүлүктөрүбүздү кандай колдонушубузду күтөт?

2 Жахаба жөндөмдүүлүктөрүбүздү туура колдонушубузду күтөт. Эмне үчүн? Анткени бизди жакшы көрөт жана ал белектерди туура колдонгонубузда канааттануу аларыбызды билет. Өзүнүн Сөзү аркылуу ал жөндөмдүүлүктөрүбүздү жакшы нерсеге колдонууга кайра-кайра үндөп келет. Маселен, Еврей Жазмаларынан: «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет», «колуңан келген иштин баарын алыңдын жетишинче жасай бер»,— дегенди окуйбуз (Накыл 21:5; Нас. 9:10). Ал эми Грек Жазмаларында: «Мүмкүнчүлүк барда, баарына, өзгөчө, ишенимдештерибизге жакшылык кылалы», «баарыңар Андан алган жөндөмүңөргө жараша бири-бириңерге кызмат кылгыла»,— деген кеңештер берилет (Гал. 6:10; 1 Пет. 4:10). Ооба, Жахаба өзүбүзгө жана башкаларга пайда алып келген иштерди кылышыбызды каалайт.

3. Кандайча биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү?

3 Ошол эле учурда Жахаба биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү экенин билет. Өз күчүбүз менен жеткилеңсиздиктен, күнөөдөн, өлүмдөн эч качан арыла албайбыз. Ошондой эле башкалардын кандай чечим чыгарып, кандай жашашы керектигин аныктай албайбыз, анткени ар кимдин чечим чыгаруу эркиндиги бар (1 Пад. 8:46). Биз канчалык көп билимге, тажрыйбага ээ болбойлу, Жахабанын алдында кичинекей баладай болуп кала беребиз (Ыш. 55:9).

Кыйынчылыкка кабылганда «Жахабага таян, жакшылык кыл»

4. Бул макалада эмнени карайбыз?

4 Кандай жагдайга кабылбайлы, Жахабанын бизди колдооруна жана өзүбүз кыла албаган нерсени кылып берерине ишенип, андан жетекчилик сурашыбыз керек. Ошону менен бирге көйгөйдү чечиш үчүн жана башкаларга жардам бериш үчүн өзүбүз да тийиштүү иш-аракет кылышыбыз кажет. (Оку: Забур 37:3.) Кыскача айтканда, биз «Жахабага таянышыбыз», ошол эле учурда «жакшылык кылышыбыз» жана ишенимдүүлүк менен иш-аракет кылышыбыз зарыл. Эмесе, бул жагынан Нух пайгамбардан, Дөөтү падышадан жана Жахабага таянып, тийиштүү иш-аракет кылган дагы башка ишенимдүү кишилерден эмнеге үйрөнсөк болорун карап көрөлү. Алар жөнүндө жазылгандардан биле турганыбыздай, алар кыла албай турган жана кыла ала турган нерселер болгон. Ишенимдүү ал кызматчылар колунан келген нерсеге көңүл топтошкон.

ЫЙМАНСЫЗДЫК КҮЧ АЛГАН ДҮЙНӨДӨ ЖАШОО

5. Нух пайгамбардын жагдайын сүрөттөп бер.

5 Нух пайгамбар адеп-ахлаксыздыкка, «зордук-зомбулукка толгон» дүйнөдө жашаган (Башт. 6:4, 9—13). Ал Жахабанын ошол ыймансыз дүйнөнү жок кыларын билген. Ошентсе да жамандыктын кеңири кулач жайганын көргөндө анын абдан жаман болгону күмөнсүз. Бирок ошол жагдайда ал өзү кыла ала турган да, кыла албай турган да нерселер бар экенин түшүнгөн.

Башкалардын каршылыгы (6—9-абзацтарды кара)

6, 7. а) Нух пайгамбар эмне кыла алмак эмес? б) Биздин жагдай Нух пайгамбардыкына эмнеси менен окшош?

6 Нух пайгамбар эмне кыла алмак эмес? Ал Жахабанын эскертүүсүн ишенимдүүлүк менен жарыяласа да, бузулган адамдарды айткан кабарын кабыл алууга мажбурлай да, Топон суунун келишин тездете да алмак эмес. Нух пайгамбар Жахабанын өз сөзүнө туруп, учуру келгенде, жамандыкты жок кыларына ишениши керек болчу (Башт. 6:17).

7 Биз да ыймансыздыкка белчесинен баткан дүйнөдө жашап жатабыз. Жакында Жахаба аны жок кылат (1 Жкн. 2:17). Ага чейин адамдарды «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабарга» кулак кагууга мажбурлай албайбыз. Ошондой эле улуу алааматтын башталышын да тездете албайбыз (Мт. 24:14, 21). Нух пайгамбардай болуп, Жахабанын жакында өзү кийлигишерине шектенбешибиз кажет (Заб. 37:10, 11). Биз анын бул ыймансыз дүйнөнү өзүнүн ой-ниетин аткаруу үчүн белгилеген убакыттан бир да күн кечиктирбей жок кыларына ишенебиз (Хаб. 2:3).

8. Кандайча Нух пайгамбар өзү кыла ала турган нерсеге көңүл топтогон? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

8 Нух пайгамбар эмне кыла алган? Ал кыла албай турган нерсесин ойлоп, көңүлүн чөгөрө бербестен, кыла ала турган нерсеге көңүл топтогон. «Адилдиктин кабарчысы» катары Нух пайгамбар Кудайдын эскертүүсүн ишенимдүүлүк менен жарыялаган (2 Пет. 2:5). Бул ага ишенимин бек сактоого көмөк кылганы шексиз. Ал кабар айткандан тышкары, акыл жөндөмүн жана күчүн колдонуп, Кудай тапшырган кеме куруу ишин аткарган. (Оку: Еврейлер 11:7.)

9. Нух пайгамбардан кандай үлгү алсак болот?

9 Нух пайгамбардай болуп, биз да «Теңирдин ишин аткаруу үчүн дайыма көп эмгектенүүгө» аракет кылабыз (1 Кор. 15:58). Бул өз ичине сыйынуу жайларын курууну жана жакшы абалда күтө билүүнү, жыйындарда өз ыктыярыбыз менен жардам берүүнү, филиалда же алыскы котормо кеңсесинде кызмат кылууну камтышы мүмкүн. Биз баарынан да кабар айтуу ишине ынталуу катышабыз, себеби анын келечекке болгон үмүтүбүздү бекемдээрин билебиз. Ишенимдүүлүк менен кызмат кылган бир эже: «Кудайдын Падышалыгы алып келе турган баталар жөнүндө башкаларга айтканда алардын таптакыр үмүтү жок экенин, аларга көйгөйлөрү эч качан чечилбечүдөй сезилерин байкайсың»,— деген. Ооба, кабар айтуу ишине катышканыбызда, жаркын келечекке болгон үмүтүбүз бекемделип, өмүр жарышынан чыкпоого ого бетер чечкиндүү болуп калабыз (1 Кор. 9:24).

КҮНӨӨ КЕТИРГЕНДЕ

10. Дөөтү падыша кабылган жагдайды сүрөттөп бер.

10 Жахаба Дөөтү падыша жөнүндө: «Жүрөгүмө жаккан адам»,— деп айткан (Элч. 13:22). Жалпысынан алганда, Дөөтү ага ишенимдүү кызмат кылган. Ошентсе да анын олуттуу күнөө кетирген учурлары болгон. Алсак, Батшеба менен ойноштук кылган. Анысы аз келгенсип, кылмышын жашырыш үчүн анын күйөөсү Урийдин согушта өлтүрүлүшүн ойлонуштурган. Ал тургай, Урийдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу катты анын өзүнөн берип жиберген (2 Шем. 11:1—21). Бирок Дөөтүнүн кыңыр иши акыры билинген (Мр. 4:22). Ошондо ал эмне кылган?

Мурунку күнөөлөр (11—14-абзацтарды кара)

11, 12. а) Күнөө кетиргенден кийин Дөөтү падыша эмне кыла алмак эмес? б) Олуттуу күнөөбүз үчүн өкүнсөк, эмнеден шектенбесек болот?

11 Дөөтү падыша эмне кыла алмак эмес? Ал өткөн ишти оңдой алмак эмес. Күнөөсүнүн кесепеттеринен да качып кутула албайт болчу. Чынында, ал күнөөсүнүн айрым кесепеттерин өмүр бою тартмак (2 Шем. 12:10—12, 14). Демек, андан ишеним талап кылынган. Ал күнөөсү үчүн чындап өкүнгөндүктөн Жахабанын кечирерине жана кылган ишинин кесепеттерине чыдоого жардам берерине толук ишениши керек болчу.

12 Жеткилеңсиз болгондуктан баарыбыз эле күнөө кетиребиз. Айрым күнөөлөр башкаларына салыштырмалуу олуттуу болот. Кээ бир учурларда кетирген каталарыбызды оңдой албашыбыз мүмкүн. Андайда колубуз менен кылганды мойнубуз менен тартууга туура келиши ыктымал (Гал. 6:7). Бирок биз Жахабанын, эгер чындап өкүнсөк, көйгөйлөрдү, атүгүл өзүбүз себепкер болгон кыйынчылыктарды да көтөрүп кетүүгө күч берери жөнүндөгү убадасына ишенебиз. (Оку: Ышая 1:18, 19; Элчилер 3:19.)

13. Дөөтү падыша рухий жактан кантип кайрадан бутуна турган?

13 Дөөтү падыша эмне кыла алган? Ал Жахабанын ага рухий жактан кайрадан бутуна туруш үчүн берген жардамын кабыл алган. Мисалы, Жахабанын өкүлү болгон Натан пайгамбар ашкерелегенде, күнөөсүн мойнуна алган (2 Шем. 12:13). Жахабадан тиленип, күнөөсү үчүн өкүнөрүн, кайрадан анын ырайымына ээ болгусу келерин билдирген (Заб. 51:1—17). Ал күнөөсүн ойлоп кайгыра бербестен, кетирген катасынан сабак алган. Ошондой эле олуттуу күнөөлөрүн эч качан кайталаган эмес. Дөөтү өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүүлүгүнөн жазбай, Жахабанын эсинде кынтыксыз киши катары сакталып калган (Евр. 11:32—34).

14. Дөөтү падышадан эмнеге үйрөнсөк болот?

14 Дөөтүдөн эмнеге үйрөнсөк болот? Эгер олуттуу күнөө кылып алсак, чын жүрөктөн өкүнүп, Жахабанын ырайымына ээ болууга аракет кылышыбыз керек. Ага күнөөбүздү ачык айтып, моюнга алышыбыз зарыл (1 Жкн. 1:9). Ошондой эле аксакалдарга да кайрылганыбыз маанилүү, алар бизге рухий жактан жардам көрсөтө алышат. (Оку: Жакып 5:14—16.) Жахабанын ушундай жолдор менен көрсөткөн жардамын кабыл алсак, анын бизди рухий жактан айыктырып, күнөөбүздү кечирери жөнүндөгү убадасына ишенерибизди көрсөтөбүз. Мындан тышкары, каталарыбыздан сабак алып, Жахабага андан ары да кызмат кыла беришибиз жана келечекке ишеним менен карашыбыз керек (Евр. 12:12, 13).

БАШКА ЖАГДАЙЛАРДА

Начар ден соолук (15-абзацты кара)

15. Аннадан эмнеге үйрөнө алабыз?

15 Балким, сен Жахабага таянган, ошол эле учурда тийиштүү иш-аракет кылган байыркы учурдагы дагы башка ишенимдүү адамдар жөнүндө ойлонуп көрөттүрсүң. Мисалга көпкө чейин балалуу боло албай жүргөн Аннаны алалы. Ал жагдайын өз күчү менен өзгөртө алмак эмес. Анткен менен Анна Жахабанын аны сооротуп-жубата аларына ишенгендиктен ага сыйынуу үчүн ыйык чатырга барып турган жана жүрөгүндөгүсүн ага төккөн (1 Шем. 1:9—11). Бул биз үчүн мыкты үлгү эмеспи? Ден соолукка байланыштуу кыйынчылыктарга же өзүбүз чече албаган дагы башка көйгөйлөргө кабылганда биз да Жахабанын кам көрөрүнө ишенип, түйшүгүбүздү ага тапшырабыз (1 Пет. 5:6, 7). Ошондой эле жыйналыш жолугушууларынан жана башка рухий чаралардан пайда алуу үчүн колубуздан келгендин баарын кылабыз (Евр. 10:24, 25).

Балдардын чындыктан кетиши (16-абзацты кара)

16. Ата-энелер Шемуел пайгамбардан эмнеге үйрөнө алышат?

16 Балдары чындык жолунан чыгып кеткен ата-энелер жөнүндө эмне айтууга болот? Жашы өр тартып калган Шемуел пайгамбар уулдарын өзү үйрөткөн адил нормалар боюнча жашоого мажбурлай алган эмес (1 Шем. 8:1—3). Бул көйгөйдү ал Жахабага тапшырышы керек болгон. Бирок өзү асмандагы Атасы Жахабанын алдында кынтыксыздыгын сактап, анын жүрөгүн кубандыра алган (Накыл 27:11). Бүгүнкү күндө көптөгөн ата-энелер да ошондой жагдайга кабылып жатышат. Алар Жахабанын, адашкан уул жөнүндөгү аңгемеде айтылган атага окшоп, өкүнгөн күнөөкөрлөрдү кучак жайып тосуп алууга даяр экенине ишенишет (Лк. 15:20). Ошол эле учурда Жахабага болгон берилгендигинен жазбоого бүт күчүн жумшап, өздөрүнүн үлгүсү балдарына оторго кайтып келүүгө түрткү берерине үмүттөнүшөт.

Акчанын тартыштыгы (17-абзацты кара)

17. Жарды жесир аялдын үлгүсү эмне үчүн бекемдээрлик?

17 Исанын күндөрүндөгү жарды жесир аял жөнүндө да ойлонуп көрсөң. (Оку: Лука 21:1—4.) Ал ошол учурда ибадатканада жасалган ыпылас иштерди токтото алмак эмес (Мт. 21:12, 13). Ошондой эле өзүнүн материалдык абалын да жакшырта албайт болчу. Анткен менен ал «колунда болгондун баарын», «наркы өтө төмөн эки тыйынын», тартуу кылган. Ал ишенимдүү аял, эгер рухий иштерди биринчи орунга койсо, Жахабанын кам көрөрүн билген, ошондуктан ага бүт жүрөгү менен таянган. Бул ага таза сыйынууну колдоого түрткү берген. Биз да Жахабанын, эгер Падышалыкты биринчи орунга койсок, бизди зарыл нерселерден өксүтпөй турганына толук ишенебиз (Мт. 6:33).

18. Туура нерсеге көңүл топтогон ишенимдештерибиз жөнүндө айтып бер.

18 Азыркы учурда көптөгөн ишенимдештерибиз, жесир аялга окшоп, Жахабага таянып, ошого ылайык иш-аракет кылууда. Маселен, Малкем аттуу бир тууган 2015-жылы каза болгонго чейин ишенимдүүлүгүнөн жазган эмес. Ал жубайы экөө Жахабага ондогон жылдар бою кызмат кылып, турмуштун жыргалын да, кууралын да көрүшкөн. «Жашоодо күтүлбөгөн, алдын ала болжоп айтууга мүмкүн болбогон окуялар көп болот. Кээде атүгүл жарга такалгандай жагдайларга кабыласың,— деген ал.— Бирок... Жахабага ишеним арткандар андан сөзсүз бата алышат». Малкем бир тууган кандай кеңеш берген? «Жахабага кызмат кылууда мүмкүн болушунча жемиштүү, жигердүү болуу үчүн тилен. Кыла албай турган нерселерге эмес, кыла ала турган нерселерге көңүл топто» *.

19. а) Эмне себептен 2017-жылга абдан ылайыктуу аят тандалган деп айтууга болот? б) 2017-жылдын аятын жашооңдо кантип колдоноюн деп жатасың?

19 Бул дүйнө «барган сайын бузулуп» бараткандыктан, кыйынчылыктардын уламдан-улам күчөй берери айтпаса да түшүнүктүү (2 Тим. 3:1, 13). Андыктан кыйынчылыкка моюн сунуп, мүңкүрөп калбаганга мурдагыдан да чечкиндүү болушубуз керек. Биз Жахабага бекем ишеним өрчүтүшүбүз жана өзүбүз да колубуздан келгенди кылышыбыз зарыл. Ошол себептен 2017-жылга: «Жахабага таян, жакшылык кыл»,— деген аяттын тандалганы кандай гана орундуу! (Заб. 37:3).

2017-жылдын аяты: «Жахабага таян, жакшылык кыл» (Забур 37:3)