Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба элин жетектейт

Жахаба элин жетектейт

«Жахаба сени ар дайым жетектейт» (ЫШ. 58:11).

ЫРЛАР: 152, 22

1, 2. а) Жахабанын Күбөлөрү башка диндерден эмнеси менен айырмаланат? б) Ушул жана кийинки макалада эмнени карайбыз?

«СИЛЕРДИН жетекчиңер ким?» Жахабанын Күбөлөрүнөн ушинтип көп сурашат. Бул таң калыштуу деле эмес. Анткени көптөгөн диндерде бир киши же аял жетекчилик кылат. Биз болсо сурагандарга бизди кайсы бир жеткилеңсиз адам жетектебей турганын сыймыктануу менен айтабыз. Биздин Жол башчыбыз — Иса Машаяк! Ал болсо өзүнүн Атасына, Жахабага, баш иет (Мт. 23:10).

2 Кудай өз элин жетектеш үчүн адамдардын тобун, «ишенимдүү жана акылдуу кулду», да колдонот (Мт. 24:45). Анда Жахабанын бизди көзгө көрүнбөгөн Уулу аркылуу өзү жетектеп жатканын каяктан билебиз? Ушул жана кийинки макаладан анын көптөгөн кылымдардан бери айрым адамдарды колдонуп, өз элине кантип жетекчилик берип келатканын билебиз. Ошондой эле аларды жетектөө менен өз элинин Жол башчысы экенин көрсөтүп келатканын далилдеген үч нерсени карап чыгабыз (Ыш. 58:11).

ЫЙЫК РУХУН БЕРГЕН

3. Муса пайгамбарга ысрайыл элин жетектөөгө эмне жардам берген?

3 Кудай өкүлдөрүнө ыйык рухун берген. Ысрайыл элине жол башчы болуп дайындалган Муса пайгамбарды мисалга алалы. Ал эмненин аркасында ошондой чоң жоопкерчиликти аткара алган? Жахаба «ага ыйык рухун берген». (Оку: Ышая 63:11—14.) Ал Муса пайгамбарга ыйык рухун берүү менен элин жетектеген.

4. Ысрайылдыктар ыйык рухтун Мусага таасир этип жатканын кайдан билишкен? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

4 Ыйык рух көзгө көрүнбөгөн күч болгондуктан, ысрайылдыктар анын Мусага таасир этип жатканын кайдан билишкен? Ыйык рух аны кереметтерди жасоого жана фараонго Кудайдын ысмын жарыялоого жөндөмдүү кылган (Чыг. 7:1—3). Ошондой эле ага элди жетектөөгө жардам берген сапаттарды, алсак, сүйүүнү, жумшактыкты, чыдамдуулукту өрчүтүүгө көмөк кылган. Ал бөтөн элдердин өктөм, өзүнүн керт башынын кызыкчылыгын ойлогон башкаруучуларынан кандай гана айырмаланган! (Чыг. 5:2, 6—9). Ооба, Жахабанын Муса пайгамбарды жол башчы кылып тандаганы айдан ачык болгон.

5. Жахабанын элин жетектеген айрым кишилерге ыйык рух кандайча таасир эткенин түшүндүр.

5 Кийинчерээк Жахабанын элин жетектөөгө дайындалган башка кишилерге да ыйык рух таасир эткен. Маселен, Нундун уулу «Жашыяда акылмандык руху» болгон (Мыйз. 34:9). «Гидонго Жахабанын руху түшкөн» (Бий. 6:34). «Дөөтүгө Жахабанын руху таасир эте баштаган» (1 Шем. 16:13). Алардын баары Кудайдын рухунун жардамына таянып, өз күчү менен кыла албай турган зор иштерди аткара алышкан (Жаш. 11:16, 17; Бий. 7:7, 22; 1 Шем. 17:37, 50). Ошол себептен ал иштер үчүн Жахаба гана даңкталууга татыктуу болгон.

6. Кудайдын эли жол башчы болуп дайындалгандарды эмне үчүн урматташы керек эле?

6 Жогоруда айтылган кишилерди ыйык рух жетектеп жатканы айкын көрүнүп тургандыктан, ысрайылдыктар эмне кылышы керек эле? Аларды урматташы керек болчу. Ысрайыл эли Муса пайгамбарга каршы чыгып, ага наалышканда, Жахаба: «Бул эл мени качанкыга чейин урматтабайт?» — деген (Сан. 14:2, 11). Ырас, Мусаны, Жашыяны, Гидонду жана Дөөтүнү өкүлү кылып Жахаба өзү тандаган болчу. Андыктан ысрайылдыктар аларга баш ийүү менен Жол башчысы Жахабага баш иерин көрсөтүшмөк.

ПЕРИШТЕЛЕРИ АРКЫЛУУ ЖАРДАМ БЕРГЕН

7. Периштелер Муса пайгамбарга кантип жардам беришкен?

7 Кудайдын өкүлдөрүн периштелер колдогон. (Оку: Еврейлер 1:7, 14, шилт.) Жахаба периштесин колдонуп, Муса пайгамбарды маанилүү ишке дайындаган, тапшырмасын аткарууга зарыл болгон нерселер менен камсыз кылган жана жетектеген. Мисалы, аны «тикенектүү бадалдын арасынан көрүнгөн периште аркылуу башчы жана куткаруучу кылып» дайындаган (Элч. 7:35). Ал ысрайылдыктарды насааттап турушу үчүн, «периштелер аркылуу» Мыйзам берген (Гал. 3:19). Ошондой эле ага: «Элди мен айткан жерге алып бар. Менин периштем сенин алдыңда барат»,— деген (Чыг. 32:34). Ыйык Китепте периштелердин ушул нерселерди кылып жатканына ысрайылдыктар сөздүн түз маанисинде күбө болгону айтылбайт. Бирок Муса пайгамбардын элди кандай жетектегенинен, кантип насааттаганынан аны периштелер колдоп жатканы айкын көрүнүп турган.

8. Жашыяга жана Хискияга периштелер кантип жардам берген?

8 Мусанын көзү өткөндөн кийин, анын орун басары Жашыя Кудайдын элин канаандыктарга каршы согушка баштап барышы үчүн, «Жахабанын аскерлеринин төрөсү» аны кайраттандырган. Анын натыйжасында ысрайылдыктар жеңишке жетишкен (Жаш. 5:13—15; 6:2, 21). Кийинчерээк Хиския падыша башкарып турган кезде ашурлуктар жер жайнаган аскери менен Иерусалимди каратып алуу үчүн келген. Ошондо «Жахабанын периштеси чыгып», бир түндүн ичинде «ашурлуктардын кошуунунан 185 000 кишини кырып салган» (2 Пад. 19:35).

9. Кудайдын өкүлдөрүнүн жеткилеңсиздиги ысрайылдыктардын аларга баш ийбей коюшуна негиз бергенби? Түшүндүр.

9 Албетте, периштелер жеткилең болгону менен, алар жардам берген адамдар жеткилең эмес болгон. Алсак, Муса пайгамбар бир жолу Жахабанын ысмын даңктабай, күнөөгө баткан (Сан. 20:12). Гидон болсо гибондуктар менен келишим түзөрдүн алдында Жахабадан жетекчилик сураган эмес (Жаш. 9:14, 15). Ал эми Хискиянын кыска убакытка «жүрөгү текеберденип» кеткен (2 Жылн. 32:25, 26). Бирок алардын жеткилеңсиздигине карабай, ысрайылдыктардан аларга баш ийүү талап кылынган. Ал кишилерди Жахаба периштелери аркылуу колдоп турган. Ошондой жол менен Жахаба элин өзү жетектеген.

СӨЗҮ АРКЫЛУУ ЖЕТЕКТЕГЕН

10. Кандайча Муса пайгамбар Кудайдын Мыйзамына жетектелген?

10 Кудай өкүлдөрүнө Сөзү аркылуу жетекчилик берген. Ыйык Китепте ысрайыл элине берилген Мыйзам «Мусанын мыйзамы» деп айтылган (1 Пад. 2:3). Бирок анда чыныгы Мыйзам чыгаруучу Жахаба экени баса белгиленген. Ошондуктан ал Мыйзамга Муса пайгамбар өзү да баш ийиши керек болгон (2 Жылн. 34:14). Мисалы, Жахаба ага ыйык чатырды кантип жасашы керектигине байланыштуу көрсөтмөлөрдү бергенде, «Муса баарын Жахаба буйругандай аткарган». «Ал так ошондой кылган» (Чыг. 40:1—16).

11, 12. а) Жашыядан жана ысрайыл элинин падышаларынан эмне талап кылынган? б) Кудайдын элин жетектегендерге анын Сөзү кандай таасир эткен?

11 Ысрайыл элин башкарууга дайындалгандан тартып эле Жашыяда Кудайдын Сөзү бар болчу. Ага: «Мыйзам китебиндеги сөздөр оозуңдан түшпөсүн. Анда жазылгандарды так аткарыш үчүн аны күнү-түнү ой жүгүртүп оку»,— деп айтылган (Жаш. 1:8). Кийинчерээк ысрайыл элинин падышалары да ошондой кылышкан. Алар Мыйзамды күнүгө окууга, аны көчүрүп алууга жана «мыйзамда жазылган сөздөр менен көрсөтмөлөргө карманып, аларды аткарууга» милдеттүү болушкан. (Оку: Мыйзам 17:18—20).

12 Кудайдын элин жетектегендерге анын Сөзү кандай таасир эткен? Жошия падышанын мисалына токтололу. Мусанын Мыйзам китеби табылганда, Жошиянын катчысы ага аны окуп бере баштаган *. Ошондо падыша эмне кылган? «Мыйзам китебиндеги сөздөрдү укканда падыша кийимин айрып жиберген». Бирок ал ошентип эле тим болгон эмес. Кудайдын Сөзүнө жетектелип, бурканга сыйынуучулукту жок кылууга киришкен жана Пасах майрамын ага чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлде өткөргөн (2 Пад. 22:11; 23:1—23). Жошия жана башка ишенимдүү башкаруучулар Кудайдын Сөзүнө жетектелгендиктен өздөрүнүн элге берген көрсөтмөлөрүн өзгөртүүгө даяр болушкан. Бул Кудайдын элинин анын эркине ылайык иш кылышына шарт түзгөн.

13. Кудайдын элин башкаргандар бурканга сыйынган башка элдердин падышаларынан эмнеси менен айырмаланган?

13 Ал ишенимдүү падышалар адамдын чектелүү акылмандыгына жетектелген башка элдердин падышаларынан кандай гана айырмаланган! Канаандыктардын бийлиги алдындагы элдин арасында жийиркеничтүү иштер, анын ичинде жакын туугандардын ортосундагы жыныстык мамиле, гомосексуализм, жаныбар менен жанашуу, балдарды курмандыкка чалуу жана бурканга табынуучулук кеңири жайылган болчу (Леб. 18:6, 21—25). Ал эми Бабыл менен Мисирдин башкаруучуларында тазалыкка байланыштуу Кудайдын элиникиндей илимий жактан туура көрсөтмөлөр болгон эмес (Сан. 19:13). Кудайдын эли болсо ишенимдүү башкаруучуларынын алардын рухий, адеп-ахлактык жана денелик жактан таза болушуна кам көрүп жатканын көрүшкөн. Чынында эле, ал башкаруучуларды Жахаба жетектеген.

14. Жахаба өз элин башкарууга дайындалган айрым кишилерди эмне үчүн оңдоп-түзөгөн?

14 Бирок Кудайдын элин башкарган падышалардын баары эле анын көрсөтмөлөрүнө кармана беришкен эмес. Жахабага баш ийбеген башкаруучулар анын ыйык рухунун, периштелеринин жана Сөзүнүн жардамын четке кагышкан. Айрым учурларда Жахаба андай кишилерди оңдоп-түзөчү же ордуна башкаларды тандачу (1 Шем. 13:13, 14). Ал эми убагы келгенде ал теңдешсиз жеткилең жол башчыны дайындаган.

ЖЕТКИЛЕҢ ЖОЛ БАШЧЫНЫ ДАЙЫНДАГАН

15. а) Пайгамбарлар өзгөчө жол башчы келерин кантип көрсөтүшкөн? б) Алдын ала айтылган жол башчы ким болгон?

15 Көптөгөн кылымдар бою Жахаба өз элине жакшы башкаруучу боло турган бирөөнү дайындай турганын алдын ала айттырып келген. Мисалы, Муса пайгамбар ысрайылдыктарга: «Жахаба Кудайың сага элиңдин арасынан, бир туугандарыңдын арасынан, мен сыяктуу пайгамбарды дайындайт, ошону уккула»,— деген (Мыйз. 18:15). Ышая пайгамбар болсо анын «жол башчы жана башкаруучу» болорун айткан (Ыш. 55:4). Ал эми Даниел пайгамбар ыйык рухтун жетеги менен «Машаяк Жол башчынын» келерин пайгамбарлык кылган (Дан. 9:25). Кийин Иса Машаяк келип, өзүнүн Кудайдын элин башкарууга дайындалган «Жол башчы» экенин айткан. (Оку: Матай 23:10.) Исанын шакирттери аны даярдуулук менен жолдошкон жана аны чын эле Жахаба тандаганына ишенишкен (Жкн. 6:68, 69). Алар Жахабанын өз элин Иса Машаяк аркылуу жетектээрине эмнеден улам ишенишкен?

16. Ыйык рухтун Иса Машаякка таасир эткени эмнеден көрүнгөн?

16 Иса Машаякка ыйык рух таасир эткен. Ал чөмүлгөндө, Чөмүлдүрүүчү Жакан «асмандын ачылганын, Кудайдын рухунун ага көгүчкөндөй болуп түшүп келатканын көргөн». Андан кийин ыйык рух Исага «ээн талаага барууга түрткү берген» (Мр. 1:10—12). Жерде жүргөндө Иса Машаяк Кудайдын ыйык рухунун таасири менен көптөгөн кереметтерди жасап, Кудай бийлик берген адамдай сүйлөгөн (Элч. 10:38). Ошондой эле ыйык рух Исага анын жемишине кирген сүйүү, кубаныч жана бекем ишеним сыяктуу сапаттарды өрчүтүүгө жардам берген (Жкн. 15:9; Евр. 12:2). Ыйык рухтун таасиринин мындай төгүндөлгүс далилдери башка бир да кишиде болгон эмес. Ооба, Исаны Жахаба өзү тандаган.

Иса чөмүлгөндөн көп өтпөй, периштелер ага кантип жардам беришкен? (17-абзацты кара)

17. Периштелер Иса Машаякка кантип жардам беришкен?

17 Периштелер жардам берген. Иса Машаяк чөмүлгөндөн көп өтпөй, ага «периштелер келип,.. кызмат кыла башташкан» (Мт. 4:11). Өлөрүнө бир нече саат калганда да «асмандан периште келип, аны бекемдеген» (Лк. 22:43). Иса Машаяк, кандай жагдай болбосун, Жахабанын ага периштелерин жиберип, өзүнүн эркин аткарууга жардам береринен шектенген эмес (Мт. 26:53).

18, 19. Кандайча Иса Машаяк жашоосунда да, башкаларды окутканда да Ыйык Жазмага жетектелген?

18 Кудайдын Сөзү жетекчилик берген. Кызматы башталган күндөн тартып эле Иса Ыйык Жазмада айтылгандарга жетектелип жашаган (Мт. 4:4). Атүгүл жаза устунунда азап чегип өлгөнгө чейин Кудайдын Сөзүнө баш ийген. Ошондой эле өлөр алдында ал Машаякка байланыштуу пайгамбарлыктардан цитата кылган (Мт. 27:46; Лк. 23:46). Ал эми ошол учурдагы диний жетекчилер өздөрүнүн каада-салттарына карама-каршы келген учурларда Кудайдын Сөзүнө карманышкан эмес. Ошондуктан Иса Жахабанын Ышая аркылуу айткан сөздөрүн цитата кылып: «Бул эл мени оозу менен урматтайт, жүрөктөрү болсо менден алыс. Алар мага куру бекер сыйынып жатышат, анткени адамдардын осуяттарын Кудайдын окууларындай кылып үйрөтүшөт»,— деген (Мт. 15:7—9). Албетте, Жахаба андай кишилердин эч кимисин өз элин башкарууга тандабайт болчу.

19 Иса Машаяктын иштери эле эмес, окуулары да Кудайдын Сөзүндө айтылгандарга ылайык келген. Ага каршы чыккан диний жетекчилер менен сүйлөшкөндө ал өзүнүн зор акылмандыгына, теңдешсиз тажрыйбасына таянбастан, айткандарын Ыйык Жазмага негиздеген (Мт. 22:33—40). Андан тышкары, угуучуларын асмандагы жашоосу же ааламдын жаралышы жөнүндө айтып таң калтырууга умтулган эмес. Анын ордуна, «Ыйык Жазмада айтылгандарды түшүнүшү үчүн, алардын акылын ачкан» (Лк. 24:32, 45). Арийне, Иса Машаяк Кудайдын Сөзүн абдан жакшы көргөн жана анда жазылгандарды башкалар менен бөлүшүүгө ынтызар болгон.

20. а) Иса Машаяк Кудайды кантип даңктаган? б) Иса менен Ирод Агриппа Iнин ортосундагы айырмачылыктан Жахабанын жол башчыны эмнесине карап тандаарына байланыштуу эмнени билүүгө болот?

20 Көптөр Исанын «жагымдуу сөздөрүнө таң калышса» да, ал дайыма өзүнүн Насаатчысы Жахабаны даңктаган (Лк. 4:22). Маселен, бир бай киши ага «жакшы Устат» деп кайрылганда, ал: «Эмне үчүн мени жакшы дейсиң? Жакшы деп аталууга Кудайдан башка эч ким татыктуу эмес»,— деген (Мр. 10:17, 18). Ал Ирод Агриппа Iден кандай гана айырмаланган! Иса өлгөндөн сегиз жылдай убакыт өткөндөн кийин Жүйүт аймагын башкарууга дайындалган Ирод, бир жолу өзгөчө жолугушуу болгондо, өзүнүн «падыша кийимин кийип» чыккан. Чогулган эл аны аздектеп: «Бул — адамдын эмес, кудайдын үнү!» — деп кыйкыра баштаган. Бул ага майдай эле жакканы шексиз. Анын натыйжасы кандай болгон? «Кудайды даңктабаганы үчүн, Жахабанын периштеси аны ошол замат катуу ооруга чалдыктырган»; «ал куртка жем болуп өлгөн» (Элч. 12:21—23). Ооба, Жахабанын Иродду жол башчы кылып тандабаганы айдан ачык эле көрүнгөн. Ал эми Иса Машаякты Кудай дайындаганына жүйөлүү далилдер бар болчу. Ал Жахабаны өзүнүн элинин Улуу Жол башчысы катары көрүп, аны дайыма даңктап-даңазалаган.

21. Кийинки макаладан кайсы суроолорго жооп алабыз?

21 Иса Машаяктын башкаруусу бир нече эле жылга созулмак эмес. Ал тирилгенден кийин: «Асмандагы жана жердеги бийликтин баары мага берилди... Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар дайым силер менен болом»,— деп айткан (Мт. 28:18—20). Бирок Иса асмандагы рухий жаратуу болсо, Кудайдын жердеги элин кантип жетектемек? Жахаба кимдерди Машаяктын жетеги алдында иш-аракет кылып, анын элинин арасында жетекчиликти колго алууга колдонмок? Кудайдын кызматчылары анын өкүлдөрүн кантип аныктай алышмак? Кийинки макаладан ушул суроолорго жооп алабыз.

^ 12-абз. Бул Муса пайгамбар өз колу менен жазган китеп болушу мүмкүн.