Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Элчи Пабыл: «Кудай... алыңар жеткис азгырыктарга кабылышыңарга жол бербейт»,— деп жазган (1 Кор. 10:13). Бул Жахабанын эмнеге алыбыз жетерин алдын ала көрө билип, анан кандай сыноого кабыларыбызды аныктай турганын билдиреби?

Мындай ойдо болуунун натыйжасы кандай болмоктугун карап көрөлү. Баласы өз өмүрүн кыйган бир ишенимдешибиз: «Жубайым экөөбүз балабыздын өзүн өзү өлтүргөнүнө чыдаарыбызды Жахаба алдын ала билгенби? Ал биздин муну көтөрө аларыбызды аныктап койгондуктан башыбызга ушундай кайгы түштүбү?» — деп сураган. Жахаба жашообуздагы окуяларды белгилүү бир жол менен өрчүгүдөй кылып жөнгө салат деп ишенүүгө негиз барбы?

Пабылдын 1 Корунттуктар 10:13төгү сөздөрүн тереңирээк талдоо менен мындай жыйынтыкка келебиз: Жахаба эмнеге алыбыз жетерин алдын ала көрө билип, анан ошого жараша кандай сыноого кабыларыбызды аныктайт деп айтууга Ыйык Китепте эч кандай далил жок. Келгиле, эмне үчүн мындай жыйынтык чыгарууга болоруна байланыштуу 4 себепке токтололу.

Биринчиден, Жахаба адам баласына чечим чыгаруу эркиндигин берген. Ал жашоодогу жолубузду өзүбүз тандашыбызды каалайт (Мыйз. 30:19, 20; Жаш. 24:15). Эгер туура жолду тандасак, Жахабанын кадамыбызга багыт берерине ишене алабыз (Накыл 16:9). Ал эми туура эмес жолду тандасак, кесепетин тартабыз (Гал. 6:7). Жахаба бизге кандай сыноолор келерин күн мурун аныктап коё турган болсо, чечим чыгаруу эркиндигибизди чектеген болуп калмак.

Экинчиден, Жахаба бизди «күтүлбөгөн жагдайлардан» сактабайт (Нас. 9:11). Кээде ылайыксыз убакта ылайыксыз жерде болуп калгандыктан эле каргашалуу окуяга кабылышыбыз мүмкүн. Иса мунара кулап, 18 киши каза болгону жөнүндөгү окуяны айтканда анын Кудайдын эрки боюнча болбогонун баса белгилеген (Лк. 13:1—5). Андыктан Кудай кандайдыр бир кырсыктан ким өлүп, ким тирүү каларын алдын ала аныктайт деп ойлоо акылга сыярлык эмес.

Үчүнчүдөн, ар бирибиз кынтыксыздыкка байланыштуу талаш маселеге катышуудабыз. Шайтан Жахабанын бардык кызматчыларынын кынтыксыздыгына шек туудуруп, сыноого кабылышканда Жахабага берилген бойдон калбай турганын айтканын эстесең (Аюп 1:9—11; 2:4; Аян 12:10). Эгер Жахаба кайсы бир сыноону көтөрө албай турганыбызды алдын ала аныктап, аны бизден кыя өткөрүп койсо, ага жеке кызыкчылыгыбызды көздөгөндүктөн кызмат кыларыбызды айткан Шайтандын чырагына май таммак.

Төртүнчүдөн, Жахаба жашообуздагы ар бир эле нерсени алдын ала көрө бербейт. Кудай кандай сыноого кабыларыбызды күн мурун чечип коёт деген ой ал келечегибиз жөнүндө баарын билиши керек дегенди билдирип калмак. Бирок бул Ыйык Жазмада айтылгандарга ылайык келбейт. Албетте, Кудай келечекти алдын ала көрө алат (Ыш. 46:10). Анткен менен ал, Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, келечекте боло турган окуялардын баарын эле көрө бербейт (Башт. 18:20, 21; 22:12). Жахаба чечим чыгаруу эркиндигибизди сыйлагандыктан көрө билүү жөндөмүн тең салмактуулук менен колдонот. Тандоо эркиндигибизди сыйлаган, сапаттарын дайыма жеткилең түрдө чагылдырган Кудай ушундай болушу керек эмеспи? (Мыйз. 32:4; 2 Кор. 3:17).

Анда Пабылдын: «Кудай... алыңар жеткис азгырыктарга кабылышыңарга жол бербейт»,— деген сөздөрүн кандай түшүнүшүбүз керек? Элчи Пабыл бул аятта Жахабанын биз сыноого кабылганга чейин эмес, сыноо учурунда эмне кылары тууралуу айткан *. Анын сөздөрү жашоодо кандай сыноого кабылбайлы, Жахабага таянсак, анын бизди колдой турганына ынандырат (Заб. 55:22). Пабылдын жубатарлык сөздөрү эки негизги чындыкка негизделет.

Биринчиден, биз «адамдар кабылып эле жүргөн» сыноолорго кабылып жатабыз. Эгер Жахабага таянсак, мындай сыноолор биз үчүн көтөрө алгыс болбойт (1 Пет. 5:8, 9). 1 Корунттуктар 10:13түн контекстинен айкын болгондой, Пабыл ысрайыл эли чөлдө жүргөндө кабылган сыноолор жөнүндө сөз кылган (1 Кор. 10:6—11). Ал сыноолордун бири да адамдар такыр кабылбаган же ишенимдүү ысрайылдыктар көтөрө алгыс сыноо болгон эмес. Пабыл айрым ысрайылдыктардын тил албастык кылганын төрт жолу айткан. Ооба, алардын кээ бирлери Кудайга таянбагандыктан туура эмес кумарларына берилип кетишкен.

Экинчиден, «Кудай ишенимдүү». Кызматчыларына кылган мамилеси жөнүндөгү билдирүүлөрдөн айкын болуп тургандай, Кудай «аны сүйүп, осуяттарын аткаргандарга» сүйүүсүн берилгендик менен көрсөтөт (Мыйз. 7:9). Ошондой эле убадаларын дайыма аткарат (Жаш. 23:14). Жахаба кызматчыларына ишенимдүүлүк менен мамиле кылып келгендиктен, аны сүйүп, ага баш ийгендер анын эки нерсени камтыган убадасына бекем ишене алышат: 1) ал эч бир сыноонун көтөрө алгыс болуп калганчалык деңгээлде өрчүп кетишине жол бербейт жана 2) андан «чыгуунун жолун көрсөтөт».

Жахаба бизди, «кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, сооротот»

Жахаба ага таянгандарга сыноо учурунда жагдайдан чыгуунун жолун кантип көрсөтөт? Албетте, өзүнүн эркине ылайык келсе, ал тек гана сыноодон арылтып коё алат. Бирок Пабылдын: «Туруштук бере алышыңар үчүн, жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтөт»,— деген сөздөрүн да эстесең. Демек, көп учурда ал, сыноону ийгиликтүү көтөрүп кете алышыбыз үчүн, зарыл болгон нерселерди берүү менен «чыгуунун жолун көрсөтөт». Анда мунун айрым жолдорун карап көрөлү.

  • Жахаба бизди, «кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, сооротот» (2 Кор. 1:3, 4). Ал өзүнүн Сөзү, ыйык руху жана ишенимдүү кул берген рухий тамак аркылуу акылыбызды, жүрөгүбүздү тынчтандырып, көңүлүбүздү жайына келтирет (Мт. 24:45; Жкн. 14:16; Рим. 15:4).

  • Ыйык руху аркылуу жетекчилик берет (Жкн. 14:26). Сыноого туш болгондо, ыйык рух бизге Кудайдын Сөзүндөгү билдирүүлөрдү жана принциптерди эстетип, акылдуулук менен чечим чыгарууга көмөк кылат.

  • Периштелери аркылуу колдойт (Евр. 1:14).

  • Сөзү, иши менен «жөлөк боло» турган ишенимдештерибиз аркылуу жардам берет (Кол. 4:11).

Анда Пабылдын 1 Корунттуктар 10:13төгү сөздөрүнүн маанисине байланыштуу кандай жыйынтык чыгарсак болот? Жахаба биз кабыла турган сыноолорду алдын ала аныктабайт жана тандабайт. Бирок сыноого дуушар болгонубузда бир нерседен шектенбесек болот: эгер Жахабага толугу менен таянсак, ал сыноолордун биз көтөрө албай калганчалык деңгээлде өрчүп кетишине жол бербейт, ошондой эле аларды көтөрүп кете алышыбыз үчүн, сөзсүз жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтөт. Бул кандай гана жубатарлык!

^ 2-абз. «Азгырык» деп которулган грек сөзү «сыноо» деген да маанини туюнтушу мүмкүн.