Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Берген антыңды аткар

Берген антыңды аткар

«Жахабага берген антыңды аткар» (МТ. 5:33).

ЫРЛАР: 124, 51

1. а) Иптах бий менен Аннанын кандай жалпылыгы болгон? (Макаланын башындагы сүрөттөрдү кара.) б) Бул макалада кайсы суроолорду карап чыгабыз?

БИРӨӨ тайманбас жол башчы, эр жүрөк жоокер, ал эми экинчиси үйүнө жана күйөөсүнө жакшы кам көргөн момун зайып болгон. Бир Кудайга сыйынгандан сырткары, Иптах бий менен Элкананын жубайы Аннанын кандай жалпылыгы бар эле? Экөө тең Кудайга ант беришкен жана берген антын аткарышкан. Алар Жахабага ант берүүнү чечкен эркек-аялдарга сонун үлгү калтырышкан. Бирок бизде мындай суроолор пайда болот: Ант деген эмне? Кудайга ант берүү канчалык олуттуу? Иптах менен Аннадан эмнеге үйрөнө алабыз?

2, 3. а) Ант деген эмне? б) Ыйык Жазмада Кудайга ант берүү жөнүндө эмне делет?

2 Ыйык Китепке ылайык, ант — Кудайга берилген олуттуу убада. Адам кайсы бир ишти кылууга, бир нерсесин тартуу катары берүүгө, кайсы бир кызматты аткарууга же бир нерседен баш тартууга убада бериши мүмкүн. Ал антты өз эрки менен берет. Ошентсе да ант Кудайдын көз алдында сөзсүз аткарылышы керек болгон ыйык жана өтө олуттуу убада болуп эсептелет (Башт. 14:22, 23; Евр. 6:16, 17). Ыйык Жазмада Кудайга ант берүүнүн орчундуу экени жөнүндө эмне делет?

3 Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамда: «Эгер кимдир бирөө Жахабага убада берсе же... ант ичсе, анда сөзүнө турсун, оозунан чыккандын бардыгын аткарсын»,— деп жазылган (Сан. 30:2). Кийинчерээк Сулайман падыша ыйык рухтун жетеги менен: «Кудайга убада берсең, аны кечиктирбей аткар, анткени акылсызды эч ким жактырбайт. Берген убадаңды аткар»,— деп жазган (Нас. 5:4). Иса пайгамбар да ант берүүгө жеңил ойлуу карабаш керектигин ырастап: «Байыркы убакта жашагандарга: „Антыңды бузба, Жахабага берген антыңды аткар“,— деп айтылганын уккансыңар»,— деген (Мт. 5:33).

4. а) Кудайга ант берүү канчалык олуттуу? б) Бул макаладан Иптах менен Анна жөнүндө эмнени билебиз?

4 Жогорудан көрүнүп тургандай, Кудайга убада берүү — абдан олуттуу нерсе. Антыбызды аткарар-аткарбасыбыз Жахаба менен болгон мамилебизге таасир этет. Дөөтү падыша: «Жахабанын тоосуна ким чыга алат, ыйык жайына ким кире алат? Колу арамдалбаган, жүрөгү таза,.. жалган ант бербеген адам»,— деп жазган (Заб. 24:3, 4). Иптах менен Анна кандай ант беришкен жана аларга антын аткаруу канчалык оор болгон?

КУДАЙГА БЕРГЕН АНТЫН АТКАРЫШКАН

5. Иптах кандай ант берген жана анын натыйжасы кандай болгон?

5 Иптах Кудайдын элин эзип келген Амон уулдары менен согушканы баратканда Жахабага убада берип, аны аткарган (Бий. 10:7—9). Ал душманды жеңүүнү абдан каалагандыктан Жахабага: «Эгер сен Амон уулдарын колума салып берсең, анда Амон уулдары менен болгон согуштан жеңиш менен кайтып келгенимде, үйүмдөн мени ким тосуп чыкса, ошол Жахабага таандык болот»,— деп ант берген. Анан эмне болгон? Амон уулдары багынып беришкен. Жеңиш менен кайтып келаткан Иптахты жанынан артык көргөн кызы тосуп чыккан. Анын кызы «Жахабага таандык болмок» (Бий. 11:30—34). Бирок бул үчүн кызынан эмне талап кылынмак?

6. а) Иптах менен кызына Кудайга берген антын аткаруу канчалык оор болгон? б) Кудайга ант берүүгө байланыштуу Мыйзам 23:21, 23тө жана Забур 15:4тө жазылгандар сага кандай таасир этет?

6 Атасы антын аткарышы үчүн, Иптахтын кызы Жахабанын ыйык жайында ага толук убакыт кызмат кылышы керек болгон. Иптах бул антты ойлонбой эле берип койгонбу? Жок. Ал аны үйүнөн кызы тосуп чыгышы мүмкүн экенин жакшы билсе керек. Анткен менен антты аткаруу атасына да, кызына да оңой болгон эмес. Бул алар үчүн чоң курмандыкка тете болгон. Иптах кызын көргөндө кийимин айрып жиберип: «Аттиң ай, кызым, жүрөгүмдү жаралабадыңбы!» — деген. Кызы «өмүрү өткөнчө турмуш курбай турганына ыйлаган». Эмне үчүн? Иптахтын уулу жок болгондуктан жана жалгыз кызы турмуш курбай тургандыктан, ал эч качан небере жытын жыттамак эмес. Үй-бүлөсүнүн аты, мурасы сакталбайт болчу. Бирок бул алар үчүн эң маанилүү нерсе болгон эмес. Иптах: «Мен Жахабага убада берип койгом, эми аны буза албайм»,— деген. Ал эми кызы: «Анда ал убадаңызды аткарыңыз»,— деп айткан (Бий. 11:35—39). Ооба, эмнеден баш тартууга туура келбесин, экөө тең Эң Жогорку Кудайга берген антын бузбоого чечкиндүү, берилген адамдардан болушкан. (Оку: Мыйзам 23:21, 23; Забур 15:4.)

7. а) Анна эмне деп ант берген жана эмне үчүн? Анын натыйжасы кандай болгон? б) Апасынын антына ылайык, Шемуел эмне кылышы керек болчу? (Шилтемени кара.)

7 Анна да Жахабага берген антын аткарган. Ал төрөбөс болгондуктан жана күндөшү ызалантып, көңүлүн оорута бергендиктен абдан кыйналган. Ошондой кыйын учурда ал Кудайга убада берген (1 Шем. 1:4—7, 10, 16). Анна Жахабага ичиндегисин төгүп: «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, эгер күңүңдүн кайгысына назарыңды салып, мени эстесең жана күңүңдү унутпай, мага эркек бала берсең, анда, Жахаба, мен аны биротоло сага берем, анын башына устара тийбейт»,— деп ант берген * (1 Шем. 1:11). Кудай анын үнүн уккандыктан, ал уулдуу болгон. Ошондо Анна кандай гана кубанычка бөлөнгөн! Бирок ал Кудайга берген антын унуткан эмес. Ал уулун төрөгөндө: «Бул баланы Жахабадан тилеп алдым»,— деп айткан (1 Шем. 1:20).

8. а) Аннага антын аткаруу канчалык оор болгон? б) Дөөтү падышанын Забур 61-бөлүмдөгү сөздөрү кандайча Аннанын маанайын эске салат?

8 Шемуел үч жаштарында эмчектен чыгарылары менен, Анна Кудайга берген антына жараша иш кылган. Антын бузуу анын оюна да келген эмес. Ал Шемуелди Шилодогу ыйык чатырда кызмат кылган башкы дин кызматчы Эйлиге алып барып: «Мырзам, мен ушул жерде сиздин көзүңүзчө Жахабадан тиленген баягы аялмын. Ошондо ушул баланы сурап тиленген элем. Жахаба тилегенимди берди. Эми баламды Жахабага берип жатам. Балам Жахабага биротоло берилди»,— деген (1 Шем. 1:24—28). Ал жактан жаш Шемуел «Жахабанын алдында чоңоё» берген (1 Шем. 2:21). Бирок Анна эмнеден айрылган? Ал жанынан артык көргөн баласы менен күн сайын көрүшө албай калган. Ар бир эле мээримдүү эне чүрпөсүнүн чоңоюп келатканын көрүп, аны менен жагымдуу учурларды өткөргүсү келгендей эле, Аннанын да уулун кучактагысы, аны менен ойногусу, ага кам көргүсү келгени айтпаса да түшүнүктүү. Бирок ал Кудайга берген антын аткарганына кымындай да өкүнгөн эмес. Анын жүрөгү Жахабаны ойлоп кубанган (1 Шем. 2:1, 2; оку: Забур 61:1, 5, 8).

Жахабага берген анттарыңды аткарып жатасыңбы?

9. Азыр кайсы суроолорго жооп алабыз?

9 Ошентип, Кудайга ант берүү канчалык олуттуу экенин билдик. Эми мындай суроолорду карап чыгалы: Кудайдын кызматчылары катары биз кандай ант беришибиз мүмкүн? Антыбызды аткарууга канчалык чечкиндүү болушубуз зарыл?

АРНАЛГАНДА БЕРГЕН АНТЫҢ

Арналгандагы антың (10-абзацты кара)

10. Кудайдын кызматчысынын жашоосундагы эң маанилүү ант кайсы жана ал өз ичине эмнени камтыйт?

10 Кудайдын кызматчысынын ага өзүн арнаганда берген анты жашоосундагы эң маанилүү ант болуп эсептелет. Эмне үчүн? Анткени ал жекече тиленгенде, кандай жагдай болбосун, өмүрүн Кудайга түбөлүккө кызмат кылууга арнайм деп убада берет. Исанын сөзүнө ылайык, ал киши «өзүнөн баш тартат», тагыраак айтканда, өзүнө карата болгон бардык укуктарынан баш тартат жана Кудайдын эркин жашоосунда биринчи орунга коюуга ант берет (Мт. 16:24). Ошол күндөн тартып «Жахабага таандык» болуп калат (Рим. 14:8). Ким өзүн Кудайга арнап ант берсе, забурчуга окшоп, антына олуттуу карашы керек. Забурчу: «Жахабанын мага кылган бардык жакшылыктарын кантип актайм?.. Жахабага берген убадаларымды анын бүт элинин алдында аткарам»,— деп айткан (Заб. 116:12, 14).

11. Чөмүлгөн күнү эмнени көрсөткөнсүң?

11 Сен өзүңдү Жахабага арнап, аны сууга чөмүлүү менен көрсөттүң беле? Эгер ошондой болсо, бул эң сонун! Чөмүлгөн күнү көп күбөлөрдүн көзүнчө баяндамачы сенден өзүңдү Жахабага арнаган-арнабаганыңды сураган. Ошондой эле: «Кудайга арналганың жана чөмүлгөнүң Жахабанын Күбөлөрүнө — Кудай өз руху менен жетектеген уюмга — кошулганыңды билдирерин түшүнүп жатасыңбы?» — деген суроо берген. Ал суроолорго ишенимдүү жооп берүү менен өзүңдү Жахабага толугу менен арнаганыңды жана анын кызматчысы болуш үчүн чөмүлүүгө жарактуу экениңди эл алдында көрсөткөнсүң. Муну менен Жахабаны кубанткансың.

12. а) Өзүбүзгө кандай суроолорду берип көрсөк болот? б) Петирдин сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, кайсы сапаттарды өрчүтүшүбүз керек?

12 Бирок чөмүлүү кызматтын башталышы гана. Биз андан кийин да арналуубузга жараша Кудайга кызмат кылууну уланта беришибиз керек. Андыктан өзүңдөн мындай деп сурап көр: «Чөмүлгөндөн бери рухий жактан канчалык өстүм? Жахабага жан-дилимден кызмат кылып жатамбы? (Кол. 3:23). Кудайдан дайыма тиленип, анын Сөзүн окуп, жыйналыш жолугушууларына барып, кабар айтуу ишине мүмкүн болушунча көбүрөөк катышып жатамбы? Же бул жактардан аксап баратамбы?» Элчи Петир түшүндүргөндөй, эгер ишенимибизди билим, туруктуулук жана Кудайга берилгендик менен толуктап турсак, кызматыбызда жигерсиз болуп калбайбыз. (Оку: 2 Петир 1:5—8.)

13. Кудайдын арналган жана чөмүлгөн кызматчысы эмнени түшүнүшү кажет?

13 Кудайга арналганда берген убадабыздан кайтып, антыбызды бузууга жол жок. Эгер адам Жахабага кызмат кылгандан же Исанын жолдоочусундай жашагандан чарчаса, ал: «Мен чынында өзүмдү Кудайга арнаган эмесмин, чөмүлүүм жараксыз болчу»,— деп актана албайт *. Кандай болбосун, ал чөмүлгөндө башкалардын алдында Кудайга толугу менен арналганын көрсөткөн. Ал кандайдыр бир олуттуу күнөө кылса, Жахабанын жана жыйналыштын алдында жооптуу болот (Рим. 14:12). Эч кимибиз Иса Машаяктын биз жөнүндө: «Сен биринчи сүйүүңдү сактаган жоксуң»,— деп айтышын такыр каалабайбыз. Анын ордуна: «Мен сенин иштериңди, сүйүүңдү, ишенимиңди, кызматыңды, туруктуулугуңду жана акыркы иштериңдин мурунку иштериңен көп экенин билем»,— деп айтышын каалайбыз (Аян 2:4, 19). Ошондуктан ынталуу болуп, антыбызга жараша жашоо менен Жахабаны кубанта берели.

НИКЕГЕ ТУРГАНДА БЕРГЕН АНТЫҢ

Никеге тургандагы антың (14-абзацты кара)

14. Олуттуу анттардын экинчиси кайсы жана эмне үчүн ошентип айтууга болот?

14 Олуттуу анттардын экинчиси — никеге турганда берилген ант. Эмне үчүн? Анткени нике ыйык. Колукту менен күйөө Кудайдын жана күбөлөрдүн алдында бири-бирине ант берет. Алар баш кошуп жатканда «Кудай негиздеген никеде туруп, жер бетинде өмүр сүрүп жүргөн бардык күндөрүндө» бири-бирин сүйүүгө, кам көрүүгө жана урматтоого убада беришет. Жахабанын Күбөсү болбогондор так ушул сөздөрдү айтышпаса да, алар деле Кудайдын алдында ант беришет. Ошондон кийин экөө аялы-күйөөсү деп жарыяланат. Кудайдын ой-ниетине ылайык, алар өмүр бою бирге болушу керек (Башт. 2:24; 1 Кор. 7:39). Андыктан, Иса айткандай, Кудай кошконду эч бир адам: аялы да, күйөөсү да, башка бирөө да ажыратпашы керек. Ошол себептен баш кошуп жатканда жубайлар ажырашуу жөнүндө такыр ойлонбошу кажет (Мр. 10:9).

15. Эмне үчүн Кудайдын кызматчылары никеге дүйнөдөгү адамдардай жеңил ойлуу карабашы керек?

15 Албетте, жеткилең нике жок. Нике жеткилеңсиз эки адамдан турат. Ошондуктан Ыйык Китепте жубайлардын «жашоосунда... кыйынчылыктар пайда болору» айтылган (1 Кор. 7:28). Өкүнүчтүүсү, бул дүйнөдөгү көптөгөн адамдар никеге жеңил ойлуу карашат. Ортодогу мамилесине доо кеткенде, алар шак эле кыйынчылыкка багынып, жубайын таштап кетишет. Бирок Кудайдын кызматчылары андай кылышпайт. Жубайлардын антын бузганы Кудайга калп айтканга тете. Кудай болсо жалганчыларды жек көрөт (Леб. 19:12; Накыл 6:16—19). Элчи Пабыл: «Аялың бар болсо, аны кетирүүнүн жолун издебе»,— деп жазган (1 Кор. 7:27). Себеби ал Жахабанын ишенимсиздик кылып, жары менен ажырашып кеткендерди да жек көрөрүн билген (Мал. 2:13—16).

16. Ыйык Китепте ажырашууга жана бөлөк жашоого байланыштуу эмне делет?

16 Иса пайгамбар баса белгилегендей, Ыйык Жазмага ылайык, күнөөсүз тарап ойноштук кылган жарын кечирбөөнү чечкенде гана никелешүү антын бузууга жол берилет (Мт. 19:9; Евр. 13:4). Ал эми бөлөк жашоо жөнүндө эмне айтууга болот? Ыйык Китепте бул жөнүндө да ачык жазылган. (Оку: 1 Корунттуктар 7:10, 11.) Ыйык Жазмада эки бөлөк жашоого жол бере турган эч кандай негиз жок. Анткен менен айрым ишенимдештерибиз кайсы бир жагдайларды, мисалы, ырайымсыз же чындыктан четтеген жарынын анын өмүрүнө же Жахаба менен болгон мамилесине чоң коркунуч туудурганын бөлөк жашоого негиз катары көрүшү мүмкүн *.

17. Өмүр бою чогуу болуш үчүн чындык жолундагы жубайлар эмне кылышы керек?

17 Жубайлар ортодогу көйгөйлөрүнө байланыштуу кеңеш сурап кайрылганда, аксакалдардын алардан жакын арада «Чыныгы сүйүү деген эмне?» деген тасманы чогуу көргөн-көрбөгөнүн жана «Бактылуу үй-бүлөлөрдөн боло аласыңар» деген китепчени изилдеген-изилдебегенин сурап көргөнү дурус. Эмне үчүн? Анткени аларда көптөгөн жубайларга никесин бекемдегенге жардам берген принциптер баса белгиленген. Бир жубайлар: «Ушул китепчени изилдегенден тартып мурдагыдан да бактылуу болуп калдык»,— деп ой бөлүшкөн. Ал эми жолдошу менен 22 жылдан бери чогуу түтүн булатып келаткан бир ишенимдешибиз бир кезде үй-бүлөсү бузулайын деп калганын эскерип: «Биз экөөбүз тең чөмүлгөнбүз, бирок эмоциялык жактан эки башка болчубуз. Тасма дал өз убагында чыкты! Азыр жолдошум экөөбүздүн мамилебиз бир топ жакшы болуп калды»,— деген. Сен үй-бүлөлүүсүңбү? Ошондой болсо, Жахабанын принциптерин колдонууга колуңан келишинче аракет кыл. Бул никеге турганда берген антыңа жараша жашап, бактылуу болушуңа шарт түзөт.

АТАЙЫН ТОЛУК УБАКЫТ КЫЗМАТ КЫЛГАНДАРДЫН АНТЫ

18, 19. а) Кудайга кызмат кылган көптөгөн ата-энелер эмне кылышат? б) Атайын толук убакыт кызмат кылып жаткандар жөнүндө эмне деп айтууга болот?

18 Иптах менен Аннанын дагы кандай окшош жагы болгонун байкадыңбы? Алардын берген антынын натыйжасында Иптахтын кызы да, Аннанын уулу да ыйык чатырда өзгөчө, ыйык кызматты аткарууга арналышкан. Бул аларга канааттануу тартуулаган. Бүгүнкү күндө да көптөгөн ата-энелер балдарын Кудайга толук убакыт кызмат кылып, аны жашоосунда биринчи орунга коюуга үндөшөт. Ушундай кызматты аркалап жаткандар да, аларды үндөгөн ата-энелери да мактоого татыктуу! (Бий. 11:40; Заб. 110:3).

Атайын толук убакыт кызматты баштагандагы антың (19-абзацты кара)

19 Азыркы убакта 67 000дей бир тууган Атайын толук убакыт кызмат кылган Жахабанын Күбөлөрүнүн дүйнөлүк боордоштугун түзөт. Алардын айрымдары Бейтелде, башкалары курулушта кызмат кылышат, кыдыруучулук ишти аткарышат, дагы бирөөлөр теократиялык мектептердин нускоочулары, атайын пионерлер, миссионерлер, жыйындар залын же ыйык китептик мектептер өткөрүлгөн имараттарды тейлеген кызматчылар катары кызмат кылышат. Алардын баары тил алууга жана жөнөкөй жашоого ант беришкен. Ал ант боюнча, алар Падышалыктын ишин алдыга жылдыруу үчүн кандай кызматка дайындалбасын, жөнөкөй жашашат жана уруксатсыз кайсы бир жумушта иштешпейт. Алардын өзү эмес, аткарган кызматы өзгөчө деп эсептелет. Атайын толук убакыт кызмат кылып жаткан убакта алар момун болуп, антына жараша жашоо маанилүү экенин жакшы түшүнүшөт.

20. Күн сайын эмне кылышыбыз керек жана эмне үчүн?

20 Сен Кудайга жогоруда талкууланган анттардын канчасын бердиң эле? Бирөөнүбү, экөөнүбү же үчөөнү теңби? Берген анттарыңа олуттуу карашың керектигин түшүнөрүң шексиз (Накыл 20:25). Жахабага берген антыбызды аткарбай калуу кесепеттүү болушу мүмкүн (Нас. 5:6). Андыктан убадаларыбызды «ар күнү аткарып», Жахабанын ысмын түбөлүккө даңктап ырдай берели (Заб. 61:8).

^ 7-абз. Аннанын антына ылайык, уулу өмүр бою назир болмок. Башкача айтканда, Жахабага ыйык кызмат кылууга бөлүнмөк, ошого арналмак (Сан. 6:2, 5, 8).

^ 13-абз. Аксакалдардын адамдын чөмүлүүгө жарактуу экенине ынануу үчүн кандай кадамдарды жасаарын эске алганда, кимдир бирөөнүн чөмүлүүсү жараксыз болгон учурлар чанда эле кездешет.