Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Келгиндерге Жахабага кубанычтуу кызмат кылууга жардам берели

Келгиндерге Жахабага кубанычтуу кызмат кылууга жардам берели

«Жахаба келгиндерди коргойт» (ЗАБ. 146:9).

ЫРЛАР: 17, 109

1, 2. а) Кээ бир ишенимдештерибиз кандай сыноолорго кабылууда? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

«БУРУНДИДЕ жарандык согуш башталганда, үй-бүлөбүз менен жыйында болчубуз,— деп эскерет Лиже бир тууган.— Биз качып бараткан, аткылап жаткан адамдарды көрдүк. Ата-энем, он бир тууганым болуп аман калыш үчүн анча-мынча эле буюмдарыбыз менен качып жөнөдүк. Үйдөгүлөрдүн айрымдары 1 600 километрден ашык алыстыкта жайгашкан Малавидеги качкындар лагерине эптеп жетишти. Калгандарыбыз туш-тушка чачырап кеттик».

2 Учурда дүйнө жүзү боюнча согуштун же куугунтуктун айынан үйлөрүн таштап кеткен качкындардын саны 65 000 000дон ашты. Бул тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет *. Алардын арасында миңдеген Жахабанын Күбөлөрү да бар. Көптөрү жакындарынан жана дээрлик бүт мүлкүнөн айрылган. Айрымдар дагы кандай кыйынчылыктарга кабылууда? Андай бир туугандарга сыноолорго карабай «Жахабага кубаныч менен кызмат кылганга» кантип жардам бере алабыз? (Заб. 100:2). Ошондой эле Жахабаны таанып-биле элек качкындарга жакшы кабарды канткенде ийгиликтүү жеткире алабыз?

КАЧКЫНДАРДЫН ЖАШООСУ

3. Иса менен анын көптөгөн жолдоочулары кандайча качкын болушкан?

3 Жахабанын периштеси Жусупка Ирод падышанын Исаны өлтүргөнү жатканын эскерткенде, ал ымыркай Исаны, Мариямды алып, Мисирге качып кеткен. Алар ал жерде Ирод көз жумганча болушкан (Мт. 2:13, 14, 19—21). Ондогон жылдардан кийин Исанын алгачкы жолдоочулары куугунтуктан улам «Жүйүт жерине жана Самарияга чачырап кетишкен» (Элч. 8:1). Иса Машаяк жолдоочуларынын көбү үйлөрүн таштап кеткенге аргасыз болорун алдын ала билген. Ошондуктан аларга: «Бир шаарда куугунтукташса, башкасына качкыла»,— деген (Мт. 10:23). Эмнеден улам качууга туура келбесин, бул оңой эмес.

4, 5. Качкындар а) жолдон жана б) лагерден кандай кыйынчылыктарга кабылышат?

4 Жолдо баратканда же лагерде жашап жатканда качкындар ар кандай коркунучтуу жагдайларга кабылышы мүмкүн. Лиженин иниси Гат мындай деп эскерет: «Биз жүздөгөн өлүктөрдү аралап, бир нече жума бою жол жүрдүк. Мен ошондо 12 жашта болчумун. Бутум ушунчалык шишип кеткендиктен, үйдөгүлөргө мени таштап кете бергиле дедим. Бирок атам козголоңчулардын колуна түшүшүмдү каалабагандыктан мени көтөрүп алды. Биз ар бир күндөн аман өтүш үчүн тиленип, Жахабага таянып, кээде жол боюнда өскөн манголор менен гана азыктанып жаттык» (Флп. 4:12, 13).

5 Азыр райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылып жаткан Лиженин үйүндөгүлөрүнүн көбү Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар лагеринде бир нече жыл баш калкалаган. Бирок ал жакта деле жыргаган жашоо жок болчу. Лиже: «Лагердегилердин көбүнүн жумушу жок эле. Алар бири-бирин ушакташчу, ичишчү, кумар ойношчу, уурдашчу, адеп-ахлаксыз иштерди кылышчу»,— дейт. Андай адамдардын терс таасирине алдырбаш үчүн Жахабанын Күбөлөрү рухий иштерге толук кандуу катышышы керек болгон (Евр. 6:11, 12; 10:24, 25). Чындык жолунда бекем туруш үчүн алар убактысын акылдуулук менен пайдаланып, көптөрү пионер болуп кызмат кылган. Ошондой эле оң маанай сактоо үчүн, ысрайылдыктар чөлдө убактылуу жүргөндөй эле, алардын да лагерде жүргөн күндөрү акыры соңуна чыгарын эсине салып турушкан (2 Кор. 4:18).

КАЧКЫНДАРГА СҮЙҮҮ КӨРСӨТӨЛҮ

6, 7. а) Кудайдын сүйүүсү кызматчыларына эмне кылууга түрткү берет? б) Мисал келтиргиле.

6 Кудайдын сүйүүсү бири-бирибизге, өзгөчө, кыйын кезеңге туш болгондорго сүйүү көрсөтүүгө түрткү берет. (Оку: 1 Жакан 3:17, 18.) Алсак, 1-кылымда Жүйүт жеринде ачарчылык болгондо, башка жердеги жыйналыштагылар ал жактагы ишенимдештерине жардам берүү үчүн чара көрүшкөн (Элч. 11:28, 29). Элчи Пабыл менен элчи Петир да ишенимдештерин меймандос болууга чакырган (Рим. 12:13; 1 Пет. 4:9). Эгер Кудайдын кызматчылары жол жүрүп келген бир туугандарын жылуу тосуп алууга чакырылып жатса, анда өмүрүнө коркунуч туулган же ишеними үчүн куугунтукталып жаткан бир туугандарына ого бетер кам көрүшү керек эмеспи?! (Оку: Накыл сөздөр 3:27.) *

7 Жакында эле Украинанын чыгышындагы миңдеген Жахабанын Күбөлөрү: эркектер, аялдар, балдар өлкөдөгү саясий жаңжалдан жана куугунтуктан улам өз жеринен качканга мажбур болушту. Өкүнүчтүүсү, айрымдары өмүрүнөн айрылды. Бирок көптөрүн Украинанын башка жерлериндеги жана Орусиядагы ишенимдештери үйлөрүнө батырып алышты. Эки өлкөдө тең бир туугандарыбыз «бул дүйнөгө таандык болбой», саясий иштерде бейтараптуу болуп, «Кудайдын сөзү тууралуу жакшы кабарды» ынталуу жарыялап жатышат (Жкн. 15:19; Элч. 8:4).

ИШЕНИМИН БЕКЕМДӨӨГӨ ЖАРДАМ БЕРЕЛИ

8, 9. а) Качкындар жаңы жерде кандай кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн? б) Эмне үчүн алар чыдамкайлык менен жардам беришибизге муктаж?

8 Кээ бирлер өз өлкөсүнүн башка жактарына, ал эми көптөрү бөтөн эл, бөтөн жерге качууга аргасыз болууда. Өкмөттөр качкындарды кандайдыр бир деңгээлде тамак-аш, кийим-кече, баш калкалай турган жай менен камсыз кылышы ыктымал. Анткен менен качкындар көнгөн тамагы жок кыйналышы мүмкүн. Жылуу жактардан келгендер болсо өмүрүндө биринчи жолу суукту сезип, кантип кийинерин билбеши ыктымал. Ал эми элет жеринен келгендер заманбап үй-тиричилик техникаларын колдонгонду билбей кыйналышат.

9 Айрым өкмөттөрдүн качкындарга жаңы жагдай-шартка көнүүгө жардам берүү үчүн атайын программалары бар. Бирок көбүнчө бир нече айдан кийин эле качкындардан өз түйшүгүн өзү көтөрүшү күтүлөт. Бул оңой эмес. Алардын жаңы тил үйрөнүүгө, ошондой эле жүрүм-турумга, тактыкка, алык-салык төлөөгө, мектептен билим алууга, бала тарбиялоого байланыштуу жаңы мыйзамдарга, жаңы каада-салттарга көнүүгө аракет кылып жатканын элестетсеңер. Анан ушунун баарын бир учурда өздөштүрүп кетиши керек болот. Ушундай кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан бир туугандарга чыдамкайлык, урмат-сый менен көмөк көрсөтө аласыңарбы? (Флп. 2:3, 4).

10. Жаңы келген качкын бир туугандарыбыздын ишенимин кантип чыңдай алабыз? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

10 Айрым учурда бийлик өкүлдөрү качкын бир туугандарга жыйналыш менен байланышууга тоскоолдук кылышат. Бир туугандар жыйналышка катышуу үчүн кээ бир жумуштарга макул болбой койсо, айрым мамлекеттик уюмдар аларга жардам бербей же турак жай менен камсыз кылбай турганын айтып коркутушат. Ошондон улам кээ бир ишенимдештерибиз аларга макул болуп коюшкан. Андыктан качкын бир туугандарыбыз келери менен, алар менен байланышып, жолукканыбыз абдан маанилүү. Алар биздин кам көрүп жатканыбызды сезгидей болушу керек. Боорукердик менен мамиле кылганыбыз жана иш жүзүндө жардам көрсөткөнүбүз алардын ишенимин чыңдайт (Накыл 12:25; 17:17).

ИШ ЖҮЗҮНДӨ ЖАРДАМ КӨРСӨТӨЛҮ

11. а) Качкындар башында кандай жардамга муктаж болот? б) Качкындар кантип ыраазычылык билдире алышат?

11 Адегенде качкын бир туугандарыбызды тамак-аш, кийим-кече жана башка зарыл нерселер менен камсыз кылышыбыз керек болушу мүмкүн *. Атүгүл кичинекей эле жакшылыгыбыз, мисалы, галстук бергенибиз алар үчүн чоң нерсе болот. Ал эми качкын бир туугандар өтө көптү талап кылбай, ыраазы боло билиши керек. Ошондо башкалар аларга жардам берүүдөн кубаныч алышат. Эгер жалаң эле башкалардын эсебинен жашай берсе, алар менен болгон мамилесин бузуп алышы же өзүн өзү сыйлоо сезимин жоготушу ыктымал (2 Тес. 3:7—10). Бирок, кандай болбосун, алар иш жүзүндө жардам көрсөтүшүбүзгө муктаж.

Качкын бир туугандарыбызга кантип жардам бере алабыз? (11—13-абзацтарды карагыла)

12, 13. а) Качкындарга кантип иш жүзүндө жардам берсек болот? б) Мисал келтиргиле.

12 Качкындарга иш жүзүндө жардам көрсөтүү үчүн көп акча эмес, негизинен убакыт жана көңүл бөлүү талап кылынат. Маселен, аларга коомдук унааларды колдонгонду, арзан жана пайдалуу азык-түлүктү каяктан сатып алса болорун үйрөтсөк болот. Ошондой эле иштеп, тыйын-тыпыр таба алышы үчүн, кийим тигүүчү же чөп кырккыч машине сыяктуу буюмдарды кантип алса болорун түшүндүрүп берсек болот. Андан да маанилүүсү, жаңы жыйналышындагылар менен аралашып кеткенге көмөк кылышыбыз керек. Эгер мүмкүн болсо, жыйналышка чогуу барганды сунуш кылсак болот. Аларга жергиликтүү элге кантип кабар айтуу керектигин да түшүндүрүп бергенибиз жана кызматка алып чыгып турганыбыз зарыл.

13 Бир жыйналышка төрт качкын өспүрүм келгенде, ар кайсы аксакалдар аларга машине айдаганды, компьютерге тергенди, резюме жазганды жана Жахабага толук убакыт кызмат кылыш үчүн убактысын туура пландаштырганды үйрөтүшкөн (Гал. 6:10). Көп өтпөй төртөө тең пионер болушкан. Аксакалдардын жардамынын жана өздөрүнүн рухий максаттарга жетүү үчүн жумшаган аракетинин аркасында алар Шайтандын дүйнөсүнө жем болбой, жакшы ийгиликтерди кылышкан.

14. а) Качкындар кандай азгырыкка каршы турушу керек? б) Мисал келтиргиле.

14 Машаяктын башка жолдоочуларындай эле, качкын бир туугандарыбыз материалдык нерселерге жетем деп Жахаба менен болгон мамилесин бузуп албашы үчүн азгырыктарга, кысымга каршы турушу керек *. Жогоруда айтылган Лиже менен бир туугандары атасынын аларды атүгүл жолдо качып баратышканда да ишенимге байланыштуу баалуу нерсеге үйрөткөнүн унутушпайт. Алар мындай деп эскеришет: «Атам көтөрүп бараткан анча-мынча буюм-тайымдарыбыздын улам бирин ыргытып жатты. Аягында бош баштыкты көрсөтүп, жылмая: „Көрдүңөрбү? Чынында, бизге алардын биринин да кереги жок“,— деди». (Оку: 1 Тиметей 6:8.)

ЭҢ НЕГИЗГИ МУКТАЖДЫКТАРЫН КАНААТТАНДЫРАЛЫ

15, 16. Качкындарга а) рухий жактан жана б) эмоциялык жактан кантип колдоо көрсөтө алабыз?

15 Качкындар материалдык нерселерден тышкары эмоциялык жана рухий жактан жардамга зар болушат (Мт. 4:4). Аксакалдар аларга эне тилиндеги адабияттарды алууга жана алардын тилинде сүйлөгөн бир туугандар менен байланышууга жардам берүү менен колдоо көрсөтө алышат. Көптөгөн качкындар бир топ жылдан бери ынак болуп келген жакындарынан, кошуна-колоңдорунан, жыйналышындагы бир туугандарынан алыста жүрүшөт. Аларга Жахабанын сүйүүсүн, ишенимдештеринин боорукердигин сезгидей кылып жардам көрсөтүшүбүз керек. Болбосо маданияты, башынан өткөргөн окуялары бир болгон мекендештерине же ишенимдеш эмес туугандарына тартылып кетиши мүмкүн (1 Кор. 15:33). Жыйналышта өздөрүн чоочун сезбегенге өбөлгө түзсөк, «келгиндерди коргоодо» Жахаба менен кызматташкан болобуз (Заб. 146:9).

16 Ымыркай Иса менен ата-энеси сыяктуу эле, качкындар, аларды куугунтуктагандар бийлик кылып турганда, мекенине кайтып бара албашы мүмкүн. Андан тышкары, Лиже айткандай, «үй-бүлө мүчөлөрүнүн зордукталганын, өлтүрүлгөнүн көргөн көптөгөн ата-энелер балдарын ошол каргашалар болгон жерге кайра алып баргысы келбейт». Жүрөктүн үшүн алган андай иштерге күбө болгондорго жардам бериш үчүн качкындарды кабыл алгандар аларга «боор ооруу менен мамиле кылышы», «бир туугандык сүйүү көрсөтүшү» жана «боорукер, момун болушу» керек (1 Пет. 3:8). Куугунтуктан улам айрымдар түнт болуп калат. Ошондуктан көргөн кордугун, өзгөчө, балдарынын көзүнчө айткандан уялышы мүмкүн. Андыктан ар бирибиз: «Алардын ордунда болсом, башкалардын мага кандай мамиле кылышын каалайт элем?» — деп ойлонуп көрүшүбүз кажет (Мт. 7:12).

КАЧКЫНДАРГА КАБАР АЙТАЛЫ

17. Качкындарга кабар айтуу кандайча аларды сергитүүдө?

17 Качкындардын көбү кабар айтуу ишибизге чектөө коюлган өлкөлөрдөн келишет. Аларды кабыл алган өлкөдөгү бир туугандардын ынталуу кызмат кылганынын аркасында миңдеген качкындар «Падышалык жөнүндөгү сөздү» биринчи жолу угуп жатышат (Мт. 13:19, 23). «Түйшүк тарткандардын» көбү жыйналыштарга келип, жан дүйнөсү сергигендиктен, көп өтпөй эле: «Кудай, чын эле, силер менен экен!» — деп айтууга түрткү алууда (Мт. 11:28—30; 1 Кор. 14:25).

18, 19. Качкындарга кабар айтууда канткенде акылдуулук менен иш кылган болобуз?

18 Качкындарга кабар айтканда сак, кыраакы болуу зарыл (Мт. 10:16; Накыл 22:3). Алардын жүрөгүн өйүгөн нерселерин кунт коюп уккула, бирок саясатты талкуулабагыла. Филиал же жергиликтүү бийликтегилер берген көрсөтмөлөргө кармангыла жана эч качан өзүңөрдүн же башкалардын коопсуздугун тобокелге салбагыла. Качкындардын дини, маданияты ар кандай болгондуктан, алардын сезимдерин, көз карашын эске алгыла. Айталы, айрым өлкөлөрдө жашагандар аялдардын кандай кийингени адептүүлүккө жатарына байланыштуу катуу талаптарды коюшат. Ошондуктан качкындарга кабар айтканда алардын көңүлүнө катуу тийбегендей кийингиле.

19 Иса пайгамбардын мисалындагы кайрымдуу самариялык кишиге окшоп, биз да кыйналып жаткандарга, анын ичинде Жахабанын Күбөсү эместерге жардам бергибиз келет (Лк. 10:33—37). Ал эми мунун эң жакшы жолу — аларга кабар айтуу. Көп качкындарга жардам берген бир аксакал мындай дейт: «Аларга Жахабанын Күбөлөрү экенибизди жана негизги максатыбыз материалдык эмес, рухий жактан жардам көрсөтүү экенин дароо эле айтып койгонубуз маанилүү. Болбосо айрымдар жеке кызыкчылыгын көздөгөндүктөн эле биз менен мамиле түзүшү мүмкүн».

ЖАКШЫ НАТЫЙЖА

20, 21. а) Келгиндерге сүйүү көрсөтүү кандай натыйжа берет? б) Кийинки макалада эмнени талкуулайбыз?

20 Келгиндерге сүйүү көрсөтүү жакшы натыйжа берет. Бир ишенимдешибиз куугунтуктан улам үй-бүлөсү менен Эритреядан качып чыккан. Төрт баласы чөл аркылуу азап менен сегиз күн жол жүргөндөн кийин Суданга жетишкен. «Ал жактагы ишенимдештерибиз аларга жакын тууганындай мамиле кылып, тамак-аш, кийим-кечек, түнөк жай, жол кире беришиптир. Бир Кудайга сыйынганы үчүн ким чоочун бирөөнү үйүнө киргизет? Жахабанын Күбөлөрү гана!» — дейт ал. (Оку: Жакан 13:35.)

21 Качкындардын же жер которуп келгендердин балдары жөнүндө эмне айтууга болот? Кийинки макалада аларга Жахабага кубанычтуу кызмат кылууга кантип жардам бере аларыбызды талкуулайбыз.

^ 2-абз. Бул макалада «качкындар» деген сөз согуштан, куугунтуктан же табигый кырсыктан улам башка өлкөгө же өзүнүн өлкөсүнүн башка жерине качып баргандарга карата колдонулат. БУУнун качкындар маселеси боюнча жогорку комиссары билдиргендей, азыр дүйнө жүзү боюнча «ар бир 113-киши үйүн таштап кетүүгө мажбур болууда».

^ 6-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2016-жыл, октябрь, 8—12-беттер, «Чоочундарга боорукердик көрсөтүүнү унутпайлы» деген макала.

^ 11-абз. Качкын бир туугандарыбыз келери менен, аксакалдар «Жахабанын эркин аткаруу үчүн уюшулганбыз» китебинин 8-бөлүмүнүн 30-абзацындагы көрсөтмөгө ылайык иш кылышы талап. Алар jw.org сайты аркылуу өздөрүнүн филиалына жазып, башка өлкөдөгү жыйналыштар менен байланыша алышат. Ал жактан жооп келгенге чейин, качкын бир туугандардын рухий абалын аныкташ үчүн аларга жыйналышы жана кызматы жөнүндө кыраакылык менен суроолорду беришсе болот.

^ 14-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2014-жыл, 15-апрель, 17—26-беттер, «Эч ким эки мырзага кызмат кыла албайт», «Кайраттуу бол, Жахаба жардам берет!» деген макалалар.