Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Келгиндер балдарына кантип жардам бере алышат?

Келгиндер балдарына кантип жардам бере алышат?

«Мен үчүн балдарымдын чындык жолунда жүргөнүн уккандан өткөн кубаныч жок» (3 ЖКН. 4).

ЫРЛАР: 134, 133

1, 2. а) Башка жактан көчүп келгендердин балдарынын көбү кандай кыйынчылыкка кабылышат? б) Бул макалада кайсы суроолор каралат?

«АТА-ЭНЕМ башка өлкөдөн көчүп келген. Тилим чыккандан тартып эле үйдө жана жыйналышта эне тилимде сүйлөчүмүн,— дейт Жошуа.— Бирок мектепке бара баштагандан кийин жергиликтүү элдин тилине оой баштадым. Бир нече жылдан кийин болсо жалаң эле ошол тилде сүйлөп калдым. Жыйналышта айтылгандарды түшүнчү эмесмин, ошондой эле ата-энемдин маданияты мага жат болуп калган». Жошуанын жагдайы көптөргө тааныш.

2 Бүгүнкү тапта 240 000 000дон ашуун киши киндик каны тамган жерден башка жакта жашайт. Эгер бөлөк өлкөдөн көчүп келген болсоңор, канткенде балдарыңарга Жахабаны сүйүүгө жана «чындык жолунда жүрүүгө» жакшы жардам бере аласыңар? (3 Жкн. 4). Башкалар бул жагынан кандай көмөк көрсөтө алышат?

АТА-ЭНЕЛЕР, ЖАКШЫ ҮЛГҮ КӨРСӨТКҮЛӨ

3, 4. а) Ата-энелер балдарына канткенде жакшы үлгү көрсөтө алышат? б) Ата-энелер балдарынан эмнени күтпөшү керек?

3 Ата-энелер, балдарыңар түбөлүк өмүргө алып бара турган жолго түшүшү үчүн, силердин үлгүңөр абдан маанилүү. «Биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын... издеп» жатканыңарды көргөндө балдарыңар Жахабанын алардын күнүмдүк муктаждыктарына кам көрөрүнө ишенип, ага таянганды үйрөнүшөт (Мт. 6:33, 34). Андыктан жөнөкөй жашагыла. Жахабага кызмат кылуу үчүн материалдык нерселерден баш тартканга даяр болгула. Карыз албаганга аракет кылгыла. Баюуну же «адамдардын алдында даңкталууну» көздөбөстөн, асмандагы байлыкка, башкача айтканда, Жахабага жагууга умтулгула. (Оку: Марк 10:21, 22; Жкн. 12:43.)

4 Ишиңер канчалык көп болбосун, балдарыңарга убакыт тапкыла. Силер үчүн же өздөрү үчүн атак-даңкка же байлыкка жетүүнү көздөбөй, Жахабаны биринчи орунга коюуну чечишкенде, алар менен сыймыктанарыңарды айткыла. Балдары ата-энесин эч нерседен кем кылбай багышы керек деген ойдон алыс болгула. Андай көз караш Кудайдын кызматчыларына мүнөздүү эмес. «Балдар ата-энеси үчүн эмес, ата-эне балдары үчүн мүлк топтошу керектигин» унутпагыла (2 Кор. 12:14).

ТИЛ ТОСКООЛДУК БОЛБОСУН

5. Ата-энелер эмне үчүн балдарына Жахаба жөнүндө айтып бериши керек?

5 Алдын ала айтылгандай, «ар кандай тилде сүйлөгөн элдер» Жахабанын уюмуна агылып келип жатат (Зак. 8:23). Бирок тилге байланыштуу кыйынчылыктан улам балдарыңарды чындык жолунда тарбиялоо оңойго турбашы мүмкүн. Силер эң биринчи кезекте балдарыңарга Ыйык Китепти изилдөөгө жардам беришиңер керек. Алар Жахабаны «таанып-билүүнүн» аркасында түбөлүк өмүр алышат (Жкн. 17:3). Балдарыңар Жахабанын мыйзам-принциптерин билиши үчүн, ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, анын сөздөрүн «кайра-кайра айтып үйрөткүлө». (Оку: Мыйзам 6:6, 7.)

6. Эне тилин билгени балдарыңарга кандай пайда алып келиши мүмкүн? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

6 Балдарыңар жергиликтүү тилди мектептен, айлана-чөйрөсүндөгүлөрдөн үйрөнүшү мүмкүн, ал эми эне тилин силер менен көп сүйлөшүүнүн аркасында үйрөнүшөт. Эне тилин билсе, балдарыңар силер менен сүйлөшүп жатканда ой-сезимдерин толук жеткире алышат. Мунун дагы башка жакшы жактары бар. Эки тил билгени балдардын ой жүгүртүү жөндөмүн жакшыртат жана башкалар менен тил табыша билүүгө жардам берет. Ошондой эле Кудайга көбүрөөк кызмат кылышына жол ачат. «Бөтөн тилдеги жыйналышта кызмат кылган аябай сонун,— дейт ата-энеси башка жактан көчүп келген Каролина.— Муктаждык көп жерде кызмат кылуу зор кубаныч тартуулайт».

7. Үй-бүлөңөрдө тилге байланыштуу кыйынчылыктар туулса, эмне кылсаңар болот?

7 Анткен менен иммигранттардын балдарынын айрымдары жергиликтүү маданиятты, тилди үйрөнгөндөн кийин эне тилинде сүйлөшкүсү келбей, атүгүл сүйлөй албай калышы ыктымал. Эгер силердин жагдайыңар да ошондой болсо, жергиликтүү тилди бир аз болсо да үйрөнө аласыңарбы? Балдарыңардын сөздөрүн түшүнсөңөр, кантип көңүл ачарын, мектептеги сабактарын билсеңер жана мугалимдери менен сүйлөшө алсаңар, бул аларды Кудайдын кызматчысы кылып тарбиялоого жакшы шарт түзөт. Албетте, жаңы тил үйрөнүү үчүн убакыт, күч-аракет жана момундук талап кылынат. Бирок ойлонуп көрсөңөр, эгер бир нерседен улам балаңардын кулагы укпай калса, аны менен сүйлөшүү үчүн жаңдоо тилин үйрөнгөнгө аракет кылбай коёт белеңер? Анда башка тилде жакшы сүйлөгөн балаңар үчүн ошондой эле аракет кылганыңар арзырлык эмеспи? *

8. Балаңар сүйлөгөн тилди жакшы билбесеңер, аларга кантип жардам берсеңер болот?

8 Башка жакка көчүп барган ата-энелердин айрымдары балдары үйрөнгөн тилде жакшы сүйлөп кетпеши мүмкүн. Ушундай тоскоолдуктан улам аларга балдарына «ыйык жазмаларда» камтылган терең билимди үйрөтүү кыйынга турушу ыктымал (2 Тим. 3:15). Эгер силер да ушундай кыйынчылыкка кабылып жатсаңар, балдарыңарга Жахабаны таанып-билүүгө жана аны сүйүүгө жардам бере аларыңардан шектенбегиле. Шан деген аксакал мындай дейт: «Апам жалгыз бой болчу. Ал биз жакшы билген тилди анча түшүнчү эмес, биз да анын тилинде эркин сүйлөй алчу эмеспиз. Ошентсе да апамдын изилдөө жүргүзүп, тиленип, үй-бүлөлүк изилдөөнү жума сайын өткөрүү үчүн колунан келишинче аракет кылып жатканын көргөндө Жахабаны таанып-билүү абдан маанилүү экенин түшүнчүбүз».

9. Ата-энелер Жахаба жөнүндө эки тилде окуп-үйрөнүшү керек болгон балдарына кантип жардам бере алышат?

9 Айрым балдарга Жахаба жөнүндө эки тилде — мектепте окуган жана үйүндө сүйлөгөн тилдерде — окуп-үйрөнүүгө туура келиши мүмкүн. Ошол себептен кээ бир ата-энелер эки тилдеги адабияттарды, аудиожаздырууларды жана видеотасмаларды колдонушат. Ооба, ата-энелер балдарына Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүүгө жардам бериш үчүн көп убакыт, күч-аракет жумшашы керек.

КАЙСЫ ТИЛДЕГИ ЖЫЙНАЛЫШКА БАРГАНЫҢАР ТУУРА?

10. а) Кайсы тилдеги жыйналышка барууну ким чечиши керек? б) Ал чечим чыгарардан мурун эмне кылышы керек?

10 «Келгиндер» алардын тилинде сүйлөгөн Жахабанын Күбөлөрүнөн алыс жашаса, жергиликтүү тилде өткөрүлгөн жыйналышка барышы керек болот (Заб. 146:9). Бирок жакын жерде алардын тилинде өткөрүлгөн жыйналыш бар болсо, үй-бүлөсү менен кайсы тилдеги жыйналышка барганы оң? Үй-бүлө башчысы муну жакшылап таразалап көрүп, тиленип, жубайы жана балдары менен кеңешкенден кийин чечиши керек (1 Кор. 11:3). Ал эмнелерди эске алышы зарыл? Кайсы принциптерди колдонсо болот? Келгиле, алардын айрымдарын карап көрөлү.

11, 12. а) Балдардын жыйналыштан канчалык деңгээлде пайда аларына тил кандай таасир этет? б) Айрым балдар эмне үчүн ата-энесинин тилин үйрөнүүдөн баш тартышат?

11 Ата-энелер балдарынын чындап эмнеге муктаж экени жөнүндө ойлонушу керек. Албетте, кайсы тилде болбосун, Ыйык Китептеги чындыкты жакшы түшүнүү үчүн балдардын жума сайын жыйналышка барып, эки саат билим алып койгону жетишсиз. Бирок бул тууралуу ойлонуп көрсөңөр: кээ бир балдар өздөрү жакшы түшүнгөн тилдеги жыйналышта угуп отуруунун аркасында эле ата-энеси ойлогондон да көп нерсени сиңирип алат. Ал эми жакшы түшүнбөгөн тилде өткөрүлгөн жыйналышка барса, андай натыйжа болбошу мүмкүн. (Оку: 1 Корунттуктар 14:9, 11.) Ошондой эле ата-энесинин тили баланын ой жүгүртүүсүнө, жүрөгүнө таасир этпеши ыктымал. Айрым балдар ата-энеси сүйлөгөн тилде жыйналыштан жооп бергенди, тапшырма аткарганды, сунуштоо айтканды үйрөнүп алышат, бирок алар жүрөгүнөн чыкпашы мүмкүн.

12 Андан тышкары, баланын жүрөгүнө тилден башка да нерселер таасир этет. Жогоруда сөз кылынган Жошуанын жагдайы так ошондой болгон. Анын Эстер деген эжеси айткандай, балдар үчүн ата-энесинин тили, дини, маданияты бир эле нерсе. Эгер аларга ата-энесинин маданияты жат болсо, алардын тилин да, ишенген нерселерин да үйрөнүүдөн баш тартышы мүмкүн. Анда башка өлкөдөн келген ата-энелер эмне кылса болот?

13, 14. а) Бир ата-эне эмне үчүн үй-бүлөсү менен жергиликтүү тилдеги жыйналышка которулган? б) Ал жубайлар рухий жактан бекем болуш үчүн эмне кылышкан?

13 Кудайга кызмат кылган ата-энелер балдарынын рухий жыргалчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору коюшат (1 Кор. 10:24). Жошуа менен Эстердин атасы Семуел мындай деп ой бөлүшөт: «Жубайым экөөбүз балдарыбыздын чындыкты кайсы тилде окуп-үйрөнгөнү жүрөгүн козгоп жатканын байкаганга аракет кылчубуз, Кудайдан акылмандык сурап тиленчүбүз. Анан тиленүүбүзгө өзүбүз ойлогондон башкача жооп алдык. Балдарыбыздын биздин тилде өткөрүлгөн жыйналыштан аз эле пайда алып жатканын көргөндө жергиликтүү тилдеги жыйналышка которулууну чечтик. Баарыбыз дайыма жыйналышка чогуу барып, кызматка катышчубуз. Ошондой эле жергиликтүү досторубузду тамакка, экскурсияга чакырып турчубуз. Ушунун баары балдарыбызга бир туугандар менен таанышканга, Жахабаны Кудайы катары эле эмес, Атасы жана Досу катары таанып-билгенге жардам берди. Муну алардын биздин тилди жакшы өздөштүрүшүнө караганда алда канча маанилүү деп эсептедик».

14 Семуел мындай деп кошумчалайт: «Рухий жактан бекем болуш үчүн жубайым экөөбүз өзүбүздүн тилде өткөрүлгөн жыйналышка да барып турчубуз. Убактыбыз ушунчалык тар болчу, аябай чарчап да калчубуз. Бирок жумшаган аракетибиз, баш тарткан нерселерибиз үчүн батасын бергенине Жахабага абдан ыраазыбыз. Учурда үч балабыз тең Жахабага толук убакыт кызмат кылууда».

БАЛДАР ЭМНЕ КЫЛСА БОЛОТ?

15. Кристина жергиликтүү тилдеги жыйналышка которулганы жакшы болорун эмнеден улам түшүнгөн?

15 Бой жетип калган балдар өздөрү түшүнгөн тилдеги жыйналышта Жахабага жакшыраак кызмат кыла аларын түшүнүшү мүмкүн. Эгер балдары ошондой деп ойлоп жатса, ата-энелер өздөрүн четке кагылгандай сезбеши керек. «Мен ата-энем сүйлөгөн тилде негизги нерселерди билчүмүн, бирок жыйналышта айтылгандарды түшүнүү кыйын болчу,— деп эскерет Кристина.— 12 жашымда мектептен үйрөнгөн тилде өткөрүлгөн жыйынга барып калдым. Ошондо уккандарымдын чындык экенин өмүрүмдө биринчи жолу түшүндүм! Мектепте окуган тилимде Жахабадан тилене баштаганымда дагы бир нерсени байкадым. Аны менен чын жүрөктөн сүйлөшө баштадым!» (Элч. 2:11, 41). Кристина эресеге жеткенде ата-энеси менен ушул тууралуу сүйлөшүп, жергиликтүү тилдеги жыйналышка которулууну чечкен. Ал: «Мектепте окуган тилде Жахаба жөнүндө окуп-билүү мага иш-аракет кылууга түрткү берди»,— деп эскерет. Көп өтпөй Кристина үзгүлтүксүз пионер болуп, кубанычтуу кызмат кыла баштаган.

16. Надя ата-энеси сүйлөгөн тилдеги жыйналышта эле калганына эмне үчүн ыраазы?

16 Жаштар, жергиликтүү тилде өткөрүлгөн жыйналышка которулгуңар келип жатабы? Ошондой болсо, эмне үчүн экенин текшерип көргүлө. Ал жыйналышка которулуунун аркасында Жахабага мурдагыдан да жакындайсыңарбы? (Жкп. 4:8). Же эч кимдин көзөмөлдөп турушун каалабагандыктан, же көп күч жумшагыңар келбегендиктен эле башка жыйналышка которулгуңар келип жатабы? «Бир туугандарым да, мен да өспүрүм курагыбызда жергиликтүү тилдеги жыйналышка которулгубуз келген»,— дейт учурда Бейтелде кызмат кылып жаткан Надя. Бирок анын ата-энеси балдарынын башка жыйналышка которулганы Жахаба менен болгон мамилесине терс таасир этерин билген. Надя мындай дейт: «Бизге өздөрүнүн тилин үйрөтүү үчүн бүт күчүн жумшаганына жана ошол тилдеги жыйналышта эле калышыбызды каалаганына ата-энебизге абдан ыраазыбыз. Ал тилдеги жыйналышта кызмат кылганыбыз жашообузду байытып, башкаларга Жахабаны таанып-билүүгө жардам берүүдө көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө жол ачты».

БАШКАЛАРДЫН ЖАРДАМЫ

17. а) Жахаба балдарды тарбиялоо милдетин кимге тапшырган? б) Балдарын чындык жолунда тарбиялоодо ата-энелер жардамды каяктан алса болот?

17 Жахаба балдарды чындык жолунда тарбиялоо милдетин чоң ата-чоң энелерге, таята-таенелерге же дагы башка бирөөгө эмес, ата-энеге берген. (Оку: Накыл сөздөр 1:8; 31:10, 27, 28.) Бирок жергиликтүү тилди билбеген ата-энелер чындыкты балдарынын жүрөгүнө жеткирүүдө жардамга муктаж болушу мүмкүн. Алардын бул жагынан башкалардан жардам сураганы милдетинен баш тартып жатканын билдирбейт. Тескерисинче, бул балдарына «Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып, аларды анын акыл-насааты менен тарбиялоого» аракет кылып жатканын көрсөтүп турат (Эф. 6:4). Мисалы, ата-энелер аксакалдардан үй-бүлөлүк изилдөөнү кантип өткөрсө, балдарына жакшы таасир эте турган досторду кантип таап берсе болоруна байланыштуу кеңеш сураса болот.

18, 19. а) Рухий жактан жетилген бир туугандар жаштарга кандайча жакшы таасир этет? б) Ата-энелер эмне кыла бериши керек?

18 Ата-энелердин маал-маалы менен башка үй-бүлөлөрдү өздөрүнүн үй-бүлөлүк изилдөөсүнө чакырып турганы да жакшы. Ошондой эле балдар рухий жактан жетилген бир туугандардын чөйрөсүндө жүрсө, мисалы, алар менен кызматка чыкса, чогуу эс алса, көптөгөн пайдалуу нерселерге үйрөнүшөт (Накыл 27:17). Жогоруда сөз кылынган Шан: «Мени канатына калкалаган бир туугандар азыркыга чейин эсимде. Алар мага жыйналыштан берилген тапшырмаларымды аткарууга жардам бергенде, көп нерсеге үйрөнчүмүн. Алар менен чогуу эс алган да аябай жакчу»,— деп эскерет.

Жыйналыштагылар менен пикирлешүүдөн балдар да, ата-энелер да пайда алышат (18, 19-абзацтарды карагыла)

19 Ата-энелерге балдарын чындык жолунда тарбиялоого көмөктөшүп жаткан бир туугандар алардын милдетин тартып албай, тескерисинче, балдарга ата-энеси жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып, аларды сыйлоого жардам бериши керек. Андан сырткары, алар жыйналыштагыларга же башкаларга адеп-ахлаксыздыктай көрүнүп калышы мүмкүн болгон жүрүм-турумдан качышы зарыл (1 Пет. 2:12). Ата-энелер болсо балдарын чындык жолунда тарбиялоо милдетин башкаларга артып койбошу керек. Алар башкалардын кандай жардам көрсөтүп жатканын көзөмөлдөп турушу жана балдарын өздөрү да окутуп-үйрөтө бериши кажет.

20. Ата-энелер балдарына Жахабанын мыкты кызматчысы болууга кантип жардам бере алышат?

20 Ата-энелер, Жахабадан жардам сурап тиленгиле жана колуңардан келгендин баарын кылгыла. (Оку: 2 Жылнаама 15:7.) Балаңардын Жахаба менен болгон мамилесин өз кызыкчылыгыңардан жогору койгула. Кудайдын Сөзү анын жүрөгүн козгошу үчүн, бүт күчүңөрдү жумшагыла. Балаңардын Жахабанын мыкты кызматчысы болуп чыгарынан эч качан шектенбегиле. Ал Кудайдын Сөзүнө жана силердин үлгүңөргө ылайык жашай баштаганда, силер да элчи Жакандыкындай сезимде болосуңар. Жакан өзү Жахабанын жолуна түшүүгө жардам берген адамдар жөнүндө: «Мен үчүн балдарымдын чындык жолунда жүргөнүн уккандан өткөн кубаныч жок»,— деп айткан (3 Жкн. 4).

^ 7-абз. Карагыла: «Ойгонгула!», 2007-жыл, март, 10—12-б., ор.