Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Буларга караганда мени көбүрөөк жакшы көрөсүңбү?»

«Буларга караганда мени көбүрөөк жакшы көрөсүңбү?»

«Жакандын уулу Симон, буларга караганда мени көбүрөөк жакшы көрөсүңбү?» (ЖКН. 21:15).

ЫРЛАР: 143, 65

1, 2. Шакирттери түнү бою тор салгандын эртеси Иса Петирдин көңүлүн кайсы маанилүү нерсеге бурган?

ИСА МАШАЯКТЫН жети шакирти Галилея деңизине түнү бою тор салып, бир да балык кармай албай коюшкан. Тирилген Иса жээктен аларды көрүп: «Торду кайыктын оң жагына салгыла, ошондо кармайсыңар»,— деген. «Шакирттер торун салып», «түшкөн балыктын көптүгүнөн аны кайра тартып чыгара албай калышкан» (Жкн. 21:1—6).

2 Анан Иса аларды тамактанып алууга чакырган. Тамактанышкандан кийин, ал Симон Петирден: «Жакандын уулу Симон, буларга караганда мени көбүрөөк жакшы көрөсүңбү?» — деп сураган. Иса «буларга» деп эмнени айткан? Петирге балык уулаган аябай жакчу. Андыктан Иса андан эмнени көбүрөөк жакшы көрөрүн сураса керек. Петир Исага жана анын окууларына караганда балыкты жана балык уулоону артык көргөнбү? Ал Исага: «Ооба, Мырзам. Сени абдан жакшы көрөрүмдү билесиң да»,— деп жооп берген (Жкн. 21:15). Петир муну жашоосу менен далилдеген. Себеби ал ошол күндөн тартып шакирт даярдоо ишине жигердүү катышкан жана кийин 1-кылымдагы жыйналыштын тиреги болгон. Муну менен Машаякты сүйөрүн айгинелеген.

3. Эмнелерден сак болушубуз керек?

3 Иса Машаяктын Петирге айткан сөздөрүнөн эмнеге үйрөнө алабыз? Биз Машаякка болгон сүйүүбүздү суутуп алуудан, Падышалыктын иштеринен башка нерселерге алаксып кетүүдөн сак болушубуз керек. Иса бул дүйнөдөгү жашоо ар кандай кыйынчылык, түйшүк менен коштолорун жакшы билген. Себүүчү жөнүндөгү мисалында ал айрымдардын «Падышалык жөнүндөгү сөздү» кабыл алып, башында жакшы ийгиликтерди кыларын, бирок «бул дүйнөнүн түйшүгүнөн» жана «алдама байлыктан» улам «сөздүн басылып каларын» айткан (Мт. 13:19—22; Мр. 4:19). Ооба, абайлабасак, күнүмдүк түйшүктөр жүрөгүбүздү бийлеп алып, рухий жактан алсыратып коюшу мүмкүн. Ошол себептен Иса шакирттерине: «Өзүңөргө сак болгула: жүрөгүңөрдү ашыра тоюу, мас болуу жана турмуш түйшүктөрү ээлеп албасын. Ал күн капысынан келип, силерди тор сыяктуу басып калбасын»,— деп эскерткен (Лк. 21:34).

4. Машаякка болгон сүйүүбүздүн канчалык күчтүү экенин билүүгө эмне жардам берет? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

4 Элчи Петирдей болуп, биз да Машаякты сүйөрүбүздү ал тапшырган ишти биринчи орунга коюу менен көрсөтө алабыз. Ошентип жатканыбызды кантип билсек болот? Маал-маалы менен: «Мен эмнени чындап жакшы көрөм? Дүйнөнүн иштерине катышуудан көбүрөөк ырахат аламбы же рухий иштерденби?» — деп өзүбүздү текшерип турушубуз зарыл. Эгер жумуш, көңүл ачуу жана материалдык нерселер тийиштүү орунда турбаса, Машаякка жана рухий нерселерге болгон сүйүүбүздү муздатып коюшу мүмкүн. Эмесе, ошол үч нерсеге токтололу.

ЖУМУШТУ БИРИНЧИ ОРУНГА КОЮП АЛБА

5. Ыйык Китепке ылайык, үй-бүлө башчыларынын кандай милдети бар?

5 Петир үчүн балык уулоо жөн эле жакшы көргөн иши болгон эмес. Ал ошону менен жан бакчу. Ыйык Китепке ылайык, үй-бүлө башчылары үйүндөгүлөрүнө материалдык жактан кам көрүүгө милдеттүү (1 Тим. 5:8). Бул милдетин аткарыш үчүн алар күжүрмөн эмгектениши керек. Бирок азыркы акыркы күндөрдө жумуштун көбү алдан-күчтөн тайдырат.

6. Азыркы күндө жумушта иштегендер кандай кыйынчылыктарга кабылууда?

6 Жумуш тартыш, ал эми жумушка орношкусу келгендер толтура болгондуктан, канчалагандар көп саат бою иштеп, жарыбаган маяна алууга аргасыз болууда. Андан тышкары, ишканалар аз кишини иштетип, көп товар өндүрүүнү көздөгөндүктөн, канча адамдар стресске кабылып, аябай чарчап, ал тургай ооруп да калууда. Көптөр жумушуман кол жууп калам деп корккондуктан баарына чыдап иштей беришет.

7, 8. а) Биринчи кезекте кимге берилгендик көрсөтүшүбүз керек? б) Таиланддагы ишенимдешибиз жумушка байланыштуу эмнеге үйрөнгөн?

7 Машаяктын жолдоочулары катары биз жумуш берүүчүбүзгө эмес, биринчи кезекте Жахаба Кудайга берилгендик көрсөтүүгө милдеттүүбүз (Лк. 10:27). Биз өзүбүздү жашоого зарыл нерселер менен камсыз кылыш үчүн жана кызматыбызды аткарыш үчүн гана иштейбиз. Бирок сак болбосок, жумушубуз Кудайга сыйынууга байланышкан иштерди кылууга тоскоол болуп калышы ыктымал. Мисалы, Таиландда жашаган бир ишенимдешибиз мындай деген: «Мен компьютер оңдоп иштечүмүн. Жумушум аябай кызыктуу болгону менен, көп саат бою иштегенге туура келчү. Ошонун айынан рухий иштерге убактым дээрлик калбай калчу. Акыры, Падышалыкты биринчи орунга коюш үчүн жумушумду алмаштырышым керектигин түшүндүм». Ал бир тууган эмне кылган?

8 «Баарын жакшылап ойлонуштуруп, бир жыл акча топтогондон кийин көчөдө бал муздак сатууну чечтим,— деп кошумчалаган ал.— Башында акча жагынан кыйналып, көңүлүм чөгүп жүрдү. Мурда чогуу иштегендерге жолугуп калганда, алар менден эмне үчүн жакшы желдетилген жерде компьютер менен иштөөдөн баш тартып, бал муздак сатууну туура көргөнүмдү сурап, шылдыңдай беришчү. Мен Жахабадан тиленип, чыдаганга жана рухий иштерге көбүрөөк убакыт арнайм деген максатыма жетүүгө жардам беришин суранчумун. Көп өтпөй жагдай жакшыра баштаган. Кардарларыма кандай балмуздак жагарын жакшыраак билип, балмуздак жасоо жагынан дасыгып калгам. Балмуздактарымдын баарын бир күндө эле сатып койчумун. Чынында, компьютер менен иштеп жүргөндөгүгө караганда көп таба баштагам. Мурунку жумушумдагыдай түйшүк, сары санаа жок болгондуктан, өзүмдү бактылуу сезчүмүн. Баарынан маанилүүсү, Жахабага ого бетер жакындадым». (Оку: Матай 5:3, 6.)

9. Жумушка карата канткенде туура көз карашта боло алабыз?

9 Жумушту майын чыгара аткаруу Кудайга жагат, күжүрмөн эмгек үзүрлүү да болот (Накыл 12:14). Анткен менен, жогорудагы бир тууган үйрөнгөндөй, жумуш тийиштүү орунда турушу керек. Иса пайгамбар: «Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издегиле, ошондо силерге мунун баары берилет»,— деген (Мт. 6:33). Жумушка жана рухий иштерге карата тең салмактуу көз караштабызбы же жокпу, билиш үчүн: «Жумушумду аябай кызыктуу деп эсептеп, ал эми рухий иштерди тажатма же боло жүргөн нерседей көрбөймбү?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Бул эмнени чындап жакшы көрөрүбүздү аныктоого жардам берет.

10. Иса пайгамбардын Мартага айткандарынан кандай маанилүү нерсеге үйрөнсөк болот?

10 Иса Машаяк жумушка жана Падышалыктын иштерине карата канткенде тең салмактуу боло аларыбызды көрсөткөн. Ал бир жолу Мариям менен Марта деген эже-сиңдилердин үйүнө конокко барган. Марта конок камын көрүп, ары-бери жүгүрүп жүргөн. Мариям болсо Иса пайгамбардын бут жагында аны кунт коюп угуп отурган. Марта сиңдисинин жардам бербей отуруп алганына нааразы болгондо, Иса ага: «Мариям... жакшысын тандап алды, бул андан эч качан тартылып алынбайт»,— деп айткан (Лк. 10:38—42). Муну менен ал Мартаны маанилүү нерсеге үйрөткөн. Жеке иштерибизге алаксыбай, Машаякка болгон сүйүүбүздү далилдей алышыбыз үчүн мындан ары да «жакшысын тандашыбыз», башкача айтканда, Жахаба менен болгон мамилебизди биринчи орунга коюшубуз керек.

КӨҢҮЛ АЧУУГА, ЭС АЛУУГА КАРАТА БОЛГОН КӨЗ КАРАШЫБЫЗ

11. Ыйык Китепте эс алууга байланыштуу эмне айтылат?

11 Жумушта иштегенден тышкары дагы башка көп иштерди кылууга туура келет. Ошондуктан кээде эс алып, күч топтоп алганга убакыт бөлүшүбүз керек. Ыйык Китепте: «Адамдын ичип-жеп, эмгегинин үзүрүн көрүп жанын жыргатканынан өтөрү жок»,— деп айтылат (Нас. 2:24). Иса пайгамбар да эс алып туруунун зарыл экенин түшүнгөн. Бир жолу шакирттери көп жерди кыдырып, кабар айтып келгенде, аларга: «Мени менен ээн жерге барып, бир аз эс алып алгыла»,— деген (Мр. 6:31, 32).

12. Эс алууга жана көңүл ачууга байланыштуу эмнеден сак болуш керек? Мисал келтир.

12 Ырас, эс алуу жана көңүл ачуу зарыл муктаждыктарыбыздын бири болуп саналат. Бирок этият болбосок, алар көңүлүбүздүн борборун ээлеп алышы мүмкүн. 1-кылымда көптөр: «Ичип-жейли, анткени эртең өлөбүз»,— деген көз карашка карманышкан (1 Кор. 15:32). Бүгүнкү күндө да көптөгөн өлкөлөрдө ушундай көз караш кеңири тараган. Алсак, Батыш Европада жашаган бир жаш жигит бир нече жыл мурун жыйналыш жолугушууларына бара баштаган. Бирок көңүл ачууга жүрөгү чырмалып калгандыктан, бара-бара Жахабанын эли менен байланышпай калган. Ошентсе да убакыттын өтүшү менен көңүл ачууга баш-оту менен берилип кетүү кыйынчылыктарга, көңүл кайттыкка учураткандан башка пайда алып келбей турганын түшүнгөн. Ошондуктан Ыйык Китепти кайрадан изилдеп, акыры, жарчы болгон. Ал чөмүлгөндөн кийин: «Мен дүйнө сунуштаган көңүл ачуунун артынан сая түшкөнгө караганда Жахабага кызмат кылуу алда канча көп кубаныч тартуулаарын түшүндүм. Бирок ага чейин ушунча көп убактымды текке кетиргениме аябай өкүнөм»,— деген.

13. а) Эс алууга, көңүл ачууга өтө көп убакыт бөлүү коркунучтуу экенин мисал менен түшүндүр. б) Эс алууга, көңүл ачууга карата тең салмактуу көз карашта болууга эмне жардам берет?

13 Көңүл ачуунун максаты — сергип, күч топтоп алуу. Ошондой болушу үчүн, ага канча убакыт бөлүшүбүз керек? Бул тууралуу ойлонуп көрсөң: баарыбыз эле кез-кезде таттуу-паттуу жегибиз келет. Бирок жалаң эле таттуу жей берүү ден соолугубузга зыян экенин жакшы билебиз. Андыктан көбүнчө пайдалуу тамак-аш жейбиз. Анын сыңарындай, жалаң эле көңүл ачуу менен «азыктана» берсек, рухий ден соолугубузду талкалайбыз. Мындан качыш үчүн Падышалыктын иштерине дайыма катышканыбыз маанилүү. Көңүл ачууга карата тең салмактуу көз карашта экенибизди кантип биле алабыз? Бир жуманы тандап, ошол жуманын ичинде рухий иштерге, маселен, жыйналышка барууга, кабар айтууга, өздүк жана үй-бүлөлүк изилдөөгө канча саат жумшаганыбызды жазсак болот. Анан ошол эле жумада көңүл ачууга, алсак, спортко, жакшы көргөн иштерибизге, телевизорго же видеооюндарына канча саат кетиргенибизди эсептеп, экөөнү салыштырып көрсөк болот. Натыйжада эмнени байкашыбыз мүмкүн? Балким, «таттуу-паттууну» азайтышыбыз керектир. (Оку: Эфестиктер 5:15, 16.)

14. Көңүл ачууну тандоодо эмнеге жетектелишибиз керек?

14 Ар бир адам өзүнө, ал эми үй-бүлө башчылары үй-бүлөсүнө жаккан көңүл ачууну тандоого укуктуу. Бирок ал Жахабанын Ыйык Китептеги принциптерине каршы келбеши керек *. Көңүл ачуунун пайдалуу түрү — «Кудайдын белеги» (Нас. 3:12, 13). Албетте, ар кимге ар кандай көңүл ачуу жагышы мүмкүн (Гал. 6:4, 5). Кандайын тандабайлы, ал жашообузда тийиштүү орунда турушу керек. Иса пайгамбар: «Байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот»,— деген (Мт. 6:21). Демек, Исаны чын жүрөктөн сүйсөк, ой жүгүртүүбүздөн, сөзүбүздөн жана иш-аракетибизден күнүмдүк иштерге караганда Падышалыктын иштерин жогору коёрубуз көрүнүп турат (Флп. 1:9, 10).

ДҮНҮЙӨКОРЛУКТАН САК БОЛ

15, 16. а) Кудайдын кызматчысы кандайча дүнүйөкорлуктун тузагына түшүп калышы мүмкүн? б) Иса Машаяк материалдык нерселерге байланыштуу кандай баалуу кеңеш берген?

15 Бүгүнкү күндө модалуу кийимдерди, акыркы үлгүдөгү электрондук каражаттарды жана башка нерселерди сатып алуу көптөрдүн эси-дартын ээлеп алган. Андыктан Кудайдын ар бир кызматчысы өзүнүн каалоосун текшериш үчүн мындай деп ойлонуп көрсө болот: «Материалдык нерселерге өтө чоң маани берип, жыйналышка даярданууга караганда акыркы үлгүдөгү машинелерди же кийимдердин стилин изилдөөгө, алар жөнүндө ойлонууга көп убактымды коротуп жаткан жокмунбу? Күнүмдүк иштердин айлампасына сорулуп, тиленүүгө же Ыйык Китепти окууга аз эле убакыт бөлүп калган жокмунбу?» Эгер материалдык нерселерге болгон сүйүүбүз Машаякка болгон сүйүүбүздү басаңдатып жатканын байкасак, анын: «Ач көздүктүн бардык түрүнөн сак болгула»,— деген сөздөрү жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек (Лк. 12:15). Эмне үчүн Иса Машаяк ушундай олуттуу эскертүү берген?

16 Ал: «Эч ким эки мырзага кул боло албайт»,— деген. Анан: «Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар»,— деп кошумчалаган. Себеби эки «мырза» тең толук берилгендикти талап кылат. Иса айткандай, биз «бирин жек көрүп, экинчисин жакшы көрөбүз» же «бирине берилгендик менен кызмат кылып, экинчисин баркка албайбыз» (Мт. 6:24). Жеткилеңсиз болгондуктан баарыбыз «дененин кумарларына», анын ичинде дүнүйөкорлукка каршы күрөшкөнүбүздү токтотпошубуз керек (Эф. 2:3).

17. а) Денесинин каалоосуна жетеленгендерге материалдык нерселерге карата тең салмактуу көз караш өрчүтүү эмне үчүн оңой эмес? б) Дүнүйөкорлукка каршы күрөшүүгө эмне жардам берет?

17 Денесинин каалоосуна жетеленгендерге материалдык нерселерге карата тең салмактуу көз караш өрчүтүү оңой эмес. Эмне үчүн? Анткени алар Кудайдын көз алдында эмне баалуу экенин жакшы ажырата албай калышат. (Оку: 1 Корунттуктар 2:14.) Алардын акылы тумандап калгандыктан туураны туура эместен айырмалоо кыйынга турат (Евр. 5:11—14). Ошонун натыйжасында айрымдары материалдык нерселерге карата ооздукталгыс каалоо өрчүтүп алышат. Андай каалоону толугу менен канааттандыруу мүмкүн эмес (Нас. 5:10). Бактыга жараша, дүнүйөкорлукка каршы уу кесер бар. Ал — Кудайдын Сөзүн күн сайын окуу (1 Пет. 2:2). Иса Машаякка Жахабанын сөздөрү тууралуу ой жүгүртүү азгырыкты четке кагууга жардам бергендей эле, Ыйык Китептеги принциптерди колдонуу бизге дүнүйөкорлуктун тузагына түшпөгөнгө жардам берет (Мт. 4:8—10). Эгер дүнүйөкорлуктан алыс болсок, Иса Машаякты көбүрөөк сүйөрүбүздү көрсөтөбүз.

Эмнени биринчи орунга коюп жатасың? (18-абзацты кара)

18. Сен эмне кылууга чечкиндүүсүң?

18 Иса пайгамбар Петирден: «Буларга караганда мени көбүрөөк жакшы көрөсүңбү?» — деп суроо менен ага Кудайга кызмат кылууну жашоосунда биринчи орунга коюшу керектигин эскерткен. Аты «аска таш» дегенди билдирген Петир Жахабага кызмат кылууда бекем, туруктуу болуп, атына жараша жашаган (Элч. 4:5—20). Биз да жумушту, көңүл ачууну жана материалдык нерселерди тийиштүү орунга коюп, Машаякка болгон сүйүүбүздү бекем сактоого чечкиндүүбүз. Андыктан чыгарган чечимдерибиз менен: «Ооба, Мырзам. Сени абдан жакшы көрөрүмдү билесиң да»,— деп жооп берген Петирдикиндей ойдо экенибизди көрсөтө берели.

^ 14-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 2011-ж., 15-окт., 9—12-б., 6—15-абз., «Кудайга жаккыдай эс алып жатасыңбы?» деген макала.