Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Гай ишенимдештерине кантип жардам берген?

Гай ишенимдештерине кантип жардам берген?

БИРИНЧИ КЫЛЫМДЫН аягында жашаган Гай жана Иса Машаяктын башка жолдоочулары кыйынчылыктарга кабылышкан. Жалган окууларды жайылткан адамдар жыйналыштагылардын ишенимин алсыратып, аларды бөлүп-жарууга аракет кылышкан (1 Жкн. 2:18, 19; 2 Жкн. 7). Алсак, Диотреф элчи Жакан менен башка бир туугандар жөнүндө «жаман сөздөрдү» тараткан, сапар тартып жүргөн бир туугандарга меймандостук көрсөтүүдөн баш тарткан жана башкаларды да ошондой кылууга үндөгөн (3 Жкн. 9, 10). Элчи Жакан Гайга ушундай жагдайда кат жазган. Болжол менен б.з. 98-жылы жазылган ал кат Грек Жазмаларында «Жакандын үчүнчү каты» деп аталат.

Гай кыйынчылыктарга туш болгонуна карабай Жахабага ишенимдүү кызмат кыла берген. Ал ишенимдүүлүгүн кантип көрсөткөн? Эмне үчүн биз Гайдан үлгү алгыбыз келет? Элчи Жакандын каты бизге бул жагынан кандайча жардам берет?

АРДАКТУУ ДОСУНА ЖОЛДОГОН КАТЫ

Үчүнчү Жакан китебин жазган киши өзүн аксакал деп атаган. Ушунун аркасында элчи Жакандын жакшы көргөн рухий уулу Гай катты ал жазганын аныктай алган. Жакан анын «сүйүктүү, чындап жакшы көргөн» адамы экенин айткан. Андан соң ага рухий саламаттыгы жакшы болгондой эле, ден соолугунун да жакшы болушуна тилектеш экенин билдирген. Ошентип, Жакан мактоо сөздөрүн да айткан, камкордугун да көрсөткөн (3 Жкн. 1, 2, 4).

Гай жыйналыштын көзөмөлчүсү болсо керек. Бирок катта бул тууралуу так айтылган эмес. Элчи Жакан Гайды өзү тааныбаган бир туугандарга да меймандостук көрсөткөнү үчүн мактаган. Жакан муну Гайдын ишенимдүүлүгүнүн далили катары көргөн, себеби меймандостук Кудайдын кызматчыларын айырмалап турган сапат болуп эсептелет (Башт. 18:1—8; 1 Тим. 3:2; 3 Жкн. 5).

Элчи Жакандын Гайга меймандостугу үчүн ыраазычылык билдиргенинен көрүнүп тургандай, бир туугандар жыйналыштар жайгашкан жерлер менен Жакан жашаган жердин ортосунда дайыма саякаттап турушкан. Алар жолдо карай эмнелерге кабылышканын Жаканга билдирип турушкан көрүнөт. Кыязы, Жакан ушундайча ал жыйналыштар жөнүндө кабар ала алган.

Жол жүргөн бир туугандар ишенимдештеринин үйүнө токтогусу келгени шексиз. Мейманканалардын шарты, тейлөөсү начар болгондон тышкары, адеп-ахлаксыздыктын ордосуна айланып калган эле. Ошол себептен, мүмкүн болгондо, акылдуу жолоочулар өздөрүнүн досторунукуна, Исанын жолдоочулары болсо ишенимдештериникине токтой турган.

«АЛАР... КУДАЙДЫН ЫСМЫ ҮЧҮН ЖОЛГО ЧЫГЫШКАН»

Элчи Жакан Гайды меймандостук көрсөтүүгө дагы бир ирет үндөп, саякаттап жүргөн ишенимдештерин «Кудайга жаккыдай кылып узатышын» суранган. Бул анын бир туугандарды көздөгөн жерине жетип алганга чейин зарыл нерселердин баары менен камсыз кылышы керектигин билдирген. Гайдын аларга чейинки конокторго да ошондой кам көргөнү айдан ачык, себеби алар Жаканга анын сүйүүсү, ишеними тууралуу айтып барышкан (3 Жкн. 3, 6).

Ал коноктор миссионерлер, Жакан жиберген кишилер же кыдыруучу көзөмөлчүлөр болушу мүмкүн. Кандай болбосун, алар жакшы кабар үчүн сапарда жүрүшкөн. Элчи Жакан: «Алар... Кудайдын ысмы үчүн жолго чыгышкан»,— деп жазган (3 Жкн. 7). Ал бир туугандар жыйналыштын мүчөсү болгондуктан ишенимдештеринин жылуу тосуп алышына татыктуу болчу. Жакан бул тууралуу: «Чындык жолунда кызматташ болушубуз үчүн, андай бир туугандарга меймандостук көрсөтүүгө милдеттүүбүз»,— деген (3 Жкн. 8).

ООР ЖАГДАЙДА БЕРИЛГЕН ЖАРДАМ

Элчи Жакан Гайга меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирүү максатында эле кат жазган эмес. Ал ага олуттуу көйгөйдү чечүүгө да жардам бергиси келген. Кайсы бир себептерден улам жыйналыштагы Диотреф деген бир тууган саякаттап жүргөн ишенимдештерине меймандостук көрсөтүүнү каалаган эмес. Атүгүл башкалардын да меймандос болушуна тоскоолдук кылууга аракет кылган (3 Жкн. 9, 10).

Ишенимдүү бир туугандардын, сунуш кылынган күндө да, Диотрефтин үйүнө токтогусу келбегени шексиз. Анткени ал жыйналышта биринчи болууга умтулчу, Жакандын айткандарын кабыл албай, тоготчу эмес жана ал жөнүндө да, башка бир туугандар жөнүндө да жаман сөз таратчу. Жакан аны жалган окутуучу деп атабаса да, Диотреф элчилердин бийлигине баш ийген эмес. Анын көрүнүктүү абалга умтулганы жана Исанын жолдоочуларына мүнөздүү болбогон маанай чагылдырганы Кудайга ишенимдүү болгонуна шек туудурат. Диотреф жөнүндөгү билдирүүдөн көрүнүп тургандай, атакты сүйгөн, текебер адамдардын таасири жыйналышты бөлүп-жарышы мүмкүн. Андыктан элчи Жакан Гайга, кеңири мааниде ар бирибизге «жамандык кылгандарды» туурабашыбыз керектигин айткан (3 Жкн. 11).

ЖАКШЫЛЫК КЫЛУУГА ОРЧУНДУУ СЕБЕП

Диотрефтен айырмаланып, Димитир, Жакан сыпаттагандай, үлгүлүү бир тууган болгон. Жакан ал тууралуу: «Димитир жөнүндө... жакшы сөздөрдү айтып жатышат... Муну биз да ырастайбыз, ал эми биздин айткандарыбыз чындык экенин өзүң билесиң»,— деп жазган (3 Жкн. 12). Димитир Гайдын жардамына муктаж болсо керек, ошондуктан элчи Жакан үчүнчү катын Димитир жөнүндө мүнөздөмө жана кепилдеме берүү максатында жазган көрүнөт. Ал катты Гайга Димитир өзү жеткирип барышы толук ыктымал. Жакандын өкүлдөрүнүн бири же балким, кыдыруучу көзөмөлчү катары Димитир анын жазгандарынын маанисин түшүндүрүп берсе керек.

Гай мурун эле меймандостук көрсөтүп келсе, Жакан аны эмне үчүн андан ары да меймандос болууга үндөгөн? Ага ого бетер кайраттуу болууга жардам бергиси келгенби? Диотрефтин меймандос бир туугандарды жыйналыштан чыгарууга аракет кылганы Гайдын чечкиндүүлүгүн солгундатышы мүмкүн деп тынчсызданганбы? Кандай болбосун, Жакан Гайды: «Жакшылык кылган киши Кудайдан»,— деп ынандырган (3 Жкн. 11). Чынында эле, бул — жакшылык кыла берүүгө орчундуу себеп.

Элчи Жакандын каты Гайга меймандостугунан жазбаганга түрткү бергенби? Ооба. Буга ал каттын Ыйык Жазманын канонуна киргени жана бизге «жакшылык кылгандан үлгү алууга» жардам бериш үчүн сакталып калганы далил.

ЖАКАНДЫН ҮЧҮНЧҮ КАТЫНАН ЭМНЕЛЕРГЕ ҮЙРӨНСӨК БОЛОТ?

Байыркы убакта жашаган сүйүктүү бир тууганыбыз Гай жөнүндө башка эч нерсе билбейбиз. Бирок анын жашоосу жөнүндөгү ушул кыска эле билдирүүдөн көп нерсеге үйрөнсөк болот.

Кандай жолдор менен меймандостук көрсөтө алабыз?

Биринчиден, көптөрүбүз чындыкты билгенибиз үчүн аны бизге жеткирүү максатында жер-жерлерди кыдырган ишенимдүү бир туугандарыбыздын алдында кандайдыр бир деңгээлде милдеттүүбүз. Албетте, азыркы күндө жыйналыштагылардын баары эле жакшы кабарды жарыялоо үчүн алыс жактарга сапар тарта бербейт. Бирок, Гайга окшоп, биз да сапарда жүргөн бир туугандарды, алсак, кыдыруучу көзөмөлчүнү жана анын жубайын колдоп, бекемдей алабыз. Же болбосо Падышалыктын жарчыларына муктаждык чоң жерде кызмат кылыш үчүн өлкөбүздүн кайсы бир аймагына же башка өлкөгө көчүп кеткен бир туугандарга иш жүзүндө жардам көрсөтө алышыбыз ыктымал. Эмесе келгиле, «дайыма меймандос бололу» (Рим. 12:13; 1 Тим. 5:9, 10).

Экинчиден, кээде жыйналыштан бийликке баш ийбегендер чыкса, таң калбашыбыз керек. Элчи Жакандын да, элчи Пабылдын да бийлигине каршы чыккандар болгон (2 Кор. 10:7—12; 12:11—13). Жыйналышыбызда ушу сыяктуу кыйынчылык туулса, эмне кылышыбыз керек? Пабыл Тиметейге мындай кеңеш берген: «Теңирдин кулу чатакташпашы керек, тескерисинче, баарына жумшак мамиле кылышы, окутууга жөндөмдүү болушу, жаман мамилеге кабылганда өзүн кармай билиши, ошондой эле каршы чыккандарга жумшактык менен насаат айтышы керек». Кыйкым издеп, бийликке баш ийбегендер ачуубузду козгогондо да, жумшак болсок, алардын айрымдары бара-бара оюн өзгөртүшү ыктымал. Натыйжада Жахаба «алардын өкүнүшүнө жана чындыкты так таанып-билишине жол ачышы мүмкүн» (2 Тим. 2:24, 25).

Үчүнчүдөн, каршылыкка карабай Жахабага берилгендик менен кызмат кылып жаткан бир туугандарыбыз баалап-баркташыбызга, мактап турушубузга муктаж. Элчи Жакандын Гайды бекемдеп, туура иш кылып жатканына ынандырганы күмөнсүз. Ошол сыяктуу эле, бүгүнкү күндөгү аксакалдар да, ишенимдештери чарчабашы үчүн, Жакандан үлгү алып, аларга дем-шык берип турушу керек (Ыш. 40:31; 1 Тес. 5:11).

Жакандын Гайга жазган каты грекче текстте 219 эле сөздөн тургандыктан Ыйык Жазмадагы эң кыска китеп болуп эсептелет. Ошентсе да анда Кудайдын кызматчылары үчүн баа жеткис ойлор камтылат.