Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Келишпестиктерди чечип, тынчтыкка умтуласыңбы?

Келишпестиктерди чечип, тынчтыкка умтуласыңбы?

ЖАХАБА КУДАЙ кызматчыларын тынчтыкты көздүн карегиндей сактоого, дайыма тынчтыкка умтулууга үндөйт. Анын чакырыгына жараша иш кылганыбыздын натыйжасында арабызда бейпилдик өкүм сүрүүдө. Бул болсо жаңжал, чыр-чатактан арылгысы келгендерди жыйналышка тартат.

Мисалы, Мадагаскарда жашаган жана элди сыйкырдуу күчтүн жардамы менен эмдеп-домдогон бир киши Жахабанын Күбөлөрүнүн биримдүү экенин байкаган. Ал: «Эгер дин тута турган болсом, ошолордун динин тутмакмын»,— деп ойлонгон. Бара-бара ал жиндер менен байланышын токтотуп, бир нече айдын ичинде никесин ыйык китептеги принциптерге ылайык келтирип, тынчтыктын Кудайы Жахабанын кызматчысы болгон.

Ага окшоп, жыл сайын миңдеген кишилер Кудайдын элинин жыйналышына келип, көксөп келген тынчтыкты табууда. Анткен менен жыйналышта «катуу көрө албастык, тажаалдык» бар болсо, мунун ынтымакты ыдыратып, көйгөй жаратары Ыйык Китепте ачык айтылат (Жкп. 3:14—16). Бактыга жараша, анда ошондой көйгөйлөрдөн качууга жана ортобуздагы тынчтыкты чыңдоого жардам берген кеңештер да бар. Эмесе, аларды колдонуу канчалык жардам берерин түшүнүш үчүн жашоодон алынган айрым мисалдарды карап көрөлү.

ТҮШҮНБӨСТҮКТӨР ЖАНА АЛАРДЫН ЧЕЧИЛИШИ

«Мага чогуу иштеген бир тууган менен тил табышуу кыйын болчу. Бир жолу экөөбүз кыйкырыша кеткенде, эки киши кирип калып, урушуп жатканыбызды көрүп калган» (КРИС).

«Мен көп кызматташкан бир тууган туруп туруп эле мени менен кызматка жазылбай калды. Атүгүл сүйлөшпөй да калды. Эмне болгонун такыр түшүнгөн жокмун» (ЖАНЕТ).

«Бир жолу үчөөбүз телефондон бири-бирибиз менен бир учурда сүйлөшүп жатканбыз. Арабыздан бирөөбүз коштошкондо, телефонду коюп койду го деп ойлогом. Ошондуктан сүйлөшүп жаткан берки шеригиме ал жөнүндө анча жакшы эмес сөздөрдү айткам. Көрсө, ал телефонду койбоптур» (МАЙКЛ).

«Жыйналышыбыздагы эки пионер бири-бири менен келише алчу эмес. Бири экинчисин катуу кагып салган. Алардын жаман-жакшы айтышып жүргөнү башкаларды да капалантчу» (ГАРИ).

Балким, бул көйгөйлөр сага анча олуттуу эместей сезилеттир. Бирок убагында чечилбесе, алардын ар бири катыштыгы бар кишилердин жан дүйнөсүнө бүлүк салып, жыйналыштын тынчтыгына доо кетириши мүмкүн. Кубанычтуусу, жогоруда айтылган бир туугандардын баары Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуп, элдешишкен. Аларга кайсы кеңештер жардам берген деп ойлойсуң?

«Жолдон урушпагыла» (Башт. 45:24). Жусуп бул сөздөрдү атасына кайтып бараткан бир туугандарына айткан. Анын сөздөрүндө, чынында эле, акылмандык камтылган. Эгер кимдир бирөө сезимдерин башкара албай, бат эле ачууланып кетсе, башкалардын кыжырына тийиши мүмкүн. Крис көйгөйдүн тамыры өзүнүн текебердигинде, кеңешти кабыл алгысы келбегенинде экенин түшүнгөн. Ал оңолгусу келгендиктен тил табыша албай жүргөн бир туугандан кечирим сурап, өзүн кармай билүүгө бүт күчүн жумшай баштаган. Кристин аракет кылып жатканын көрүп, тиги бир тууган да өзгөрө баштаган. Азыр экөө Жахабага биримдикте кубанычтуу кызмат кылып жатышат.

«Акылдашпаса, ой-максат ишке ашпайт» (Накыл 15:22). Жанет ушул кеңешке ылайык иш кылышы керектигин түшүнгөн. Ал өзүнөн оолактап калган бир тууган менен «акылдашууну», башкача айтканда, сүйлөшүп көрүүнү чечкен. Экөө сүйлөшүп отурганда, Жанет сылыктык менен аны ичиндеги нааразычылыгын ачык айтууга чакырган. Башында жагдай бир аз чыңалып турган, бирок экөө жылуу-жумшак сүйлөшкөндүктөн, баары жайына келе түшкөн. Тиги бир тууган бир нерсени туура эмес түшүнүп алганын, ага Жанеттин эч кандай тиешеси жок экенин түшүнүп, кечирим сураган. Натыйжада алар кайрадан Жахабага чогуу кызмат кыла башташкан.

«Курмандык жайына курмандык алып келгениңде, ал жерден бир тууганыңдын сага нааразычылыгы бар экенин эстесең, курмандыгыңды ошол жерге калтыргын да, барып, адегенде бир тууганың менен элдеш» (Мт. 5:23, 24). Исанын бул кеңешти тоодо насаат айтып жатканда бергени эсиңде чыгар. Майкл ойлонбой сүйлөп, боорукердикке жатпаган иш кылганын түшүнгөндө, аябай жаман болгон. Ошондо ал өзү көңүлүн оорутуп койгон бир тууган менен элдешүүгө бел байлаган. Аны менен жолугуп, момундук менен кечирим сураган. Натыйжасы кандай болгон? Майкл: «Бир тууганым мени чын жүрөктөн кечирди»,— деген. Ошентип, алар кайрадан дос болуп калышкан.

«Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле» (Кол. 3:12—14). Көптөн бери пионер болуп кызмат кылып келаткан эки ишенимдешибизге бир мээримдүү аксакал мындай суроолор тууралуу ой жүгүртүп көрүүгө жардам берген: «Ортобуздагы пикир келишпестиктин айынан башкаларды капалантканга укугубуз барбы? Бири-бирибизге көтөрүмдүү болуп, Жахабага ынтымакта кызмат кылышыбызга тоскоол боло тургандай орчундуу себеп барбы?» Ал пионерлер аксакалдын кеңешин кабыл алышкан. Азыр жакшы кабарды биримдикте жарыялап жатышат.

Кимдир бирөө көңүлүңдү оорутканда, алгач жогоруда келтирилген Колосалыктар 3:12—14-аяттардагы кеңешти колдонуп көрүү жакшы натыйжа бериши мүмкүн. Көптөр момундук менен кечирип, өткөндү унутуп эле койсо болорун байкашкан. Эгер бир нече жолу аракет кылганыңдан кийин деле көйгөй чечилбей жатса, Матай 18:15те жазылгандарды колдонуп көрөттүрсүң. Негизи, бул аятта Иса Машаяк кимдир бирөөгө каршы олуттуу күнөө кылынганда кандай кадам жасалышы керектигин айткан. Бирок анда камтылган принцип сенин жагдайыңда да колдонорлук. Бир тууганың менен жолугуп, көйгөй тууралуу жылуу-жумшак, момундук менен сүйлөшүп көр.

Албетте, Ыйык Китепте дагы башка көптөгөн кеңештер бар. Алардын пайдасы тийиши үчүн, рухтун жемишине кирген «сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамкайлык, боорукердик, жакшылык, ишеним, жумшактык, өзүн өзү кармай билүү» сыяктуу сапаттарды чагылдырышың керек (Гал. 5:22, 23). Май машиненин тетиктерин жумшартып, алардын жакшы иштешин шарттагандай эле, ал сапаттар адамдын көңүлүн жибитип, элдешүүнү жеңилдетет.

КУЛК-МҮНӨЗДҮН АР ТҮРДҮҮЛҮГҮ ЖЫЙНАЛЫШТЫ БАЙЫТАТ

Ар кимибиздин табиятыбыз, кулк-мүнөзүбүз, сапаттарыбыз ар башка болгону достугубузду байытары шексиз. Бирок бул көйгөй да жаратышы ыктымал. Бир тажрыйбалуу аксакал мындай деген: «Мисалы, тартынчаак киши ачык-айрым, шатыра-шатман жүргөн кишинин жанында өзүн ыңгайсыз сезет. Мындай айырмачылык анча деле маанилүү эместей көрүнүшү мүмкүн, анткен менен бул кээде чоң кыйынчылыктарга алып келет». Бирок кулк-мүнөзү таптакыр эки башка киши эч качан келише албайбы? Эки элчини мисалга алалы. Элчи Петир кандай киши болгон? Балким, аны оюн ачык айткан, шашма киши болгон деп эсептейттирсиң. Ал эми элчи Жаканчы? Аны мээримдүү, сөзү орундуу, алды-артын ойлоп иш кылган киши болгон деп элестететтирбиз. Алар жөнүндө ушинтип ойлогонго кандайдыр бир негиз бар болушу мүмкүн. Ооба, экөөнүн кулк-мүнөзү кыйла айырмаланса керек. Ошентсе да алар эң сонун кызматташышкан (Элч. 8:14; Гал. 2:9). Андыктан бүгүнкү күндө деле мүнөзү эки башка бир туугандар да эриш-аркак кызматташа алышат.

Мүмкүн, жыйналышыңдагы кайсы бир ишенимдешиңдин сөзү, иши кыжырыңды келтире береттир. Ошол эле учурда Машаяктын ал үчүн да өлгөнүн билгендиктен ага сүйүү көрсөтүшүң керектигин түшүнөсүң (Жкн. 13:34, 35; Рим. 5:6—8). Андыктан аны менен болгон мамилеңди таптакыр үзүп салгандын же андан оолактагандын ордуна, мындай деп ойлонуп көр: «Бир тууганым Ыйык Китепте айтылгандарга ачыктан ачык каршы келген нерсени кылып жатабы? Атайылап кыжырыма тийип жатабы? Же жөн эле кулк-мүнөзүбүз эки башкабы?» Ошондой эле: «Андан кайсы жакшы сапаттарды өрчүтүүгө үйрөнсөм болот?» — деп да ой жүгүртүп көр.

Бул суроо абдан маанилүү. Эгер сен көп сүйлөбөсөң, ал эми ишенимдешиң сүйлөгөндү жакшы көрсө, анын кызматта башкаларды оңой эле сөзгө тарта алары жөнүндө ойлон. Анан аны менен кызматка жазылып, андан эмнеге үйрөнсөң болоруна көңүл бур. Же ал сага караганда берешен болсо, карыларга, оорулууларга же муктаж болгондорго жардам берүүнүн кандай кубаныч тартууларын байкаганга аракет кыл. Сөздүн төркүнүн айта турган болсок, ишенимдешиң экөөң такыр эки башка болсоңор да, жакшы жактарыңарга көңүл бурсаңар, бири-бириңерге жакындайсыңар. Албетте, мунун аркасында ынак достордон болуп калбашыңар мүмкүн. Бирок бири-бириңерге жакындап, жан дүйнөңөр тынч болот жана жыйналыштын тынчтыгына салым кошосуңар.

Сыягы, Эйдия менен Синтихе деген эжелер да бири-биринен аябай эле айырмаланган. Ошентсе да элчи Пабыл аларды «Теңир жолунда бир ойдо болууга чакырган» (Флп. 4:2). Сен да ошого умтулуп, жыйналышта тынчтык болушуна шарт түзөсүңбү?

ЭРТЕРЭЭК ЭЛДЕШКЕНГЕ УМТУЛ

Башкаларга карата болгон терс сезимдерди тамыры менен жулуп турбасак, гүл бакчадагы отоо чөпкө окшоп көбөйүп кетет. Адамдын жүрөгүнө таарыныч, ыза тамырлап алса, бүтүндөй жыйналыштын маанайына терс таасир этет. Эгер Жахабаны жана бир туугандарды сүйсөк, ортобуздагы келишпестиктерден улам тынчтык бузулбашы, атүгүл солгундабашы үчүн колубуздан келгендин баарын кылабыз.

Момун болуп, тынчтыкка умтулсаң, натыйжасы эң сонун болот

Пикир келишпестиктерди чечүүдө тынчтыкка умтулуу жакшы натыйжа берет. Бир ишенимдешибиз мындай деп эскерет: «Мага бир бир тууган кичинекей кыздай мамиле кылгандай сезилчү. Буга аябай жаман болчумун. Кыжырым кайнап отуруп, ага орой мамиле кыла баштадым. „Мени сыйлабайбы, мен да аны сыйлабайм“,— деген ойдо болчумун».

Анан ал өзүнүн иш-аракети жөнүндө ойлоно баштаган. Ал мындай дейт: «Өзүмдүн ката-кемчиликтеримди көрө баштаганда, өзүмө аябай нааразы болдум. Ой жүгүртүүмдү өзгөртүшүм керектигин түшүндүм. Жахабадан көйгөйүм тууралуу тиленгенден кийин ал эжеге чакан белек алып, туура эмес кылганым үчүн кечирим сурап открытка жаздым. Экөөбүз кучакташып, өткөндү сууга салалы деп сүйлөштүк. Ошондон бери ортобузда эч кандай көйгөй болгон жок».

Адамдар тынчтыкты эңсеп келишет. Бирок кадыр-баркы түшчүдөй же намысы тебеленчүдөй сезилгенде, көптөр тынчтыкты буза тургандай иш кылышат. Жахабага сыйынбагандардын арасында мындай көрүнүш кадимки эле нерсе. Ал эми анын ысмын алып жүргөндөрдүн ортосунда ар убак тынчтык, биримдик өкүм сүрүшү керек. Элчи Пабыл ыйык рухтун жетеги менен: «Силерден суранам: чакырылганыңарга ылайык жашагыла. Дайыма момун, жумшак, чыдамкай болгула, бири-бириңерге сүйүү көрсөтүү менен көтөрүмдүү болгула, рух берген биримдикти сактоого жана тынчтыкта жашоого умтулгула»,— деп жазган (Эф. 4:1—3). Андай тынчтык — баа жеткис байлык. Андыктан бардык келишпестиктерди өз убагында чечип, тынчтыгыбызды чыңдай берели.