Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн Жахты даңкташыбыз керек?

Эмне үчүн Жахты даңкташыбыз керек?

«Жахты даңктагыла! Анткени Кудайыбызды даңктап ырдоо... жагымдуу, ал мактоого татыктуу» (ЗАБ. 147:1).

ЫРЛАР: 59, 3

1—3. а) 147-забур, кыязы, качан жазылган? б) 147-забурду изилдөөдөн эмнелерди билебиз?

КИМДИР БИРӨӨ тапшырылган ишти мыкты аткарганда же Кудайга жаккан сапаттарды чагылдырганда, башкалар аны макташат. Эгер адамдар мактоого татыктуу болуп жатса, анда Жахаба Кудайыбыз андан бетер татыктуу эмеспи?! Биз аны жаратылыштан айкын көрүнгөн чексиз кудуреттүүлүгү жана адамзат үчүн өзүнүн Уулун курмандыкка чалуу менен көрсөткөн сүйүүсү үчүн даңктасак болот.

2 147-забурду жазган киши Жахабаны даңктоого түрткү алган. Ал башкаларды да ошентүүгө чакырган. (Оку: Забур 147:1, 7, 12.)

3 Биз ал забурду ким жазганын билбейбиз. Кыязы, забурчу ысрайылдыктар Бабыл кулчулугунан бошотулуп, Иерусалимге кайтып келген убакта жашаган көрүнөт (Заб. 147:2). Ал Жахаба Кудайдын элинин ага кайрадан өз мекенинде сыйына баштаганына ыраазы болуп, аны даңктоого түрткү алган. Андан сырткары, Жахабаны даңктоого дагы кандай себептер бар экенин айткан. Алар кайсылар? Сенде: «Жахты даңктагыла!» — деп кубанычтуу үн салууга кандай себептер бар? (Заб. 147:1).

ЖАХАБА ЖҮРӨГҮ ЖАРАЛАНГАНДАРДЫ АЙЫКТЫРАТ

4. Кореш туткундан бошоткондо, ысрайылдыктар кандай сезимде болушкан жана эмне үчүн?

4 Ысрайылдыктардын Бабылда сүргүндө жүргөндө өздөрүн кандай сезишкенин элестетсең. Аларды туткунга алгандар: «Сион ырларынан ырдап бергиле»,— деп мазакташкан. Ысрайылдыктардын чоң кубанычы болгон Иерусалим ошол кезде аңгырап ээн калган эле (Заб. 137:1—3, 6). Ошондуктан алардын ырдаганга дарманы жок болчу. Жүрөктөрү жараланып, сооротууга зар болуп турушкан. Бирок Кудай, өзү алдын ала айткандай эле, элин Персия падышасы Кореш аркылуу куткарган. Кореш Бабылды басып алгандан кийин: «Жахаба мага... Иерусалимде ага арнап үй курууну буйрук кылды. Араңардан ким ага кызмат кылган элден болсо, Жахаба Кудайы аны менен болсун. Ал киши Иерусалимге барсын»,— деген (2 Жылн. 36:23). Бабылда жүргөн ысрайылдыктар үчүн бул кандай гана жүрөк толкутарлык кабар болгон!

5. Жахабанын айыктырууга кудуреттүү экени жөнүндө забурчу эмне деген?

5 Жахаба жалпы элин эле эмес, ар бир ысрайылдыкты да соороткон. Бүгүн да ошондой. Кудай жөнүндө забурчу: «Ал жүрөгү жаралангандарды айыктырат, алардын жараатын таңат»,— деп жазган (Заб. 147:3). Ооба, Жахаба ден соолугу начар же жан дүйнөсү жабыркаган кызматчыларына кам көрөт. Ал бизди сооротууга жана эмоциялык жараатыбызды жеңилдетүүгө ынтызар (Заб. 34:18; Ыш. 57:15). Бардык кыйынчылыктарды көтөрүп кете алышыбыз үчүн, ал бизге акылмандык, күч берет (Жкп. 1:5).

6. Забур 147:4тө жазылгандардан эмнени биле алабыз? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

6 Андан кийин забурчу көңүлдү асманга буруп, Жахабанын «жылдыздарды санап, алардын баарын атынан атаарын» айткан (Заб. 147:4). Эмне үчүн ал сөздү асмандагы нерселерге бурган? Бул жөнүндө ойлонуп көрсөң: забурчу жылдыздарды көрө алса да, алардын чынында канчалык көп экенин билген эмес. Жылдар өткөн сайын, адам баласы көрө алган жылдыздардын саны укмуштуудай өсүүдө. Айрымдар Саманчынын жолу галактикасында эле миллиарддаган жылдыздар бар экенин айтышат. Ал эми ааламда триллиондогон галактикалар бар болушу мүмкүн! Биз үчүн жылдыздар, чынында эле, сансыз! Бирок Жаратканыбыз алардын баарына ат койгон. Бул Жахаба үчүн ар бир жылдыз өзгөчө экенин билдирет (1 Кор. 15:41). Жердеги адамдар жөнүндө эмне айтууга болот? Кайсы учурда болбосун, кайсы жылдыздын каякта турганын билген Кудай сени да жакшы билет, тактап айтканда, кайсы учурда каякта жүргөнүңдү, кандай сезимде болуп жатканыңды, эмнеге муктаж экениңди так билет!

7, 8. а) Жахаба кызматчыларына жардам берүүдө эмнени эске алат? б) Жахабанын жеткилең эмес адамдарды түшүнөрүн көрсөткөн мисал айтып бер.

7 Жахаба сага жекече көңүл бургандан сырткары, турмушта туш болуп жаткан кыйынчылыктарыңды көтөрүүгө күч берет жана түшүнүү менен мамиле кылат. (Оку: Забур 147:5, шилт.) Айрым учурларда сага жагдайың өтө оор, жүгүң көтөрө алгыстай сезилиши ыктымал. Бирок Кудай мүмкүнчүлүктөрүңдүн чектелүү экенин түшүнөт, «топурак» экениңди унутпайт (Заб. 103:14). Жеткилеңсиз болгондуктан биз бир эле катаны кайра-кайра кайталайбыз. Тилибизден жаңылганда, денелик каалоолорго алдырып койгонубузда же башкаларга көрө албастык кылганыбызда кандай гана өкүнөбүз! Жахаба өзү мындай нерселерди кылбаса да, бизди толугу менен түшүнөт. Ырас, анын түшүнүгү чексиз, изилденгис (Ыш. 40:28, шилт.).

8 Балким, Жахабанын күчтүү колу менен сени оор жагдайдан алып чыкканын сезип көргөндүрсүң (Ыш. 41:10, 13). Мисалга Киоко деген пионерди алалы. Дайындоосу алмашканда, анын аябай көңүлү чөккөн. Жахаба аны түшүнөрүн кантип көрсөткөн? Жаңы дайындалган жеринде анын сезимдерин жакшы түшүнгөн бир туугандар болгон. Ага Жахаба: «Мен сени пионер болгонуң үчүн эле эмес, кызым болгонуң үчүн жана мага арналганың үчүн аябай жакшы көрөм. Менин Күбөм катары жашоодон ырахат алышыңды каалайм!» — деп жаткандай сезилген. Ал эми сен кудуреттүү Кудайдын «түшүнүгү... чексиз» экенине эмнеден улам ынангансың?

ЖАХАБА БИЗДИ ЗАРЫЛ НЕРСЕЛЕР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛАТ

9, 10. Жахаба бизге биринчи кезекте кандай жардам көрсөтөт? Мисал келтир.

9 Кээде сенин муктаждыгың материалдык нерсеге байланыштуу болушу мүмкүн. Айталы, эртеңки күнү эмне жейм деп тынчсызданышың ыктымал. Бирок Жахаба баарына, атүгүл кузгундарга да зарыл болгон азык заттар өсүшү үчүн, жаратылыш циклдарын жараткан! (Оку: Забур 147:8, 9.) Эгер ал кузгундарды да азыктандырып келатса, сенин муктаждыктарыңды да канааттандырарына күмөн санабасаң болот (Заб. 37:25).

10 Баарынан маанилүүсү, Жахаба биздин рухий муктаждыктарыбызды канааттандырып, «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгын» берет (Флп. 4:6, 7). 2011-жылы Жапонияда болгон цунамиден кийин Жахабанын камкордугун сезген Мацуо менен анын жубайын мисалга алалы. Алар үйүнүн чатырына чыгып, цунамиден эптеп аман калышкан. Бирок ошол күнү бардык нерсесинен кол жууп калышкан. Алар талкаланган үйүнүн экинчи кабатындагы караңгы, муздак бөлмөдө түнөшкөн. Эртең менен өздөрүн рухий жактан бекемдей турган бир нерсе издеп, 2006-жылдагы «Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китебин» гана табышкан. Мацуонун көзүнө дароо эле «Тарыхтагы эң каргашалуу цунамилер» деген бөлүмчө урунган. Ал жерде 2004-жылы Суматрадагы жер титирөөдөн улам пайда болгон жана эң көп кишинин өмүрүн алып кеткен цунамилер жөнүндө айтылган. Мацуо жубайы экөө анда жазылган окуяларды окуп алып, ыйлашкан. Алар Кудайдын так муктаж болуп турганда керектүү нерсе менен рухий жактан бекемдеп, сүйүүсүн, камкордугун көрсөткөнүн сезишкен. Жахаба аларга материалдык жактан да кам көргөн. Бир туугандар аларды негизги нерселер менен камсыз кылышкан. Аларды баарынан да Кудайдын уюмунун өкүлдөрүнүн жыйналышка келгени бекемдеген. Мацуо: «Мага Жахаба ар бирибиздин жаныбызда туруп, кам көрүп жаткандай сезилди. Бул чындап эле сооротту!» — дейт. Ооба, Жахаба биринчи кезекте рухий жактан кайраттандырат, ошол эле учурда материалдык муктаждыктарыбызды да канааттандырат.

КУДАЙДЫН КҮЧҮНӨ ТАЯН

11. Кудайдын жардамын алгысы келгендерден эмне талап кылынат?

11 Жахаба «мүнөзү жумшактарды колдоого» дайыма даяр (Заб. 147:6а). Бирок анын жардамын алыш үчүн бизден эмне талап кылынат? Аны менен ынак мамиледе болушубуз керек. Ан үчүн момундукту өрчүтүшүбүз зарыл (Сеп. 2:3). Момун адам Кудайдын туура эмес нерсени оңдоп, ага келтирилген зыяндын ордун толтурушун күтө билет. Андай кишилер Кудайга жагат.

12, 13. а) Кудай бизге жардам бериши үчүн, эмнеден качышыбыз керек? б) Жахаба кимдерди көрүп кубанат?

12 Ал эми ыймансыздарды Кудай «жерге жеткире басынтат» (Заб. 147:6б). Кандай күчтүү сөздөр! Жахабанын каарына калбай, мээримине бөлөнө бериш үчүн ал жек көргөндү жек көрүшүбүз керек (Заб. 97:10). Мисалы, жыныстык адеп-ахлаксыздыкты жек көрүшүбүз талап. Ан үчүн андай ыпылас ишке алып бара турган нерселердин баарынан, анын ичинде порнографиядан алыс болушубуз кажет (Заб. 119:37; Мт. 5:28). Муну менен күрөшүү оңой болбошу мүмкүн, бирок Жахабанын батасы жумшаган күч-аракетибизге арзыйт.

13 Бул күрөштө жеңишке жетиш үчүн өзүбүзгө эмес, Жахабага таянганыбыз маанилүү. Эгер «аттын күчүнө», тактап айтканда, адамдар таянган нерсеге ишеним артсак, Кудайга жагабызбы? Жок. Ошондой эле «адамдын бутунун күлүктүгүнө» таянсак, башкача айтканда, көйгөйүбүздү өзүбүздүн же башка адамдардын күчү менен жеңе ала тургандай иш-аракет кылсак, анын жактыруусуна ээ болбойбуз (Заб. 147:10). Кыйынчылыкка кабылганда Жахабага жалбарып, жардам беришин сурашыбыз керек. Кеңешчилерден айырмаланып, Жахаба, андан кайра-кайра жардам сурасак да, бизди угуудан эч качан чарчабайт. «Жахаба өзүнөн корккондорду, анын мээримдүүлүгүн күткөндөрдү көрүп кубанат» (Заб. 147:11). Ал мээримдүү Кудай болгондуктан, дайыма жаныбызда болуп, туура эмес каалоолорубузду жеңүүгө көмөк кыларынан шектенбесек болот.

14. Забурчуну эмне кайраттандырган?

14 Жахаба бизди муктаж болуп турганыбызда жардам берерине ынандырат. Забурчу Иерусалимдин калыбына келтирилиши жөнүндө ойлоп: «Ал дарбазаңдын бекиткичтерин бекемдейт, жаныңдагы уулдарыңа батасын берет. Ал сенин жериңе тынчтык берет»,— деп ырдаган (Заб. 147:13, 14). Жахабанын өз кызматчыларын коргош үчүн шаардын дарбазаларын бекемдей турганын билүү забурчуну кандай гана кайраттандырган!

Сыноолордон улам мүңкүрөп калганыбызда, Кудайдын Сөзү кандайча жардам берет? (15—17-абзацтарды кара)

15—17. а) Кээде кыйынчылыктардан улам кандай сезимде болушубуз мүмкүн, бирок Жахаба Сөзү аркылуу кантип жардам берет? б) Кудайдын «сөзү тез тарай» турганын көрсөткөн мисал айтып бер.

15 Кээде санааңды санга бөлгөн көйгөйлөргө дуушар болушуң ыктымал. Бирок аларды көтөрүп кетишиң үчүн, Жахаба акылмандык берет. Забурчу ал жөнүндө: «Жер жүзүнө буйругун жиберет, анын сөзү тез тарайт»,— деген. Анан Кудайдын «кар жаадырарын», «кыроону... чачарын», «бүртүк-бүртүк муз ыргытарын» айтып: «Анын ызгаарына ким чыдайт?» — деп сураган. Андан соң Жахабанын өзүнүн «сөзүн жиберип, баарын эритерин» айткан (Заб. 147:15—18). Ошондуктан кандай кыйынчылыкка туш болбо, мөндүр менен карды башкарган чексиз даанышман жана кудуреттүү Кудай сага жардам бере алат.

16 Бүгүн Жахаба бизди өзүнүн Сөзү, Ыйык Китеп, аркылуу жетектейт. «Анын сөзү тез тарайт», тагыраак айтканда, муктаж болгонубузда, тез арада жетекчилик берет. Ыйык Китепти окуудан, ишенимдүү жана акылдуу кул берген адабияттарды изилдөөдөн, JW телеберүүсүн көрүүдөн, jw.org сайтын колдонуудан, аксакалдар менен сүйлөшүүдөн, ишенимдештериң менен пикирлешүүдөн кандай пайда алып жатканың жөнүндө ойлонуп көрсөң (Мт. 24:45). Жахабанын сага да тез арада жетекчилик бергенин байкаган учурларың болду беле?

17 Симоне деген ишенимдешибиз Кудайдын Сөзүнүн зор күчкө ээ экенине өз тажрыйбасынан ынанган. Ал өзү жөнүндө ушунчалык төмөн ойдо болгондуктан Кудайга жагарына шектене берчү. Ошентсе да көңүлү чөккөн учурларда Жахабадан дайыма тиленип, жардам сурачу. Ошондой эле Ыйык Китепти өз алдынча үзгүлтүксүз изилдечү. Симоне: «Жахабанын күчүн, жетекчилигин сезбеген бир да учурум болгон жок»,— дейт. Бул ага мүмкүн болушунча оң маанай сактоого жардам берип келген.

18. а) Кудайдын сени жакшы көрөрүнө эмне үчүн ишенесиң? б) Сенде: «Жахты даңктагыла!» — деп кубанычтуу үн салууга кандай себептер бар?

18 Забурчу Кудайдын өзүнүн элин канчалык жакшы көрөрүн билген. Кудай аларга гана «сөзүн,.. көрсөтмөлөрүн, өкүмдөрүн» берген. (Оку: Забур 147:19, 20.) Бүгүнкү күндө биз да жер бетинде Кудайдын ысмы менен аталган жападан-жалгыз элбиз. Жахабаны таанып-билгендиктен жана анын Сөзүндө жазылгандарга ылайык жашап жаткандыктан аны менен ынак мамиледебиз. Кудайдын 147-забурду жазган кызматчысы сыяктуу эле, сенде да: «Жахты даңктагыла!» — деп кубанычтуу үн салууга жана башкаларды да ошого үндөөгө көптөгөн себептер бар.