Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чыдамкайлык менен күтөсүңбү?

Чыдамкайлык менен күтөсүңбү?

«Силер да чыдамдуу болгула» (ЖКП. 5:8).

ЫРЛАР: 114, 79

1, 2. а) Эмнеден улам: «Качанга чейин?» — деп сурашыбыз мүмкүн? б) Жахабанын байыркы убактагы ишенимдүү кызматчылары жөнүндө билүү бизди эмне үчүн бекемдейт?

«КАЧАНКЫГА чейин?» Бул суроону Жахабага ишенимдүүлүк менен кызмат кылган Ышая, Хабакук пайгамбарлар берген (Ыш. 6:11; Хаб. 1:2). 13-забурду жазып жатканда Дөөтү падыша да Жахабадан төрт жолу: «Качанкыга чейин?» — деп сураган (Заб. 13:1, 2). Тегерегиндеги адамдардын ишеними жок экенин көргөндө атүгүл Иса Машаяк да: «Качанга чейин?» — деп сураган (Мт. 17:17). Андыктан кээде биздин да ушундай суроо бергенибиз таң калыштуу эмес.

2 Эмнеден улам: «Качанга чейин?» — деп сурашыбыз мүмкүн? Балким, адилетсиздикке кабылгандырбыз. Же карылыктын, оорунун айынан кыйналып жүргөндүрбүз, же азыркы «өзгөчө оор мезгилде» жашоонун азабын тартып жаткандырбыз (2 Тим. 3:1). Же балким, айланабыздагылардын терс маанайынан, жүрүм-турумунан улам көңүлүбүз чөгүп, чарчап жүргөндүрбүз. Кандай болбосун, Жахабанын байыркы убакта ушундай суроо берген ишенимдүү кызматчыларын айыптабаганын билүү бизди бекемдейт.

3. Оор жагдайларга кабылганда бизге эмне жардам берет?

3 Жогорудагыдай оор жагдайларга кабылганда бизге эмне жардам берет? Иса пайгамбардын энелеш бир тууганы Жакып ыйык рухтун жетеги менен: «Бир туугандарым, Мырзабыздын катышуусунун убагына чейин чыдамдуу болгула»,— деген (Жкп. 5:7). Ооба, баарыбызга чыдамкайлык керек. Бирок чыдамкайлык деген эмне? Ал баалуу сапатты кантип чагылдыра алабыз?

ЧЫДАМКАЙЛЫК ДЕГЕН ЭМНЕ?

4, 5. а) Чыдамкайлык деген эмне жана аны кантип чагылдыра алабыз? б) Жакып чыдамдуу болууга байланыштуу кандай мисал келтирген? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

4 Ыйык Китепте айтылгандай, чыдамкайлык ыйык рухтун жемишине кирет. Андыктан Кудайдын жардамы болбосо, жеткилеңсиз адамдар ал сапатты тийиштүү деңгээлде чагылдыра албайт. Ырас, чыдамкайлык — Кудайдын белеги жана аны сүйөрүбүздү көрсөтүүнүн негизги жолу. Ошондой эле чыдамдуу болуу менен башкаларга болгон сүйүүбүздү да айгинелейбиз. Дайыма сабырсыз боло берсек, арабыздагы сүйүү муздап калат, ал эми чыдамкайлык сүйүүбүздү чыңдайт (1 Кор. 13:4; Гал. 5:22). Ал өз ичине башка маанилүү сапаттарды да камтыйт. Мисалы, ал туруктуулук менен тыгыз байланышта. Туруктуулук оор кыйынчылыктарды да оң маанай менен көтөрүп кетүүгө жардам берет (Кол. 1:11; Жкп. 1:3, 4). Чыдамкайлык, кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, бекем, туруктуу болууну жана жамандыкка жамандык менен жооп кайтарбоону да билдирет. Андан тышкары, Ыйык Китепте туура маанай менен күтө билишибиз керектиги айтылат. Бул Жакып 5:7, 8-аяттарда баса белгиленет. (Аяттарды оку.)

5 Жахаба иш-аракет кыла турган убакты эмне үчүн туура маанай менен күтүшүбүз кажет? Жакып биздин жагдайды дыйкандыкына салыштырган. Дыйкан үрөн сээп, күжүрмөн эмгектенсе да, аба ырайын же үрөндүн өсүп чыгышын көзөмөлдөй албайт. Убакытты да тездете албайт. Ал «жерден жакшы түшүм алыш үчүн» чыдамкайлык менен күтө билиши керектигин жакшы түшүнөт. Ошо сыңары, Жахабанын убадалары аткарыла турган убакты күтүп жатып, бизден көз каранды болбогон көп нерселер бар экенин унутпаганыбыз маанилүү (Мр. 13:32, 33; Элч. 1:7). Биз да, дыйкандай болуп, чыдамкайлык менен күтүшүбүз керек.

6. Микей пайгамбардан кандай үлгү алсак болот?

6 Биз туш болуп жаткан жагдайлар Микей пайгамбардын күндөрүндөгүгө окшош. Ал ыймансыз Ахаз падышанын тушунда жашаган. Ошол убакта ар кандай ыпыластык, мыйзамсыздык кеңири кулач жайган болчу. Эл «жамандык кылууга маш» болуп калган. (Оку: Микей 7:1—3.) Микей пайгамбар абалды өзгөртө албай турганын жакшы түшүнгөн. Анда ал эмне кылган? «Мен болсо Жахабадан көзүмдү албайм, куткаруучу Кудайымды күтөм. Кудайым үнүмдү угат»,— деген ал (Мик. 7:7). Андан үлгү алып, биз да күтүшүбүз керек.

7. Эмне үчүн бизден Жахабаны жөн эле күтүүдөн да көп нерсе талап кылынат?

7 Микей пайгамбардыкындай ишенимге ээ болсок, Жахабаны туура маанай менен күтөбүз. Биздин жагдайыбыз өлүм жазасына тартылар күнүн күтүп жаткан кылмышкердикине окшош эмес. Ал ошол күндү айласы жок болгондуктан күтөт жана анын эртерээк келишин самабайт. Ал эми биздики таптакыр башкача. Биз Жахабанын түбөлүк өмүр берем деген убадасын өз убагында, эң ылайыктуу учурда аткарарын билгендиктен аны эңсеп күтөбүз. Ошондуктан «акырына чейин чыдамкайлык, кубаныч менен туруктуу болобуз» (Кол. 1:11, 12). Жахаба создуктуруп жатат деп нааразы болуп, наалый бербешибиз керек. Анткени бул ага жакпайт (Кол. 3:12).

ЧЫДАМДУУЛУК КӨРСӨТКӨН ИШЕНИМДҮҮ ИНСАНДАР

8. Ишенимдүү эркек-аялдардын үлгүсү жөнүндө ой жүгүртүп жатканда эмнени унутпашыбыз керек?

8 Жахабанын убадалары аткарылар убакты чыдамдуулук менен күткөн байыркы убактагы ишенимдүү эркек-аялдардын үлгүсүн эсибизде бек сактасак, Жахабаны туура маанай менен күтөбүз (Рим. 15:4). Ал инсандар тууралуу ой жүгүртүп жатканда алардын канчалык көпкө күткөнүн, эмне үчүн оң маанай менен күткөнүн жана чыдамкай болгонунун аркасында кандай баталарды алганын унутпаганыбыз жакшы.

Ыбрайым пайгамбар неберелери Эйсап менен Жакып төрөлгөнгө чейин көп жыл күткөн (9, 10-абзацтарды кара)

9, 10. Ыбрайым пайгамбар менен Саара Жахабаны канчалык көпкө күтүшкөн?

9 Ыбрайым пайгамбар менен Сааранын үлгүсүнө токтололу. Алар «ишеними менен чыдамдуулугунун аркасында убадаларды алгандардын» катарына кирет. Ыйык Жазмада Ыбрайым пайгамбардын Жахабанын ага батасын берип, урпактарын көбөйтөм деген убадасын «чыдамкайлык көрсөткөндөн кийин алганы» айтылат (Евр. 6:12, 15). Ал эмне үчүн чыдамкай болушу керек эле? Жөнөкөй сөз менен айтканда, убада аткарылышы үчүн, убакыт талап кылынган. Жахабанын Ыбрайым менен түзгөн келишими б.з.ч. 1943-жылы 14-нисанда — ал Саара экөө үйүндөгүлөрү менен Эфрат дарыясынан өтүп, убада кылынган жерге барганда — күчүнө кирген. Ыбрайым пайгамбар б.з.ч. 1918-жылы уулу Ыскак төрөлгөнгө чейин 25 жыл, ал эми неберелери Эйсап менен Жакып б.з.ч. 1858-жылы төрөлгөнгө чейин дагы 60 жыл күткөн (Евр. 11:9).

10 Ыбрайым пайгамбарга убада кылынган жердин канча бөлүгү энчиге берилген? Ыйык Китепте: «Анткен менен [Жахаба] ага [Ыбрайымга] бул жерден үлүшкө бир карыш да жер берген эмес. Бирок Ыбрайым балалуу боло элек болсо да, Кудай бул жерди ага жана анын тукумдарына берерин убада кылган»,— делет (Элч. 7:5). Бул убада Ыбрайым пайгамбар Эфрат дарыясын кесип өткөндөн 430 жылдан кийин, башкача айтканда, анын урпактары эл болуп уюшулуп, ал жерге ээлик кыла баштаганда аткарылган (Чыг. 12:40—42; Гал. 3:17).

11. Ыбрайым пайгамбар эмне үчүн Жахабаны чыдамдуулук менен күткөн жана кандай бата алган?

11 Ыбрайым пайгамбар Жахаба Кудайдын өз убадаларын аткарарына бекем ишенгендиктен чыдамдуулук менен күткөн. (Оку: Еврейлер 11:8—12.) Ал убадалардын толук аткарылганын көрбөсө да, Жахабаны күтүп жатып кубанычын жоготкон эмес. Бейиште тирилгенде анын канчалык кубанарын элестетсең! Ал Ыйык Китепте өзү жана тукумдары жөнүндө көп жазылганын билип, аябай сүйүнөт болуш керек *. Ошондой эле Жахабанын убада кылынган тукум жөнүндөгү ой-ниетинин ишке ашышында маанилүү роль аткарганын биринчи жолу укканда жүрөгү канчалык толкуп-ташарын ойлоп көрсөң. Анын ошончо узак убакыт бою күткөнү арзырлык болгонуна кубанары шексиз.

12, 13. Жусупка эмне үчүн чыдамдуулук керек эле жана ал кандай маанай чагылдырган?

12 Ыбрайым пайгамбардын чөбөрөлөрүнөн болгон Жусуп да Жахабаны күтө билген. Ал жеткен адилетсиздикке туш болгон. Алгач аны бир туугандары 17 жашында кулчулукка сатып жиберишкен. Кийин мырзасынын аялын зордуктаганга аракет кылды деген айып тагылып, зынданга салынган (Башт. 39:11—20; Заб. 105:17, 18). Ал адил иштерди кылганы үчүн бата албай эле, жазаланып жаткандай сезилген. Бирок 13 жыл өткөндөн кийин баары заматта өзгөргөн. Ал түрмөдөн бошотулуп, Мисирде фараондон кийинки эле орунду ээлеген башкаруучу болуп дайындалган (Башт. 41:14, 37—43; Элч. 7:9, 10).

13 Адилетсиздиктен улам Жусуп катаалданып кеткенби? Жахаба Кудайына ишенбей калганбы? Жок. Ага чыдамдуулук менен күткөнгө эмне жардам берген? Жахабага болгон ишеними. Ал кыйынчылык учурда Жахабанын жардам берип жатканын сезген. Бул анын бир туугандарына айткан сөздөрүнөн көрүнүп турат. Жусуп аларга мындай деген: «Коркпогула. Мен, эмне, Кудай белем? Силер мага жамандык кылууну ойлогонсуңар. Бирок, азыр өзүңөр көрүп тургандай, көптөрдүн өмүрүн сактап калыш үчүн Кудай аны жакшылыкка айлантты» (Башт. 50:19, 20). Ооба, ал Жахабаны күткөнүнүн акыбети кайтканын түшүнгөн.

14, 15. а) Дөөтүнүн чыдамдуулугу эмнеси менен таасирлентет? б) Ага чыдамдуулук менен күтүүгө эмне жардам берген?

14 Дөөтү падыша да көп адилетсиздикке кабылган. Жахаба аны өспүрүм кезинде эле Ысрайылдын келечектеги падышасы кылып майласа да, ага өзүнүн уруусуна падышалык кылганга чейин 15 жыл күткөнгө туура келген (2 Шем. 2:3, 4). Ошол жылдардын аралыгында ишенимсиз Шабул падыша аны куугунтуктап, көзүн тазалоону көздөгөн *. Анын айынан Дөөтү качкын болуп, бөтөн эл, бөтөн жерде, ээн талаадагы үңкүрлөрдө жашаганга аргасыз болгон. Шабул акыры согушта каза тапса да, Дөөтү бүт ысрайыл элине падышалык кылганга чейин дагы жети жылдай күткөн (2 Шем. 5:4, 5).

15 Дөөтү эмне үчүн чыдамдуулук менен күткөн? Мунун жообун ал: «Качанкыга чейин?» — деп төрт жолу сураган забурдан биле алабыз. Ал: «Мен болсо сенин мээримдүүлүгүңө таянам, сен куткаргандыктан, жүрөгүм кубанычка толсун. Жахабаны даңктап ырдайм, анткени ал менден жакшылыгын аябайт»,— деген (Заб. 13:5, 6). Ырас, Дөөтү Жахабанын мээримдүүлүгүнө таянган. Ал Жахаба куткара турган убакты эңсеп күткөн жана анын ага мурун кантип жардам берип келгени жөнүндө ой жүгүрткөн. Дөөтү Жахабаны күткөнү үчүн бата аларын билген.

Чыдамкай болууга үндөөдө Жахаба бизден өзү кылгысы келбеген нерсени талап кылбайт

16, 17. Чыдамдуулук менен күтүү жагынан Жахаба жана Иса кандай үлгү калтырган?

16 Чыдамкай болууга үндөөдө Жахаба бизден өзү кылгысы келбеген нерсени талап кылбайт. Чыдамдуулук менен күтүү жагынан ал эң сонун үлгү көрсөтөт. (Оку: 2 Петир 3:9.) Эйденде көтөрүлгөн маселе биротоло чечилиши үчүн, ал миңдеген жылдардан бери чыдамдуулук менен күтүп келатат. Ал өзүнүн ысмы толугу менен ыйыктала турган «убакты күтүп», «чыдамдуулук көрсөтүп жатат». Мунун аркасында «аны күткөндөрдүн баары» кереметтүү баталарды алышат (Ыш. 30:18).

17 Иса Машаяк да чыдамдуулук менен күтүп келүүдө. Ал жерге келип, өмүрүнүн акырына чейин кынтыксыздыгын сактаса да жана б.з. 33-жылы Жахабага куткаруу курмандыгынын баасын тапшырса да, 1914-жылы Падыша болгонго чейин күткөн (Элч. 2:33—35; Евр. 10:12, 13). Иса Машаяк Миң жылдык башкаруусунун аягында бүт душмандарын жок кылганга чейин да күтөт (1 Кор. 15:25). Мунун баары көп убакытты талап кылат, бирок ошого арзыйт.

БИЗГЕ ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ?

18, 19. Чыдамдуулук менен күткөнгө бизге эмне жардам берет?

18 Ар бирибиз Жахабаны чыдамдуулук менен күтө билишибиз керек. Буга эмне жардам берет? Кудайдан ыйык рух сурап тилен. Чыдамкайлык рухтун жемишине кирген сапат экенин унутпа (Эф. 3:16; 6:18; 1 Тес. 5:17—19). Жахабадан акырына чейин чыдаганга жардам беришин жалбарып суран.

19 Ыбрайым пайгамбарга, Жусупка жана Дөөтү падышага Жахабанын убадаларынын аткарылышын чыдамдуулук менен күткөнгө эмне жардам бергенин эсиңден чыгарба. Алар Жахабага бекем ишенип, ага таянышкан. Өздөрүнө жана каалаган нерселерине көңүл топтогон эмес. Алардын күтө билгенинин натыйжасы кандай болгону жөнүндө ой жүгүртүү бизге чыдамдуулук менен күткөнгө түрткү берет.

20. Эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

20 Андыктан, кандай кыйынчылыктарга, сыноолорго дуушар болбойлу, «чыдамкайлык менен күтө» берели. Кээде: «Оо, Жахаба, качанкыга чейин?» — деп кыйналышыбыз мүмкүн (Ыш. 6:11). Бирок андайда Кудай ыйык руху аркылуу күч берет. Ошондо Жеремиядай болуп чечкиндүү түрдө: «Мен муну жүрөгүмдө сактайм. Ошондуктан чыдамкайлык менен күтөм»,— деп айта алабыз (Ый 3:21, 24).

^ 11-абз. Башталыш китебинин 15 бөлүмүндө Ыбрайым пайгамбар жөнүндөгү билдирүүлөр камтылат. Грек Жазмаларын жазгандар ал жөнүндө 70тен ашуун жолу сөз кылышкан.

^ 14-абз. Шабул 2 жылдан ашуун убакыт падышалык кылгандан кийин, Жахаба аны четке какса да, көз жумганга чейин 38 жыл бийлик кылышына жол берген (1 Шем. 13:1; Элч. 13:21).