Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы»

«Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы»

«Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды... сактайт» (ФЛП. 4:7).

ЫРЛАР: 112, 58

1, 2. Пабыл менен Сылас Филипиде кандай окуяларга туш болушкан? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

ТҮН ортолоп калган маал. Пабыл менен Сылас деген миссионерлер Филипи шаарындагы түрмөдө, болгондо да, ички түрмөдө отурат. Алардын бутуна кишен салып коюшту. Экөө жаңы эле ур-токмокко алынгандыктан, жону сыздап ооруп турат (Элч. 16:23, 24). Баары күтүлбөгөн жерден болуп кетти. Эч кандай эскертүү бербей туруп эле, аларды базар аянтына шашылыш чогулган соттун алдына сүйрөп барышты. Кийимдерин сыйрып алып, таяк менен катуу сабашты (Элч. 16:16—22). Кандай гана адилетсиздик! Пабыл Римдин жараны болгондуктан мыйзамга ылайык соттолушу керек болчу *.

2 Караңгы бөлмөдө Пабыл ошол күнү болгон окуяларды көз алдынан өткөрүп, Филипидеги адамдар жөнүндө ойлонууда. Пабыл барган башка көптөгөн шаарлардан айырмаланып, ал шаарда атүгүл жүйүттөрдүн синагогасы жок болчу. Ошондуктан жүйүттөр Кудайга сыйыныш үчүн шаардын сыртындагы дарыянын жээгине чогула турган (Элч. 16:13, 14). Синагога болушу үчүн, жок дегенде, он жүйүт эркек талап кылынчу. Анда ал шаардагы жүйүттөрдүн арасында эркектердин саны онго да жеткен эмеспи? Филипинин тургундары Римдин жараны болгону үчүн, ал жарандык укукту жарым-жартылай эле колдоно алышса да, аябай сыймыктанган көрүнөт (Элч. 16:21). Алар ушундан улам бул эки жүйүттү, Пабыл менен Сыласты, кантип эле Римдин жарандары болсун деп ойлошконбу? Кандай болбосун, экөө адилетсиз түрдө түрмөгө түшүп калышты.

3. Түрмөгө түшүп калганы Пабылды эмне үчүн ойлондурушу мүмкүн эле, бирок ал кандай маанайда болгон?

3 Сыягы, Пабыл бир нече ай мурун болгон окуялар тууралуу да ойлонууда. Ал убакта Кичи Азиядагы Эгей деңизинин аркы өйүзүндө болчу. Пабыл ал жакта жүргөндө, ыйык рух анын айрым аймактарда кабар айтышына кайра-кайра тыюу салган. Ыйык рух аны башка жакка барууга түрткүлөп жаткандай эле болгон (Элч. 16:6, 7). Бирок каякка? Ал Троаста жүргөндө аян алып, каякка барышы керектигин билген. Аянда Пабылды бир киши: «Македонияга кел»,— деп чакырган эле. Жахабанын эркин айкын түшүнгөндөн кийин Пабыл ал чакырыкты дароо кабыл алган болчу. (Оку: Элчилер 16:8—10.) Бирок андан ары эмне болду? Македонияга келгенден көп өтпөй эле минтип түрмөгө түшүп калды. Жахаба буга эмне үчүн жол берди? Түрмөдө дагы канча отурат? Ушул суроолор Пабылдын тынчын кетирген болсо да, ал ошонун айынан ишенимин, кубанычын жоготуп койгон эмес. Түрмөдө Пабыл менен Сылас «Кудайдан тиленип, аны даңктап ырдай башташкан» (Элч. 16:25). Кудайдын тынчтыгы алардын акылы менен жүрөгүн тынчтандырган.

4, 5. а) Кандайча биздин жагдай Пабылдыкына окшош болушу мүмкүн? б) Пабылдын жагдайы кандайча күтүүсүздөн өзгөргөн?

4 Балким, сен да Пабылдыкындай жагдайга кабылгандырсың. Тагыраак айтканда, ыйык рухтун жетегине ылайык чечим чыгаргандай эле сезилип, бирок жагдай такыр сен ойлобогондой болуп өзгөрүп кеткендир. Алсак, кыйынчылыктарга кабылгандырсың же жаңы жагдай-шарттан улам чоң өзгөрүүлөрдү кылууга туура келгендир (Нас. 9:11). Ушундан улам өткөндү ойлоп, Жахабанын айрым нерселерге эмне үчүн жол бергенин түшүнбөй, башың маң болуп жаткандыр. Анда Жахабага толук таянып, туруктуулугуңдан жазбаганга эмне жардам берет? Бул суроого жооп алыш үчүн кайрадан Пабыл менен Сыластын окуясына токтололу.

5 Алар Кудайды даңктап ырдап жатканда, үч уктаса түшүнө кирбеген окуялар болгон. Күтүүсүздөн жер катуу титиреген. Ошондо түрмөнүн эшиктери ачылып, баарынын кишендери түшүп калган. Анан Пабыл өзүн өзү өлтүрөйүн деп жаткан түрмө сакчысын токтотуп калган. Түрмө сакчысы бүт үй-бүлөсү менен чөмүлгөн. Эртеси күнү жергиликтүү бийлик башчылары тартип сакчыларын Пабыл менен Сыласты бошотууга жөнөтүп, алардан шаардан тынчтык менен кетип калышын суранышкан. Пабыл менен Сыластын Римдин жарандары экенин билгенде алар чоң жаңылыштык кетиргенин түшүнүп, экөөнү чыгаруу үчүн өздөрү келишкен. Бирок шаардан чыгып кетерден мурун Пабыл менен Сылас жаңы эле чөмүлгөн Лидия деген ишенимдеши менен коштошкону барышкан. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, алар Филипидеги башка ишенимдештерин да бекемдешкен (Элч. 16:26—40). Жагдай кандай гана тез өзгөргөн!

«АР КАНДАЙ ОЙ-ТҮШҮНҮКТӨРДӨН ЖОГОРУ ТУРАТ»

6. Азыр эмнелерди карап чыгабыз?

6 Бул окуялардан эмнеге үйрөнсөк болот? Жахаба биз күтпөгөн нерсени кылып коё алат, андыктан сыноого кабылганда тынчсыздануунун зарылдыгы жок. Пабыл так ушул нерсеге үйрөнгөн. Бул ага күчтүү таасир эткен. Муну анын кийинчерээк Филипидеги ишенимдештерине тынчсыздануу жана Кудайдын тынчтыгы жөнүндө жазгандарынан көрүүгө болот. Эмесе, адегенде Пабылдын Филипиликтер 4:6, 7-аяттардагы сөздөрүн талкуулайлы. (Аяттарды оку.) Андан соң Жахабанын кандайча эч ким күтпөгөндөй иш-аракет кылганын көрсөткөн Ыйык Китептеги айрым билдирүүлөрдү карап чыгабыз. Аягында «Кудайдын... тынчтыгы» ага толук таянып, туруктуулугубузду сактаганга кантип жардам берерине токтолобуз.

7. Пабыл Филипидеги ишенимдештерине кат жазганда эмнени баса белгилеген жана анын сөздөрүнөн биз эмнеге үйрөнө алабыз?

7 Филипидеги бир туугандар Пабылдын катын окуганда анын башынан өткөн окуяларды жана ошол учурда бири да Жахабанын ошондой иш-аракет кыларын такыр күтпөгөнүн эстешсе керек. Пабыл аларды эмнеге үйрөткүсү келген? Ал, негизинен, тынчсызданбоого чакырган. Ошондой эле тиленгенде Кудайдын тынчтыгына ээ болорубузду баса белгилеген. Бирок анын Кудайдын тынчтыгы «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турарын» айтканына көңүл бурсаң. Ал сөздөр эмнени билдирет? Айрым котормочулар аларды «бардык ой-кыялдарыбыздан ашып түшөт» же «адамдар ойлонуштурган нерселердин баарынан жогору турат» деп беришкен. Демек, Пабыл «Кудайдын... тынчтыгы» биз элестеткенден алда канча кереметтүү экенин айткысы келген. Андыктан адамдык көз караш менен караганда жагдайдан чыгуунун жолу жоктой көрүнсө да, Жахаба андан кантип чыкса болорун көрүп турат жана биз ойлобогон нерсени кыла алат. (Оку: 2 Петир 2:9.)

8, 9. а) Пабыл Филипиде адилетсиздикке кабылса да, анын натыйжасы кандай болгон? б) Филипидеги бир туугандар Пабылдын сөздөрүнө эмне үчүн олуттуу карашкан?

8 Он жыл мурун болгон ошол окуялар тууралуу ой жүгүрткөндө Филипидеги бир туугандардын бекемделгени шексиз. Пабылдын аларга жазган сөздөрү калетсиз болчу. Жахаба адилетсиздикке жол берсе да, бул акыры «жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча бекитип, коргоого» шарт түзгөн (Флп. 1:7). Ал шаардын бийлик башчылары Иса Машаяктын жолдоочуларынын жаңы эле уюшулган жыйналышына каршы бир нерсе кылууга даабай калышкан. Ошондой эле, сыягы, Пабыл туура иш-аракет кылгандыктан, Сылас экөө Филипиден кеткенден кийин, аны миссионердик сапарда коштоп жүргөн дарыгер Лука ал жакта калып кала алган көрүнөт. Ошонун аркасында Лука Филипидеги ишенимдештерине кошумча жардам көрсөткөн.

9 Ооба, Филипидеги бир туугандар Пабылдын катын окуганда анын жазгандары кеңседе отуруп алып жөн эле өз оюн айтып жаткан кишинин сөздөрү эмес экенин билишкен. Пабыл оор кыйынчылыктарга кабылса да, «Кудайдын... тынчтыгына» ээ экенин көрсөткөн болчу. Атүгүл филипиликтерге кат жазып жатканда ал Римде үй камакта отурган. Анткен менен ошол учурда да «Кудайдын... тынчтыгына» ээ экенин айгинелеген (Флп. 1:12—14; 4:7, 11, 22).

«ЭЧ НЕРСЕНИ ОЙЛОП ТЫНЧСЫЗДАНБАГЫЛА»

10, 11. Өтө эле тынчсызданып жатсак, эмне кылышыбыз керек жана эмнени күтсөк болот?

10 Эч нерсени ойлоп тынчсызданбаганга жана «Кудайдын... тынчтыгын» сезгенге эмне жардам берет? Пабылдын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, тиленүү — тынчсызданууга каршы уу кесер. Андыктан сарсанаа болгондо Кудайдан тилен. (Оку: 1 Петир 5:6, 7.) Тиленип жатканда Жахабанын сага кам көрөрүнө такыр шектенбе. Ошондой эле анын сага берген баталарын эстеп, «ыраазычылык менен» тилен. Кудайдын «биз сурагандан да же ойлогондон да алда канча көптү кыла аларын» эсибизге бек сактасак, ага болгон ишенимибиз бекемделет (Эф. 3:20).

11 Пабыл менен Сыластай эле, биз да Жахабанын оюбузга келбеген нерсени кылганын көргөндө таң калышыбыз мүмкүн. Албетте, ал өзгөчө бир нерсе деле кылбашы ыктымал, бирок дайыма биз муктаж болгон нерсени кылат (1 Кор. 10:13). Анткен менен бул эч иш-аракет кылбай, Жахаба жагдайды оңдой турган же көйгөйдү чече турган убакты жөн эле күтүп отура бериш керектигин билдирбейт. Биз тиленүүбүзгө жараша иш кылышыбыз кажет (Рим. 12:11). Ошондо сураган нерсебизди чындап каалап жатканыбызды көрсөтөбүз жана Жахаба батасын бериши үчүн, бир нерсе кылган болобуз. Ошол эле учурда Жахаба биз сураганды, биз ойлогонду же күткөндү эле берип, ошону менен чектелип калбайт. Кээде ал такыр оюбузга келбегенди кылып коёт. Эмесе, анын биз күтпөгөндү кыла аларына болгон ишенимибизди бекемдеген Ыйык Китептеги айрым билдирүүлөрдү карап көрөлү.

ЖАХАБА ТАКЫР ОЙГО КЕЛБЕГЕН НЕРСЕЛЕРДИ КЫЛАТ

12. а) Ашур падышасы Сенхейрип кол салганда, Хиския эмне кылган? б) Жахабанын жагдайды кантип чечкенинен эмнеге үйрөнсөк болот?

12 Ыйык Китептен Жахабанын такыр ойго келбеген нерселерди кыла аларына көп далилдерди таба алабыз. Мисалга Хиския падыша жөнүндөгү билдирүүнү алалы. Анын убагында Ашур падышасы Сенхейрип Жүйүт жерине чабуул коюп, Иерусалимден башка чептүү шаарлардын улам бирин басып ала баштаган (2 Пад. 18:1—3, 13). Анан Иерусалимге кол салмакчы болгон. Жарга такалгандай көрүнгөн ошол жагдайда Хиския падыша эмне кылган? Ал Жахабадан тиленген жана Ышая пайгамбардан кеңеш сураган (2 Пад. 19:5, 15—20). Ошондой эле Сенхейрип салган салыкты төлөп, акыл-эстүүлүк кылган (2 Пад. 18:14, 15). Шаар көп убакыт бою курчоого алынарын билгендиктен ага даярдык да көргөн (2 Жылн. 32:2—4). Бирок жагдай кандайча өзгөргөн? Жахаба периштесин жиберип, Сенхейриптин 185 000 жоокерин бир түндүн ичинде кырып салган. Хиския ушундай болот деп эч ойлогон эмес (2 Пад. 19:35).

Жусуптун башынан өткөндөрдөн эмнеге үйрөнсөк болот? (Башт. 41:42) (13-абзацты кара)

13. а) Жусуптун башынан өткөндөрдөн эмнеге үйрөнсөк болот? б) Ыбрайымдын аялы Сааранын жашоосунда ал күтпөгөн кандай нерсе болгон?

13 Эми Жакыптын уулу Жусуптун мисалына токтололу. Ал Мисирде түрмөдө жатканда фараондон кийинки абалды ээлеген башкаруучу болорун же Жахаба аны бүт үй-бүлөсүн ачарчылыктан аман алып калыш үчүн колдонорун ойлогонбу? (Башт. 40:15; 41:39—43; 50:20). Жахаба Жусуп күткөндөн алда канча көптү кылган. Жусуптун чоң энелеринен болгон Саара жөнүндө да ойлонуп көрсөң. Жашы өтүп калган Саара күңү аркылуу балалуу болорун эмес, Жахабанын жардамы менен өзү уул төрөөрүн ойлоду беле? Чынында эле, Ыскактын төрөлүшү ал күткөн нерселерден ашып түшкөн (Башт. 21:1—3, 6, 7).

14. Жахабанын эмне кыларына шектенбесек болот?

14 Биз Жахаба убада кылган заман келгенге чейин ал бардык көйгөйлөрүбүздү кереметтүү түрдө чечип берет же жашообузда укмуштуудай нерселерди кылат деп күтпөйбүз. Бирок Жахабанын байыркы убактагы кызматчыларына таң калыштуу жолдор менен жардам бергенин жана анын өзгөрбөгөнүн билебиз. (Оку: Ышая 43:10—13.) Бул бизге ага ишеним артууга көмөк кылат. Жахабанын бизге, эркин толук аткара алышыбыз үчүн, зарыл нерсенин баарын берерине күмөн санабасак болот (2 Кор. 4:7—9). Жогоруда саналып өткөн Ыйык Китептеги билдирүүлөрдөн эмнелерге үйрөнө алабыз? Хискиянын, Жусуптун, Сааранын мисалынан көрүнүп тургандай, эгер ишенимдүү бойдон калсак, Жахаба опол тоодой көрүнгөн кыйынчылыктарды да жеңүүгө жардам берет.

Ишенимдүү бойдон калсак, Жахаба опол тоодой көрүнгөн кыйынчылыктарды да жеңүүгө жардам берет

15. «Кудайдын тынчтыгына» ээ болууга эмне жардам берет? Түшүндүр.

15 Көйгөйлөргө кабылганыбызга карабай «Кудайдын тынчтыгына» канткенде ээ боло алабыз? Ан үчүн Жахаба Кудайыбыз менен болгон мамилебизди бекем сакташыбыз керек. Андай мамилени өз өмүрүн курмандыкка чалган «Машаяк Иса аркылуу» гана өрчүтүүдөбүз. Уулун кун катары бергени Жахабанын кереметтүү иштеринин дагы бири болуп саналат. Ал Исанын кунунун негизинде күнөөлөрүбүздү жууп, таза абийирге ээ болушубузга жана өзүнө жакындашыбызга шарт түзүүдө (Жкн. 14:6; Жкп. 4:8; 1 Пет. 3:21).

ЖҮРӨГҮБҮЗ МЕНЕН АКЫЛЫБЫЗДЫ САКТАЙТ

16. «Кудайдын тынчтыгына» ээ болгонубуздун натыйжасы кандай болот? Мисал келтир.

16 «Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгына» ээ болгонубуздун натыйжасы кандай болот? Ыйык Китепте анын жүрөгүбүз менен акылыбызды Машаяк Иса аркылуу сактай турганы айтылат (Флп. 4:7). «Сактайт» деп которулган сөз түп нускада шаарды коргоого дайындалган аскерлердин тобуна карата колдонулган. Филипи так ошондой шаар болгон. Анын тургундары шаардын дарбазаларын аскерлер кайтарып жатканын билгендиктен эч нерседен кам санабай, тынч укташчу. Ошол сыяктуу эле, «Кудайдын... тынчтыгына» ээ болгонубузда, жүрөгүбүз менен акылыбыз тынч болот. Себеби Жахабанын бизге кам көрөрүн жана бактылуу болушубузду каалаарын билебиз (1 Пет. 5:10). Бул бизди өтө эле санаа тарта берүүдөн жана көңүл чөгөттүктөн сактайт.

17. Келечектеги окуяларды ойлоп корко бербегенге эмне жардам берет?

17 Жакында бүт жер жүзү боюнча тарыхта болуп көрбөгөн улуу алаамат болот (Мт. 24:21, 22). Ошол убакта жеке ар бирибиз кандай сыноого кабыларыбызды так билбейбиз. Бирок аны ойлоп убайым тарта берүүнүн зарылдыгы жок. Жахабанын эмнелерди кыларын толук билбесек да, кандай Кудай экенин жакшы билебиз. Анын байыркы убакта кылган иштеринен билгенибиздей, кандай жагдай болбосун, ал ой-ниетин дайыма аткарат жана кээде муну биз ойлобогондой жол менен ишке ашырат. Ошондой учурлар болгон сайын, биз анын «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгын» жаңыча жол менен сезебиз.

^ 1-абз. Кыязы, Сылас да Римдин жараны болгон (Элч. 16:37).